Бектуруш САЛГАМАНИ, акын: “Сүйүүнү үйрөткүлө энди мага,/сүйүүнү үйрөнгүлө менден эми”

Бектуруш ТАБАЛДИЕВ деген акын качантан бери САЛГАМАНИ болуп алган? Эмне үчүн?
– “Бектуруш Табалдиев деген акын” деп Зайырбек, сен менин тула боюмду титиретип жибердиң. Мен акын деген сөзгө урматтоо, зор жоопкерчилик менен карайм. Шыр эле айтайын, өзүмдү акын деп али санабайм. Болгону ыр жазып жүрөм. Акын деген улуу бааны аламан айтат, журт берет. Андай атоого жетишти байлыгы да, бийлиги да эгерим колунан кетпеген Алла Талаа кылабы-жокпу, өзү гана билет. Айрым калемдештерим бир-эки китеп чыгарып койсо эле өздөрүн акын сезишип, акынмын дешет ооздорун жык толтурушуп. Анан дагы айталы, туулган кыштагы туурасында ыр жазса “О айылым, акын балаңды тосуп ал”, же “Мен сенин акын уулуң болом” деп дабдырашат. Ошондой мактанмаларды окуп алып өзүм акын катары эсептебеген андайлар үчүн уялам. Азыр жыбырап ыр курап жүргөндөрдүн канчасы акын болот, ал бир Аллага маалим.

Экинчиси, көп эле жерлерде айтып да жүрөм, Салгаман деген кыштоо – туулган жерим. Баш-аягы 10 гектардай, ылгый камыш баскан, саздак жер болгон. Балалыгым ошол камыштардын арасында кайкып учкан кашкалдактарды, бакаларды жутуп жаткан сары, кара чаар жыландарды тиктеп, чиркейлерге чактырып жүрүп өттү. Салгаманга хандыкта миңбашылык кылган Мамаке деген бувабыз саткындардын айынан мерт болгондо өлүк зыйнатына Кокондун ошол чактагы ханы Нарбото келген экен. Мен көрбөй калдым, илгери адамдар азыраак маалда ошол камышзардын арасында камандар көп болуп, тышкарыга чыкканда адамдар уруп өлтүрүшчү экен. А ур дегенди биздин ичкиликтерде “сал” деп айтышат да. Ошондо сал (ур) каманды болуп отуруп, Салгаман аталып кетиптир. Өткөн кылымдын 70-жылдарында Салгамандын, демек, камышзардын улам чекесинен кертип чоң-чоң арыктарды казышып, сууну качырып отурушуп кургатып, тамеки эгишти. Ошентип Салгаман жок болду. Сагындырган, саматтырган Салгаманды фамилияма коюп алдым.

– Сиз Кыргызстанда кыргыз, түрк тилдеринде чыкчу “Заман Кыргызстан” гезитин негиздеген элеңиз. Негиздеп коюп эле кетип калдыңызбы?
– “Заман Кыргызстан” Кыргызстан эгемендик алгандагы биринчи чет элдик тилде чыккан гезит. Эки жыл иштедим. Анан ал кезде азыркы саясатчы Адахан Мадумаров КТРде журналист болуп иштечү. Казакстандын ал кезги байтактысы Алматы менен Бишкек ортосунда телекөпүрө өткөрүш үчүн тиякка барат. Азыр качыкта жүргөн Акежан Кажегелдин Казакстандын премьер-министри. Казак өкмөтүнүн “Азия” деген гезити бүткүл түркий элдеринин тилинде чыгышы керек экен. Мен казакча жаза берем да, Адахан ошону сунуштап калды телефондон. Алматыга редакциясына бардым. Көрөйүн дедим да. Сом күчтүү убак. “Азиянын” төлөчү жалакысы деле мен “Заман Кыргызстандан” алганчалык экен. “Кабинет бербейбиз, жумушка качан келип-кеткениңди да көзөмөлдөбөйбүз, кабар жиберип турсаң жетет” дешти. Айта берсем болор, биздин калк негизинен ачуу сууга жакын, берген шертке, тапшырылган ишке деген жоопкерчиликтери өтө пас. Мен “Заманда” түрктөр менен күн алыс эле кырылыша берчүмүн, алар “журналисттериң ичишет. Ишке кеч келишет. Ичип алып кетип калышат. Текшербейсиң, чара колдонбойсуң!” эле дей беришчү. Кимиси менен урушайын, ушундан жададым. Дагы бир жагы – үйдө жатып алып ырымды жазып тынч жүрөйүн дедим.

