Кайберендердин ич эттеринен гүлазык

Рецепт Китайда жашаган кыргыздардан жазылып алынган. Кыргыздар дайыма жапайы малдын ич эттери (ичеги-карын) дарылык касиеттерге ээ деп эсептешкен. Кайберендердин ичеги-карынынан жасалган гүлазыкты пайдасы тиет деп даярдап алышкан жана ичеги-карын ооруларын дарылоодо пайдаланышкан. Бөтөнчө ашказан жарасына жакшы жардам берген. Гүлазык тамактын алдында берилген.

Курамдык бөлүктөрү:

Ичеги-карын 1 кг

Ун 0,5 кг

Даярдалышы:

Жапайы кайберендердин (тоо аркары, кийик, тоо эчки ж.б.) ич эттерин (ичегисин, карынын) жакшылап жуушат. Карынды кырып тазалап, туздап, узунунан тилишет, анан жел жакшы жүргөн жерде кургатышат. Кургагандан кийин майда ун абалына келгиче эки-үч жолу жаргылчактан өткөрүп майдалашат. Ун кошуп, бардыгын аралаштырышат. Чүпүрөк баштыкка салып, салкын жерде сакташат.

 

“Айыл Деми”

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.