Никулин “өзүм чакырам” деп айтты эле…

Кыргыз циркинде көп жылдан бери эмгектенип, эл тарабынан “кыргыз клоуну” деп атанган, мамлекет тарабынан “Эл артисти” наам алган Кыргыз мамлекеттик циркинин көркөм жетекчиси, Кадырбек Тажиев агайдын жеке жашоосу тууралуу маегибизге көңүлүңүздү бурабыз.

Балалыгым
Беловодскийдин Чечерин деген айылында төрөлгөм. Бала төрөлгөндө адатта “ыңаалап” ыйлап төрөлөт го. Мени айылдагылардын баары тамашалап “ай, бул төрөлгөндө эле каткырып күлүп чыккан” деп калат. Эсимде, кичинекей кезимде эле мен бирдеме деп айтсам, башкалар күлүп калса мага абдан жакчу. Менин цирк артисти өнөрүм ошондон эле башталган окшойт. Фантазиям абдан күчтүү болчу. Ар нерсени оюман чыгарып эле элди күлдүрүп атчумун. Балачагымда Ю.Гагарин космоско уча электе эле: “Мен тетиги асманга учам, анан Циалковский мени тосуп алат да медаль берет. Кайра бул жакка учуп келип 1-класска кирем, мектепке менин сүрөтүмдү илип коёт. Мен ушундай адам болом” деп айтчумун.

Окуучулук күндөрүм
Мектепте окуп жүргөндө абдан тентек болчумун. Кыздар жакшы окуучу да. Алар “мен жооп берем” деп тура калганда чачтарын партага байлап же астына бир нерсе коё койчумун. Ызы-чуу болуп эле жатышчу. Өзүм өмүрү “беш” деген бааны көргөн жокмун. Анан мугалим тажаганынан “бар эшикке чыкчы” деп кубалап жиберчү. Мен эшикте жыргап футбол ойноп жүрө берчүмүн. Тентектигимдин айынан 11-классты бүткүчө 7 мектеп котордум. Эки жыл Жалал-Абаддан эжемдикинен окудум. Анткени, жездем мектеп деректири, эжем өзү мугалим болуп иштеген аябай “строгая” аял болчу. ” Муну аябай тарбияла” деп ата-энем атайын жиберишкен эле. Сабактан тентек кылсам, эжем: “Тажиев, желкеңен кармап туруп форточкадан ыргытып жиберем” дечү. Жездем болсо жумшак киши. Ошо киши койдун баш сөөгүн 32ге ирээти менен ажыратканды үйрөткөн. Кийин 11-классты Жалал-Абаддан интернаттан окудум. Ушул класс-таштарым менен азыркыга чейин үй-бүлөлүк катыштабыз. Алардын көбү бири-бирин жактырышып үйлөнүп алышкан.

Ата-эне – аска зоо
Апам мектепте мугалим, атам военком болчу. Атам кызматына карата көп жерди кыдырып иштечү. Тажикстанда кыргыздар жашаган жер бар эмеспи, ал жакка барып да военком болуп иштеп келген. Атам ат чапчу. Башында циркте атчандар труппасында ат чаап калганым ошондон болчу.

Студенттик күндөрүм
1965-жылы Политехке өттүм. 18 жашта элем, институттун курама командасында футбол ойночумун. Анда цирк эски аянтта, азыркы Тышкы иштер министрлигинин жанында турчу. Чогуу окуган Аскар, Кубанычбек аттуу балдар “циркте тандоо болуп атыптыр” дегенинен бардык. Барсак, ат үстүндө сыноо болуп атыптыр. Алардын аткаргандарын көрүп көзүм жайнап кетти. Анан мен да катышып, саяпкердин айткандарын аткарып, өтүп кеттим. Ошентип, циркте машыгып жүрөм.

