Султан Раев: Топон суу каптаса, ал жүрөктөн башталат

Би-Би-Синин “Насыйкат” адабий түрмөгүндө Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, жазуучу жана драматург Султан Раев менен адабий, маданий дөөлөттөр тууралуу маектештик.

Айбек Абдылдаев: Алды менен жакында эле Швецияда өткөн эл аралык адабий конкурстан утуп келишиңиз менен куттуктайбыз. Ушул окуядан кийин мекендештериңиз сизден Нобель сыйлыгын үмүт кылып калды окшойт. Конкурс тууралуу өз оозуңуздан уксак.

Султан Раев: Бул эми жыл сайын ар кайсыл өлкөдө кезеги менен өткөрүлүп келе жаткан эл аралык адабий конкурс. Быйылкысы Швециянын борбор шаары Стокгольмда өттү. Жалпысынан 40 мамлекеттен 1600 жазуучу үч категория боюнча конкурска катышты. Ири проза деп атап койобуз, роман, повесттер боюнча өзүнчө конкурс болду. Ал эми кичи проза: аңгеме, эссе, новелла өзүнчө. Ошондой эле поэзия бар. Ар бир категориядан калыстардын, эксперттердин талдоосунан өтүп, анан тандалды. Биз катышкан категория боюнча 347 роман, повесттер конкурска келиптир. Анын ичинен кыска тизмеге жети чыгарма кирип, финалга чыктык. Соңку чечим ошол салтанат учурунда айтылды. Мен ошол жети автордун бири болгонума эле сүйүнүп тургам. Албетте, толкундоо болду. Бул салтанат дүйнө жүзүнө таанылган абдан кооз жасалган Швециянын премьер-министри Улоф Пальма атындагы маданий ордодо болду. Ошол жерде үч номинация боюнча жеңүүчүлөрдүн ысымы аталды. Анан ошол жерден эле “Биринчи орун – “Султан Раев, Кыргызстан “Топон” романы” деп англис тилинде айтышканда, чынын айтайын мага күтүүсүз болду. Швецияда өтүп жатканына байланыштуу алар мага биринчи орун менен бирге эле, адабият боюнча биринчи Нобель сыйлыгынын лауреаты Генрик Сенкевич атындагы эл аралык сыйлыкты дагы тапшырды.

Айбек Абдылдаев: Сиз эми ал жерде кыргызстандык жазуучу катары адабияттын баркын көтөргөнүңүз өзүнчө сөз го. Жалпы эле Борбор Азия чөлкөмүнүн адабий дөөлөтүн таанытуу залкар жазуучу Айтматовдон кийин өксүк болуп калгансыды эле. Анан калса, советтик системадан арылганыбызга 25 жыл толгону менен адабиятыбызда дале ошонун таасиринен чыга албаган көз караштар байкалат. Бүтүндөй дүйнөлүк адабияттын дөө-шаалары жыйылган жерде кандай пикирлер айтылды?

Султан Раев: Ооба, эксперттер “биз Азия адабиятын абдан жакшы билебиз. Жапон, индиялык, кытай, корей жазуучулары тууралуу кеңири маалыматыбыз бар. Совет системасы деген стереотиптүү ой менен Борбор Азия чөлкөмүнө көңүл бурган эмес экенбиз. Азыр түшүнүк алып, өзүбүз үчүн Борбор Азия адабиятын ачтык” деген пикирлерин айтты. Бул эми Чыңгыз Айтматовдон кийинки муундун жазуучуларына байланыштуу. Ачыгын айтканда резонанс болду.

Айбек Абдылдаев: “Топон” романы кыргыз окурмандарынын кеңири кыйырына жете элек. Романдын аталышына карап эле табигый катаклизм тууралуу эмеспи деп ойлойт экенсиң. Айталы, буга чейинки сиздин “Жанжаза” романыңызды атайын адабий даярдыгы бар кишилер эле шыр түшүнүп кетпесе, көптөрдүн тиши өтө бербеген психологиялык оор чыгарма болду. “Антистандарт” ырлар жыйнагыңызда болсо, аңдаган кишиге ыр саптарында жеңил-желпилик ойноп жүргөндөй сезилгени менен тереңдик, оор үшкүрүк байкалат. Чыгармаларыңыз кайсыл аудиторияга көбүрөөк ылайыктуу деп ойлойсуз. Алар аркылуу дүйнөгө эмнени жеткиргиңиз келип жатат?

