“Кыргыз Страдиварисинин” 6 сотых жерчелик кадыры жокпу?

Сураган Айдыралиев кыргыз, орус, өзбек, тажик, түркмөн, түрк, казак элдеринин дутар, тар, рубап, балалайка, гитара, домбра, комуз, кыл кыяк, скрипка, добулбас, асатаяк, көөкөр, сыбызгы, жылаажын, чоор, үзөңгү, коңгуроо, ышкырык, жыгач ооз комуз ж.б.ж.б. улуттук музыкалык аспаптарын жана оркестр үчүн салттуу комуз, кыл кыяк, бас-комуз, альт-комуз, прима-комуз, альт-кыл кыяк, бас-кыл кыяк, прима кыл кыяк, төрт кылдуу домбра, гитара, добулбас, чопо чоор, көөкөр шылдырак, доол жасаган кайталагангыс уста. Усталыкты табият тартуулап, Кудай тартуулаган тубаса өнөр, шык, талант, дараметти өзүнүн жан тынымын эмгеги менен өркүндөтүп, өстүрө билген, өмүр бою изденүү, ой толгоо менен жашаган ага окшогон адамдар кылымда бир жаралса жаралат, жаралбаса жок. Бул аны мактоо иретинде эмес, анын усталык өнөрүнө таазим иретинде айтылган сөз.

Жогоруда айткандай, жыгачка, топуракка жан киргизип, кишидей так сүйлөткөн Сураган Айдыралиев кыргыз, казак, тажик, өзбек, орус элинин салттуу улуттук музыкалык аспаптары менен катар оркестр үчүн музыкалык аспаптарды жасаган Кыргызстандагы жападан жалгыз уста. Анын усталык өнөргө ынтаасы М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында башталган. Улуттук музыка өнөрүнүн бешигинен билим алган Сураган музыкалык аспаптарда машыгуу, чыгармаларды аткаруу менен катар, ар кай жерине доо кеткен аспаптарды өз алдынча оңдоп жүрүп, кийин баш оту менен усталык ишке берилет. Усталык өнөрүн өркүндөтүш үчүн Ташкендеги музыкалык аспаптарды даярдоочу фабрикага атайы барып, өз ишинин устаты Мирсултан Атабаевге шакирт болот. Орус, өзбек, тажик, кыргыз, казак элинин музыкалык аспаптары даярдалган бул устаканадан дутар, тар, рубап, балалайка, гитара, домбра, комуз жасоонун не бир сырларын үйрөнүп, дасыккан уста болуп чыгат. Комуз, кыл кыяк чапкан усталар жакшы билишет, музыкалык аспаптарды жасоо өтө татаал иш. Музыкалык аспаптар бирине бири окшоп турганы менен, бир эле уста миң комуз чапса, бири экинчисине эч убакта окшобойт. Андан да татаалы өз ишиңе жүрөгүңү бербесең, комуз күүгө келбейт, сүйлөбөйт.

Сураган Айдыралиевдеги дагы бир өзгөчөлүк, артыкчылык көп изденип, чыгармачылык менен узанган уста гана эмес, өз өнөрүн башкаларга үйрөтүп, “Сурагандын мектеби” деген музыкалык аспаптарды жасоочу усталардын мектебин түптөгөн чоң устат. Ал Ташкенден келгенден кийин, Кыргыз улуттук филармониясынын алдында музыкалык аспаптарды жасоочу эксперименталдык устакананы уюштурган. Устакананы ачуудагы максаты – эл аспаптар оркестри үчүн аты калып, өзү жоголуп калган добулбас, аса таяк, көөкөр, сыбызгы, жылаажын, чоор, үзөңгү, коңгуроо, ышкырык, жыгач ооз комуз сыяктуу аспаптарды кайра тирилтүү болгон. Бүгүнкү күндө анын колунан жаралган бул аспаптар оркестрге кошулуп, аткарылган чыгарманын ажарын ачууда. Анүчүн Сураган түн уйкусунан безип изденип, не деген түйшүк тартпады. Якутия, Бурятия, Алтайга чейин барып, ал жакта жашаган түбү бир, тектеш элдердин музыкалык аспаптарды жасоо уусун (технологиясын) үйрөндү. Кыргызстанга кайтып келгенден кийин, жергебизди түрө кыдырып, улуттук музыкалык аспаптар үчүн жарай турган жыгачтардын түрүн ылгады. Комузга Баткен менен Сары-Өзөн-Чүйдүн, капкакка Ысык-Көл менен Кеминдин карагайы гана ылайык экенине көзү жетти..

