Казыбек унутулса да казалдары унутулбайт

Жакында түрк боордоштор “Адамзаттын асылы – пайгамбарым Мухаммед” деген конкурс жарыялаган. Жүздөгөн акын-жазуучулар катышкан бул конкурста айтылуу Казыбек казалчы Мамбетимин уулунун жээни, Казыбек (мурдагы Пограничник) айылынын тургуну Зарлык Бакалов экинчи орунду утуп алган. Майыптыгына карабай жашоону сүйүп, калем кармаган Казыбек казалчынын жээнин кепке тарттык.

“КАЗЫБЕКТЕН ТУКУМ КАЛГАН ЭМЕС”

– Менин таятам менен Казыбек казалчынын атасы бир тууган болгон. Ошондо мен анын жээнимин. Казыбек өзү эки кыз, бир эркек балалуу болуп, үчөө тең чарчап калыптыр. Айылда азыр Казыбектин бир ата өткөн Садык деген бала-чакалуу тууганы бар. Тилекке каршы, алардын арасынан Казыбектей чымындууларын байкай элекмин. Казыбектин казалдары менен Калыгул олуянын айткандары мурда бир китеп болуп чыккан. Андан кийин Самар Мусаев деген окумуштуу элден чогултуп, Казыбектин казалдарын көлөмдүү китеп кылып бастырган эле. Бирок анда да эл ичинде айтылып жүргөндөр толук камтылбай калыптыр дегендер болду. Айылда илгери Казыбектин казалдарын шатырата жатка айткан Токтобай деген киши бар болчу. Анын күйөө баласы Базарбай Томотоев деген да Казыбектин казалдарын жакшы айтат. Азыр ал киши да сексенге таяп, мурдагыдай жакшы айта албай калды. Кыскасы, акырындап Казыбек унутулуп баратат. Анын атын алып жүргөн айылында же райондо аны эскерүү кечелери деле өтпөй калды. Казыбектин атын Ат-Башынын борборундагы мектепке беришти эле кийин ал мектепке эмне кылып койду эле дешип кайра өзгөртүп салышты. Мен балдарыма Казыбектин элесин темирге чектирип, тарых-таржымалы менен Бишкектин бир жерине коюп коелу деп жатам. Бирок ошого каражат чыкпай жатат. Айылда болсо Казыбектин бюсту таржымалы менен турат. Бирок мектеп окуучуларынын көбү анын ким экенин деле билбей калды. Акимчилик бир жылы Ажыбек баатыр менен Казыбектин тоюн өткөргөн. Андан бери жымжырт. Казыбектин күчтүүлүгү совет доорунда совет өкмөтүн, коммунисттик партияны коркпой таамай сындап тургандыгында болуптур. Ошон үчүн ал сүргүнгө эки жолу айдалып, элге казалдары кенен сиңип кетти. Ага караганда кезинде советтик өкмөттү мактап-жактагандардын ырларын эч ким билбейт. Бала кезимдеги карапайым адамдардын Казыбектин казалдарынын совет өкмөтүн туздаган жерлерин жаттап айтышканы али эсимде.

“АНЫН КАЗАЛДАРЫН ӨЗГӨНДҮКТӨР ЖАКШЫ АЙТЫШАТ”

– Казыбек алгач 1929-жылы Оренбургга сүргүнгө ата-энеси менен кошо айдалыптыр. Ал жердеги казактын кыйындары Сталин менен Калининди мактап жазсаң сени кое беришет дешет. Жан айласынан Казыбек аларга арнап казал жазып, ал жогору жакка жетип, кое бергиле деген көрсөтмө келет. Атасы Мамбетиминди алып калышып, Казыбекти кое беришиптир. Эптеп Ат-Башыга 30-жылы келсе биздин эл падышага каршы көтөрүлүп, Кытайга үркүп жаткан болот. Ошентип ал эл менен кошо Кытай тарапка качат. Падышага каршы көтөрүлүштү черик уруусунан чыккан Абдылда, Кулчун, Сүйүндүк, Турсун деген кыйындар башташкан экен. Казыбек ошолор менен бирге агезде нейтралдык зона болуп турган Үзөңгү-Куушта эки жылдай жашынып жүрөт. 33-жылы аердеги үч жүздөй киши бала-чакасы менен кармалып, Каракол абагына камалат. Кийин камалгандардын бала-чака, катын-калачын мекенине айдашып, эркектерин Бишкекке, андан Анжыяндагы Наманган абагына алып кетишет. Кийин ал абактагыларды Өзгөн районунун Мырзаке деген айылындагы Арал каналын каздыртууга салышыптыр. 35-36-жылдары аердегилердин көбү ак чычкактан каза болушкан экен. Казыбек да ошол жерден көз жумуп, сөөгү ошол жерге коюлуптур. Кийин ат-башылыктар Мырзакеге барышып, биз Казыбектин жердештери болобуз дешет. Мырзакеликтер Казыбектин жердештери болсоңор анын казалдарынан айтып бергилечи десе баргандар билишпейт. Анан өзгөндүктөр баргандарга Казыбектин казалдарынан айтып берип уяткарышкан тура.

“I ТОПТОГУ МАЙЫПМЫН, БИРОК БАКТЫЛУУМУН”

– Мен жаш кезимен эле ыр жазчумун. Бирок анда-санда эргүү келе калганда эле калем кармайм. Мурда жазган ырларымдын кээси жоголду, кээси үйдө. “Адамзаттын асылы – пайгамбарым Мухаммед” деген конкурстун шарттары “Ислам маданияты” гезитине чыгыптыр. Ошону окуп ыр жазып, көрсөтүлгөн дарекке жарайбы же жарабайбы деп жиберип ийгем. Кудай жалгап экинчи орунду алып, 300 доллар сыйлыкка ээ болдум. 1-орунду болсо Зайырбек Ажыматов деген жаш акын жигит алды. Негизи мен тубаса 2-топтогу майыпмын. Атам мени алтымышка чыкканда көргөн экен. Ара төрөлүп киши болбойт дешсе да Кудайдын буйругу менен адам болуп кетипмин. Үйлөнүп-жайланып үч уул, үч кыздуу болдум. Уулдардан төрт неберем бар. Бүгүнкү күндө баары үй-жай күткөн. Быйыл кемпирим элүү жетиге, өзүм алтымыш үчкө чыктым. Майыптыгыма карабай колхоздо жыйырма жыл эмгектендим. Беш жыл мурун бутум баспай калган. Анан мага жардам кылгыла десем сен майып эмессиң дешти. Былтыр 17-сентябрда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ат-Башыга барды. Ага жолугуп даттансам, ал губернатор, акимге бул кишинин муктаждыгын аткарып бергиле деген. Өкмөт башчынын өтүнүчү менен октябрь айында мени 1-топтогу майыптыкка чыгарышты. Азыр эки рычаг менен жыла турган коляска керек болуп жатат. Майыптыгым боюнча жөлөк пул берилет экен аны да бербей жатышат. 3800 сом пенсия алам. Мал-жан аз. Болгон күнү деле аны багыш кыйын. Ошентсе да балдарымдын барына каниет кылып, өзүмдү бактылуу адам катарына кошом.

Мелис СОВЕТ уулу, «Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 25.04.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.