– “Жолугуп Бектурушка, пиво ичтик беш кружка” деген саптарды сизге Акбар Рыскулов жазган беле. Пивону жакшы көрөсүзбү?
– Койчу ошону, сары саман жеген бээнин сийдигиндей кылып… Ал саптарды Акбар аке эмес, Жаныбек Өмүралиев жазган. Мен аны менен ошол жылдарга дейре сыра ичкен эмес элем, жөн эле уйкаштык үчүн жазса керек. Ошол уйкаштык аша жаккан экен, Жазуучулар союзунун жаштар секциясын жетектеп турганда А.Рыскулов кайсы бир курултайда мисалга келтирген. Анан телевидениеден кеткен. Дал ошон үчүн А.Рыскулов жазган дегендер бар да. Ошол сыяктуу эле Карбалас Бакиров дагы “Айланайын Бектуруш, арактан ичкин без вруш” деп жазыптыр. Эми мындайлар жазыла берет да.

– Канча аялыңыз бар? Ушул учурга чейин канча айымга сүйүүңүздү арнадыңыз?
– Кызык, кээде 5-6 үйүң, 7-8 катының бар турбайбы дегендер тушугат. Бу сөздөрдү сөзгө жоопкерчилиги жок ыраматылык Алик Акималиев көп жайыптыр маалында. Ой, мен деген Кудайдын жалгыздыгына, Мухаммед анын пайгамбары экендигине өтө ынанган макулукмун. Пайгамбарыбыз мусулман эрге 4 катынга чейин уруксат берген да. А менде андай узун чач ажылдактан бирөө эле. Мынабу эле Ысык-Атанын кызы.

А сүйүү баяны болсо… Мен көп түш көргөндөрдүн тобунда болсом керек. Көргөн түшүмдү ойгонор замат унутпайын деп бир сыйра көңүлдөн сыдырам. Бирок жуунуп келгиче эле таптырбай кетет. 8-классты бүтүп жатканымда бир кызды түшүмдө көргөм. Ошол түш эч эсимден чыкпаган жалгыз түш. Ал кызды арадан төрт жарым жыл өткөндө Фрунзеден көрүп, эсим ооп калган. Кыйла жыл мамилелеш болдук, аты Алтын. Алтын экөөбүздү тагдыр жупташтырбады. Андай болорун билчүмүн, ошол түшүмдө да экөөбүз кошулган эмеспиз. Ал кыз азыр Алайда, менин каны-жанымда, жүрөгүмдө. Эч унутулбай келет. Түштөрүмдө да көп сүйлөшөбүз. Андай эч кимди сүйгөн, ышкы арнаган жан тушукпады. Ага кезиккен 1976-жылдын 10-декабрынан бери “Алтын арман” деген чоң поэма жазып жүрөм. А көз, көңүл жактырган ургаачылар арбын эле болду го, бири да жадымда жашабайт.

– Көп жылдар бою Россияда иштедиңиз окшойт…
– Акежан Кажегелдин ишинен кетип, “Азия” жабылып калды. Кичинемден эле жер кыдырганды жактырам. Аймагы боюнча жер бетинде эң ири өлкө – Россияны чыгышынан батышына, түндүгүнөн түштүгүнө кездим. Поезддерде, электричкаларда, учактарда, тик учмаларда, кемелерде, кайыктарда, вездеход дегенинде көп жүрдүм, уктадым. Алтынды түштөрүмдө көрүп жүрдүм.

Негизи эле бирдеме чиймелеген пенде жер, эл көргөнү оң. Россияда кубанган учурларымдан кейиген чактарым арбын болду. Энесайдын кашатында отуруп, Саян тоолорун, Алтай өңүрүн аралап жүрүп, Казандагы Сүйүм бийкенин мунарасын тиктеп алып ата-бабаларыбыздын биримдиги жоктугунан ал ажайып аймактарды башкаларга алдырып жибергендиги канча капага салды. Бир туугандарыбыз боло туруп, саха, тыва, хакас, татар, чуваш, шор, башкыр калктарынын бизден алыстап кеткендиги, бизден көрө орустарга жан тартканы, кыргыз, түркмөн, сарт, казак, уйгурларды “черная жопа” (кара көтөн) деп пас санашканы көп кейитти. Бүгүн деле Кыргызстанда биримдик жок. Бир адамдын – Ажонун тегерегине баш коюу жок.

