Дүйнө үч катмардан турабы?

Биздин эң байыркы бабаларыбыз “дүйнө үч катмардан турат” деп ишенген. Эң Жогоркусу – Көк (Асман) же Жарыкчылык, Ортоңкусу – Жер-суу же Тиричилик, Төмөнкүсү – Жер асты же Караңгылык. Бүт дүйнөнү жаратуучу Көкө Тэңири так ошол “эң жогорку” дүйнөгө тиешелүү болгон да, ал “тогуз катар асмандын үстүндө” турган.

Тэңири аңызга караганда, “Көкө Тэңири адегенде “төбөсү ачык көк” менен “төшүү түктүү жерди” жараткандан кийин алардын ортосунда “киши баласы” пайда болгон”. Мына ушул эң байыркы кыргыз аңызы кийин бүтүндөй дүйнө элдеринин аңызына айланып кетти да, бардык диний китептердин “дүйнөнүн жаралышы жөнүндөгү” түшүнүктөрүнүн негизин түздү.

Башка элдердин эзелки жылнаамаларында, анналдарында, санжыраларында: “байыркы түрктөр көп Кудайга сыйынган” деген бир ооз гана кабар берилет да, алар кайсы “Кудайлар” экендиги эч жерде эскерилбейт. Тек гана, ошол “илгерки түрктөрдүн асманга эки колун созуп, “Тэңирим…Тэңирим деп атканы” гана айтылат. “Алар аттан түшөт да, баш кийимин алып, курун мойнуна салып, эки колун асманга созуп, Жаратканга өзүнүн жоокердик тилинде сыйына баштайт”.

Эзелки кыргыздардын ишеними боюнча “көк асман” бу дүйнөнүн “калпагы” болгон да, аякта “күндө күн”, “айда ай” туулуп турган. Карысынан жашына чейин жоокер элде Күн Тэңир айрыкча кадырлангандыктан бардык боз үйлөр “таңкы ырыскыга толсун” деп чыгышты каратылып тигилген да, Күн Тэңир чыккан чыгыш жак “жогор жак” же “көкүрөк жак”, а Күн баткан батыш тарап “аяк жак” же “төмөн жак” катары бааланган. Ошондуктан, Таласта (Алтайда) турган кара кыргыздар береги Ала-Тоону мекендеген кара кыргыздардан ар дайым жогору коюлуп келген. Алар “аяк алып ичээр” улук болгон.Тарыхый түрктөр жөнүндөгү башка элдердин маалыматтарында: “Асмандагы “жети жылдыз” өзгөчө кадырланган”. Бул жердеги “жети жылдыз” дегени жети жылдыздан турган үркөр топ жылдызы го! Эски кыргыз аңыздарына караганда береги “жети жылдыз эжелүү-сиңдилүү жети кыз”, а башкасында “агалуу-инилүү жети бир тууган”. Байыркы кыргыздар так ушул үркөр топ жылдызын башка жылдыздардан ар дайым жогорку коюп келген, не дегенде, алар ай эсептерин береги үркөр топ жылдызына карап тапкан, “тогоолдорду” чыгарган. Эгин эгүү жана аны оруп-жыюу да алиги үркөр топ жылдызынын абалына байланыштуу болгон. Айбанаттардын күүлөөсү жана теке менен кулжалардын чуркашы да дал ушул үркөрдүн чыгышы менен батышына тыгыз байланышкан. Андыктан, жаралгандан мал менен өскөн эл үркөрдү айрыкча кастарлаган. Ага арналып эчен ыр менен аңыздар айтылган. Анын биринде:
– Үркөр, үркөр топ жылдыз,
Үркүп кайда барасың?
– Жоо желимге барамын!
– Жоо желимде эмнең бар?
– Аштык айдар уулум бар,
– Жибек согор кызым бар,-
деп кетет. Байыркы кыргыздар башка жылдыздарга да арнап, ыр чыгарганы маалым, а үркөргө арналган ыр менен аңыздар бир топ. Мына ушунун өзү береги топ жылдыздын эң эзелки жоокер элде айрыкча кадырланганын айгинелеп турса керек.

