Кундуз Таштаналиева: “Музыканы сактоого жалгыз артисттин алы жетпейт”
Комуз, ооз комуз, кыл кыяк, чоор, чопо чоор сыяктуу улуттук аспаптарды даңазалаган кыргыз этнографиялык “Камбаркан” ансамбли кыргыз элинин салттуу музыкасын, фольклорунун өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп келет. Бүгүнкү күндө “Камбаркан” ансамблинде Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери, профессионал музыканттар эмгектенишет. Алардын арасында жаш солист Кундуз Таштаналиева да бар. Ырчы бул топко кошулганына жети жыл болду.
Жан-дүйнө каалоосу канса…
– Алгач менин “Сакта” деген ырым эл арасында кеңири тарап, белгилүү бир чөйрөдө өзүнүн ордун тапты десем болот. Анткени ал ырды сүйүп уккандар болду. Сөзүн Шайлообек Дүйшеев агайыбыз жазган. Ал ырдын тарбиялык мааниси өтө терең, салмактуу, жүрөктүн түпкүрүнөн орун алчу күчү бар. Музыкасын болсо өзүм жазгам. Эгер сөзү маанилүү болуп, обону ширелишип турса, элге сиңип чыныгы угармандарга жетсе, түбөлүктүү ыр болот деп ишенем. Кийинки ырдап чыккан “Ата-энеме” деген ырымдын сөзү да Шайлообек агайдын калемине таандык, ал эми обонун Муратбек Бегалиев агай жазып берген. Эстрадага жакын, бирок баары бир фольклор жыттанып турган ыр. Бул да терең ыр. Негизи менин жан дүйнөм салттуу музыканы сүйөт. Адам жан-дүйнөсү каалаган нерсе менен алектенгенде гана өзүн бактылуу сезет экен.
Кыргыздын ыры кылымга калсын
– Элдин тарыхын, маданиятын, чыгармачылык жаатын көрсөтө билген нукура кыргыз элдик музыкаларын эч убакта унутпашыбыз керек. Биз бүгүнкү күндө ырдап жаткан ырлардын нукура өзөгүн сактап, аны ата-бабабыз кандай кылып таштап кетсе, биз дагы ошондой кылып кийинки муунга өткөрүп беришибиз керек. Азыр бизге Батыштын тийгизген таасири күчтүү болуп атпайбы. Бул башка маданиятты кабыл алуунун бирден-бир булагы болууда. Интернеттерден көчүрүп алган ар кандай стилдеги музыкалар басымдуулук кылып атат. Бирок, азыркы чыгып жаткан жаш ырчыларыбыз эстрадада ырдаса дагы кыргыздын колоритин жоготпой, анын кайрыктарын өзгөртпөй, сөздөрүн бурмалабастан кандай болсо ошондой ырдашса деп айтат элем. Анткени, кыргыздын ырлары кылымдарга калышы керек.
Фольклордун өзөгүн жоготпойлу
– Акыркы убакта фольклор да элдин колдоосуна ээ болуп аткандай сезилет. Эл жаңы агымдан, эстрададан сырткары да фольклор жаатына да көңүл бура баштады. Ага жараша биз да, фольклорду өстүрүп-өнүктүрүш үчүн замандын талабына ылайык фольклордун өзөгүн жоготпостон, аны жаңылап турушубуз керек. Анткени, эл да кайталанмадан тажап, жаңы бир чыгармаларды өзгөрүүлөрдү күтүп турат. Кыргыздын нукура стилин, ырларын, фольклорун, салттуу музыкасын сактап, аны өркүндөтүп, элге кеңири жайылтыш үчүн бир гана фольклор ырчылары эмес буга мамлекет да көңүл бурганы оң. Эзелтеден келе жаткан элдик музыканы сактоого жалгыз артисттердин күчү жетпейт.
“Камбаркан” деген “Камбаркан” да…
– Адам кайсыл гана тармакта иштебесин, тажрыйба менен такшалат. Канчалык аракет кылса, ошончолук ишинин үзүрүн көрөт. Мактанайын, фольклордук-этнографиялык “Камбаркан” тобунда иштеп атканыма абдан сыймыктанам. Жети жылдан бери көптү үйрөндүм, оркестрде иштеген абдан кызыктуу, ал жерде эмгектенген ар бир адам өзүнчө бир дүйнө. “Камбаркан” тобунда кыргыздын тарыхында кала турган мыкты инсандар көп жылдан бери иштеп келишет. Алардын кеңешин угуп, сабак алуудан өткөн нерсе жок. Ушул убакытка чейин топтогон билимим, тажрыйбамды өзүмдүн студенттерим менен бөлүшкөнгө аракет кылуудамын. Жаштар менен иштешүү абдан кызыктуу, алар аң сезими, ой жүгүртүүсү, кабыл алуусу менен айырмаланып турушат.
Нургүл ИБРАЕВА, “Кереге” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 26.10.2011-ж.