Айтматовдун ааламы жөнүндө учкай сөз

Жазуучунун чыгармаларынын 8 томдук жыйнагынын чыгышына карата

Шамшы Исмаилов, Кыргыз Республикасынын билимине эмгек сиңирген ишмер, Эл агартуунун отличниги, “Руханият” эл аралык сыйлыгынын ээси, ОшМУнун профессору
Мен кесибим боюнча педагогмун, адистигим – физик. Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынын баш чендеринде басма сөз беттеринде жарык көрүп, өзүнчө китеп болуп чыккан аңгеме, повесттери аркылуу Ч.Айтматовду билгенмин. Биринчи аңгемеси – “Гезитчи Дзюйо”, анын артынан “Түнкү сугат”, “Аспа көпүрө”, “Ак жаан”, “Кызыл алма”, “Кызыл жоолук жалжалым” сыяктуу аңгемелери биринин артынан бири жарык көрүп, окурмандардын кең аймагына жетет. Жаш жазуучунун көркөм дүйнөсүнүн даремети канчалык экендиги аталган аңгемелеринде эле байкалып калганын ошол учурдагы акын, жазуучуларыбыз даана сезишкен.

Көп өтпөй “Бетме-бет” (1957), “Жамийла” (1958), “Биринчи мугалим” аттуу повесттери Ч.Айтматовду СССРге гана эмес, дүйнө элдерине таанытты.

“Жамийла” – махабат тууралуу дүйнөдөгү эң сонун баян” (Луи Арагон)
Француз жазуучусу ушинтип жогору баалаган. Андан соң, “Жамийла” дүйнө жүзүнө жүрүш алат. 1960-жылы Берлинде, Варшавада, 1961-жылы Миланда, ал эми Париждин өзүндө 27 жолу басылып чыккан. Чыгарманын дүйнөгө кеңири таралыш себеби чыгарманын мазмундук өзөгүн түзгөн тема болгон сүйүү темасы. Жамийла менен Даниярды табыштырган махабат ошол эле турмушка, элге, жерге болгон сүйүү менен биримдикте каралат. Повесть жөнүндө француз басылмаларында ага байланышкан 14 аталыштагы макала, көптөгөн пикирлер жарыяланган. Ч.Айтматов Данияр менен Жамийланын ортосундагы сүйүүнүн күчүн мындайча сүрөттөйт: Миң кырдуу, бир сырдуу Даниярдын айкөл жан дүйнөсүн Күркүрөөдө жалынга окшоп жалбырттап күйгөн Жамийла гана тааный алды. Акыры Жамийла “Мен сени бүгүн эмес, кечээ эмес, сыртыңдан билгендей, бала болуп эс тарткандан бери сүйөм… бүркүтүм! О, шаңшыган бүркүтүм!” Ошентип, Жамийла өзү агынан жарылып, ачылып келди. Жамийла дагы ашык жар аялдын теңи жөнүндөгү ичинен тымызын эңсеп келген идеалын Даниярдан тапты. “Мен сени алда качан сүйгөм, өмүрүмдө көрбөсөм да, окопто жатып сени ойлогом”-деп ишендирет Данияр.

Дүйшөн жана биздин айылдын Дүйшөндөрү
Дүйнөгө белгилүү жазуучу Ч.Айтматовдун биз белгилей турган көркөмдүк өнөрдөгү бир артыкчылыгы – чыгарманын каарманын таап, аны кайра элге бергендиги. Буга “Биринчи мугалим” күбө. Шекер айылында Дүйшөн деген адам биринчи мектеп ачып, балдарга алиппе тааныткан. Шекерде эски мектептин орду, Дүйшөндүн теректери сакталып калган. Кийин ал жерге биринчи мугалим Дүйшөндүн урматына эстелик тургузулган. Автор бул чыгармасы жөнүндө мындай дейт: “Ооба “Биринчи мугалимде” адабияттагы оң каармандар тууралуу биздин түшүнүгүбүздү бекемдегим келет, революциянын ишине чексиз берилген коммунисттин образын атайын идеализацияладым. Мен бул образга азыркы учурдун көз карашы менен кароого аракеттенгенмин, азыр жаштарга алардын өлбөс-өчпөс аталары жөнүндө айткым келген”.