Путин үчүн балалайка…
Ооба, кыргызда комуз чапкан, кыл кыяк, чоор, сыбызгы жасаган усталар аз эмес. Кудайга шүгүр көп эле. Бирок, Сураган Айдыралиевдин башка усталардан артыкчылыгы ал атактуу Страдивари менен күч сынашып, өрүктөн скрипка чапкан, эң башкысы оркестр үчүн музыкалык аспаптарды жасаган жападан жалгыз уста болгондугунда. Андыктан ага Кыргызстандын булуң-бурчунан оркестр үчүн музыкалык аспаптарды жасап берүү өтүнүчү менен көп кайрылышат. Кыргыз улуттук консерваториясы, Кыргыз улуттук филармониясы, Ныязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайы баштаган музыкалык окуу жайлардагы жана Кыргызстандын оркестрлериндеги оркестр үчүн салттуу комуз, кыл кыяк, бас-комуз, альт-комуз, прима-комуз, альт-кыл кыяк, бас-кыл кыяк, прима кыл кыяк, төрт кылдуу домбра, гитара, аса таяк, добулбас, чопо чоор, көөкөр шылдырак, доол ж.б.ж.б. музыкалык аспаптар Сурагандын колунан жаралган кайталангыс буюмдар. Аны арабызда жүргөн үчүн баалабай, кадыр-баркын билбей жатабыз. Болбосо, Сураган Айдыралиевди “кыргыздын Страдивариси” десек эч жаңылышпайбыз.

Аны музыка дүйнөсүндөгүлөр гана билбестен, анын усталык өнөрүнө, чеберчилигине бийликтегилер да чоң баа беришип, айталы Президенттик администрация КЭРдин төрагасы Цзян Цземинге белек берүү үчүн комуз жана сыбызгы жасаткан. Анын колунан жасалган сыбызгыны Пакис-тандын премьер-министри Беназир Бхуттого, скрипкага окшоштурулуп жасалган кыл кыякты Австриянын канцлерине белекке беришсе, Нурсултан Назарбаевдин туулган күнүнө карата ага комуз жана домбра жасатышкан. Путин үчүн балалайка жана комуз жасаган да Сураган Айдыралиев.

Арабызда жүрүп, бизге кадыр-баркы жок болуп жатат, качандыр бир мезгил келгенде анын колунан жаралган музыкалык аспаптар Страдиваринин скрипкалары сыяктуу миллиондогон долларларга бааланып, куну жок таберикке айланары шексиз.

“Колдо бар алтындын баркы жок”
Кыргыздын “Колдо бар алтындын баркы жок” дегени абдан туура окшойт. С.Айдыралиевге окшогон колу алтын усталарды мамлекет өзү издеп таап, бардык шарттарды түзүп берип, көртирлик маселесин чечип, не бир түркүн музыкалык аспаптарды жасатып алып калышы керек эле. Кошуна Казакстанды алсак, аларда унутулуп калган улуттук музыкалык аспаптарды жасоо үчүн бүтүндөй бир мамлекеттик долбоор иштеп жатат. А Кыргызстанда болсо, аты калып, өзү жоголуп кеткен музыкалык аспаптарды кайрадан калыбына келтирүү үчүн Сураган Айдыралиев, анын пикирлеши Нурлан Нышановдор өздөрү демилге көтөрүп жүгүрүп жүрүшөт. Аларды колдогон бирөө-жарым жок. Эмне болсо эле, казак баурдастарга сынтакканга кыйынбыз, а кошуналардагы мамлекеттик деңгээлде иштин акыбетин карагылачы, унутта калган улуттук аспаптарын “тирилтип” алышты эле, алар Курмангазы атындагы, “Отрар сазы” эл аспаптар оркестрине үн кошуп, музыкалык чыгармаларды торгой таңшык үн берип жатпайбы.

