Алыкул
Ысык-Көлдө – “Алыкул” кемеси
Союздун соңку жылдары жаштардын “Спутник” туризм жана саякат тармагын Кыргызстанда кыйла деңгээлге көтөрүүдө эл аралык байланыштын, ишкерликтин, уюштуруучулуктун улуу мектебинен өткөн Туратбек Андашев азыр да ошол жолун улантып келатат. Жандүйнөсү жаңылыктарга дайыма умтулуп турган Т.Андашев жалаң эле чарбачылык менен чектелбестен, элинин маданиятына, адабиятына да колдон келген көмөгүн көрсөтүүнү атуулдук милдети катары эсептейт. Ал азыркы учурда “Алыкул” кемесин берметтей көлүбүздүн мейкиндигине кое берүүгө күч жумшап жатат.
Отуз жылдан ашык көлдө сүзүп, эл чарбасына зарыл жүктөрдү ташып жүрүп токтоп калган кемени оңдоп, эс алуучулар үчүн ыңгайлаштырып, “Ысык-Көлдү сүйгөн Алыкул көлдө сүзсө, көлдө жүрсө” деген тилеги менен убакытын да, каражатын да аябай, убаракерчиликке түшүүдө. Көп жылдык мээнетинин үзүрү быйыл кайтса, “Алыкул” мааракесине (2010) карата “Алыкул” кемеси чоң салым кошору шексиз. Акындын ысымы менен аталган кеме Чолпон-Ата – Кажы-Сай багытында сүзүү менен эс алуучулардын, туристтердин күнгөй-тескей саякатына көпүрө болор убагы да жакындоодо. Т.Андашевдин Алыкулдун анык күйөрмандарынын ардактуу төрагасы катары кыргыз маданиятына, адабиятына алгылыктуу салым кошо берерине биз да тилектешпиз. Ал эми Алыкул үчүн ушул иште Т.Андашевге ишкер өнөктөштөр чыгып калса, ашыкча болбос эле.
Кечиккен чыгармалар
Чыгармаларынын томдуктары 1986-жылы, атактуу котормосу 1982-жылы чыккандан бери кайра басылбагандыктан, мектеп окуучулары, студенттер, дегеле жалпы окурмандар үчүн Алыкул Осмонов дайынсыз болуп бараткан эле.
Ушул жагдайдан улам “Алыкул үйү-борбору” коомдук бирикмеси, “Сильва” окуу-методика борбору жана “Бийиктик” басмасы биргелешип “Алыкул китепканасы” сериясында “Алыкул” 3 томдугун чыгарууну, аларды жазылуу жолу менен таратууну колго алышты. “Сильва” борборунун жетекчиси А.Темиралиевдин айтымында, үч томдукка жазылуунун нускасы 3 миңге жетчүдөй.
1-томдукка тандалган ырлар, балдарга арноолор, уламыштар жана поэмалар киргизилген. “Жолборс терисин жамын-ган баатыр” котормосу 2-томдугу катары чыгарылат. Окурмандарга айтчу нерсе, бул басылышы 1940-жылы А.Осмонов өзү котормочу жана Түгөлбай Сыдыкбеков редактору болгон китептин негизинде кайра редакцияланган. Ал эми 3-томдукту “Алыкул таануу” деп атаса болот. А.Осмоновдун өмүрүнө, чыгармачылыгына байланыштуу адабий-илимий макалалар, соңку изилдөөлөр, арноолор, архивдик документтер, фото жана башка материалдар Алыкултаануунун жарым кылымдан ашык мезгилин чагылдырат.
“Отелло-60”
Шота Руставелинин каармандары кыргыз кыйырына келгендигине быйыл 70 жыл толду. А.Осмонов 1937-жылы “Жолборс терисин жамынган баатыр” котормосун баштап, Бишкек, Ош, Москва, Ысык-Көл тарапта иштөө менен 1939-жылы апрель айында Москва алдындагы жазуучулар союзунда аяктаган. Бул котормосу буйурса 7-ирет басылганы турат.
Кыргыздар убагында бул чыгарманы котормо катары эмес, Алыкул өзү жазгандай кабыл алышкан. Чыгарма элге тарагандан кийин Автандил, Нестан, Тариел, Асмат, Нурадин деген ысымдар бизде пайда болгону да ошондон экени белгилүү.
Ал эми “Отелло” трагедиясын Алыкул Осмонов атайын Муратбек Рыскулов үчүн которуп, китеп болуп чыкканына жакында 60 жыл толмокчу. Быйыл 100 жылдыгы белгилене турган СССР эл артисти М.Рыскуловдун театрдагы башкы ролдору В.Шекспирдин Король Лири, Отеллосу экени маалым.
Памирбек КАЗЫБАЕВ, «Көк асаба» («Кыргыз гезитер айылы»), 28.04.2009-ж.