Ар бир мезгилдин өз шарты, алга жүрүш темпи, ички карама-каршылыгы, күрөшү болот. Демек, Ч.Айтматов “Биринчи мугалимдеги” Дүйшөндү тарыхтын ошондой бир мезгилинде турмуш сахнасына, тарых барагына алып чыкты. Ал эми жанагы сакалы буурул-ала, карапайым киши кашаң атын “чүчүлөгөн” кебетеси менен өз заманында кандайча комсомол болуп, анан калса, сабатсыз жатып балдарды кандайча окутуп, кантип мугалим болуп жүргөнүн азыркы жаштар оңойлук менен көз алдыга келтире алышпайт. Бирок, чындык – кол тийгис, ыйык. Автордун сүрөттөөсү боюнча кечээки чала-сабат солдаттын тийиштүү даражада билими да, билими жөнүндө документи да жок. Өзү айткандай, эмне болсо, ошону окутту”. Бирок, ал ошол мезгилдин сабаттуусу болгон десек жаңылышпайбыз. Мисалы, комсомолдук тапшырманы так аткарууга, окуткан балдарын В.И.Ленинди сүйүү духунда тарбиялоого аракет жасашы, анын турмуштан алган билими жөнүндөгү “документин” ырастайт. Чыгармага көз жүгүртөлүчү: ал өзү айткандай, балдарга, “арип жазууну, сөз, сан жазууну үйрөттү. Жаңы төрөлгөн балага карын бузуп, сары май оозанткан сымак, Дүйшөн да өзү окуткан балдарын биринчи жолу “Ленин” деген улуу сөз менен оозантты.

…Дүйшөн тарыхый инсан болбосо да, аны жалпыланган образ катары карайбыз. Анткени, ар бир айылдын өз Дүйшөндөрү бар, убагында алар да окуткан балдарына “эмне билсе, ошону окуткан” Кара-Кулжа районундагы өзүм туулуп өскөн Кара-Кочкор айылында Мамасадыков Боронбай, Аркешов Ибраим, Дүйшеев Курманалы, Эгешов Аран, Жаанбаев Зайнадин, Төлөнбаев Адыш сыяктуу ондогон дүйшөндөр бар. Булар педагог катары айыл көркү, жаштардын сүйүктүү агайлары, бактылуу карыялар…

Жазуучунун кудай аябай берген таланты “Саманчынын жолу” повестинде өзгөчө көрүндү
Аталган чыгарманын идеясы согуш отун тутандыруучуларга Толгонай сыяктуу энелердин, Алиманга окшогон келиндердин, атасыз калган балдардын атынан айтылган каргыш, согушту жек көрүү сезими. Буга кошумча чыгармада адамдын жүрөгүн мыкчып эзген терең трагедия, окурманды шердентип, кубанткан чексиз баатырдык, адамдын көңүлү чөгүп капаланышы, келечекке бекем ишенич, тагдырына бел байлап, көңүл көтөрүшү, акырында адамдын психологиясынын бүтүндөй ширелишкен бирдиги бар. Согуштун кесепетинен чырактай үч уулунан, өмүрлүк жарынан, гүл сүйгөн келининен ажырап, коколой башы калган эненин жер көтөргүс трагедиясын жалпы адамзатка жеткире айтуу үчүн Жер-Эненин шарттуу адабий образын Ч.Айтматов жетишерлик ыктуу пайдаланган.

“Саманчынын жолу” – мезгил барактарын өзүнө камтыган, согуш огунан кан жуткан кайраткер эненин жолу. Апасы менен коштошууга чамасы келбеди уулунун. Бар болгону аскер тумагын ылдый өтүштө поездден ыргытып жибербеди беле. Баласынын ошол тумагын ушул күнгө чейин жыттап жүрөт шордуу эне. Жыттаган сайын эт жүрөгү элжиреп, душманга болгон жек көрүүсү күчөйт. “Эң кенжеси кызык” деген бар элде. Жайнак да Субанкул башкарган үй-бүлөнүн эң кичүүсү эле. Бирок, эч кимге айтпай-дебей өз ыктыяры менен согушка кетет. Оозунан балапан сарысы кете элек немени ким ойлоптур кан аккан Батышка кетет деп. Эне байкуш буга да чыдады. Мынчалык кайрат-күч Толгонайга кантип пайда болуп калды экен? Же согуш каарынанбы? А балким Каныкей эненин акылмандыгы, Курманжан датканын даанышмандыгы, алардагы эрдик менен сабырдуулук, энелик мээримдин үлгүсү Толгонайга үлгү болгондур. Ушуларды ойлогондо тагдырлары окшош эки эне көз алдыңа тартыла түшөт.

