Улуу акындын 95 жылдыгын эстеген жан болбоду
Мындан 95 жыл илгери 21-мартта кыргыздын классик акыны Алыкул Осмонов жарык дүйнөгө келген эле. Бирок бүгүн мамлекеттик деңгээлде улуу акындын 95 жылдыгына арналган эч кандай иш-чара өтпөдү.
Мүрөктүн суусу жөн суулардай шылдырап,
Агып жатса мал кечпес жашыл аралда,
Көк арчадай өңдөн азбас болсун деп,
Өзүм ичпей, ичирер элем адамга…
Мүрөктүн суусун ичирейин дегеним,
Адам деген картайгыч тура, бечара.
Олуя табып, Улукман аке дарысы,
Жазгы гүлдөй тепселип жатса талаада,
Жүрөк оору, өпкө оорунун сообу үчүн,
Өзүм ичпей, ичирээр элем адамга…
Дары чөптү ичирейин дегеним,
Адам деген оорукчан тура, бечара.
Мейличи, мени жаман көргөн бирөөнүн –
“Жан алгыч келип жанын сууруп аларда”.
Эгер чиркин, экөө болсо жүрөгүм,
Берер элем, бирин ошол адамга…
Мен сыяктуу жакшылыкка март эмес,
Адам деген өзүм дейт тура, бечара!
Учурда Алыкул Осмоновдун Бишкектеги “Бийиктик” басмасында үч томдугу басууга даярдалууда. Анын негизги өзгөчөлүгү – акындын кол жазмасынын негизинде түп нуска менен чыгып жаткандыгында. Себеби советтик идеологиядан улам, акындын чыгармаларындагы Кудайга, диний ишенимдерге байланышкан бөлүмдөр алынып салынган болчу.
Эми мына ушул бөлүмдөрдүн баары толук басылып чыкмакчы.
Быйыл 2010-жылда Алыкул Осмоновго 95 жыл толуп отурат, бирок мамлекеттик деңгээлде же болбосо коомдук уюмдар тарабынан атайын иш-чаралар же поэзия кечелери да уюштурулган жок.
Тактап айтсак, Алыкул Осмоновдун 95 жылдыгына карата Алыкул тууралу даректүү тасма тартылмак, “Алыкул көркөм сүрөттө” аттуу сүрөт сынагы өтмөк жана жаш акындардын “Алыкулдун ак боз ат” поэзия фестивалы белгиленмек.
Биз тиешелүү жетекчиликтер менен бул маселе боюнча байланыша албадык.
21-мартта кыргыз элинин улуу акыны Алыкул Осмоновдун 95 жылдык мааракесинде акындын кабырынан “Калемгер” адабий клубунун жаштары кабар алышты.
Аталган клубдун жетекчиси, акын Мирлан Самыйкожо:
– Биз “Калемгер” адабий клубунун мүчөлөрү жылда 21-мартта Алыкул Осмоновдун Ала-Арча бейитиндеги кабырынан кабар алып, тегерек-четин тазалап, акындын арбагына куран окуп, арнаган ырларыбызды окуйбуз. Бүгүн да акындын туулган күнүндө жайында болуп кайттык.
Ал эми белгилүү жазуучу жана адабиятчы Мырзаян Төлөмүшев Алыкул Осмоновдун поэзиясынын сыйкырын жана өзгөчө Ысык-Көл тууралуу поэзиясынын керемет экенин белгиледи:
– Алыкул Осмонов тигил же бул нерсени дидактикалык көз караштан сүрөттөөдөн алыс туруп, философиялык жагын көрө билүүгө ыктаган акын. Анын таланттуулугу, ырларынын жагымдуулугу – ушунда. Анан Алыкул Осмонов Ысык-Көлдү өзгөчө легендага айланткан акын. Ысык-Көлдүн касиетин гимнге айлантты.
1986-жылдан бери Алыкул Осмоновдун чыгармалары басылып чыга элек. Өзгөчө Алыкул Осмоновдун балдарга арналган чыгармалары, ошондой эле мектептердин жана жогорку окуу жайлардын программаларына кирип, бирок колдо жок болуп жаткан чыгармалары басууга муктаж.
“Калемгердин” жетекчиси Мирлан Самыйкожонун пикиринде, өлкөнүн Маданият жетекчилигинин Алыкулга, кыргыз поэзиясына мындай кошкөңүл мамилеси – көңүл оорутарлык:
– Абдан өкүнүчтүү. Биз чоктой бөлүнүп турган нерсени да көрө албайбыз. Бул дагы биздин кезектеги кайдыгерлигибиз болду. Кана, колдон келсе, Алыкулдун мааракесине карата эл аралык Ппоэзия фестивалын өткөрсөк болор эле. Мейли аны коёлу, өзүбүздө эле мамлекеттик деңгээлде комиссия түзүлүп, Алыкулдун 95 жылдыгы белгилениши керек эле.
Фатима Абдалова, “Азаттык”, 21.03.2010-ж.