№1 балдар музыкалык мектебинин директору Базаркүл Иманбаева: “Далай таланттар тарбияланып чыкты”

Бишкектеги №1 балдар музыкалык мектепке быйыл 45 жыл толот. Ушул убакыт арасында окуу жайдан далай таланттуу адамдар тарбия алып чыкты, кыргыздын аты ааламдын кең кыйырына таанытты. Жалаң ызылдаган саясаттан башы чыкпаган кыргыз коомчулугуна бүгүн музыкадай ажайып дүйнөнүн бар экенин эстетип, ушу окуу жай туурасында азыноолак кеп куруп берели дедик.

Базаркүл Иманбаевна, окуу жайынын тарых-таржымалынан айта отурсаңыз?
Биздин мектеп 1963-жылдын 1-сентябрынан тарта, адегенде 5 жылдык окуу мөөнөтү менен 70 бала окуган кечки мектеп катары ачылган. Ал эми 1964-жылдан тартып окуу мөөнөтү 7 жылга узартылып, орус элдик аспаптар бөлүмү кошо ачылган.

Мектептин директорлору болуп музыка дүйнөсүндө таанымал инсандар: Юсупов, Чыңгышбаев А.Ч., Соколов Н.Г., Рыспаев И.Р., Риттер А.А, Осмонов С.О, Маматаипова А.М иштешкен. 1983-жылдан тарта, б.а. 26 жылдан бери бул кызматты мен аркалап келатам. Ал эми мектеп негизделгенден бери тынымсыз иштеп келатышкан Есенбаева Булбул Мукашевна, Бурлаченко Антонина Михайловна өңдүү ардагерлерибиздин ысмын өзгөчө белгилеп кетким келет.

Мектепте канча бөлүм бар?
Фортепиано, кылдуу аспаптар, орус, кыргыз элдик аспаптар, хореографиялык жана вокалдык болуп алты бөлүм бар. Мындан тышкары балдардын музыкалык коллективдери: комузчулар ансамблдери, фольклордук, скрипкачылардын ансамбли, орус элдик аспаптар оркестри жана кичүү, орто, улуу хор коллективдери түзүлгөн. 45 жыл ичинде биздин мектепте 900дөн ашуун балдар-кыздар окушту, 200дөн ашуун бүтүрүүчүлөрүбүз жогорку музыкалык окуу жайларын бүтүрүшүп, бүгүнкү күндө Кыргызстанда гана эмес, жакынкы чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт. Алардын катарына Чоңколоева А., Маматкулов Б., Кулукаева Р., Гаркушина О., Газиева А., Светлакова Л., Усова Л., Азыкбаева Н., Набиулина А. өңдүү бүтүрүүчүлөрүбүздү кошсок болот. Эки жолу – 1997 жана 2008-жылдары “Жылдын мыкты окуу жайы” конкурсун утуп алганбыз.

Республикалык, эл аралык сынактарга да катышып жатасыздарбы?
Албетте. Токталиев Айдар аттуу скрипкачы балабыз 1994-жылы Алма-Атада өткөн эларалык фестивалдын дипломанты аталган. Учурда Айдар Алма-Атада, консерваторияда билим алууда. Мындан тышкары Каныбек уулу Эламан (комуз), Набиулина Анжела (виоленчель), Бибинова Оля, Искенова Бибигүл (фортепиано) аттуу тарбиялануучуларыбыз шаардык, республикалык конкурс, фестивалдарда эң жогорку байгелүү орундарды ээлеп келишти. Ушу ийгиликтердин артында биздин тажрыйбалуу педагогдорубуздун талыкпаган эмгеги жатат. Алардын арасында өзүбүздүн бүтүрүүчүлөрүбүз да бар. Алар: Упарева В.А. (аккордеон), Морозова Е.А., Алымкулова А.Б. (фортепиано), Полянский А.А. (скрипка), Абдраева Т.К. (комуз), Искенова Б.И. (концертмейстер) ж.б. бар.

Комуз классы боюнча бүтүрүүчүбүз Айнура Сыйдалиева азыр Канттагы №1 музыкалык мектебин жетектейт. Педагогдорубуз: Мамбетова М.К., Моисеева Е.В., Акматова Н.Д., Савченко В.А., Алымкулова Г.Б., Карипов К.З., Можаева Т.С., Каменева Н.Ю ж.б. белсенип эмгектенишүүдө. “КР элге билим берүү отличниктери”: Берикбаева К.Б., Ментельская С.Д., Полянская М.А., Коник С.В., Пискун С.В., Алымкулова А.Д. КР маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер: Берикбаева К.Б., Аксакова Л.М., Алымкулова А.Д. ж.б. менен сыймыктанабыз.

Бакыт Жолдошев, «Аалам» («Кыргыз гезитер айылы»), 28.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.