Султан Раев: Жазуучу биринчи кезекте окурмандардын аудиториясына арнап жазат. Анан эми окурмандардын эстетикалык табити, түшүнүгү, көркөмдүк табити ар кандай да. “Жанжаза” романын кээ бир адамдар таптакыр эле кабыл алалбай койду. Себеби бул роман улуттук адабияттагы чыгармалардан формасы, жазуу, ой жүгүртүү стили менен дагы, мазмунун менен дагы өзгөчөлүнүп турат. Салттуу кара прозага окшобогон, таптакыр кыл келбеген чыгарма. Бул дүйнөлүк түшүнүктөрдү камтыган космополиттик роман. Ошон үчүн биздин окурмандарга татаалдыкты жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу көп уктум. Ал гана эмес 2004-жылы Чыңгыз Айтматов менен сүйлөшүүдө: “Бул романыңды биздин окурмандар кандай кабыл алат экен? Сиңире алат болду бекен?” деп айткан эле.

Адабият деген окурман түшүнүгүнөн, деңгээлинен бир кадам алдыда жүрүш керек. Адабият окурманды сүйрөш керек, ойлонтуп, түйшөлтүп, толкундантышы зарыл. Бүгүн бизге ойчул адабият керек. Жеңил желпи нерсе менен адамдын дүйнө таанымын деградация кылып коюшубуз мүмкүн.

“Топон” романы боюнча мына сиз айтып кеттиңиз, катаклизм деп. Бул жерде табигый катаклизм эмес, ыймандык катаклизм жөнүндө. Биздин ичики дүйнөбүздөгү топон жөнүндө. Чыгармада мындай лейтмотив бар: топон суу же акыр заман боло турган болсо, ал адамдын жүрөгүнөн, ыйманынан башталат. Биз өзүбүзгө өзүбүз аны чакырып, аны тездетишибиз мүмкүн. Азыр көрүп жатасыңар, адамдын ортосундагы мамилелер, көз караштар, дөөлөттөр таптакыр өзгөрүп жатпайбы. Адам бул дүйнөдөгү эң башкы дөөлөт болушу керек. Бирок бүгүн ошол адам өзүнүн сапатынан, ички миссиясынан алыстап бара жатканын көрүп жатабыз. Муну эми “роман притча” деп айтсак туура болот. Эң башкы нерсе эгерде биздин жан дүйнөбүз канчалык бузулса, дүйнө дагы ошончолук бузулат.

Айбек Абдылдаев: Чыгарманын көтөргөн жүгү оор экен. Дүйнө абдан бат өзгөрдү, соңку эле 20 жылдын ичинде мурда адам акылына кирбеген технологиялык өсүштөр болбодубу? Бирок ошого карабастан кишилер шашкалактап, эч нерсеге убактысы жетишпей жашап жаткандай туюлат? Окурман арасында чоң, мазмундуу макалаларды окугандар аз. Кыска жаңылыктар, болгондо да маани-маңызы түккө турбаган маалыматтарды сапырылтып эле окуп жатабыз. Ушундай доордо адабияттын дагы өңү-түсүн өзгөрүп жатабы? Мазмуну ошол эле, анын борборунда Адам, адам тагдыры турат да.

Султан Раев: Туура белгилеп жатасыз, биздин кылым маалыматтын кылымы. Маалымат деген ылдамдыкты, тездикти талап кылып, биз маалыматтын мухитинде сүзүп жүрөбүз. Маалымат эмне үчүн бизди ар кандай ички бузулуштарга алып келүүдө. Себеби, биз маалыматты кулагыбыздан гана өткөрөбүз, угабыз аны сиңирбейбиз. Көркөм адабият дегенди окуйсуң, туясың, сиңиресиң, түйшөлөсүң, көкүрөгүңө аласың. Бүт адамдык сезимдер өзүнүн ишмердүүлүгүн аткарат десек да болот. Азыр маалыматтык кылымда адамдын акылы ушунчалык тез өнүккөн сайын, илим канчалык тез ылдамдаган сайын жашоо убактыбыз, мезгил дагы ошондой тез өтүүдө. Мына ушундай чаң ызгырыкта адамдын көкүрөгүн сактап кала алабызбы? Ошол нерсе ойлонтот… Эгер баарыбыз эле жазуучу Станислав Лемдин фантастикалык чыгармаларындагыдай “механикалык адам” болуп калсак, жан дүйнөбүздү кор кылган болоор элек. Көп залкарлар айткан, адабияттын негизги миссиясы – Адамдагы адамдыкты сактоо. Биз ошондо гана мезгилдин чакырыктарына туруштук бере алабыз. Азыр, биоинжинерияда, генетикада чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Жасалма интеллект жөнүндө сөз болуп жатат. Адамды алмаштыра турган альтернатива чыгып жатат. Адам ойлоп тапкан нерсе, адамга каршы эрөөлгө чыгууда. Ошондуктан бул дүйнөдө адамдын жан дүйнөсүнүн экологиясын таза кармап калуу баарынан жогору турат.

Айбек Абдылдаев, “Би-Би-Си Кыргыз кызматы”, 24.11.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.