Рыспай Исаков, манасчы: “Манасты укканда Эстен тангандар да болду”
– Раке, Океандын ар жагына барып келипсиздер. Ат-көлүк аманбы?
– Рахмат. Кудайга шүгүрчүлүк.
– Канча күн жүрдүңүздөр?
– 23 күн
– Канча киши?
– 12 киши.
– Кайсы жерлерде болдуңуздар?
– Аризона, Нью-Мехико, Калифорния штаттарында.
– Ким-ким болуп бардыңыздар?
– “Ордо-сахна” фольклордук- этнографиялык топтун жааматы. Ичинде ырчылар Бакыт Шатенов, Дамира Ниязбекова, Комузчу Руслан Жумабаев өңдүү белгилүү инсандар бар.
– Барып калышыңардын себеби кандай? Сунуш кайсы тараптан болду?
– Интернет деген жарыктык бар эмеспи. Ошондон биздин топтун кабарын алган экен. Өзү түпкүлүгү Тувалык Александр Бапа деген уюштурду. Көптөн бери Американы туруктап, азыр ошол жактын жараны экен.
– Каржы жагын кандай кылдыңар?
– Ал жагын топтун жетекчиси менен ошол Бапа экөө билет. Биз аны ойлоп түйшөлгөн жокпуз.
– Демек, чөнтөгүңүздөрдөн чыгарган эмес экенсиздер да?
– Ошондой.
– Ал эми эмгек акы, гонорар жагы кантти?
– Ал сөзсүз да.
– Капчыгыңар калың кайттыңарбы?
– Эң негизгиси көңүл ток кайттык. Жеңиш менен кайттык.
– Эмне жарыш болдубу ал жакта?
– Барганыбыздын өзү жарыш болду. Американын ачык рыногуна фольклор жаатында, жалпы Борбор Азия боюнча биринчи биз чыйыр салыптырбыз.
– Ачык рынок дедиңиз. Эмне ал жакта өнөр базары да бар бекен?
– Бардык нерсе бааланат. Чыгармачылык да ошондой. Ал жакта өнөр жөн эле адамдын ышкысы эмес, эң биринчи кезекте тирилиги да. Бизде канча өнөр бааланбай калууда. Ал жакта андай эмес.
– Айтсаңыз, демек базар болсо, эмне кадимки соодагерлер көр-жерин жайып алып, каскатар турган өңдүү тизилип туруп алып өнөрүңөрдү көрсөттүңөрбү?
– Ар ким өз кудугундай ойлой берсе, океан жөнүндө түшүнүк кайдан жаралат? Базар десе эле жогоркудай кабыл албаш керек. Биз өнөрүбүздү тартууладык. Алар кадимкидей билет алып көрүштү. Мунусунда биздин кандай экенибизди сынап келишсе, кийинкисине уюштуруу милдетин алгандар көп болду. Мына биздин аягыбыз Кыргызстанга тие электе, артыбыздан 25 жерге чакырык келип олтурат.
– Ал жактын эли кандай кабыл алышты?
– Аябай жакшы. Ырыбызга ыргалып, күүбүзгө термелип угушту.
– “Манас” угуп жатып эстен тангандар да болушту дейт. Ушул чынбы?
– Андайлар да болду. Бул ыйыктыкты укканда көпчүлүгү сүкүткө түшүп кетет экен.
– Тилди түшүнбөсө, кантип угушту?
– Ички касиетин, кубатын аңдаш үчүн тилди билүүнүн деле кажети жок. Буга жеке турмушумда көп эле күбө болдум.
– Эми башкача өңүттөн суроо берейинчи. Америкага жетүүнү көксөгөндөр ак эткенден так этип жүрүшөт. Мурунку барып келгениңизде да “калып эле калбайсыңбы” дегендер көп болду эле. Бул сапар канттиңиз? Калууну ойлонуштурган жоксуздарбы?
– Кажети канча? Ансыз да күзүндө кайра барууну болжолдоштуруп келдик. Эми, буюрса, Америкага ат тезегин кургатпай барып турабыз.
– Демек, алгач баргандагы эле ишиңер ийгиликтүү болгон экен да?
– Ошол үчүн жогоруда жеңиш менен кайттык деп айттым да. Жүрүшүбүз жеңиштүү да, жемиштүү да болду.
– Кыргыздарга жолугуп аттыңыздарбы?
– Барган эле жерден кыргыздар тосуп алып атты. Белгилүү мушкерибиз Алмазбек Раимкулов да кучак жая тосуп алып, барпалактап коноктоду.
– Ал жигитибиз кандай жүрүптүр?
– Кудайга шүгүр. Басса-турса мекени жөнүндө сөз козгойт. Ыдык көрсөткөндөрүнө карабай, желегибизди колунан түшүрбөй жүрөт. Жалпы Кыргызстанга салам жолдоду.
– Саламат болсун. Ал эми сиз элибизге эмне дейт элеңиз?
– Жалпы журтка эсенчилик каалайм. Алмазбек сындуу Журт намысы деп жулунган жаштарыбыздын саны арта берсин. Эр жигитке эл намысын ойлогондордон ыйык милдет болбойт. Намысы жок жигит- өлгөн жигит.
Бийлик кетсе шүгүрлүк конот бойго,
Байлык кетсе тирүүлүк болот олжо.
Алп кара куш күрпүйгөн тоок болот,
Ар намысын боюнан жоготкондо
Маегиңизге чоң рахмат!
Маектешкен Кадырбек Темир, «Ачык саясат» («Кыргыз гезиттер айылы»), 09.03.2010-ж.