Экинчиден, эң илгерки кыргыздар мобу Чычкылуу жылдыз (Меркурий), Кызыл Чолпон (Марс), Каракүч эже Эшек кырган (Юпитер), Сары жылдыз (Сатурн), Сары Чолпон (Венера) жана Ай менен Күн береги Жерди айланып жүрөт деп ишенген. Ал эң көнөө заманда Ай менен Күн да жылдыздардын катарына кирген да, ушул жети жылдыз бир орунда турган Жерди айланып турат деп түшүнгөн. Жанагы байыркы кыргыздар кадырлаган “жети жылдыз” так ушул жети жылдыз да болушу мүмкүн, анткени, ал доордо Уран, Нептун, Плутон планеталары али ачыла элек болучу. Булардын кыргызча аттары болгон менен байыркы көчмөндөрдүн түшүнүгүндө алар аркы жалпы жылдыздарга тиешелүү эле… Мындан сырткары, алиги “жети жылдыз” тиги Чоң Жетиген менен Кичи Жетиген болушу ыктымал, анткени, Чоң Жетигендин абалына карап туруп, байыркы бабаларыбыз түнкү маалды аныктаган эмеспи.

Жерди биздин эң байыркы бабалар оболу дүйнөнүн “төрт тарабы”, “төрт бурчу” бар түздүк катары түшүнсө, алар, мезгилдин өтүшү менен гана же тээ Кан Кошой менен Кан Манастын доорунда гана Жердин береги Ай же күн сыяктуу “тоголок” (“жердин өзү дөңгөлөк, жеткен жан келер жөрмөлөп…” же “түшүп кетти Тереңге (Америкага ж.б) экенине көздөрү жеткен.

Бу жагынан алганда биздин бабалар дүйнөдөгү эң алгачкы маттериалисттер болгон. Алардын Тэңири ой-санаттары, үлгү-акылдары нукура турмуштан кандай алынса, булардын Жер жөнүндө түшүнүгү да аалам чындыгынан так ошондой алынган. Байыркы кыргыз билгелери: “Күн тоголок” деген чечимге келген. Натыйжада, “Манастан”: “Жердин өзү дөңөлөк…” деген улуу саптар орун алган!

Көкө Тэңири калган Тэңирлердин бар башкы эгеси боллгондуктан ага Чоң бий (каракан) баш болуп, жылыга бешинчи айдын орто ченинде күркүрөп аккан дарыянын боюнда жылкыдан курмандык чалып, бүткүл элдик сыйынуу өтүп турган. Көкө Тэңири жоокердик эге болгондуктан аны эл “шумдуктуудай алп, баатыр” же “тоодой дөө” түрүндө гана элестете алган. Батыш (алатоолук) кыргыздарда Көкө Тэңирге сыйынуу Кан Тэңир тоосунун этегинде өткөндүктөн курмандыкка чалынган малдын каны ошол тоонун этегине агызылып, союлган малдын башы менен териси шырыкка сайылып коюлган.

Көкө Тэңирдин калган Тэңирлерден бар болгон айырмасы анын “баатырдык башталышы” (героическое начало) эле. Ал бирден бир жаратуучу, киши баласын ар кандай жамандыктан коргоочу же өч алуучу, жер бетиндеги бардык тиричиликти жөнгө салуучу жана киши тагдырын аныктоочу эге болгон. Көз жеткен жердеги бардык тиричиликти жана бүт дүйнөнү жараткан ошол го! Ал эми Умай эне – ургаачылык башталышты туюнтуп, Очок ээси жана түшүмдүүлүктүн эгеси катары саналган. Көкө Тэңири менен Умай эне, түпкү тегинде, жоокерлерди колдонуучу эге болгондуктан бул экөө тең жоокер элдин ата-энеси катары кадырланган.

Ыйык жер-суу (идук йер-су) Ортоңку дүйнөгө тиешелүү болгон да, ал киши баласына тиричиликке керектүү нерсенин баарын берген жашоонун булагы катары бааланган. Жер-суу ырайымдуулук менен жазалоочу озуйпаны да, Ата-Журттун милдетин да аткарган. Ыйык тоого сыйынуу да Жер-сууга тиешелүү болгон. Андан Ыйык тоо Ку уул (Сол кары элинде “чаян” деген сөз “Жараткан” же “Теңир” деген мааниде колдонулган, жанагы географиялык карталардагы “Саян тоосу” деген ат, түпкү тегинде, “Чаян тагы” (Теңир Тоо) го, тек гана, береги “чаян” деген сөз орус тилинде “саян” болуп өтүп калган, Ку уул тукумдары так ошол “Теңир тоого” (Чаян тагына) сыйынган) жеринде, Кызыл уул мекенинде (Каңгайдагы Тэңир Тоо, ал “өлкөнүн колдоочусу” катары саналган), Ак уул жеринде (Чүйдөгү “Ыйык тоо” же “Теңир Тоо”) да бар эле.