Окуу жайда да драм кружок уюшулуп, мугалимдерди туурачубуз. Ал убакта ректор Сухомлинов болчу. Бир жолу драм кружоктун кечеси болуп, ректор, проректор баары отурушат. Сахнага чыгып, ректорун баш кылып, баарын туурадым. Кийинки күнү Сухомлинов кабинетине чакырып: “молодец, талантливый. Я незнал, думал что ты свиду такой” деп күлдү. “Циркте тандоо болуп атыптыр барып көрбөйсүңбү? “дегенде, мен “мектепти бүткөндө Москвага ГИТИСке тапшырайын десем кабыл алган эмес. Анан политехке тапшырып калдым. Бирок циркте атчандар труппасында машыгуудамын. Мен инженер боло албайм, заводду өрттөп жиберем” дедим. Анда ректор: “Ошол жакка өт. Сен баары бир клоун болосуң” деп айтты. 2-курстан Дене тарбия институтуна сырттан окуу бөлүмүнө которулдум. Мага үч жыл академический берди. Акыры циркте иштеп жүрүп, дене тарбия институтун бүтүрдүм. 1966-жылы биз гастролго Россияга кеттик.Томск, Челябинск шаарларын кыдырып келип , 1967-жылы алгач ирет “Жашасын менин Кыргызстаным” деген ат менен эски циркте эки бөлүмдөгү кыргыз циркин көрсөткөнбүз.

Юрий Никулин менен иштешүү
1976-жылы Ош шаарында иштеп атканда телеграмма келди “атчандарды Никулин өзүнүн программасына алат экен” деген. Биз ага макулдук бердик. Волгоградга барып үч ай иштеп, Никулин менен тааныштык. Анан ал бизди Финляндияга үч айга алып кетти. Никулиндин Михаил Шуйдин деген өнөктөшү бар болчу. Ал ичпейт, бир ичсе айлап жатып ичет экен. Хельсинкиден ичип алды эле, бүттү бир ай жок. Бир ай Никулин менен манежге чыгып жүрдүм. Акыры кетээрде, 1977-жылы Никулин айтты: “мен балдарды өзүмдүн өнөрканама чогултам. Ошондо сага чалып, чакырам” деп. 1980-жылы чакыруу келди. Ошентип, Никулин режиссёрлук бөлүмгө жарайт деген кат жазып берип, ГИТИСке тапшырып, Никулиндин өнөрканасында окуп калдым. 1985-жылы үч багыттагы дипломдук иш жактадым. Ат үстүндөгү акробатика “сыйкырдуу жаа” деген программа түздүм.

Үй-бүлө күтүү
Цирк менен жүрө берип, жашым да 31ге чыгып кетти. Баягы Мос-ква, Финляндияны кыдырып гастролдоп жүрүп, Бишкекке келдим. Келсем, апам “канчага чыктың? Үйлөнбөйсүңбү?” деп киргенден жөн турбай: “сиз тапкан кызга үйлөнөм” деп койдум. Эртең менен уктап атсам эле, апам “тур, иштин эрте болгону жакшы” деп эле төркүндөрүнө Чечерин айылына алып жөнөдү. Бардык. Апамды баары сыйлашчу. Кемпирлердин баарына “Кыздарыңар барбы? Баламды үйлөнткөнү келдим” деди. Финндер менен иштеп сакал мурутум өскөн, чачым далыдан болчу. Бутта платформа, модадагы жынсы шым кийип алып баргам. Баягы кемпирлер мени көрүп алышып “балаң картаң го” деп апама бир сыйра тийишишти. Ошентип, үйгө кирдик чай ичип атсак эле баягы кемпирлер бирден кыздарды жетелеп келе башташты. Аңгыча алдыга тамак келди. Билип туруп эле апаман сурап койдум: “эмне болуп атышат?” деп, анда:”Апей ботом, колукту тандайсың, жакканы болсо мени түртүп кой” деп акырын шыбырады. Кыздарды карасам арыгы, толугу, агы, карасы жүрөт. Ошолордун арасынан модалуу плащь кийген, бели ичке, узун бойлуу кызга көзүм түштү да: “тиги кимдин кызы?” деп апаман сурап койдум. Ошону менен апам башкарманын аялына “беш кызыңдын бирин бересиң” десе, ал: “менин кызымдын бою узун, балаң кичинекей турбайбы болбойт го” деди эле, мен:” Азыр аялы арык, узун, күйөөсү кичинекей болгон мода” деп куудулданып койдум. Баары күлүп, макул болушту. Ошол күнү эле апам, мен Клара болуп Бишкекке келдик. Эртеси циркке оюн көргөнү жолугушууга чыкырып, эки күн уктабай туугандардыкын кыдырып, конок болуп жүрүп, анан үйлөнгөнбүз. Тоюбуз Пермьде болду. Азыр бир баланын ата-энеси, эки неберенин чоң ата-чоң апасы болгон чагыбыз.

Нурайым Рысмамбетова, “Алиби” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 21.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.