Сарыгуловдун билгилиги, азыркы бийликтин күйдүлүгү
Кыргызстанда болсо, Сураган Айдыралиев, Нурлан Нышановго окшогон кыргыз музыкалык өнөрү жана улуттук музыкалык аспаптарынын келечеги үчүн күйгөн усталарга көңүл буруп, мамлекеттик деңгээлде камкордук кылайын деген бирөө жок. Музыкалык аспаптардын, анын ичинде улуттук музыкалык аспаптардын тагдыры жана келечеги мамлекетти эч кандай деле кызыктырбасына көзү жеткен Сураган Айдыралиев өз өнөрүн шакирттерине калтырып кетүү максатында музыкалык аспаптарды жасоочу жана усталарды даярдоочу борбор ачууну максат кылат. Муну мезгилдин да зарылдыгы десек болот. Бүт дүйнөнү кыдырып кыргыз өнөрүн дүйнөгө тааныткан Карамолдо эл аспаптар оркестриндеги музыкалык аспаптар эскирип бүткөнүн баарыбыз эле биле бербесек керек. С.Айдыралиев ал оркестрге керек аспаптарды жасап берүүнү максат кылган. Бүткүл өмүрлүк максатын ишке ашыруу үчүн Бакиев бийлиги тушунда мамлекеттик катчы болуп турган Дастан Сарыгуловго кирип, маселенин жөн-жайын түшүндүрүп, өзү максат кылган борбор үчүн жер бөлдүрүп берүүнү суранат. Дастан Сарыгулов өзү да өнөргө жакын адам эмеспи, устанын оюндагысын түшүнүп, уста Акүй менен Көкүйлөрдүн далайынын эшигин тыткандан кийин Тунгуч кичи районунан 2007-жылы 49 жылга 6 сотых жер бөлүнүп берилет. Арадан беш жыл өтүп, оркестр үчүн музыкалык аспаптарды даярдоочу устакана бөлүнгөн жер тилкесинин тагдыры мамлекеттик чиновниктердин “кылычынын мизинде” турган кези. 2007-жылы Бишкектин мэри болуп турган Данияр Үсөнов бөлүп берген жер тилкесин азыркы шаар башчысы тартып алганы туру. Бул – жалпак тил менен айтканда музыкалык аспаптарды даярдоо өнөрүнүн келечеги коркунучта дегендик. Музыка үч бүтүндүктөн жаралат. Композитор, аткаруучу жана музыкалык аспап. Угуучулар композиторду, аткаруучу гана билет. А музыкалык аспаптарды жасаган усталар дайыма көшөгө артында кала берет. Бизде композиторлорду, аткаруучуларды даярдаган музыкалык окуу жайлары илгертеден бар. А музыкалык аспаптарды даярдаган борбор, же окуу жайы Кыргызстанда ушу бүгүнкү күнгө чейин жок. Биздин коңгуроо какканыбыз ошондон улам, азыркы усталардын көзү өтүп кетсе, демек бул улуттук музыкалык аспаптар да ошолор менен кошо жоголду деген сөз.

Эмне дейбиз, Сураган Айдыралиевдей кыргыз, орус, өзбек, тажик, түркмөн, түрк, казак элдеринин дутар, тар, рубап, балалайка, гитара, домбра, комуз, кыл кыяк, скрипка, добулбас, аса таяк, көөкөр, сыбызгы, жылаажын, чоор, үзөңгү, коңгуроо, ышкырык, жыгач ооз комуз ж.б.ж.б. улуттук музыкалык аспаптарын жана оркестр үчүн салттуу комуз, кыл кыяк, бас-комуз, альт-комуз, прима-комуз, альт-кыл кыяк, бас-кыл кыяк, прима кыл кыяк, төрт кылдуу домбра, гитара, аса таяк, добулбас, чопо чоор, көөкөр шылдырак, доолдорду жасаган уста кылымда бир жаралат. Эгер, С.Айдыралиевдей кайталангыс уста адамдын кадырына жетпей, Бишкек шаар мэриясы устадан 6 сотых жер тилкесин тартып алса, анда Кыргызстан эч кимдин кадырына жете албайт. Анда…

Эгер казак агаиндерде Сурагандай усталар болсо, алар аны колуна салып бөпөлөп, мамлекеттик камкордукка алмак. Уста узансын үчүн бардык шарттарды түзмөк. Бирок, биз Казакстанда эмес, Кыргызстанда, Бишкекте жашап жатабыз. Бизде өнөр, талант бааланбайт. Бирок, ошентсе да бизде ишеним бар. Сураган Айдыралиев жасаган музыкалык аспаптарга тарых баа берет, эртеби-кечпи анын колунан жасалган комуз, скрипка, балалайка, дутар, домбра миллиондогон долларга бааланган мезгил келет…

«Алиби» («Кыргыз гезиттер айылы»), 29.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.