ТОКТОГУЛ – ТӨКМӨ АКЫНДАРДЫН ТУУ ЧОКУСУ

toktogul

Акындарын макташып,
Ар бир колот – желдеңдейт.
Асмандап учкан Токомо,
А бирок, бири тең келбейт!

Токтогул кыргыз төкмө акындарынын туу чокусу. Биринчиден, анын ырлары бардык шакирттери тирүү кезинде жыйналган. Ошондуктан ак таңдай акыныбыздын саптарында ар кандай кошулмалар жок деп эсептейм. Экинчиден, чыгармаларды топтоону кыргыздын суу төгүлгүс  жорго, лирик акыны Жоомарт Бөкөнбаев жетектеген. Ал анда “Ленинчил жаш” гезитинин башкы редактору болуп турган. Кыргыздын жалпы төкмө акындарынын салмагы, чен-өлчөмү Токтогул менен өлчөнүп калганын баарыбыз билебиз. Ала-Тоонун кайсыл колотунан акын чыкпасын, ал сөзсүз барып Токомо жолуккан. Ага жолуккандан кийин университеттин дипломун алгандай болуп айылдарына кайтышкан. Ошондуктан, кийинчерээк кээ бирөөлөр шакирттеринин баары өлүп жок болгон “кыйын” делген төкмө акындарын колотторунан сууруп чыгышып Токомо теңей башташты. А эмне үчүн башка акынга теңештирбейт? Сөзсүз Токтогулга жармаштырыш керекпи? Туура. Токтогулга жармашса мейкинге эртерээк чыгат эмеспи.

Ааламдын акыны, казактын акыны Олжас Сулейменов:

Возвысить степь,
Не унижая горы!-деп жазган эле.

Тоолорду макташ үчүн талааларды жалпайта чаппасак. Ар бирин өзүнүн кереметтери менен ачып берсек деген ой айтылган ушул эки сап ырда.

Дал ушул сыяктуу кыргыз төкмө акындары жөнүндө сөз болгондо мен жогоруда айтып кеткендей, баары келип Токтогулга жабышат. Током күн болсо, калгандары анын айланасындагы планеталар. Колоттон жаңы эле чыгып келген акынын айрымдар Токтогулдан мыкты болгон деп жарыялап жиберишти. Бирок мыктылыгын, артыкчылыгын, кыйындыгын мен көргөн жокмун. Эмне үчүн акындардын баары Кетмен-Төбө өрөөнүнө агылып Токомду көрүү, ага жолугуу үчүн ашыгышкан? Кетмен-Төбө өрөөнү Кыргызстандын дал ортосуна жайгашкандыгы үчүнбү? Же жеринин керемет кооздугу үчүнбү? Жок, ал Токомдун акындык өнөрүнүн нөшөрлөп төккөн жаанынан экендигине байланышкан.

Мен мурда бир макаламда жазгандай 19-кылымдын аягында, жыйырманчы кылымдын башында Кетмен-Төбө өрөөнү Ала-Тоодогу жалпы төкмө акындардын университетине  айланган. Ошол университетке баргандан кийин, Токтогулга жолуккан, колун кармаган деген дипломго  ээ болуп, аны менен айтышып, батасын алгандар чоң кадыр-баркка ээ болушкан. А эмне үчүн акындар Аксыга агылышпайт? А эмне үчүн акындар Нарынга агылышпайт? Албетте, акындар ал жакка байлар аш-той бергенде гана барышкан. Себеби, зарылчылык жок. Анткени, Токомдун ысымы коңгуроодой шаңгырап, катарындагы кыйын делген акындардын  баарын кичинекей кылып көрсөтүп турган.

Жаап жатса калкып кар,
-Жаман кир,- дейт балчыктар.
Океанды сындоодо
Оо, көлчүктөр, чалчыктар.
Бийиктиги жок туруп,
Теректерге тең келээр.
– Экс чоку менмин,-дейт,-
Ефрейтордой дөбөлөр!

Көлчүктөр-чалчыктар океанды сындап, балчыктар жаап жаткан аппак карды кир дешип, теректердин тизесинен келген ефрейтордой дөбөлөр чокулардан  кемчилик издеген сыяктуу, Токтогулду тогуз тарабынан карап, сындаганга, кадыр-баркын түшүргөнгө көптөгөн аракеттер жасалгандыгын айта кетүүбүз абзел. Бирок анын баары текке кетип, Током кайрадан өз мейкиндигинде. Быйыл анын 150 жылдык мааракесин бүткүл түрк эли белгилешүүдө. Жалпы түрк эли буга чейин кайсыл кыргыз акынынын мааракесин белгиледи эле? Эч кимдикин белгилеген эмес. Токтогул – жалпы жер шарынын акыны. Ал горизонтторду улам ары жылдырып келатат. Себеби, анын ырлары өлбөс ырлар.

Жанында жүргөн акындар
Алыс жакка чыкпаса,
Ала-Тоонун сайынан.
Топтолуп ырдап жүрүшсө,
Тоок кепенин жанында
Токомо кайдан теңелсин,
Толгон ай болуп жаңырган!
СИБИРГЕ кеткен Токомду,
СИРИУС жылдыз тааныган.
ҮРКҮТКӨ кеткен Токомду,
ҮРКӨР жылдыз тааныган.
АЛТАЙГА кеткен Токомду
АЛЬТАИР жылдыз тааныган!

Кайран Током өзү өлгөндөн кийин да ырлары эл оозунда, элдин жүрөгүндө калаарын билген. Дараметине, кудуретине ишенген.

Жети сай бараң октолот,
Жети дубан топ болот.
Жети дубан топ болсо,
Жетигиң Токоң жоктолот.

Ак таңдай акындын биздин бүгүнкү жети дубанды айтып кеткенин карабайсызбы. Ооба, Током жоктолот, бирок адамдын жан дүйнөсүн, гүлдөткөн ырлары турганда жок болбойт!

Карбалас БАКИРОВ, «Эркин-Тоо», 18.04.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.