Токтогулдун белгисиз жактары
Быйылкы 2014-жылы Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгын майрамдоо алдында турабыз. Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жыл түрк мамлекеттеринде «Токтогул Сатылганов жылы» деп жарыяланды. Мына ушул датага карата мамлекеттик деңгээлде бир катар иш-чаралар өтүлөрү, «той да болору, тойдун эртеси да болору» белгилүү. Бирок, биздин мектеп окуучуларыбыз, студенттерибиз али да болсо советтик мезгилдеги окуу китептеринде жазылган маалыматтар менен улуу акындын биографиясын үйрөнүмүш болуп келет. Мына ушул багытта адабиятчы Абдыкерим Муратов улуу акындын өмүр таржымалын, чыгармаларын жаңыча иликтеп, китеп жазып жатканын айтып, кеңсебизге баш баккан эле, биз агайдан бир нече суроолорго жооп алууга үлгүрдүк.
– Абдыкерим агай, али жарыкка чыга элек болочок китебиңиз эмне деп аталат?
– Китептин жумушчу аталышы «Такталбаган Токтогул», көлөмү канча болору азырынча мага да белгисиз.
– «Такталбаган Токтогул» дептирсиз, такталдыбы анан?
– Такталбаган нерселер аябай эле көп экен. Совет учурунда акынды «артык кылабыз деп, тыртык» кылыптырбыз, «чылпагын алабыз деп, көзүн оюптурбуз». Айрым маселелерди тактоо эми өтө эле кыйын болуп калыптыр. Мен көптөгөн булактарды, акындын ырларынын тексттерин карап чыктым, көп нерселер дагы дале жообу жок суроо бойдон калып жатат.
– Мына ушул маселеде Токтогулдун Арзымат менен айтышуусу да кепке алынып жүрбөйбү?
– Ооба, Токтогулдун акын катары таанылышында анын Арзымат менен айтышуусу өзгөчө белгиленип келет. Соңку учурда бул адамды да болгон эмес, жөн гана Токтогулдун образын түзүү үчүн ойдон чыгарылган каарман болсо керек деген пикирлер айтыла калууда. Интернет желелери аркылуу таралган бир пикир: «Социализм идеологиянын түрдүүчө саясый компанияларына, өзгөчө тап күрөшүнүн талабына жараша акынды революциялык күрөшкө жакындатыш үчүн, башка ырларына оңдоолор киргизишкендей эле, айтыштарын да жасалмалаган жерлери кездешет. Мисалга, ал реалдуу турмушта «Беш каман» деген ыр жаратпаган сыяктуу эле, «Арзымат менен айтышы» да таптакыр болбоптур». Экинчи пикир обончу Асанкалай Керимбаевдики: «Адабиятыбызда Керимбайдын ырчысы Арзымат тууралуу таптакыр маалымат жок.Арзымат ойлоп табылган ырчы. Менин чоң энем Разакан Керимбайдын 3-аялы, 1980-жылы каза болду. Ошол чоң апам көп нерселерди айтып берер эле… Арзымат деген ырчы болгон эмес. Бул Жоомарт Бөкөнбаевдин ойлоп тапкандары. Болбосо, эл оозунда бирин-экин ырлары калат эле го… Арзымат Токтогулга карама-каршы ойдон чыгарылган образ. Мен сураштырсам, Токтогулдун Сибирге айдалышына Керимбайдын эч бир тиешеси жок экен. Токтогулга саясый айып тагыш керек эле, Ж.Бөкөнбаев караштырса «эзүүчү» таптын өкүлү Керимбай бар. Ошентип, ортодон саясый душман кылышты да, коюшту». Муну эми ким айтып жатат? Керимбайдын урпагы, совет өкмөтү аны Наманган тарапка журт которуп ийгенде чөлдө кой кайтарып, балалыгы ызага толгон атактуу обончу, аткаруучу айтып жатат дейли.