Согуш согуштугун көрсөтүп, Толгонай энени биротоло мөгдүрөтмөй болду. Келини экөөнө тең жесир көйнөгүн кийгизди. Анткени “каран күн, эне, айрылдык, жесирбиз, окшошкон жесирбиз” деген Алимандын ый аралашкан аянычтуу үнү жедеп күнгө бышкан дыйкан аялдын чымыр денесин таптакыр эзип ийе алган жок. Уулу менен күйөөсүнүн кош күйүтүнө ичтен миң ирет толгонуп айтып бүткүс азапта турса да, тирүүлүктүн касиетин көрсөттү. Белин бекем бууп, колхоз жумушуна чыкты… Турмуш деңизи, согуштун өрт аралаш кандуу толкуну чайкап көрдү кыргыз аялын, бирок моюн бербеди, Толгонай төгүлбөдү. Жесирлер жашаган үйдөгү кайгы-муңду жалгыз Толгонай көтөргөнү менен, ага жөлөк, медер болгон күч Алиман эле. Ырас, жаштын иши да, жолу да башка. Ошондуктан Толгонай теңдешсиз санаага кармалып, күнү-түнү ойлогону – келининин убал-сообу. Өзүнө окшотпой түбөлүк жесир болуудан аны эптеп куткаруу, турмуштан ак жол таап берүү. Кээде, балам башың жаш, ылайыктуу бирөөгө…” деп айткысы келип, тилин тартып алат. Кандайдыр белгисиз күч антишке батынтпайт, адамкерчиликтин алтын каалгасы ачылбайт. Анын себебин билип жүргөн адам мүнүшкөрү Толгонай мындайча түшүндүрөт: “Келиним Алиман эмес, башка бирөө болсо, жаш башымды кор кылбай, бирөөгө иштеп кетээр элем. Бирок Алиманга айта алган жокмун. Кайнене кыйбаган менен чоң турмуш өз билгенин жасады: “Окшошкон жесирлерди” ак көбүк толкундарына аралаш зоодон-зоого урду… Акыры Алимандай кол тийгис келинге белгисиз бир түйүлдүктү, Толгонайдын жаралуу жүрөгүнө аалам кеңдигине сыйгыс сырды пайда кылды. Ошентип, эне менен келинди сынай турган мезгил жетип келди…” “Бала да түштү… Бир заматтын ортосунда бирин узатып, бирин тосуп алдым” – дейт Толгонай, ошондогу эненин сүтүн татпай жүзүн көрбөй калган баланын төрөлгөн күнүн эстеп. Ошентсе да, Алиман жөнүндөгү сыр сыртка чыккан эмес. Таазим этип сыйынчу талаасына бүгүн гана биринчи жолу айтып отурат Толгонай. Жерге айтканы – үстүндө тиричилик өткөрүп басып жүргөн бардык адамдарга айтканы. 1941-жылдагы 22-июндун коркунучтуу таңын, тарыхын ошол түнкү төккөн көз жашын унутпагыла дегенидир!?.

Эл аралык “Руханият” фондусу жана “Бийиктик” басмасы тарабынан улуу жазуучунун 80 жылдык юбилейине карата жарыкка чыгарылган 8 томдук жыйнагы элибиздин руханий дареметин ааламга даңазалоо аракетине чоң түрткү берерине ушундайча үн кошкубуз келди. Чыңгыз агайыбыздын Ош мамлекеттик университетинин жамаатынын алдында бир нече жолу чыгармачылык иштери боюнча, тарбиялык проблемалар багытында жолугушуп, көптөгөн суроолорго жооп берип, кызыктуу талкууларды өткөргөн күндөрү түбөлүк эсимде калды.

“Zaman-Кыргызстиан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 19.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.