Жер тайуу, суу тайуу, тоо тайуу өңдүү ырым-жырымдардын баары тең Суу, Тоо, Жер Тэңирлерине арналып өткөрүлүп, сыйынуу же жалбаруу сөздөрүнүн баары тең эң башкы эге – “Оо, Көкө Тэңири!” деген сөздөр менен башталган, демек, ошол ырым-жырымдардын эң башында Көкө Тэңири турган.

А “төмөнкү дүйнөнүн эгеси” – Жерлик кан (Эрлик кан) эле. Ал “Жети катар жер астында туруп”, өлгөндөрдүн үстүнөн бийлик кылган же “өлүүлөр дүйнөсүн” башкарган. Бул өтө ырайымсыз, кайрымсыз, абдан каарлуу кан болгон. Кишилерди “тез өлтүрүүнүн эгеси” – Бөрт (Бөрү ит) анын жандоочусу эле. “Ала атчан жол эгеси” менен “кара атчан жол эгеси” Жерлик кандын элчилери болучу. Мындан сырткары, Жерлик канга жер астындагы жети эге да баш ийген. Алар Жерлик кандын бардык буйруктарын кыңк этпей аткарган. Эгелер эле…Оо, кийин, байыркы кеңгерликтер Сыр боюнан Эки дарыя ортосуна ооп кеткен соң “төмөнкү дүйнө” жөнүндөгү эң байыркы кыргыз аңызы тигилер аркылуу батыштагы башка элдерге тарап кеткен да, ал мурдагыдан да өркүндөтүлүп-өөрчүтүлүп, диний китептерден орун алган. Алардагы тиги дүйнөдөгү бейиш менен тозок, жан алуучу азирейил менен жебирейил ж.б сыяктуу түшүнүктөр мына ушундайча пайда болгон. Түйүндөн айтканда, кийинки диндердин баарынын башы Көкө Тэңирден келип чыккан, анын “Тэңири аңыздарында”, “Тэңири жомокторунда”, “Тэңири баяндарында”, “Тэңири ой-санаттарында”, “Тэңири үлгү-накылдарында” жаткан.

Эчендеген миң жылдыктар бою өзүнүн Көкө Тэңирине сыйынып келген биздин жоокер эл кийинки диндерге кечээ гана туш болду. Алардын таасири да бизде анчейин, бул диндер элибизге али да сиңелек, баары үстүрт. “Мусулманбыз” дегенибиз менен мусулман деле болуп жарытпадык. “Тэңир” деген сөздүн өзү биз үчүн “Кудай” же “Алла” дегенден алда канча кымбат турат. Андыктан, чоң жана кенже эпосторубуздагы каармандарга чейин, алардын башына иш түшкөндө ооздоруна пайгамбарлардын аттары кирбейт, алар, ир алды, “Көкө Тэңирге”, “төбөсү ачык көккө”, “төшү түктү жерге”, Ай-жылдыздарга, Күнгө жалынат! Ант бергенде да “төбөсү ачык көк урсун!”, “төшү түктү жер урсун!” деп ант берет. Алиги пайгамбарлардын атынан эзели ант бербейт. Ошондуктан, өткөн эле кылымда кыргыз жерине келген орус тыңчысы Ч. Валиханов: “Кара кыргыздардын Алласынын аты Көкө Тэңир (небо Бог)” деп жазса, М. Веньюков: “Кыргыздар башына иш түшкөндө бөлөк мусулмандар сыяктуу “Аллага” эмес, “Көккө сыйынат” деп жазган эмеспи! Санжыра-эпосубуздагы:
Ушул сөзүң чын болсо,
Айтканыңды кылбасам,
Төбөсү ачык Көк урсун!
Төшү түктү жер урсун!
Атагы урсун Таластын!
Арбагы урсун Манастын! –
деген саптар мунун ачык-айкын күбөсү эмеспи! Байыркы кыргыздар ант бергенде илгерки Ата-Мекени “Таластын (Алтайдын) атагына, Манастын арбагына” коёт! Не дегенде, Манас (Асман) деген аттын өзү Көкө Тэңирдин жердеги синоними эмеспи! Биз аны ошондуктан “Тэңири Манас!” деп, баарынан ыйык тутабыз го!