– Ушундай мааниде таланттуу акын А.Акималиев да маек бергендей болгон…
– Ал айтып атпайбы: «Эгер Арзыматтын өзүнө токтоло турган болсок, тарыхта мындай киши болгон эмес. Арзымат деген уруу болгон. Аны Жоомарт Бөкөнбаев Токтогулдун образын ачып бериш үчүн эле ойлоп тапкан». Ишенбейин десем, бул Алик мырза мага Токтогулда жолуккан, ошондо ал Т.Сатылгановдун Чолпон-Атадагы музейинде директор болуп иштеймин деп өз оозу менен айткан жайы бар. Дагы макул дейли, ал эми Алик деп коюңуздар! Анан өмүр бою акындар чыгармачылыгын изилдеп келе жаткан, Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар корунда «түнөп» чыккан, фольклор жана ырчылар чыгармачылыгын жыйнап, кыргыздар бар деген жердин баарын кыдырган, акындар поэзиясына эбегейсиз эмгек кылган Батма Кебекова: «…Совет бийлиги мезгилинде чыгармачыл өнөрканасына «оңдоо» киргизүү, анын таптык сезимин ашыра курчутуу, атеисттик көз карашын арттыруу сыяктуу тенденция орун алгандыгын айрым фактылар ачык далилдеп турат. Алсак, Кетмен-Төбө өрөөнүндө, же башка аймакта дегеле Арзымат аттуу ырчы жашабаптыр. Бул анын көркөм кыялдын туундусу катарында Токтогулдун чыгармачылыгына киргендигинин күбөсү», – деп жазып, Кетмен-Төбө өрөөнүндө, же башка аймакта дегеле Арзымат аттуу ырчы болбоптур деп атпайбы.
– Анан бул Арзымат кайдан чыгып, Токтогул менен кандайча айтышып калат?
– Жогорудагыдай пикирлердин чын-калпын тактоо үчүн талыкпас токтогултаануучу Мамат Өсөров ырасы, далай түйшүк тартыптыр. Ал минтип жазат: «…Батма Кебекованын бул маселе боюнча, башкача айтканда, Арзыматты жокко чыгарган материалын газетадан окуган соң, эл акыны Тууганбай Абдиев агайга анын чын-төгүнүн сурап кайрылсам: «Ал туура эмес, Арзымат болгон, анын небереси Мөкүш аксакал ушул эле Бишкекте жашайт” деп жооп берди. Ушул маселени тактоо максатында, мен 2013- жылдын июнь айында Кетмен-Төбөгө барып, Торкен айылынан бул ырчынын өмүр таржымалын ошол жерде жашаган 85 жаштагы Төлөгөн карыядан жана Токтогул шаарчасында жашап жаткан Арзыматтын небере келини 1929-жылы туулган Дилдекан эжеден уктум. Акындын чынында Кетмен-Төбөнүн Торкениндеги Жаныш деген жерде жашап өткөнүн, азыр да анын таш короосу сакталып турганын, андан канча бала, небере, чебере тарап, кайсыл жерлерде турганын тактап кайттым. Дилдекан эже Арзыматтын небереси Момундун байбичеси болот. Эмесе, Токтогул менен айтышкан чоң болуштун чоң ырчысы Арзыматтын өмүр-баянына токтолсок: ал бир кездерде Талас тараптан кандайдыр себептер менен ооп келип жашап калыптыр. Арзыматтан Өмүрбек, Бообек, Жолой, Курмушу аттуу 4 уул жана 6 кыз болгон. Өмүрбектен – Айгырчан, Айгырчандан – Жаныбек, Тыныбек, Роза, Мариса. Жолойдон – Сулайман, Тууганбай, Кыпчакбай, Тургунаалы. Тургунаалыдан – кызы Сагын Таласта жашайт. Сулаймандан – Момун, Эркин, Мөкүш, Рая, Эмилис. Момундан – Дамир, Дамирден Сыргак, Илияз, Динара, Алымбек, Назира. Бообектен – Үтүр, Үтүрдөн – Байкабас. Төртүнчү уулу Курмушудан перзент жок.
Жогоруда айтылган Үтүр уулу Байкабас, Токтогул райондук элге билим берүү бөлүмүндө кароолчу болуп иштейт, Мөкүш болсо, Бишкекте эмес, Сокулукта жашайт экен». Ушинтип жазды «Эркин-Тоого» 2008-жылы Мамат аке.
– Тарыхый булактарда, архивдерде Арзымат тууралуу эч бир из калган эмес бекен?
