Көз жаздымда калган кол өнөрчүлүк

Абдраман Беккулу, Жаш Ишкерлер Ассоциациясынын эксперти
Маданият тармагындагы анын ичинде кол өнөрчүлүктөгү акыркы кээ бир өзгөрүүлөргө көңүл бурмакчымын. Ар кандай маалымат каражаттарынан, илимий эмгектерден кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн кайра жаралуу доорун башынан өткөзүп атканы тууралуу угуп көрүп жүрөбүз. Көкүрөк кагып мактанып улуттук кол өнөрчүлүгүбүз өркүндөп өсүп жатат дегенибиз менен анын кандай өзгөрүүлөр менен өнүгүп атканын эч кимдин иши жоктой. Бийликтегилерден баштап, илимпоз жана жөнөкөй катардагы мекендештерибиздин ичинен бирөө дагы өз сын пикирин билдирген жазуу-сызууларды көрө албай жатабыз.

Кол өнөрчүлүктүн өркүндөп-өскөнү жөнүндө анализ кылып, туура же туура эмес жактарын көрө жана көрсөтө билиш үчүн эң биринчиден, кыргыз кол өнөрчүлүгү тууралуу дегеле материалдык маданияты тууралуу ар бир мен кыргызмын деген жарандын жалпы маалыматы болуш керек го деп ойлойм. Ушул жерден бир окуя эсиме түштү, кайсы жылы экени эсимде жок чет өлкөлүк “Дисковери канал” телеканалынан дүйнө элдеринин улуттук оюндары программасын көрүп жатып күтүлбөгөн жерден кыргыз улуттук оюндарын көрсөтүп жатканын кубануу менен аягына чейин көрдүм. Бирок, биздин өлкөгө келип биздин улуттук оюндарды дүйнөгө таанытып жаткан чет өлкөлүк фильм тартуучуларга котормочу болгон кыргыз кызынын сөздөрү эч эсимден чыккыс болду. Биздин өлкөгө таанылган берүүнүн соңунда котормочу кыздан интервью алып калышты. Кыздын “силерге (чет өлкөлүк фильм тартуучулар) чоң рахмат, силер аркылуу мен кыргыз улуттук оюндары тууралуу көп маалымат алдым” дебеспи. “Улуттук кол өнөрчүлүк тууралуу сөз кылып бер” десек мекендештерибиз канча сөздүн башын курап канча барак аңгеме түзө алат дейсиздер. Бул маселенин бир жагы. Экинчи жагы болсо, ушундай деңгээлде кыргыз маданиятынан, кол өнөрчүлүгүнөн кабары жок кишилердин бийликке келгендерин бир ойлонсок. Жыйынтыгында эмне болмок эле, эч нерсе кыла албай, “Манас” сыяктуу дүйнөлүк шедеврлерибизди башкаларга тарттырып отуруп калабыз.

УЛУТТУК КОЛОРИТТИН БУЗУЛУШУ ОРИГИНАЛДУУЛУКТАН АЛЫСТАТУУДА
Кол өнөрчүлүктөгү акыркы айрым жетишкендиктерибизди айта кетүү менен болуп жаткан кээ бир өзгөрүүлөрдү көрүп зээниң кейийт. Мисалы, жетишкендиктерибиз – кийиз иштетүү менен дүйнөгө атыбыз чыкты. Бирок мунун жанында кээ бир биздин ата-бабалардан калган кол өнөрчүлүк түрлөрү таптакыр жок болуп кетти десек жаңылышпайбыз. Атын кээ бир адабияттардан эле окуп угуп калбасак, чыныгы жашоодо көрө албайбыз. Кийиз басканды бир көрүп, эң жөнөкөй орнаментин түшүргөндү үйрөнүп алып мен кол өнөрчүмүн дегендердин козу карындай жайнап кетишин биз жетишкендик катары карабашыбыз керек. Алардын жасап жаткан иштерин кандай сапатта экенине көңүл бурушубуз зарыл эле. Мына ушулардын жасап жаткан иштерин көрүп этнографтар же тарыхчынын, же болбосо кол өнөрчүлүк менен алектенген ар бир жаран сын пикирин айтып кемчилик жана каталарын көрсөтүшү керек. Бул жерден айтайын дегеним, улуттук колориттин бузулушу, өзүнүн оригиналдуулугунан алыстап орнаменттеринин жөнөкөйлөнүшү болуп жатат. Эң жакшы мисал катары улуттук кийимдерди айтсак болот. Себеби, күнүгө телевизордон ар кандай майрамдык шаан-шөкөттөрдө артисттердин кийип чыккандарынан көрсөк болот. Ал улуттук кийимдерди азыркы кол өнөрчүмүн деген уз-чеберлер жасап жатышат. Карап көрүңүздөрчү, шырдактын колтойгон бир оюу элементин кийимине, кыздар баш кийимине басып алып улуттук кийим деп чыкканын кандай айтсак болот. Улуттук кийим деп кийип чыккандардын кыяпатын карасаңар монголдордон айырмасы калбай калды. Бул жазуунун окугандан кийин өтүнүч урматтуу окурман, “Махабат дастаны”, “Кожожаш” сыяктуу эски кинолордогу кыргыз кийимдерин караңыз, андан кийин азыркы учурдагы биздин улуттук кийим кийип жүрөм дегендердин кебетесин караңыз.

