ХХ кылымдын Гомери, улуу манасчы Саякбай Каралаевдин кызы Гүлсүн Саякбаева: “Атам ооруп жатканда да менин жумушка кеткенимден пайдаланып манас айтчу экен”

Ар бир кыргыз баласы Манас деген сөздү укса ХХ кылымдын Гомери, залкар манасчы Саякбай Каралаевди жаңылбай элестете алса керек. Улуу жомогубузга аты айкалышып жашап келе жаткан улуу инсаныбыз бар экени бизге чоң сыймык. Дал ушул улут сыймыгы болгон Саякбай Каралаев тууралуу залкар манасчынын кызы Гүлсүн эже маек куруп берди.

– Гүлсүн эже, атаңыз сиздин эсиңизде кандай сакталып калган?
– Биз атам, апам, эки агам болуп 1956-57-жылдары жазуучулар үйүндө жашап калдык. Ал жай орус-кыргыз дебей жалаң акын-жазуучуларга берилген эле. Насирдин Байтемиров, Абдырасул Токтомушев, Осмонкул Бөлөбалаев, Сооронбай Жусуев, Чыңгыз абалар менен кошуна болдук. Алардын ичинен эң улуусу атам эле. Ошондуктанбы, биздин үйдө өзүбүз эле калган маал болчу эмес. Абдан көп чогулушуп, атам дайыма аларга бир нерселерди айтып берип жаткан болор эле. Атам ар дайым эл менен болчу, кайсы маалда болбосун чогулган элдин ортосунда олтурар эле. Дагы бир асыл сапаты – атам бала урушчу эмес. Урушкан адамды да жаман көрчү. Бизге эч бир тили да, колу да тийген жок. А эгер апабыз ачууланып бизди тилдеп калса, эки колун канаттай жайып алып “айланайын Балтагым, айланайын Балтагым, бир ачууңду мага бер” деп тамашага салып жатып бизди коруп алаар эле. Балтагым дегени – апам бою кичине, толмочунан келген жан эле. Анан да атам көңүлү калбасын деп кишиге катуу айтпаган, боорукер, колу ачык адам болчу. Биз жашаган үйдүн маңдайында жайгашкан Күрөңкеев атындагы мектеп-интернатынын окуучуларын карап алып эле “байкуш жетимдер, кийин кантишет?” деп эле кейий берчү. Аларды үйгө ээрчитип келип тамак бердирчү. Анда мен кичинекеймин да, жаман көрүп “кайра баягыларбы?” деп тикчиңдеп турчумун. Антсем атам болгону “эч качан антип адамды жаман көрбө” деп гана койчу. Ал турсун ошол мектеп-интернатта окуган бир баланы биздин үйгө жашатып жүрдү. Атам ушундай боорукер жан эле.

– Апаңызчы? Ал кандай адам эле?
– Апам Бейшекан абдан кайраттуу, чыйрак адам болчу. Апамдын айтканын экинчи ирет кайталатпай жасачубуз. Ал өмүр бою атам деп жашады. Ар дайым “атаңардан сурайлы… Атаңар ооруп калбасын” деп турчу. Эч убакта оорудум деп жатканын, бир нерсем кем деп кейип отурганын көргөн жокмун. Анда-санда гана “башым” деп кабак чытып калганы болбосо дени сактай эле жүрчү. Өмүрүнүн акырына чейин кайратынан жанган жок. Акыры атамды, балдарын таштап жогорку кан басымынан көз жумуп кетти…

– Саякбай атанын сизден башка канча баласы бар?
– Биз төрт кыз, эки уул болуп чоңойдук. Мен эң кенжесимин. Үч эжемден кийин апам көп эле төрөптүр, бирок чарчап кала бериптир. Акыры эки уул көрүшүп, атам алардын аттарын Сыргак, Чубак деп коюптур. Тилекке каршы, экөөнүн тең көзү өтүп кетти. Сыргактан эки уул бар, Чубактан тукум калган жок. Алардан кийин мен. Апам мени “кырктын кырында тапканмын” дечү. Мен төрөлгөндө абдан уялып да жүрүптүр. Анткени, мен улуу эжелеримдин балдарынан да кичүүмүн.

