Жыргалбектин жаңы эки ыры
Дүрмөт
Мен жашоодо мезгил менен көп актым,
Мээлебестен кур дүрмөттү көп аттым.
Кум үстүнө сууну бекер төккөндөй
Куу талаага билбейм, анча неге аттым?
Ок салсам да оолак учуп, тийбеди.
Он чактысы бир бучкагын чийбеди.
Аң-таң калып айланамда тургандар
Анча дүрмөт не болгонун билбеди.
Таамай тийсе таарып түшмөк бүт эле.
Так ошол күч – ташты жарган күч эле.
Ойноп аткан ошол кайран дүрмөттөр
От бүркчү эле барган сайын күчөнө.
Арт жагымда отуз тогуз жаз калды.
Азыр мына, кыркынчысы башталды.
Атаганат, арбын бута көрсөм да
Атышканга дүрмөттөрүм аз калды.
Талапташым кыт куюшкан түн кетти,
Тарсылдатып талаага аткан күн кетти.
Азыр таамай тийерине көз жетпей
Аяп турам бир аз калган дүрмөттү.
Эми көпкө жетпес… Мейли, жетпесин,
Эртең атсам туура жакты беттесин.
Эмне дейбиз? Октор бекер кетсе да
Эң башкысы – Өмүр бекер кетпесин.
САЗ
Эл жетпеген аска элем. Урчук болдум.
Ээ-жаа бербес дайра элем. Тынчып болдум.
Бүркүт элем, шаңшыса кийик үрккөн,
Бүгүн минтип, колдогу чымчык болдум.
Каалаганым көп эле. Азы калды.
Кайдыгерлик жашоомду басып алды.
Көңүлүмдө көк деңиз кирдеп бүтүп,
Көлчүктөрү көрүнгөн сазы калды.
Алыс болуп сырдашкан жакыным да,
Айтаар ойлор калган жок, акылымда.
Термелбеген жымжырттан мээнин ичи
Тегиз болуп калчудай, акырында.
Жүрөгүмдү жүткүнтөөр ысык болбой,
Жүрөм азыр бузук же түзүк болбой.
Жан-дүйнөмдү жалкоолук ээлеп барат
Жасай турган эч бир иш кызык болбой.
Максатым жок, астыга сүйрөй турган,
Мааниси жок сөзүмдүн, сүйлөй турган.
Бороондорго туруштук берээр бекен,
Бопбош жүрөк, эч нерсе сүйбөй турган?
Ташкыным жок. Көп болду тыйылганым.
Тагдыр эле, башынан сыйынганым.
Максатымды жолумдан күтөйүнчү,
Маңдайыма жазгандыр буюрганын.
Жыргалбек Касаболотов