Нарсулуу Гургубаева менен Жыргалбек Касаболотовдун жаңы ырларынан
* * *
Жашалбаган жашоо кандай таттуу да,
Ыйланбаган көз жаш кандай таптаза…
Адам таппай жакшылыгын айтууга,
Балким, мага эртең бирөө кат жазат…
Узун жазат, шашпай жазат… Жүрөктөн,
Сурайт менин ден соолугум, абалым.
Жооп жазыш үчүн балким, сүрөттөп,
Бүгүн ооруп атам, бүгүн жаманмын.
Ооруп атам, ооруп… Жалгыз башымы,
Батыралбай ушунча кең дүйнөгө.
Жалгыз туткан жалгыздыктан жашынып,
Олтурамын өзүмө-өзүм сүйлөбөй.
Олтурамын сүйлөбөй да, эстебей,
Эңшерилткен эски сүйүү кайгысын.
Мындан ары мындай улуу кек менен,
Мени Кудай менден гана айрысын!.
Менден гана… Башка эч качан эч кимди,
Мага Кудай бербесин да, албасын!
Мына дагы жүрөк согуп чечкинсиз,
Мына дагы түшүп барат кан басым…
Жашалбаган жашоо кандай таттуу да,
Ыйланбаган көз жаш кандай таптаза…
Адам таппай жакшылыгын айтууга,
Балким, мага эртең бирөө кат жазат…
Жалгыздыгы бөксөрсүн деп ушунун,
Балким, мага бирөө узун кат жазат…
Нарсулуу Гургубаева, 2012 ж.
ТИЛЕГИМЕ
Аралап ичин ай-жылдын,
Ар кайсы жакты жай кылдым.
Кыялым! Сенин жолуңа
Кырк жылдан кийин кайрылдым.
Аркалап жүрүп башкасын,
Алыска чыкты жакшы атым.
Баары бир сени көксөдүм,
Балалык баео Максатым.
Жаныма жетип илебиң
Жакындап калдың, билемин.
Жаркылдап мага келе көр,
Жаш кезден берки Тилегим.
Жыргалбек Касаболотов