– Саякбай ата үйдө да сиздерге манас айтып берчү беле?
– Ооба, үйдөн ар дайым айтчу. Ар бир жолу берилүү менен, кайгылуу болсо кайгырып, кубаныч болсо толкунданып айтчу. Мейман болуп келген ар бир адам атамдын манас айтып берүүсүн суранчу. Бирок, атам негедир манастан башка узун сабак кепке кирип, куюлуштуруп сүйлөп отура берчү. Коногу манаска өтөлү дегенине болбой сөзүн токтотчу эмес. Качан гана апам келип “болду эми, манасты суранып атпайбы, бир үзүндү айтып бер” дегенде гана токточу. Анан манасты да бир далай убакытка чейин тынымсыз айтчу. Меймандар менен катар олтуруп биз да берилип укчубуз.

– Эң узак убакытка манас айтпай калган учуру качан болду?
– Атам апамдан ажырап калгандан кийин манасты мурункусундай айтпай калды. Бир эсе 72ге толуп карылыкка бериле баштаса, бир эсе апамдан ажыраганы ден соолугу начарлай түштү. Ага чейин өкмөт мекемелери келип ден соолугун карап, текшерип турчу. Кан басымы бар экен деп апама абдан табыштап, жечү, жебечү тамактарын айтып кетишет. Атам ашып кетсе эки күн гана чыдайт да, кайра эле “башым айланып кетти” деп беш бармак камдатып жеп алат. Этти да базардан алдырчу эмес. Жазуучулар биригип кой сатып алышып, короодон эле өзүлөрү союп алышчу. Апам атамды аябай жакшы карачу. Ошондонбу, апамдан ажыраганы атам өзүн бир топ таштап койду. Албетте, манасчылыгын таптакыр таштап салган жок, бирок мурункудай айтпай калды. Бирок дал ошол маалда атамды издеп келишип үч пластинкага үнүн жаздырып кетишти. Ар бири эки жарым сааттан болчу. Жаздырууга келгендер бир айлык план коюп келишкен экен. Бирок, менин “силерге бул кишинин манасы керек болсо, мага өзү керек. Ооруп калат, токтоткула” деген талаптарыма нааразы болуп жатышып 10 күндүн ичинде бүтүрүштү. Көрсө, мен жумушка кетерим менен атам “келе калгыла, жанагы кызым жокто айтып берем” деп чакырып алчу экен. Ал маалда атамдын кан басымы жогору болуп, кыйналып жаткан эле. Ошол жазылуусун кийин угуп көрсөм кадимкидей күйүккөнү, кыйналып дем алганы билинет экен.

– Атанын урпактарынан өнөрүн улагандар чыктыбы?
– Негедир эч кимибизге жукпаптыр. Балдарынан да, неберелеринен да манас айткан жан чыккан жок. Ойлоп көрсөм, мен деле өмүрүмдө: бала бакчадан да, мектептен да, кийин да манас айтып көрбөптүрмүн. Эч ким деле айт дебесе керек…

– Элге сыр болуп калган дагы кандай өнөрү бар эле?
– Атам тажрыйбалуу бүркүтчү болчу. Өзүнүн бүркүтү бар эле, аны менен аң ууга кеткенде эки айсыз келчү эмес. Шаарда кармаганга ыңгайсыз болгондуктан, Ак-Өлөң айылындагы алыс туугандары багып берчү. Өзү көлдүн Бостери айылына там салган экен. Ал азыр да бар. Бизди да Бостериге көп алып баргандыктан, мен бостериликпиз деп жүрчүмүн. Атамдын төрөлүп өскөн айылы Ак-Өлөң экенин кийин билгем. Кайсы айылына барбайлы, бүркүт саларда кийген чоң, калың ичигин кийип алчу. Анын эки чөнтөгү тең ченебегендей чоң болуптур. Айылдаштарына кезиккенде ал чөнтөгүнөн ачуусун деле, таттуусун деле алып чыгып бере берчү экен. Айылдаштары дагы деле атамды эстеген сайын “анын чөнтөгү укмуш берекелүү эле. Бере берчү, бере берчү, бирок түгөнчү эмес” деп эскерип калышат. Бүркүтчүлүгүнүн олжосу: жалаң өзү кармаган түлкүлөрдөн апама бир ичик жасатып берген экен. “Өзүм кармаган түлкүлөрдөн” деп бизге мактана айтып калчу эле.

– Саякбай ата элине жомокчу катары да таанымал. Сизге жомок айтып берди беле? Деги эле кичинеңизден манас угуп чоңойгонуңуз тарбияңызга таасирин тийгиздиби?
– Чындыгында, атамдын жомокчулук жайы да болгону менен балдарына атайын отуруп жомок айтып бергендей болгон жок. Ал бизге элден ашчу эмес. Анткени, анын күнү үйгө келген кишилерден бошобой же сыртка чыкса түнкү 11-12лерде келүү менен өтчү. Ошондуктан, жомок укпай калдым. Ал эми тарбияма жалгыз эле атамдын эмес, атам менен замандаш болгон улуу адамдардын да сөздөрү, жүргөн-тургандарындагы таасирлери тийбей койгон жок. Өзүм орус тилдүү бала бакчада, мектепте, кийин жогорку окуу жайда да орус тилдүү жайларда болсом да, айланамдагылар сүйлөгөнүмдү, ойлорумду башкача кабыл алышып “манасчынын кызысың да” деп калышат. Демек, балалыгымдагы таасирдүү адамдар, манас мени жакшы эле тарбиялаган экен деп ойлойм.

– Атаңыздын манасчылык жашоосунда эмне кубанычы, эмне арманы бар эле?
– Атам абдан көп капа болчу. Анткени, атамды манас айтуучу катары гана айтышып, татыктуу болсо да негедир өзүнүн варианты бар манасчы деп айтпай жүрүштү. Атам кайгырып жүргөн маалдан көп убакыттан кийин гана Мухтар Ауэзовдун аралашуусу, ал кишинин демилгеси жана кыргыз жазуучуларынын колдоосу менен “Манас” эпосунун автору деген наам беришти. Авторлукка ээ болгонун билип кайткан күнү абдан кубанычтуу эле. Ошондон кийин эле Орусиянын Петрозаводск шаарына барып манас айтты. Ал жерден уюштуруучулар “20 мүнөттөн кийин белги беребиз, сиз дароо токтотуңуз” дешиптир. Атамды күүлөнүп алганынан кийин токтотуу кыйын эле. Ал жерден да эргип кетсе керек, эки саат айткан экен. Алгач токтотууга аракет кылышат. Бирок атам токтоно албай койгондо башка улуттагылар да эки саат бою кыймылсыз олтуруп берилип угушуптур. Атам ошондо “биздин тилди түшүнүшпөсө да мен токтогондо баары туруп алып кол чаап, бир далайдан кийин басылышты” деп кубанып айтып келген эле. Атам жашоосунда жалаң ушундай эл менен болгон күндөрүнө кубанып өттү.

– Өзүңүз эмне менен алектенесиз?
– Мен медициналык училищеде анатомиядан сабак берем. Сүйгөн кесибим менен алекмин. Жолдошумдун көзү өтүп кеткен. Эки уулум, таттуу неберелерим бар. Буюрса, эки жылдан кийин атамдын 120 жылдык мааракеси болуп калат экен. Ага алгачкылардан болуп Ак-Өлөң айылынын тургундары демилге көтөрүп чыкты. Жакында эле айылдаштарымдын чакыруусу менен алгачкы уюштуруу планына катышып келдим. Мени менен бирге Жогорку Кеңештен Каныбек Иманалиев сыяктуу 2-3 депутат да барды. Эми аз-аздан болсо да атамдын мааракеси үчүн убакыт бөлө баштайм.

– ХХ кылымдын Гомери аталган залкардын ысымын алып жүрүүгө да жоопкерчилик керектир?..
– Атам, апам жана менден улуу бир туугандарым бүт Каралаевдер. Мага ысымын атам өзү жаздырыптыр. Мен да атамдын атында катталганыма сыймыктанам. “Кыз да болсо менин ысымымды алып жүрсүн” деп аябай тилек кылса керек. Мен турмушка чыгып кеткенде апамдан “кызың фамилиясын өзгөртөм дебей элеби?” деп сураптыр. Аны мага апам айтып берип күлүп калды. Мен да атам кубансын деп “дайыма сиздин атыңызда гана катталам” десем “ошент, кагылайыным, ошенте гой” деп баладай кубанган. Ичинен кадимкидей санаасы тынып калганын байкагам. Атамдын ким деген адам экенин билгендер фамилиямды укса “манасчы Саякбай эмеспи?” деп тактап сурашат. Анда мен да сыймыктанып калам…

Гүлайым КАЛЫБЕКОВА, «Леди.КГ» («Кыргыз гезиттер айылы»), 29.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.