Менин оюмча, улуттук кол өнөрчүлүк үч жактуу иштеши керек. Биринчи – ошол нерсени жасагандар, чеберлер же усталар. Экинчи муну изилдегендер – этнографтар, тарыхчылар. Үчүнчү – керектөөчүлөр, биз кыргыз эли же туристтер. Ар бир тараптардын өзүнчө милдеттери жана башкаларындан талаптары бар. Башынан баштасак, этнографтын милдети – кол өнөрчүлүктү изилдеш, алиппесин түзүп китеп сыяктуу маалымат булактарын жаратышы лаазым. Эң башкы милдети – улуттук колориттин жок болуп кетиши же деформацияга дуушар болушун көзөмөлдөп турушу керек. Бул үчүн башка тараптардан талап кылат, сындайт. Керектөөчүлөрдүн милдети – кол өнөрчүлүк товарлардын кайсы түрүн алса дагы ал жөнүндө маалыматы болуш керек. Антпесе чоочун элементтер кирип кеткен кол өнөрчүлүк буюмдарын алып алып, аңырайып “бул биздин маданиятыбыз” деши толук мүмкүн. Талаптары болсо, мен этнограф мен тарыхчы дегендерден маалыматтарды туура толук убагында алыш. Кол өнөрчүлөрдөн өзүнүн рухуна жакын товарларды суроо. Үчүнчү жак болгон кол өнөрчүлөрдүн милдеттери болсо, жасап жаткан кол өнөрчүлүк тууралуу толук маалыматы болуп, колоритти сактоо менен иш жасашы керек. Эки жолу бар, оригиналдарга жакын иштерди же ошолордун копиясын жасоо. Муну биз консерватизм дейбиз. Экинчи жолу оригиналдардан кээ бир элементтерди алуу менен жаңы бир нерселерди жасоо. Ушул айтылгандардын жарыгында учурдагы кол өнөрчүлүгүбүзгө карап көрөлүчү? Биздин этнографтардын кыргыз улуттук кийимдери, кыргыз ат же кыргыз музыкалык аспаптары ж.б. ушул сыяктуу темалардагы китептерди чыгаргандарын уктуңуз беле. Этнографтарын жасалып жаткан иштерге болгон сын көз караштарын билдирген жазууларын окудуңуз беле? Керектөөчүлөрдү карасак, кол өнөрчүлүк буюмдарын же болбосо сувенирлерди алып жаткандар көбүнчө чет өлкөдөн келген меймандар же чет өлкөгө кетип бараткан мекендештер же бийлик төбөлдөрү. Бирок эч качан кыргыз кыргызга улуттук кол өнөрчүлүк буюмун белек катары бербейт. Мунун ордуна кытайдын арзан жылтыр-жултур белектерин беребиз. Демек, биз кол өнөрчүлүк буюмдарын керектебейбиз десек туура болот. Кол өнөрчүлөрүбүздү жашатып аткандар чет өлкөлүктөр десек дагы туура болоор. Биз өзүбүз керектебегенден кийин уздар менен усталарыбыз чет өлкөлүктөрдүн суроо-талаптары боюнча иш жасап аткандарын көрсөк болот. Мындай учурда кол өнөрчүлүккө башка чоочун элементтер аралышып жатат демек, деформацияга дуушар болууда.

PS: Эгерде суроолоруңуз, пикирлериңиз болсо ЖИАнын электрондук jia@jia.kg дарегине жазып, www.jia.kg сайтына кирип, же 35 25 63 телефонуна чалсаңыздар болот.

“Zaman-Кыргызстиан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 19.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.