Ак калпак – Ала-Тоонун символу

Кыргыз калпагы – ысыкта күндөн, суукта ызгаардан сактаган, жайлуу, жеңил баш кийим. Бирок калпактын түзүлүшү, калпактагы ар бир түс жана ар бир оюу өзүнчө маанини туюндуруп турат. Ошол маанилер эл ичинде кандайча чечмеленет?

Калпак бири-бирине дал келген 4 талаадан куралат. 4 талаа биригип келип кыргыз эли байыртан мекендеген Ала-Тоону чагылдырат. Демек, мекенибиздин символун берет. Калпактын ак кийизден жасалганы анын ыйыктыгын, аруулугун түшүндүрөт. Калпак – байыркы баш кийим. Аны кийген адам ата-бабаларынын тарыхына тамырлашып, элинин салтына, маданиятына бекем байланышат. Калпактын ыйыктыгы да ушунда.

КАЛПАКТЫН ТҮСТӨРҮНҮН МААНИЛЕРИ

  • Кыргыздар уулу балагатка жеткенге чейин кыюусу жашыл калпак кийгизишкен. Бул баланын жаңыдан жетилип келе жатканын туюндурат. Ошондой эле балага көз тийбесин деп калпактын маңдайын эки ача кылып тилип коюшкан.
  • Уул бала балагат жашына жеткенде кыюусун кызыл түскө алмаштырышкан. Мындай калпак кийген бала кыз жандап жүрүүгө, өзүнө жар издөөгө акылуу болгон. Илгери айылга кыюусу кызыл калпак кийип, башка жактан келген жаш жигитти көргөндөр “и-и, кыз издеп келген тура” деп түшүнүшкөн. Жеңелер андай уланды сынай карап, бой жеткен кайын сиңдисине ылайык келерин же келбесин байкашкан. Эгер ылайык көрсө, жигитти кепке тартып, аты-жөнүн, тегин сурап, кайын сиңдиси менен тааныштырууга мүмкүнчүлүк түзүшкөн. Ошентип, калпактагы кыюунун арты менен жигит өзүнө жар табууга жетишкен.
  • Жигит үйлөнүп, өзүнчө үй-жай күткөндө кыюусу кара калпак кийгизишкен. Мындай калпакты илгери кыз тарап даярдап келип, күйөө балага тартуулашкан. Кара кыюу жигиттин үй-жайы бар экендигин, жигит ак-карасы аралаш турмуш шарына кошулганын баяндаган.
  • Кокус жары көз жумуп кетсе, анда эркек кырлары кара менен бастырылган калпак же кара кийизден жасалган калпак кийген. Кайра нике жаңыртканда кыюусу ак болгон калпак кийүүгө өтчү.
  • Эгер адам өз айылдаштарынын же өз уруусунун алдында кадыры жогорулап, эл башкарууга кудурети жетип калса, анда андай адамга аппак түстөгү калпак кийгизишкен. Мындай калпакты калыс, акылман, көсөм адамдар да кийүүгө акылуу болушкан.
  • Уруу башчылары, бийлик ээлери карапайым калктан айырмаланып турушкан. Алар даражасы жогору экендигин билдирген төбөсү шуңшуйган, кыюусу жок ак калпакты кийишкен. Андай калпак кийинчерээк “Бакай калпак” аталып кетти.

КАЛПАККА САЛЫНГАН ОЮУНУН МААНИЛЕРИ

Жаш балдарга колдой жүрсүн деп Умай эненин, көз тийбесин деп карганын тырмагын, тилеги дайыма суудай аппак болсун деп булактын жана башкалардын образын оюу менен чагылдырышкан. Ошондуктан оюулар да “Умай эне”, “карга тырмак”, “булак” оюмдары деп аталат.
Жигиттер аңчылыкка, куш салууга жакын болсо, калпактарына ошол маанини камтыган оюм-чийимдер түшүрүлгөн. Мисалы, “тоо теке”, “бүркүт”, “аркар” оюмдары. Эл баатырларына “илбирстей”, “бөрүдөй”, “жолборстой” деген салыштыруулар көп колдонулгандыктан, калпактарына “илбирс”, “жолборс” жана башка түрдөгү оюулар түшүрүлгөн.

Абдырахман Алымбаев, жазуучу жана тарыхчы: “КАЛПАКТЫ БАШКА ЭЛГЕ БЕРҮҮ – ТААЖЫНЫ ЖОГОТУУ”

– Мен калпак боюнча өзүмдүн изилдөөлөрүмдү айтып берейин.

Калпак көчмөн кыргыздын таажысын билдирген. Калпакты башка элге берүү таажыны жоготуу менен барабар болгон. Андыктан элибиз “калпагыңды жоготсоң, башыңды жоготосуң”, “калпагыңды сатсаң, акылыңды сатасың” деген таамай сөздөрдү айтышкан. Илгери калпактар 2 талаадан гана турган. Калпак көрүнүшү боюнча экиге бөлүнөт: айры калпак, туюк калпак.

Айры калпактардын маңдайы жана арты (кежиге туш) тилик болгондуктан, айры калпак аталган. Муну кыргыздын оң, сол канаттагылары кийишкен. Оң канаттагылардын тотеми (сыйынган жаныбары) бугу болгондуктан, калпактарына бугунун, сол канаттагылардын тотеми өгүз болгондуктан, өгүздүн образын оймо-чиймелер менен түшүрүп кийишкен. Эскерте кетсек, оң, сол канатка кирген уруулар: сарбагыш, саяк, солто, кытай, кушчу, саруу, адыгине, багыш жана башка.

Туюк калпактын тилиги жок болот. Аталышы да ушундан улам келип чыккан. Муну ичкилик кыргыздар кийишкен. Булардын тотеми бөрү болгондуктан, калпактарына анын образын түшүрүшкөн. Ичкилик уруулар: кыпчак, дөөлөс, каңды, тейит, кесек, нойгут жана башкалар.

Кайруусунун өңүнө жараша…
Оң канаттагылар (Ак уулдан тарагандар) чымкый ак калпак кийишкен. Кайруу салынса (кайрылып коюла турган төмөн жагы), анысы ак же ак сары баркыттан болгон.

Сол канаттагылар (Көк уулдан тарагандар, Көк уул Куу уул деп да аталат) кайруусу кара же көк түстөгү калпак кийишкен.

Ичкилик кыргыздардын (Кызыл уулдан тарагандар) калпагынын кайруусу кызыл болгон.

Канымжан Усупбекова, “Супер-инфо”, №500 1-июнь-7-июнь, 2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.