Жылда өтүүчү «Китеп өнөрү» көргөзмөсү 18-майда Улуттук китепканада өтөт
“Кыргызстандын жаңы адабияты” сайты билдиргендей, алгач бул көргөзмөнү Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү белгиленүүчү 23-апрелде өткөрүү пландаштырылган. Бирок апрелдеги окуяларга байланыштуу бул иш чараны өткөрүү күнү 18-майга жылдырылган. Көргөзмөнүн уюштуруучулары: КРнын мамлекеттик китеп палатсы, КРнын улуттук китепканасы, Китепчыгаруучулардын жана китептаратуучулардын ассоциациясы.
Көргөзмө Улуттук китепкананын фойесинде өтөт. Ага бардык китепчыгаруучулар чакырылат. Байланыш телефону: 0555-97-62-26.
Соц тармактар: