Султан Раев: «АКЫРКЫ КЕРЭЭЗ» ПЬЕСАМ АКЖОЛТОЙ БОЛДУ»
Жакында кыргыз улуттук маданияты менен адабиятында чоң жаңылык болду. Кыргыз элине кеңири белгилүү жазуучу жана драматург Султан Раевге Москва шаарында КМШ өлкөлөрүнүн эң жогорку “Шериктештик жылдыздары” сыйлыгы тапшырылды.
– Султан Акимович, жогорку сыйлыгыңыз кут болсун!
– Рахмат.
– Эң оболу бул сыйлык тууралуу айта кетсеңиз…
– “Шериктештик жылдыздары” аталган КМШ өлкөлөрү ортосундагы жогорку деңгээлдеги сыйлык биринчи жолу уюшулуп жатат. Бул сыйлык жыл сайын адабият жана искусство, илим жана билим, гуманитардык ишмердүүлүк жаатында ыйгарылат.
– Сыйлык тапшыруу аземи кай жерде өттү?
– Кремлдин жанындагы атактуу Пашковдун үйүндө, азыр тарыхый имарат, ошол жерде өттү. Азем жогорку мамлекеттик деңгээлде өткөрүлүп, ага КМШ мамлекеттеринин атактуу коомдук саясий ишмерлери, депутаттар, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын көрүнүктүү өкүлдөрү катышты.
– Орусиянын Биринчи каналынан сыйлыкты Федералдык кеңештин төрагасы Сергей Миронов тапшырып жатканын көрдүк…
– Салтанатты Сергей Миронов ачып берип, бардык лауреаттарга сыйлык тапшырды. Эң башкысы, КМШ сыйлыгынын алгачкы лауреаттарын Орусия президенти Дмитрий Медведев куттуктады.
– Сыйлык кандай критерий менен ыйгарылды?
– Аны ыйгаруу процесси өтө татаал. Талапкерлерди мамлекеттик эксперттик комиссия жана кеңеш өзү тандап алат. Биринчи кезекте сыйлыкка көрсөтүлүп жаткан талапкердин КМШ өлкөлөр арасында гана эмес, эл аралык деңгээлде да чыгармалары кеңири белгилүү болуусу керек. Сыйлык бир конкреттүү чыгармага эмес, бир нече чыгармаларынын цикли үчүн ыйгарылат. Менин пьесаларым көз карандысыз эксперттер тарабынан жактырылып, андан соң комиссияга сунушталган экен.
– Комиссия кароосуна кайсы чыгармаларыңыз кирди?
– “Кашар”, “Арбактын таажысы”, “Ханышанын көз жашы”, “Акыркы керээз” пьесаларым кирген.
– “Акыркы керээз” пьесаңызды ВВС радиосу дүйнөлүк мыкты драматургдардын антологиясына кошподу беле…
– Негизи, ушул пьесалар циклинин топтому үчүн мага сыйлык ыйгарылды. “Акыркы керээз” пьесам акжолтой болду. Комиссиянын курамында азыркы театр өнөрүнүн атактуу корифейлери бар болчу.
– Азыркы күндө кандай чыгарманын үстүнөн иштеп жатасыз?
– Ушул тапта “Топон” аттуу пьесамды бүттүм. Аны Жамал Сейдакматова жетектеген “Туңгуч” театрында өзүм койсомбу деп жатам. Бул чыгарма – адам жан дүйнөсүндөгү акыр заман тууралуу философиялык притча. Ага төрт эле каарман катышат. Белгилүү театр сүрөтчүсү Марат Шарафидинов, композитор Сталбек Бактыгулов менен бул чыгарманы сахнага алып чыгуу ниетим бар.
– Анда максаттарыңыз ишке ашсын. Маегиңизге чоң рахмат!
Гүлнар Акылова, koom@super.kg
«Супер-инфо», №394 21-27-май, 2010-ж.
Бауырлас кыргыз елинин жазушысы, драматург Султан Раевтын шыгармашылыгы мени кызыктыра бастады. Жазушы есимимен мен КР Мемлекеттик сыйлыгынын лауреаты Сабит Досановтын “Жануран” пьесасынын Бишкекте койылган прьемерасында таныс болдым.Типти ол кисинин жанында отырдым. Алайда озин карапайым,салмакты устаган жаннын сондай танымал екенин билмедим.дуние жузи бойынша жети уздик драматургтин бири екенине биреу сенер, биреу сенбес. Неге екенин билмеймин, Султан Раев шыгармашылыгы туралы коп нарсе билгим келеди
Саламатсызбы.
Султан Раев өтө жөнөкөй, кичипейил жана таланттуу адам. Саясатка көбүрөк аралашып жатканы бир аз кейитет. Менимче, бул аны чыгармачылыктан бир аз алаксытып жатат. Бир чети, бүгүн жалаң гана чыгармачылык менен жашап кете албайсың. Мыкты чыгармаларды жазсаң да. Өзгөчө Кыргызстанда. Кыргыз тилиндеги окурманджардын саны чектелүү. Капчыгы да алардын жука. Башка тилдеги окурмандарынын эсебинен жашап кете алат беле. Бирок адабий котормочулук иши дагы бизде учурда унутта калган. Мен Султан Раевдин кайсы чыгармалары казак тилине которулганын билбейт экенмин.
Интернеттен Султан Раевдин кыргыз тилиндеги чыгармаларын табыш кыйын. Мен орус тилиндегилерин гана таба алдым. Жоктон жогору деп аларга шилтемелерди берип жатам:
Корона
Мальчик, державший в руках солнце
Урматым билдирип,
Марат Токоев
Султан Раевтын казак тилине аударылган шыгармалары бар ма?
Кыргыз тилинде бир шыгармасын интернеттен тауып окыдым.орысшасынан кыргызшасын тез тусинеди екенсин.киналган жокпын.казакшага болашакьа аударылады деп сенмин.саясатта бола ма,ол онын жеке проблемасы.ен бастысы денсаулыгы мыкты болып,жазары коп болсын.шыгармашылык табыс тилеймин ол кисиге.