Салижан Жигитовдун сабактары
(Уландысы. Башталышы)
Дүйнөдө ушундай жөнөкөй окуган кишилер башкарат, совет өкмөтү жамандыр-жакшыдыр окутуп койгон экен, ошолордун ичинен эл башылар чыгып атат, мурда коммунист болбосо чоңоё алчу эмес эле, ошон үчүн баары коммунист болуп кеткен, эми демократ болбосо чоңоё албайбыз го деп баары демократ болуп алды. Эртеңки күнү демократ дегендин коммунист дегендей эле абийири кетип, дагы бир кыймыл, мисалы, либерал деген чыкса, ошолор бийликке келсе, жапатырмак либерал болуп кетери шексиз. Бул эми кыргызга эле эмес, жалпы адамзатка тиешелүү көрүнүш. Илгери биздин айылда бирөө: “Эки төөсү тең –өлдү, эми бизге теңелди” деген экен, анын сыңарындай эми “демократ” деген сөз “партократ” менен эле бирдей болуп калды. Ошондуктан оппозицияда тургандын бюрократиядан анчалык айырмасы деле жок, бийлик башындагыларды бюрократ десек, ошол бюрократтарга жетпей, илинбей, алкагына аралаша албай калган билимдүүлөр – оппозиция. Ушинтип эле жөнөкөй карасак, бул маселе чечилет. Ошол бюрократтар жанталашып иштеп атабы, элди билип, мамлекеттин эртеңкисин ойлогон патриотчулугу барбы? Базар экономикасынын механизмдерин кантип, кандай өздөштүрүп жатат? Бул башка маселе.
СӨЗ ПАТРИОТЧУЛУГУ БАР. ИШ ПАТРИОТЧУЛУГУ ЖОК
-“Адамды адам кылып турган акыл-эс, ал эми мамлекеттин акыл-эси – патриоттук сезим” – деп жазат Валентин Распутин. Көп жылдар бою патриоттук кыймыл басылып келген экен, мына эми ачыкка чыкты, легалдашты. Анан…
-Биз патриотизм десе эле бардыгын кыргыздаштыруу деп түшүнүп алдык окшойт. Бардыгын кыргыздаштырдык, өкмөт да ойлоду, ушу бардыгын, өзгөчө чиновниктерди кыргыздаштырып койсок эле алар кыргызга кызмат кылат, кыргызга күйөт деп. Эми көрүп жатпайбызбы, коюп алган акимдеринин баары болбосо да көпчүлүгү кыргызга күйө турган түрү жок. Патриоттор мурда орус деп бакырчу эле, эми кокуй эле кокуй, кытай басып кетмей болду, кыргыздар үй-жайын сатып, Чүйгө көчүп жатат деп бакырып жатат. Аларды качырбай, чарбаны заманга ылайык уюштуруп, иш менен камсыз кылып, (Швециянын премьер-министри Улоф Пальме маркум согуш жана табият кырсыктарынан кийин эле элдин корккону ишсиз калуу деп кан какшачу) приватташтырууну адилет жүргүзүп дегендей кыргызга чындап күйгөн аким кайда? Жергиликтүү карапайым калк алчуларды башкалар сатып алып жатат дейт. Сатып алган деле ошол акимдер, анын орун басарлары, урук-тууган, жек-жааттары, анан акимдер, анан параны көп бергендер да, туурабы? Калганы бир чакан ишкана сарай иштетейин, бирөөлөр арзан алганды мен деле алайын деп барса, аким макул болбойт, себеби парасы жок, кыргыз жарды, эмнесин берет эле?
Аларды алдыга сүрөп, жеңилдик берип, жөлөп-таягандын ордуна кулкунду чертип отурбайбызбы.
Мына, Чүйдө, Сокулук районунда кыргыз көп болсо 17-18 процентти түзөт. Бирок анын акими дагы, эки орун басары дагы кыргыз. Алар орус болсо кыргыз эли небак эле “чоң казат” ачмак, орус эли чоң эл экен, унчуккан жок. Кеп, албетте, анда эмес, кеп алар ошонусу менен утуп жатканында. Мисалы, ошол эле приватташтыруу, ошол эле бирдеме ачып иштетүү жагынан. Кыргыздын колунда эч нерсе жок, башкалар алып кетип атат, пара деген улутка карабайт, ким көп берсе, ошонукун ала берет, ошонукун аткара берет. Күйгөндөн айтасың да, алардын ордуна орустан коюп койсо, “кокуй, оруска жан тартып, кыргызга бут тосуп жатат деп айтпасын” деп, ошолор кыргызга көбүрөөк иштемек.
Акимдердин кандай, кантип жеп жатканын албетте мен далилдей албайм. Бирок артынан сөз ээрчибеген аким аз. Мисалы, А.Жумагуловдун пара жейт деп артынан сөз ээрчигенин уккан жокмун. “Жер кулагы жети кат” дейт, элдин кулагы жетимиш кат. Элдин айтканы илгери деле, эми деле чындыкка чыгып калып жатпайбы.
Ак үйдөн, министрликтерден баштап айыл-апа билермандарына чейин бүт кыргыз болду эле, бирок ишибиз оңолбой, элдин турмушу төмөн түшкөндөн төмөн түшүп баратпайбы. Кана, патриотчулугу кыргыздын? Оппозициябыз болсо өздөрүнөн эч кемчилик көрбөй, жалаң эле өкмөт менен Президентти омуроолойт. Мисалы, премьер-министрдин орус же өзбек болушу биз үчүн канчалык мааниге ээ? Албетте, кыргыз болсо эң жакшы, бирок иш билген киши туруш керек да. Эң негизгиси: өзүбүздүн граждандарды улутуң башка деп өгөйлөп, нар жакка түртүп жатпайбызбы. Бүт эле баарыбыз өгөйлөйбүз, Жогорку Совет өгөйлөйт, гезиттер өгөйлөйт, чогулушка кошпойбуз, кошсок, кыргызча үйрөнө элек элге которуп бербейбиз. Демократтар биринчи конгрессине башка элден да чакырган экен, же которуп бербейт, алар отурду, отурду да чыгып кетти. Анан демократия куруп салдык, демократиялык өлкөбүз дейбиз. Патриотпуз дейбиз, патриот деген грекчеден жердеш, мекендеш деген сөз эмеспи.
Менимче, министр, аким ж.б. дегендерди койсок дагы алысты көрө билген, элди, мамлекетти ойлогон патриот кыргызды койбосок, бийлик үзөңгүсүнө буту илинип, андан түшкүсү келбей, өкүртө пара жеп, жебесе эч нерсе жылдырбай, элдин эсебинен той уюштуруп, элдин эсебинен чет мамлекеттерди кыдырып, бирин бири кожодой колдоп, өздөрүнчө өзгөчө бир катмар болуп алган кыргыздын атка минерлери заманды да, турмушту да оңдоп жыргатпайт.
(Уландысы бар)
Алым Токтомушев, «Эркин Тоо», 30.11.2012-ж.