Майып көпөлөк
(жомок)
Күндөрдүн биринде бир киши отуруп, мындай бир окуяга күбө болот. Бир көпөлөк пиллада кичинекей бир тешикче ачып, бир нече убакыт бою ошол тешикчеден денесин чыгарууга аракет жасап жатты. Көпөлөккө алдыга жылууга эч дарманы, күчү жетпечүдөй сезилди. Колунан келген бардык аракетти жасап, башка кыла турган айласы калбагандай болду.
Ошентип, киши көпөлөккө жардам берүүнү чечти. Колуна кайчы алып, кичинекей тешикти чоңойто баштады. Бул тешиктен көпөлөк оңой эле чыгып кетти. Бирок, көпөлөктүн денеси кургап, кичинекей канаттары болсо бырышкан бойдон жатып калды.
Киши байкоосун уланта берди. Анткени, ал “көпөлөк канаттарын ачып, денесин көтөрүп асманды көздөй учуп кетет”- деген үмүттө эле.
Бирок, ал ойлогондордун бири да болгон жок. Көпөлөк жашоосунун калганын соолуган денеси жана бырышкан канаттары менен жерде сойлоп өткөрдү. Канчалык аракет кылса дагы учалган жок. Албетте, киши жакшы ниет жана кайрымдуук кылды. Пилладагы кичинекей тешикчеден көпөлөк кысылып, суурулуп чыкканда гана Жараткан анын денесиндеги суюктукту канаттарына жиберип, уча турганга мүмкүнчүлүк жана күч бермек.
Анткени жаратылыштын мыйзамы ушундай, “жашоо үчүн күрөшүү” дегендин мааниси дагы ушунда. Ар бир адам, ал турсун кыбыр эткен жандыктын бардыгы өз күчү, өз аракети менен гана жашоо үчүн күрөшө алса Кудай дагы түйшүк үчүн эки эселеп күч берет. Турмушта анык керек боло турган нерсе – аракет. Эгерде Жараткан бизди бардык нерсеге күч жумшабастан эле жетүүгө жол берсе, анда жогорудагы көпөлөк сымал майып болуп калат элек.
“Нур Эл” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 24.06.2010-ж.
Pingback: Жомоктор — Кыргыз маданият борбору