Элибиздеги бардык ырыстуу нерселер Көкө Тэңирге ыйгарылган! Эл-журттун маңдайына бүткөн жакшылык-жамандыгы Улуу Тэңирдин кудуретине чегерилген. Элибизде ушу күнгө чейин сакталып калган: “Тэңир берди!”, “Тэңир буюрду!”, “Тэңир жалгады!”, “Тэңирдин эрки”, “Тэңирдин жазганы!” же “Тэңир, колдой көр!”, “Тэңир, сактай көр!” же “Тэңир урду!”, “Тэңир жазалады!” сыяктуу толуп жаткан ыйык сөздөр мына ушунун айныксыз далили болсо керек! Байыркы көчмөндөр уулдуу болсо да бул жакшылыкты Улуу Тэңирге тогоп, баласынын атын “Тэңирберди” койгон эмеспи!

Менин баамымда, Көкө Тэңири демейдеги дин эмес, андан да зор Дүйнө! Мен аны бул жерде шарттуу түрдө гана дин деп олтурам. А чындыгында ал дин деген баягы түшүнүккө сыйбай турган, анын чегинен эбак чыгып, кыргыздын бүтүндөй өмүрүнө айланып кеткен, андан да терең, андан да кең, андан да чексиз, андан да бийик дүйнө! Ал биздин элде тээ эң байыркы доорлордо эле калыптанып, эзелки кыргыздардын күндөлүк тиричилигине, тилине, дилине, ой-кыялына, каада-салтына, жашоо-шартына эбак сиңип кеткен. Анын асыл ой-санаттары адепки табигаттын өзүндөй кол тийгис, көк кашка суулардай мөпмөлтүр, Ала-Тоонун абасындай таптаза, Бай-Көлү менен Ысык-Көлүндөй өтө терең, Кан Тэңирдей абдан бийик улуу руханий Дүйнө! Адам менен табигаттын бири-биринен ажырагыстыгы – бир бүтүндүгү жыйындагы ыйык ой, ыйык дүйнө тааным. Ал Кыргыз жашоо -тиричилиги менен жоокердик өмүрүнүн дал өзүнөн келип чыккан, турмуш сыноосунан эбак ийгиликтүү өткөн Улуу ой, Улуу Дүйнө! Кыргыз үчүн ал баары! Көкө Тэңири – Өмүр! Улук Өмүр! Кыргыз Өмүрү!!!

Мен мындан ары “Көкө Тэңири дини” деп айтып атканда, окурмандар да аны шарттуу түрдө гана кабыл алып, азыркы айтылгандарды эстерине бек тутуулары зарыл…

