Хрущевге комуз чертип берген кыргыз деңизчи
“Шырылдаң” берүүсүнүн бүгүнкү мейманы – экономика илимдеринин кандидаты, Чүй облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Аскар Жумагулов.
Ал комузда кол ойнотуп, бош убактысында жорго таптап, фотоаппараты менен Кыргызстандын кооз жаратылышын сүрөткө түшүрдү.
Жашы 70ке чукулдап калганда ирландиялыктардын стэп бийин биринчи болуп кыргызча ыргакка салып, өзүнчө бий кыймылын түзүп чыкты.
Никита Хрущевди комуз менен таң калтырган кыргыз деңизчиси
Атактуу комузчу Атай Огонбаевдин “Маш ботойун” экономика илимдеринин кандидаты, Чүй облусунун губернаторунун кеңешчиси Аскар Жумагулов комузда кол ойнотуп, шартылдатып эргип чертип жатты.
Ал 1957-жылы кесиптик техникалык окуу жайда окуп жүрүп филармониядагы чоң комузчулардын бири Бейшеналы Кулмендеевден таалим алып, он чакты күү үйрөнөт.
Кийин Калининградда Балтика деңиз флотунда кызмат өтөп жүрүп спорттук ийримге жана өздүк көркөм чыгармачылыгына катышат.
Алар кызмат кылган аскерий кемеге ошол кездеги Коммунисттик партиянын биринчи катчысы Никита Сергеевич Хрущев келгенде концерт берип, комуз чертет.
– 1962-жылы 22-февралда биздин кемеге ошол кездеги мамлекетибиздин башчысы Никита Сергеевич Хрущев, СССРдин коргоо министри, маршал Малиновский келди. Гречко анан деңиз флотунун командачысы, адмирал Сергей Горшков келип, биз менен кол кармашып көрүшүп, анан биз концерт бергенбиз. Мен комузумду ала бардым эле. Ошондо Хрущевге, Малиновскийге “Маш ботойду”, “Көйрөң күү”, “Кара өзгөйдү” чертип концерт бергенбиз. Мамлекет башчысы баш болгон жогорку даражалуу адамдар экинчи катарда отурушту. Мен көрүп эле турдум. Мени карашып, бири-бирине бирдеме деп шыбырашып таң калып күлүп коюшат. Оо, андан бери 50 жыл өттү. Бирок ошонун баары эсте калат экен.
Аскер кызматынан I рангадагы капитан чинин алып, кийин Каржы министрлигинде, Фрунзе шаардык партия комитетинде, Чүй облустук администрациясында жогорку кызматтарда иштеп, республиканын туризм тармагын жетектеп турганда дагы бош боло калганда комузда кол ойнотуп черин жазып алат экен.
Комузчу, бийчи, фото-сүрөтчү
“Өзгөчө “Айдыралынын көйрөң күүсү” эргип черткен күүлөрүмдүн бири”,-дейт Аскар аксакал.
Ал Балтика деңиз флотунда Орто Азия жана Казакстан өкүлдөрүнөн кызмат кылгандардан жалгыз өздүк көркөм чыгармачылыгынын бий ийриминде зор ийгиликтерге жетишип, биринчи даражадагы диплом менен сыйланат.
Бий ийриминен ар кыл улуттун жана матрос бийин үйрөнүп мыкты аткаруучулугун көрсөтөт.
Кыргыздын стэп бийин түзүүчү
Мына ошол жаш кездеги үйрөнгөн бийин кайрадан эстеп, ирландиялыктардын стэп деген бийин кыргызча музыканын коштоосунда улуттук мүнөздөгү бойок кошуп, биринчилерден болуп иштеп чыкты.