– Бизде Е.Озмитель деген профессор, адабиятчы болгон. Ал кыргыз эмес, болжолдоп соктурбайт. Ошол киши 1980-жылы чыккан «Наследие классики и киргизская литература» деген китебинин бир жеринде 1889-жылы эле Готовцев аттуу этнограф «О киргизских и сартских песнях» деген макала жазып, Токтогулдун Арзымат менен айтышуусу тууралуу кеп кылгандыгын айтат. Бул факт эгер ырас болсо, Токтогулдун чыгармачылыгы жөнүндө айтылган алгачкы пикир гана эмес, айтылуу айтыштын болуп өткөндүгүн талашсыз тастыктоочу табылгыс материал. Бирок Готовцев деген ким, анын эмгеги кайда жарыяланган, мен биле албадым, мындай фамилиялар сахаларда учурай турганын гана биле алдым. Кыскасы, аябай көп адабияттарда, анын ичинде мектептин окуу китептеринде 1882-жылы Токтогул Дыйканбай манаптын ырчысы Арзымат менен беттешип, аны жеңгендиги жазылып, айтылып келет.
– Мына ушул Сиз сөз кылып жаткан айтыш Токтогулдун өз оозунан жазылып алган эмес да, туурабы, а аны ким жаздырган, ким айтып берген?
– Жаки Таштемиров деген адабиятчы болгон, Токтогулдун абдан көп чыгармаларын Кетмен-Төбө, Талас, Аксы, Ноокен, Базар-Коргон жерлерине барып жазып келген, он чакты изилдөө китебин чыгарган, азыр биз окуп жүргөн эки томдукту түзгөн. Ошол киши Кетмен-Төбөнүн Куччу-Суу айылынын тургуну Сагынбек Сапаровдон улуу акындын «Ынтымакка кол кармаш», Арзымат менен айтышынан үзүндү, «Бакты кыз», «Кызды узатканда», «Кетмен-Төбөнү көргөндө», «Жээрде ат», «Ормонкул», «Байгени бербейт бөлөккө», акын Сибирге айдалып кеткенде баласы Топчубайдын атасы Токтогулду жоктоп ырдаган ыры жазылып алынганын, ал киши «кат билбестигин», «көкүрөгү даана адам экендигин», «Токтогулдун ырларын жаш күнүндө үйрөнүп калганын» айтып келип, ал кишиден жазылып алынган ырлар «күмүштөй тунук, алтындай таза чыгармалар» деп кепилдик берип, «буларда эч кандай кошмо жок» дейт. Караңыз, адабиятчы Арзымат менен айтышынан үзүндүнү жаздырган кезде Сагынбек Сапаров ал ырды кийин Токтогул элдин суроосу боюнча эстеп, кайра айтып бергенде жаттап алганын айтканын, «мында эч кандай кошмо жок», «ыр акын тарабынан кандай айтылса, ошол бойдон тунук калыбында бизге жетти» деп атпайбы? Анан кимге ишенесиң?
– Эми Арзымат болгон, анын өмүр таржымалын айтып берем деген кишилер, балким туугандары да бардыр…
– Туура, бар экен. 2011-жылы «Кыргыз туусу» гезитине Токтогул районунун Чоң-Арык айылынын тургуну Замидин Мадалбековдун «Арзымат ырчы болгонбу, же…» деген макаласы жарык көрөт. Ал Албандын уулу Арзыматтын болжолу 1825-жыл менен 1835-жыл ортосунда Таластын же Калба, же Кырк-Казык айылдарынын биринде туулганын, уругу колпоч, уруусу саруунун ак кийизи болорун, Эшманбет экөө туугансып жүргөнүн, турмуш шарттын айынан 1855-1860-жылдар арасында Кетмен-Төбөнүн Торкенине келип отурукташып калганын жазат. Айтуудан анын 3 уул, 7 кызы болуптур, ар биринин аты-жөнүн келтирет жогорудагы макаланын автору. Ошол информатордун билдирүүсүндө, Ак-Чийдин Таке-Таш деген жеринде Дыйканбай той берип чоң ат чабыш болуп, анда Дыйканбайдын өзүнүн аты байге алганда, Арзымат ошону мактап ырдаган экен. Дыйканбай болсо Арзымат акынга ат мингизип, өзүнө ырчы кылып алыптыр, макалада Байбала деген ырчы менен айтышкан текстин берет. Ырлары жакшы, тили бир кыйла өткүр болгонсуйт. Үзүндүлөрдү окуп, мен ошондой жыйынтыкка келдим.
– Анан ошондой акын чын эле болсо, күчтүү акын болсо, кантип жаш Токтогулдан жеңилип калды?
