Жанызак атындагы көркөм адабий конкурс!

Темасы: “Тынымсыз сүйүү майрамы“.

Конкурска катышуучу чыгармаларды кабыл алуу
2010-жылдын 31-январына чейин.

Конкурстун жыйынтыгы
2010-жылдын 14-февралында чыгарылат.

Чыгармаларды конкурска кабыл алуучу дарек:
1. janyzak@mail.ru
2. Интернет аркылуу
3. Жанызак менен жеке жолугушуу аркылуу – соткасы: 0777329784

Конкурста орун алган чыгармалар үчүн берилчү сыйлыктар:
1-орунга: 14000 (он төрт миң) сом;
2-орунга: 10000 (он миң) сом;
3-орунга: 7000 (жети миң) сом.

Кызыктыруучу он сыйлык: кокус чыгарууга ылайыктуу китеп болуп калса,
чыгарылган китептен 200 нуска берилет.

Конкурска катышкан чыгармаларды караган калыстар тобу:
1. Алым Токтомушев;
2. Ороз Бөрүгулов.

Конкурстун шарттары:

1. Конкурска катышуучу чыгармаларды авторлор көрсөтүлгөн даректерге өздөрү жеткирет же почта, электрондук почта аркылуу жөнөтүүгө тийиш.

2. Конкурска катыша турган чыгармаларда Өө, Үү, Ңң тамгалары сөзсүз туура жазылууга тийиш.

3. Конкурска мурда эч жерде жарыяланбаган же автордук укугу өзүндө болуп, басма укугун Жанызакка биротоло өткөрүп бералгыдай чыгармалар гана кабыл алынат.

4. Махабат, адамдар ортосундагы мамиле, курч окуяны камтыган, детектив жанрындагы чыгармаларга артыкчылык берилет.

5. Ар бир чыгарманын көлөмү 45 миңден 55 миңге чейин сөздү камтышы керек.
Же А5 форматындагы китептин көлөмү менен эсептегенде 160 беттен ашпоого жана кем болбоого тийиш.
Же компьютерде Word менен эсептегенде 10 өлчөм тамга менен 75-80 бет болот. Эсептөөлөрдү Word программасында Сервис тизмесиндеги Статистика буйруксабынан билсе болот.

6.  Конкурска 12-өлчөмдөгү арип менен компьютерде терилген чыгарманын 2 (үч) нускасы жөнөтүлүүгө тийиш жана чыгарманын электрондук варианты бир дискет же CD менен жиберилет.

7. Конкурста байгеге ээ болгон ар бир чыгарманын укугун Мыйзам коргойт, бирок чыгармалардын өзү Жанызак-басманын менчик ээлигине түшөт.

8. Конкурска катышкан чыгармалардын колжазмалары жана дискет же CD авторлорго кайтарылбайт жана конкурста байгеге татып, акысын алган авторлор өз чыгармаларын кайра талап кылууга же башка бир жерден бастырып жиберүүгөө акысы жок.

Редакциялардан өтүнүч:
ар бириңиздер өзүңүздөрдүн гезитиңиздердин багытына жараша жогорудагы маалыматты кыргыз окурмандарына жеткирип берсеңиздер дурус болор эле.
Балким, келечекте Залкар Чыңгыз болбосо да, идиректүү жазуучу жаштарыбыздын табылып калышына жардам болуп калгысы бардыр..

Саламым менен Жанызак.
8-ноябрь, 2009-ж.

P.S.
Суроолор болсо бу дарекке кайрылыңыз: janyzak@mail.ru же Меймансапка жазыңыз…

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.