– Эки жыл мурда телевизордон Ирландиянын FIREDANCE деген стэп бий ансамблинин бийлерин бир жума жарнама катарында көрсөтүп турушпадыбы. Ошону карап отурсам, бийлеген бийлери, көнүгүүлөрү, сахнага чыккандагысы 60-жылдары Калининградда бийлеп жүргөндөгүгө абдан окшош экен. Ошонун баарын көрдүм. Анан “Культура” деген программадан Сергей Моисеев жөнүндөгү берүүнү, анын койгон бийлерин бир жума бою толук көрдүм. Анан ошондо матрос бийи “Яблочка” дегенди бийлешти. Баягы биз бийдеп жүргөндөгү бийге кудум окшош экен. Анан ой келди “муну кыргыз жаштарына үйрөтүп, кыргызча стэпти түзүүгө эмне үчүн болбосун?” деп. Мурдагы бийлеп жүргөндөгү кыймылдарды эстесем унутпаптырмын. Бардыгын кайра эстеп чыгып өзүмчө бийдин нотасын түздүм. Анан драма театрларга, жогорку окуу жайларына барып бий тобун түзөйүн деген аракетимден майнап чыкпай койду. Азыркы студенттердин жоопкерчилиги жок, жалкоо болуп кетишкенине кейидим.
Аскар Жумагуловдун кыргыздын стэп деген бийин түзүү демилгесин М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын жетекчиси, профессор Тенти Мураталиев колдоого алып, эки жыл мурда аталган окуу жайдын алдында 6 кыз, 6 уландан турган “Сары-Өзөн-степ” деген бий ансамблин түзөт.
Бут кийиминин тамандарына темир така кадап алышкан уландар менен жаш кыздар жерди тарсылдатып, шайдоот кыймылдап Шекербек Шеркуловдун “Эргиме” деген күүсүнүн коштоосунда бий «атасын» таанытып, бир нече концерттерге катышты. Алар ирландыктардын улуттук бийине айланган стэп деген бийге кыргызга мүнөздүү салттык кыймылдарды кошуп, баштарына ак калпак кийип такаларын-тарсылдатып, азоо аргымак минип жүрүшкөндөй элес калтырат.
Аскар Жумагулов ирландыктардын стэп деген бийин кыргыздын улуттук бийинин бири катары калтырууга аракет кылып, казактардын белгилүү өнөрпозу Курмангазынын бир күүсүнө да казакча стэп бийин чыгарганын кошумчалады.
Анын дагы бир өзгөчөлүгү – колуна фотоаппарат алып алып, жылдын кайсы мезгилинде болбосун кыргыздын жаратылышын сүрөткө түшүргөндү абдан мыкты өздөштүрүп алган.
Ал Суусамырда, Чүй, Ысык-Көл өрөөнүндө тарткан укмуштуудай кооз жаратылыштардан турган эки жүзгө чукул чыгармаларынын сүрөт көргөзмөсү өткөн жылдын соңунда Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде коюлду.
Кара-Балта жоргосу дайыма токулуу
Аскар Жумагуловдун дагы бир ышкысы – жорго таптоо. Бош убактысы боло калса Кара-Балта деген жоргосунун жанынан чыкпайт. Аны минип алып туулуп-өскөн Байтик айылынын талаа-түзүн түрө кыдырып, жетимишке чыгып калса да жорго салып, ээрге жигиттерден мыкты отуруп, ат жалында эс алганды жакшы көрөт.
Биздин каарман Аскар Жумагулов 1941-жылы 5-мартта Чүй облусунун, Аламүдүн районундагы Байтик айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Жумагул Ата мекендик согушка кетип, 1943-жылы майданда каза болот.
Өзү айткандай, согуштун балдары балалыктын байоолугун сезбей, кабыргасы ката электе соко айдап, машак терип, турмушка эрте аралашып, бышык өскөн.
Жаштайынан мээнеткеч Аскар Жумагулов да “жетим өз киндигин өзү кесет” дегендей бала кезинен айылдын чарбалык иштеринде иштеп, бой жетип Калининградда Балтика деңиз флотунда аскердик кызмат өтөйт. Воллейбол боюнча спорттун чебери, Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин, Москвадан КПСС БКнын алдындагы коомдук илимдер Академиясын бүтүргөн. Экономика илимдеринин кандидаты.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматтын 3-классттагы кеңешчиси. Чүй облусунун губернаторунун кеңешчиси жана облустун эмгек, согуш ардагерлеринин төрагасы.
Аманбек Жапаров, «Азаттык», 03.02.2011-ж.