Поэзиянын алгачкы академиктери

“Омор Султанов атындагы эл аралык коомдук поэзия академиясы” эл аралык жана республикалык поэзия жаатындагы алгачкы лауреаттарын аныктап, академиянын алтын медалы жана академик наамын ырастаган күбөлүктөрүн тапшырды. Ал даражага белгилүү акыныбыз Акбар Рыскулов менен казак элинин көрүнүктүү акыны, Казакстан мамлекеттик сыйлыгынын ээси, жазуучулар кошуунун катчысы Улыгбек Есдаулет татыктуу болушту. А.Рыскуловдун кыргыз поэзиясында татыктуу орду бар экени жакшы белгилүү, ал эми казак акыны жаңы эле кыргыз тилинде жарык көргөн (которгон Ч.Субакожоева) “Жүрөгүм махабаттын  астанасы” аттуу китеби менен чет өлкөлүк алгачкы лауреат аталды.

Сыйлык жана наамды салтанаттуу тапшыруу аземи Бишкектеги республикабыздын Чет өлкөлөр менен достук жана кызматташтык коомдор союзунда Казакстандын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Г.Шаймаковдун жана өлкөбүздүн көрүнүктүү адабият өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өттү. Аземди коомдун жетекчиси А.Малиев ачып, поэзия академиясынын президенти О.Султанов сыйлыктарын салтанаттуу тапшырды.  Аталган академия өлкөбүздүн таланттуу адамдарын аныктап, моралдык колдоо, жаш таланттарга ар тараптуу көмөк көрсөтүү менен катар чет өлкөлөрдүн чыныгы адабият мыктыларын да аныктап, кийинки мезгилде солгундап кеткен адабий алакаларды өнүктүрүү максатында уюшулган.

Д.Кененбаев, “Кыргыз туусу”, 17.05.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.