Түрк мамлекеттери “Манасты” кыргыз эпосу катары таануу боюнча расмий кайрылуу жасайт

Измир шаарында 19-26-апрелде “Түрк дүйнөсү – тарых, тил жана маданият” аттуу Экинчи Конгресс өттү. Бул туурасында КР Маланият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган конгрессте белгилүү кыргыз окумуштуусу, география илимдеринин доктору, Ош Мамлекеттик университетинин профессору Курманалы Матикеев ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк материалдык эмес мурас тизмесине «Манас» эпосунун Кытайдын атынан киргизилүү маселесин көтөрүп чыкты.

Буга байланыштуу көптөгөн окумуштуулардын сунушу менен конгресстин атынан дүйнөнүн бардык түрк тилдүү мамлекеттеринин президенттерине кайрылуу жасоо чечими кабыл алынды. Анда “Манас” эпосун кыргызга таандык экендигин таануу жана дүйнөлүк түрк мамлекетеринин атынан бул тууралуу ЮНЕСКОго расмий билдирүү жасоо белгиленген.

Конгрессте дүйнөнүн 150 мамлекетинен келген 450 окумуштуу катышкан.

“Кабар” МА, 30.04.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.