– Калемдештериңиз менен болгон кызыктуу окуялардан эскере кетсеңиз?
– Сом кирген жыл болушу керек. Ошто бир өтө таланттуу, бирок талантынан шалаакылыгы, жоопкерсиздиги калышпаган Маматемин Ырыскулов деген бар. Мен ошол шалаакыны акын деп толук мааниде айта алам. Сом кирген жылыбы дебедимби, сом менен кошулуп бардык товарлардын мурда биз эшитпеген “самопал” дегени келип кирген Кыргызстанга. Ош базарынын жаны, Бейшеналиева атындагы көчөнүн бою күркөлөргө толуп чыккан. Макең Оштон келген экен Атантай Акбартегин экөө базардан жолукту. Аларды сыйлап, тамактарын майлап коймок болуп бир арак алып бердим. Түгөнүп, “мазар басып келгенин” жуумак болуп Маматемин алды. Кезек техникалык түрдө Атантайга келип калып, күркөгө жөнөдү. Кичине киши эмеспи, тез кызыйт. Бирдеме болбосун деп экөөбүз аны күркөгө коштоп бардык. Ошондо сатуучу жигитке Атантай булдуруктап айтып жатат: “Э-эй, мунуң самопал эмеспи? Кокус самопал болуп өлүп калсам, эртең келип сени өлтүрүп кетем” деп.

– Кыргыз адабиятынын келечеги барбы?
– Көзү ачыктык жайым жок. Бирок азыркы урпактардын китеп окубай калышканы адабият үчүн жакшылыктын жышааны эмес го.

– “Ислам дини деген эмне?” деген котормоңуз, “5 убак намаз. Өлүктү коюу” деген дин, шарият багытындагы китептериңизди билебиз. Жакында Ажобуз өлкөдө диний кырдаал татаалдашып бараткандыгын айтты. Ислам дини жана аны таратуучулары тууралуу кандай ойдосуз?
– Ушул жерден айта кетейин, ал эки китепти мен жазып, Кыргызстандын алгачкы муфтийи Садыкжан ажы Камал уулунун каражатына чыккан. Ажыке менен узак жылдар кезикпей, жакында жолугуштук. Мени таңыркай карап: “Бу Бектуруш үкам, чачың эле эмес кашың дагы агарып кетиптир го” деди. Коркпоңуз, чачым, кашым агарганы менен, дилим илгеркидей эле капкара бойдон дедим азилине. Ажобуздун биздеги диний акыбалдын оорлоп баратканын айтканына кошулса болот. Мурдагы алкымы чоң, Кудайдан коркпогон жетекчилер пара алып, ар кандай диний секталарды, уюмдарды каттоого алышып, иш жүргүзгөнгө мыйзамдык жол салып беришкен. Алардын ишмердүүлүгү жүрө-жүрө өлкөнү, калкты будуң-чаңга салат. Ошон үчүн жабыш, кууп чыгыш эң зарыл. Бизде СССР учурундагыдай ислам, христиан деген классикалык эки дин гана жашаш керек. А исламды таратыш бул ар бир мусулмандын Алла алдындагы милдети го. Болгону ислам арасында кийин ар кандай арам жолдор, кыйды максаттар аркасында чыгарылган агым, топторду эмес, Мухаммед алейхис-саламга жаратканыбыздын жиберген таза динин таркатыш, ар бир ата-эне баласынын акыл азуусу чыккандан баштап үйрөтүү милдети болушу керек.

Зайырбек АЖЫМАТОВ

АЛТЫН АРМАН
(Поэмадан)

Сөздү меники, обону булбулдуку
Сүйүү, мен эгер сага кез келбесем,
сулуулук эмне экенин сезбес белем?!.
Ар мүнөт айга, саат жылга айланып,
Айрылбай жүрөйүн деп эңсей берем.

Жүзүмдөн сылап жели чөл, талаанын,
Жылдыздай жанып жүрөк, көз, жанарым.
Беденин жаңы гана жарып чыккан,
Булбулдун обонуна сөз жазамын.

Керемет кутка толуп көкүрөгүм,
Күн бойлоп жүргөн өңдүү сезилемин.
Кыйды көз, муздак сөздөн сакташ үчүн
Көзмончок таксам бекен өзүмө өзүм?!

Элебей кайгы-муңду, эчтемени,
Эх, шаңда өтөт өмүр эрте-кечи.
Сүйүүнү үйрөткүлө энди мага,
Сүйүүнү үйрөнгүлө менден эми.

Жашоого ачылды да башка чырай,
Жай, жөнсүз карабаймын баштагыдай.
Сактаба сактабасаң ажалыңдан,
Сүйүүсүз жашагандан сакта, Кудай!..
1993-жыл.

«Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 25.04.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.