Жер аталыштары талкууланууда

Кыяз Молдокасымов, тарыхчы, серепчи,
Акчолпон Койчиева, маекти алып барган Би-Би-Си продюсери

Угармандарыбыз Кыргызстанда орусча аталган жерлердин тарыхый аталышын калыбына келтирүү маселесин кызуу талкулоодо. Мамлекеттик тил комиссиясынын башчысы А.Ибраимов көтөргөн бул демилгени Орус элчилиги улутчулдук деп атаган.

БиБиСинин Бишкектеги студиясынан биз менен түз байланышта тарыхчы Кыяз Молдокасымов.

Акчолпон Койчиева: Орус өкүлдөрүнүн кыргыздар көчмөн жашап, айылдары болгон эмес, орустар келип түзгөн айылдар орусча аталышын сактап калыш керек деген жүйөөсү тууралуу эмне деп ойлойсуз?
Кыяз Молдокасымов: Тарыхты, архивдик маалыматтарды билген интеллектуалдуу адамга бул андай деле эмес. Анткени падышачылыктын негизги колониалдык саясаты Кыргызстандын Чүй, Ысык Көл аймагын бүтүндөй тазалап аны Нарын тоосуна көчүрүү болгон. Бул максаты 1916-жылы 10 ноябрьда Түркестанда атайын кеңештин чечими менен аткарылып, Пишпек, Ысык Көл уезди таптаза орус кыштактарынан турсун, бир дагы кыргыз улутундагылар жашаган кыштак болбосун, бардыгын тоого көчүрүш керек деген чечим менен аяктаган. Ошондуктан жерлердин бардыгы зордукчул колониалдык саясаттын натыйжасында тартылып алынган жана бул жерлердин бардыгына падышачылыктын ар кандай аталыштарын алып калган.

Мен Алматы, Ташкенттеги архивдерден алынган материалдарды иликтеп, 90-жылдардан бери көптөгөн макалаларды жаздым, ошол аталыштардын көпчүлүгү падышанын үй-бүлөөсүнө арналыптыр, министрлеринин, жергиликтү генерал-губернаторлорунун ысмдарына коюлуптур, христиан чиркөөлөрүнүн аттарына, биринчи көчүп келген орус дыйкандардын, кулактардын, алардын үй-бүлөөлөрүнүн, кыздарынын атына коюлуптур. Андан кийин борбордан келген ар кандай коноктордун ысмдары убактылуу токтоп кеткен жерлерге берилген. Алар Орусияда жашаган мурдакы айылдардын ысмдары берилиптир.

Эң кызыктуусу кыргызча аталыштарга тилибиз келбейт, ошондуктан орусча которуп бергиле деп кайрылган экен. Мисалы, мынабул, Аламүдүн району. Аламүдүн деген кыштакчага 1894-жылы, ошол жердеги орустар жазып атат губернаторуна ” “Аламүдүн” деген атка тилибиз келбей атат, ошондуктан бул жерди орустар “Лебединовка” деп атап алышты” деп туруп бир айдан кийин “Лебединовка” кылып өзгөртүп алышкан.

Ал эми падышанын балдары төрөлгөн учурда Павел, Алексей төрөлгөн мезгилде 1905-жылы Алексеевка деген аттарга толуп кеткен. Бул жерге келген ар кандай саякатчылар кыргыздын Ала Тоосуна карап туруп бир тоого Александр тоо кыркалары, башкасына, бул жерди башкарып турган генерал-губернатор Кауфман чокусу деп жасакерленип ат берип койгон. Дагы бир саякатчынын урматына Фетченко мөнгүсү деп берип койгон.

Акчолпон Койчиева: Кыргыздар эми – эми улутук кызыкчылыгын жактаганды кой, маселе кылып көтөрө баштаганда эле улутчулдар атыгып, сынга алынууда. Бул улуттун өзүн сактап калуу аракетиби же чынында эле улутчулдукка алдырып жатышабы?
Кыяз Молдокасымов: Улутка күйбөгөн, тарыхты сыйлабаган, өз пикирин айткан адамдарды басып, пикирди айттыргысы келбеген нигилисттик саясат. Мисалы мынабул Жети Өгүз районунда Лепёнка деген айыл болгон. Ошол жерде бир кулактын кызы аябай эрке болуп кыргыздарды уруп-сабап ойногонду жакшы көрчү экен, ошол кыз бир күнү сууга чөгүп кеткен үчүн анын атын ошол айылга “Лепёнка” деп коюп койгон. Ушундай аталыштарды эмне себептен өзгөртүүгө болбосун кыргыздын нукура аттарына? 1988-жылы орустун чиркөөдө чокунганына 100 жыл деп туруп тоонун чокусун атап коюшкан.

Акчолпон Койчиева: Мында жалаң эле орус аталыштар эмес, айрым угармандарыбыз кыргыз жер аталыштарына кийин кишилердин ысмы берилип калганын да туура эмес дешет, мисалы Кетмен Төбөну Токтогул деп атоо, ушуга кошулат белеңиз?
Кыяз Молдокасымов: Албетте, ошол инсанды, атактуу, таланттуу адамды чыгарган жердин атын өзгөртүп салуу туура эмес. Бул тууралуу тарыхчылар көп эле айтып, жазып келгенбиз. Айрым айыл-кыштактарга ошол мезгилдеги башкарманын, райкомдун катчысынын же болбосо ошол убактагы бир жегич министрдин, бүгүнкү күндө болсо кайсы бир алдым-жуттум депутаттын атын койушууда, эртең бир рэкеттин аты берилип калса таң калбайбыз.

Акчолпон Койчиева: Айылдарды мындай коюп, географиялык аталыштарга тарыхый атын берүү керек болуп калса, ошол аталыштарды билген, эстеп жүргөндөр барбы?
Кыяз Молдокасымов: Андайлар көп эле. Мисалы Бишкектин Свердлов районун алалы. Бул жер болсо мурдатан эле Төкөлдөш деп сонун эле аталып келген. Орустар Свердлов шаарын эбак эле Екатеринбург деп атап алган. Ал эми Бишкектин 4 району төртөө тең орусча аталышта. коомдук пикир түзүлгөн буларды алмаштыруу боюнча , бирок андан бийлик коркот дагы кандайдыр бир 2-3 орус тилдү журналист макала жазып койсо, тарыхый жасалма, кыргыздар буга укуксуз, айыл-кыштак куралган эмес деп туруп коркутуп койсо дароо идеяны көтөргөн адамды жазалап коюшту.

Акчолпон Койчиева: Өлкөдө негизги зарылчылык элдин жашоосун ондоо, экономиканы, саясий туруктуулукту бекемдөө болуп жатканда айыл аталыштарын койо турбайбы дегендер бар. Сиз кандай дейсиз?
Кыяз Молдокасымов: Ушундай демилге чыкканда бийлик ошону эле айтып койсо болмок. Экономикалык тартыштык, бюджетте 21 миллиард сомдук тартыштык бар болуп жатканда айыл-кыштактарды акырындап өз убагы менен ордуна коёлу, шашылбайлы десе болмок. Ачка отурган эле аталыштарды дароо которуу деле зарыл эмес.

«ВВСKyrgyz» кызматы

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.