«Көктөм» сынагы: Урмат Иманалиев

Карындашым деги кандай немесиң,
Канын сыгып жүрөгүмдү эзесиң.
Карай албай күн өзү да уялган,
Карегиңден оксуз атып келесиң.

Жамгыр төгүп, күн күркүрөп алыстан,
Жаздын күнү таанышканбыз капыстан.
Эсиңдеби ошондогу сел каптоо,
Элден бөлүп экөөбүздү агызган.

Сен билмексен, мен да келем сыр бербей,
Сезим чиркин койгон тура иргебей.
Секунд санап суусап келем жеталбай,
Сендик булак күтө алабы кирдебей.

Иманалиев Урмат,
“Көктөм” сынагына

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.