Баатыр кыздардын ролун жараткан Калича Сейдалиева

Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти Калича Сейдалиева Улуттук кыргыз драма театрынын сахнасында Каныкей, Жаңыл мырза сыяктуу баатыр кыздардын жана башка ондогон драмаларда аялдардын ар кыл образдарын жаратып, ички темпераменти күчтүү актриса экенин далилдей алды.

Театр адистери менен баарлашканымда алар Дааркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева, Гүлшара Дулатова сыяктуу улуу таланттардын жолун уланткан, Улуттук театр өнөрүндө ички сезими күчтүү, терең ойлуу актриса катары Калича Сейдалиеваны айтып калышат.

Мына ушундай зор таланттар түптөгөн улуттук театр мектебинин салттарын улаган, алардан таалим алып ордун баскан актриса 1979-жылы Ташкенттеги Островский атындагы театр институтун аяктап келип, кыргыз драма театрына ишке алынат.

“Учурда Кыргызстанда тогуздагы баладан токсондогу карыяга чейин саясатташып, коом кеселдеп турган маалда театр, кино, музыка аркылуу адамдардын жан дүйнөсүн, ички сезимин сакайтып, руханий дөөлөттөрүн көтөрүү зарыл”,-дейт Сейдалиева.
– Актердук кесип мамлекеттик идеологияны элге жайылткан, үгүт-насыят жүргүзчү кесип. Мугалимдер сыяктуу эле элди тарбиялоого да зор салым кошот. Мисалы, “театр коомдун күзгүсү” деп коет эмеспи. Ошонун сыңарындай театр өнөрү аркылуу элди туура жолго салууга, терс жактарын мыскылдап көрсөтүүгө, жаштарды патриоттуулукка, элин-жерин сүйүүгө тарбиялоого болот.

Калича Сейдалиева учурда Бишкектеги театрларда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыгына карабай, кыргыз драма театрдын кичи сахнасында жаңы спектаклдер даярдалып жатканын белгилеп, белгилүү драматург Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” эпикалык драмасынан Каныкейдин монологунан үзүндү айтып берди.

Оо, кулунум угуп ал,
Эки энеңдин ичинде толуп жаткан муңу бар.
Аргын кыргыз аралаш, элдин жайын билип ал,
Жылгындуу Кең-Кол, кең Талас жердин жайын билип ал.

Сенин жериң кыргызда,
Отор малдан жылкы көп,
Оолуккандан тынчы көп.
Жашыгынан курчу көп,
Жан жыргаткан ырчы көп.

Терекке тууган куштары,
Теминип турат учканы.
Кайыңга тууган куштары.
Камынып турат учканы.

Көркөм өнөр таануучулар “үн десе үндүү, бой десе бойлуу, табийгатынан театр үчүн жаралган таланттуу актриса” деп баасын берген Калича Сейдалиева кыргыз драма театрында Эгемберди Эрматовдун “Жаңыл мырза” драмасында Жаңылдын, белгилүү драматург, акын Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” эпикалык чыгармасында Каныкейдин, Чыңгыз Айтматовдун “Чыңгызхандын ак булутунда” Алтундун, Шекспирдин “Лир падыша” трагедиясында Гонерилянын жана башка спектаклдерде эр жүрөк, айбаттуу аялдардын, мээримдүү энелердин образдарын түзө алды.

Белгилүү актриса Калича Сейдалиева Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда жана Улуттук кыргыз драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайында сахнада сүйлөө чеберчилиги боюнча сабак берип, ондогон жаш актерлерду тарбиялап, окутуучулук кесипти да аркалап келет.

Аманбек Жапаров, «Азаттык», 28.01.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.