«Свет-аке» тасмасы Канн кинофестивалында тартууланды

Жакынкы күндөрү Францияда жыйынтыкталган Эл аралык 63-Канн кинофестивалында кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын «Свет-аке» тасмасы тартууланды. Тасманын продюсери Алтынай Койчуманованын айтымында, анын бетачары “Режиссерлордун эки жумалыгы” аттуу белгилүү программанын алкагында болуп өттү.

Тасмада башкы каармандын ролун фильмди койгон режиссер Актан Арым Кубат өзү ойногон. Ошондой эле Таалайкан Абазова, Асхат Сулайманов, Асан Аманов жана башка актерлор тасмадагы каармандардын ролун жараткан.

Кыргызстанда тасманын бетачары 2010-жылдын күз мезгилине белгиленген.

“Кабар” МА, 26.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.