Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосунун 9 томдугу жарык көрдү

sagynbay

1992-жылдан бери даярдалып келген улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосунун академиялык басылмасы 9 китеп түрүндө биринчи ирет 183 000 сап көлөмүндө коомчулукка тартууланды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, “Манас” эпосунун тексттери 1922-1924-жылдары Сагымбай Орозбаковдун айтуусунда араб арибинде жазылып алынган жана азыр Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондусунда жападан-жалгыз түп нуска катары сакталып турат. Академиялык басылма мына ушул түп нускадан даярдалып, кеңири кезиккен сөздөр, илимий комментарийлер жана сөздүктөр менен жабдылган. Илимий басылма эпосту комплекстүү изилдөө үчүн окумуштууларга өтө зарыл. Ар бир манасчынын тематикасына, фантазиясына, жеке тажрыйбасына жараша варианттарынын өзгөчөлүгү бар. Акын Алыкул Осмонов “Сагымбай Орозбаков – XX кылымдын Гомери” десе, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов да улуу манасчыга өтө жогору баа берип, 4 томдук вариантына башкы редактор болуп, “Кыргыз рухунун туу чокусу” деген макаласында өтө кеңири токтолгон. Эпостун текстин белгилүү манас таануучу, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Илимге эмгек сиңирген ишмери, маркум Самар Мусаев даярдап түзгөн. Ал эми илимий түшүндүрмөлөрдү белгилүү манас таануучулар, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаттары, маркумдар Кеңеш Кырбашев, Эсенаалы Абдылдаев, Райкул Сарыпбеков, ошондой эле Самар Мусаев жазышкан. Жыйырма жыл мурда башталган “Манас” эпосунун академиялык басылмасы академик Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси жана жетекчилиги менен жүзөгө ашырылган.

“Эгемендүүлүк майрамынын алдында академиялык басылыштын окурмандарга жеткенине кубанып, толкунданып жатабыз. Агайлар менен алдыга койгон максаттар орундалды. Өкүнүчтүүсү, эпоско өмүр бою кызмат кылган залкар окумуштуулар академиялык басылышты аяктаганыбызды көрбөй кетишти. 22 жыл ичинде көп татаалдыктар болду. Эми анын баары артта калды. Агайлардын керээзин аткарып, аягына чыгардык. “Манас” эпосу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын, Жогорку Кеңештин мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун аткарып жатабыз”,- дейт академик Абдылдажан Акматалиев.

Гүлкайыр Раимкулова, “Кабар ордо”, 29.08.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.