Азамат Таалай, төкмө: “… Ооба, Замирбек Үсөнбаевдин баласымын”.

Акындар менен беттешке чыгып калганда кыз сурап көп эле ырдап калчу элеңиз. Сизди үйлөндү деп уктук. Мүмкүн кайсы бир акындын күйөө баласы болгон чыгаарсыз?
Акындар арасында бири-бирине тийиштик кылып ырдоо салт эмеспи. Бойдокчулукта тамаша иретинде азилдешип айтыла берчү нерсе. Ал эми алган жарым Кара-Балтадан болот. Былтыр 10-июлда үйлөндүм. 15-августта элдин батасын алып тоюбузду өткөздүк. Кудай буюрса 1-2 айдын ичинде көз жарганы турат.

Төкмө акындын жубайы кайсы чөйрөнүн өкүлү болду экен?
Келинчегим өзүбүздүн эле чөйрөдөн. Фольклор жаатында комуздун коштоосу менен ырдайт. Улуттук колоритти сактап жүргөн ырчылардын катарында эмгектенип келе жатат. Улуу инсандардан таалим алган, билими бар, ырчылык профессионалдуулугу жогору адам.

Төкмө акындык өнөр Кудай белек кылган тубаса талант болсо керек же окуп үйрөнүп алса болобу?
Мен ойлойм – эң негизгиси Кудай тарабынан берилет деп. Ар бир бала кандайдыр бир нерсеге дилгир болуп төрөлөт. Мисалы: спортко, ырчылыкка, сүрөт тартууга ж.б. Жаш баланын жүрөгү таза болот эмеспи. Кайсы нерсеге жөндөмдүү болсо, ошол нерсеге ыктап тарбиялаш керек. Эгер ошол нукту өстүрсө, байытса кармап кала алат. Ошол сыяктуу төкмөлүк таланты болсо, анын техникасын, элементтерин, уйкаштык ж.б. сырларын ачып берип, үйрөтүп турса кызыгуусу ашынган адам боло алат деп ишенем.

Жеке өзүңүздө акындыктын илеби качан байкалды?
Мен 1-классымдан комуз чертип баштагам. Мектепте окуп жүргөндө эле ырчылык өнөргө жакын элем. 1996-97-жылдары ПРООН деген уюмдан акча которулуп, аны Замирбек Үсөнбаев жетектеген. Ал уюмдан акча каражаты бөлүнүп, ошондо айыл жергесинен атайын устаттарды таап, жаш таланттарга конкурс жарыялап, ошонун негизинде 1,2 баланы тандап алып окутчу. Биздин Арашан айылына коңшу Кой-Таш деген жерден раматылык Абдылашым Ысмаил уулу бизге устат болуп, үйүнө чейин алып барып үйрөткөн эле. Үйүндө жатып, тамагын жеп, жазып берген ырын жаттап, көп таалим-тарбиясын алдык. Анан ПРООНдун алкагында жаш өнөрпоздордун фестивалы өттү. Замирбек, Эстебес, Ашыраалы, Тууганбай агайларды эң алгач ошондо көрдүм. Биринчи чоң сыноо ушул фестиваль болду. Жакшы ийгиликке жетиштим. Өзүмө да аябай таң калган элем. Себеби орусташкан айылда, орус-чалыш болуп чоңойсом да нукура кыргыз өнөрүн аркалоо колумдан келип жатканына.

“Атамдан калган мурасты улап акын болдум”-деп жүрөт Замирбек ага. Ошол сыяктуу сизге да ата-бабаңыздан калган белек болсо керек.
Ата-тегимде түздөн-түз чоң өнөр өкүлдөрү болгон эмес. Кыргызда жакшы сөз бар “Эр тайын тартат”-деген. Анын сыңары тайнемди тартсам керек. Ал адам өнөрлүү киши эле.

Менин билишимче эң эле чоң байге “Айтыш” коому тарабынан уюшулган сынактарда коюлуп жүрөт. Сиз ошондой байгелерге ээ боло алдыңызбы?
“Айтыш” фонду Республикалык деңгээлде сынакты жыл сайын өткөрүп келет. 6 жыл болуп калды. Мен 2007-ж. баш байгени алгам. 2009-ж. Ошто өткөн Президенттик кубоктун 1-орунун мен, ал эми баш байгени Аалы Туткучев утту. Ар бир жылы ар башка акынга ыйгарылат. Мисалы, 2003-ж. Эльмирбек, 2004-ж. Жеңишбек, 2005-ж. Аалы, 2008-ж. Нарында өткөн республикалык айтышта Майра Керим кызы ж.б.

Демек кезектешип алат экенсиздер да?
Эми атайын деле кезек менен берилбейт. Эл аралык стандартка таянабыз. Чоң фестивалда утуп алган акын 3 жылга чейин катышууга болбойт. Алдын ала бул алат, тиги алат деген план да түзүлбөйт. Ошондой эле бизде атаандаштык жок. Калыстар тобу тигиге тартып койду, буга артып койду деген чыр-чатак, уу-дууну ушул убакка чейин уккан да, көргөн да эмесмин.

Учурда төкмө акын эле эмес, алып баруучу катары да таанылып келе жатасыз…
УТРКда “Ала-Тоо таңшыйт” музыкалык берүүсүнө ырдап алып барып бергиле – деген чакыруу менен Аалы экөөбүз иштеп жүрдүк. Ошону менен катар эле ЭлТР коомдук телеканалына чакырып калышты, ал жакка да жетишип, иштеп жүргөм. 5,6 айдан кийин эки каналда иштөөгө болбойт – деген тыюу салышты. Анан ЭлТРди тандап кеттим.

Эмне себептен ЭлТрди тандадыңыз?
УТРКда өзүңдүн атыңды чыгарыш үчүн иштесең болчудай. Үй-бүлөнү багыш биздин милдет болгондон кийин, ал жагын да эске алдык. Кыскасын айтканда берген айлыгы жакшыраак болду.

Телевидениеде камера алдынан ыңгайсыз окуялар болуп калат эмеспи. Болгондо да түз эфирден чыгып жүрөсүз. Эфир учурундагы кызыктуу окуялардан уксак?
Мындай учурлар өтө көп. Көрсөтүүнү алып барып жатканда эле эмес, айтыш маалында да кездешет. Мисалы, “Ашыраалынын тайлары, абыдан катуу сайрады”-дегендин маанисин карай келсек, тайлар кантип сайрасын. Ушул сыяктуу маңызсыз сөздөр айтылып кетет. Түз эфир учурунда кыйшык отуруп алып же микрофонду кулатып ийип, режиссерго жакпай калып дегендей. Мындай кырдаалда абалдан чыгуу бир аз кыйыныраак.

Бир мезгилде эки каналда иштөөгө чек койгон сыктуу, акындык өнөрдү ула же алып баруучулукту танда деген тыюу болсо кандай кылат элеңиз?
Албетте, акындык өнөр менен калмакмын. Кудайдын берген тапшырмасын аткарыш керек, тартуулаш керек жана кийинки муунга өткөрүп берүү милдет деп ойлойм. Кандай күндө, кайсы жерде болбоюн акын деген ат менен калуумду тилек кылам.

Көзү өтүп кеткен залкар акындардын ичинен өзүңүздү кимге салыштырып элестетесиз?
Чоң акындарга өзүмдү салыштырып көрбөптүрмүн. Стилим боюнча да айта албайм. Бирок кээ бир адамдар айтышат, өзгөчө айыл жергесинен: “З.Үсөбаевдин баласы эмессиңби, өнүң дагы, жүзүң дагы окшош экен” дешип. Мүмкүн окуучусу катары кандайдыр бир жактарын сиңирип алсам керек. Атайын туурайын деген аракетим жок. Ар бир эле көрүүчүгө антип түшүндүрө бербейсиң да. Аягында “Ооба Замирбектин баласымын”-деп кутулам.

Чыгармачылык жактан кандай максаттарга күч жумшап атасыз?
Жеке чыгармачылыкта өтө деле чоң план жок. “Айтыш” коомдук фондунда катышуучу эле эмес, уюштуруучулук милдетти да моюнга алгам. Ар бир айдын жыйырмасында конкурс өткөрүп атабыз. Жакында Шайырбек Адрахман уулунун демилгеси аркасында “Манас” мурас коому менен бирдикте манасчылардын чоң мелдешин өткөргөнү турабыз. Азыр ошол иш-максаттын үстүндө алектенип жаткан чак.

Маектешкен Махабат Мамырова, «Ачык саясат» («Кыргыз гезиттер айылы»), 09.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.