Токтогул көрбөгөн китепти, Токомбаев көрбөгөн китепти биз көрдүк

Бишкекте Аалы Токомбаевдин “Токтогул” романынын бет ачары белгиленди

27-майда Улуттук китепканада Аалы Токомбаевдин “Токтогул” романынын китеп болуп чыгышынын таанытымы өттү. Бул чыгарма өзгөчө тагдырга ээ. Анын жазыла баштаганын Токтогул билген эмес, анын китеп болуп чыкканын А.Токомбаев да көрбөй калды. Мунун биринчи жана башкы себеби – советтик саясат менен байланыштуу, себеби роман жазыла баштаганда Сатылганов Анжиан көтөрүлүшкө катышкан, демек орустарга каршы чыккан деген айып менен “караланып” турган. Бул китеп чыгып калса, аны жазган автор да, анын башкы каарманы да репрессияланышы мүмкүн эле. Андыктан чыгарма үзүндү түрүндө гана жарыяланган, а түгүл автор аны улантып аягына да чыгарган эмес. Азыркы бүтпөгөн бөлүгү баары болуп китепте 250 бет. Бул жерде Токтогулдун балалык күндөрү тууралуу гана баяндалат. Демек, жазуучу абдан кеңири масштаб менен акындын өмүрүн ортого алып, элибиздин бир кылымдык эпопеясын чагылдырмак болгонсуйт. Романда жазуучунун сүрөттөөлөрү кеңири алкакты ичине камтыйт, образдары элестүү, тили элдик бай тилге жакын.

Басылманы чыгарууга коомдук ишмерлер О.Артыкбаев, К.Иманалиев кол кабыш кылып, баш сөзүн акын Н.Капаров жазган.

“Аалы Токомбаевдин “Токтогул” романы – улуулардын мурасы” деп аталган бет ачар аземди китепкананын директору Ж.Бакашева алып барды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы А.Рыскулов, профессор Ж.Бөкөшев, кытайлык аалым М.Өмүрбай, адабиятчылар А.Муратов, К.Абакиров жаңы романдын баа-баркын талдоого алды.

Т.Сатылгановдун 150 жылдыгын өткөрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрага орунбасары О.Артыкбаев быйылкы мааракеге карата жыйындар, концерттер, конференциялар эми Азербейжанда, Орусияда өтөрүн, ондой китеп чыгарын, атайын web-сайт иштей баштарын белгиледи.

Жогорку Кеңештин депутаты К.Иманалиев соңку учурда китеп, маданият, адабият жандана баштагандыгын айтып, Токтогул менен Токомбаев – экөө эки тоо, тоону эч ким жапыз кыла албайт, мыктынын кадырын мыкты гана билет, бактылуу экенбиз Токтогул көрбөгөн китепти, Токомбаев көрбөгөн китепти биз көрүп атабыз, сөз өлбөйт деген ушул деди.

Абдыкерим Муратов, “Zaman Кыргызстан” гезити, 2014, 30-май

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.