Көкө Тэңирдин алгачкы ой-санаттарынын, үлгү сөздөрүнүн, осуят-насыяттарынын пайда болуусу тээ эң байыркы энелик доордо башталып, андан соң аталык же тарых тили менен айтканда, патриархалдык-уруучулук доордо биротоло калыптанган. А энелик доор дегенибиз жогорку палеолиттен өнүккөн неолитке чейинки тарыхтын өтө узак мезгилинин кучагына алган же адам коомунун тарыхындагы алгачкы адам тобунан (палеолит же алгачкы таш доору, мындан 2 млн.жыл мурда башталган) кийинки аялдар үстөмдүк кылган алгачкы коомдук түзүлүш го! Ал палеолиттин аягы же мезолиттин (орто таш доору, мындан 15-20 миң жыл мурда) баш ченинен тартып өзүнүн гүлдөө дооруна жетип, неолит (жаңы таш доору, мындан 8миң жыл мурда) мезгилине дейре уланган алгачкы коомдук түзүлүш эмеспи! Мындан соң энелик доордун ордуна аталык доор келет да, анын аябай гүлдөгөн мезгили коло жана алгачкы темир дооруна дал келет. Байыркы кырк угуз эли энелик доордо Умай энеге гана сыйынса, аталык доордо Көкө Тэңирге гана табынган же тактап айтканда, энелик доордо Умай эне баш болгон Көк (Аба) Тэңири, Күн Тэңири, Ай Тэңири, Жол (Жылдыз) Тэңири, Жер Тэңири, Суу Тэңири, Тоо Тэңири, Кан (Согуш) Тэңири деген тогуз Тэңирге сыйынса, аталык доордо Көкө Тэңири баш болгон Умай эне (Очок Тэңири – Ыйык эне же бүткүл жандуу жарандардын энеси), Күн Тэңири, Ай Тэңири, Жол (Жылдыз) Тэңири, Жер Тэңири, Суу Тэңири, Тоо Тэңири, Кан (Ссогуш) Тэңири аттуу тогуз Тэңирге табынган экен! Тек гана, аталык доордо Көкө Тэңири береги Тэңирлерден эң башкысы катары урматталган жана ардакталган. Андыктан, эзелки кыргыздар асманда жайгашкан Көк, Күн, Ай, Жылдыз Тэңирлерди өтө ыйык тутуп, Көкө Тэңири деп атаган го! Эл да асманга кол созуп, сыйына баштаганда эң алгачкы табынуу сөзүн: “Оо Көкө Тэңир!” деп баштаган эмеспи! А Көкө Тэңири (Асман Тэңири) бүт дүйнөгө ( космоско же ааламга) өмүр, тиричилик берген кудурет катары баалангандыктан байыркы кыргыздар Көктү (Асманды) – Ата – Өмүр деп тааныган го! Калган Тэңирлер ошол Көкө Тэңирдин кудурети астында болгонун кантип жашырабыз?! Байыркы көчмөндөр Көк (Аба) Тэңирине, Күн Тэңирине (Күнгө), Ай Тэңирине (Айга), Жол Тэңирине (Жылдызга), Жер Тэңирине (Жерге), Суу Тэңирине (Сууга), Тоо Тэңирине (Тоого), Кан (Согуш) Тэңирине сыйына баштаганда, ошол Тэңирлердин айгаптасында, сөзсүз түрдө, баарынан улук Көкө Тэңири турган. Ошондуктан, байыркы кыргыздар же тарых тили менен айтканда, эзелки тарыхый түрктөрдүн эң алгачкы сыйынуу сөзү: “Оо, Көкө Тэңир!” болгон эмеспи! Айталык, жыл түшүмдүү болсо экен деп Жер тайыганда же жыл жаанчыл, суулуу болгой эле деп суу тайыганда эл табынуу сөзүн: “Оо, Көкө Тэңир!” деп баштаган го! Кантсе да, Көк Тэңири, Күн Тэңири, Ай Тэңири, Жылдыз Тэңири деген Тэңирлер алиги Көкө Тэңирдин көктөгү синонимдери эле! Көкө Тэңирге сыйынган эл жаңы чыгып келаткан Күндү тогуз жолу жүгүнүп тосуп алган да, ошо жүгүнгөн сайын “Оо, Көкө Тэңири! Сенин Улуу Күнүң кандай көз уялта жаркырап турса – мага да так ошондой жаркыраган ден-соолук бер!”, “О, Тэңири, учуп бараткан жебемди адаштыра көрбө!”, “О, Тэңири, мал-жанды ит куштан сакта!”, “О, Тэңири,ниети жакшыны келтире көр!”, “О, Тэңири, дүйнөнүн төбөсү – көк асман, адам баласына дал ошол көк асмандай бийиктикти бере көр” ж.б деген өңдүү тогуз тилек айткан. Мында, бир эскерте кетчү нерсе, Күн Тэңирине тогуздан да көп жүгүнүп, тогуздан да көп тилек айтса боло берген, бирок, байыркы кыргыз баласы Күнгө тогуздан кем жүгүнгөн эмес, ашса ашкан, эзели кемибеген. Мында, ар бир Көкө Тэңирге өз кара башына гана тиешелүү тилек-мүдөөлөрүн да билдирүүгө акысы бар эле. А Ай Тэңирине сыйынганда эл жаңыдан туулган айга да тогуз же үч жолу жүгүнүп, “Оо, Көкө Тэңири! Айдан аман, жылдан эсен кыла көр!” Мал-жанга тынчтык бере көр! Молчулук менен токчулук жаадыра көр!” деген сыяктуу тогуз тилек тилеген. Эгерде эл Күнгө күн сайын таң менен тогуз жолу жүгүнүп, тогуз тилек айтып тосуп алып, а батып баратканында аны жүгүнүп узатса, Айга Ай жаңырганда гана гана бир жолу табынган. Ал эми Жылдыздарга эл чоң жолго чыгарда гана сыйынса, алиги жол ийгиликтүү аяктаган соң дагы бир жолу табынган, не дегенде, алар түнкүсүн жол багытын так ошол жылдыздарга карап аныктаган го! Мында да байыркы көчмөндөр өзүлөрү ыйык туткан жылдыздарга тогуз жолу жүгүнүп, тогуз тилегин билдирген. Алиги “Асман – Ата -Өмүр” деген касиеттүү түшүнүк Көк Тэңирден сырткары Күнгө, Айга, Жылдыздарга тиешелүү болгон. Алар Жердеги бардык мал-жанга өмүр берчү кудурет катары таанылган.

Орозбек АЙТЫМБЕТ, жазуучу,
“Нур Эл” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 24.06.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.