– Токтогул менен айтышкандан кийин Арзымат ал өнөрүн таштаган экен, Наманган жакка мал айдап барып жүрүп, саруу тууганы Жеңижок акындыкында кыштап да калыптыр деп айтылат жогорудагы макалада. Бирок менде бир шек туудурган нерсе – Арзыматтын Токтогул менен айтышкандан кийин эле ырчылыгын таштап коюшу. Себеби акындар бири-бири менен айтышта бир жолу жеңет, бир жолу жеңилет, миң таланттуу болсо да кээде илхам келбей калышы ыктымал, же тема анча болбойт калат. Мисалы, Токтогулдун деле жеңилген учуру болгон экен. Ошого карап Арзымат кийин ырдабай калган дегенге кошулуу кыйын. Дагы бир нерсе – неге ырдабай калса Аксыдагы Жеңижокко барып, аны менен кыштап, туугансып жүрөт. Кыскасы, буларды да тактоо керек…
– Ошентип Арзымат менен Токтогулдун айтышы болгон, бирок мынчалык катуу эмес дейсизби?
– Эми аны да айтуу кыйын. Негизги себеп – Арзымат менен айтышуу биринчи вариантта бизге жетпеди, кийин-кийин Токтогулга «баягы ырыңызды ырдабайсызбы» дегенде ырдап койчу экен, буга карап акын тексттин сынчыл сөздөрүн кийин бир топ күчөтүп жибергенби деп да ойлоого мүмкүн. Ж.Бөкөнбаев «Токтогулдун өмүрү» аттуу эссесинде «Жеңиш» деген темада Токтогул менен Арзыматтын айтышын көркөм баяндап берет. Ал жерде айткан боюнча сарттар уруусунун жакшыларынын бири Сопу бий атасы Керимкулга аш берет. Кызмат кылуу, албетте, уруулаштарына жүктөлөт, он сегиздеги Токтогулга тоодон төрт өгүз отун алып келүү милдеттендирилет. Алып келгенде Дыйканбай чакырып жатат дешет. Барат. Сопу бий (ал болсо, Токтогулдун уруулашы болуп атпайбы), Дыйканбай, Жаркынбай ырчы дегендер отурган. Айтыш атайын уюштурулат. Адегенде «Аргымак көркү жалында, алманын көркү шагында» дегендей эле, кадимки санат ыры ырдалат. Кийин айып Арзыматтан кетеби, айтор, жаш, курч Токтогул күүлөнүп кетип, анан калса өгүз менен отун жүктөп келиш оңойбу, кыжырданып атса керек, «кара карга кейиптенген, каркылдаган урганым», «манапты ээрчип эт жеген мадырайган соргогум» дегендей кемсинтүүлөргө өтөт. Ушул токтогулдук саптар Арзымат менен айтышууда болгонбу, же кийин кошулганбы деген суроо, албетте, азыр эми коюлуп жатпайбы. Токтогул айтуудан аябай эле катуу кетип атат, этикадан чыгып атат. Жогоруда кеп болгондой, Дыйканбайга ырчы болуп Арзымат өзү барбаптыр, манап анын талантын сыйлап, өзү чакырып алыптыр. Демек, ал таланттуу болгон. Бул – биринчиси. Экинчиси – Токтогул ал кезде жаш болгон, курч болгон, анан калса жанында уруулашы Сопу бий турган, ага таянган болушу мүмкүн да, ушинтип эле катуу сындап ырдап салышы деле ыктымал. Ошол эле кезде отундан келген томаяк жигит өзүнөн кырк жаштай улуу кишиге мындай саптар менен каяша кылышы да кыйын, мындай сөз айтуу биздин калктын ыйманына жатпайт, ишене албай да кетесиң. Бирок, үчүнчүсү, бул сынчыл, куйкум саптарды кийин Жоомарт, же башка бирөө кошуп салган болушу да мүмкүн. Айтуудан Жоомарт кийин Арзыматтын урпактары болгон Жолойдун уулу Тургуналыга жолугуп, аны мейман кылып, ат мингизип “чоң атаңды жамандап койдум” деп кечирим сураган экен. Эгер ошол кечирим сурап, ат мингизген факт ырас болсо, анда ырга «кол тийгизилген» же бир топ эле жасалмаланган. Бирок андай болбошу да мүмкүн. Негизи Токтогулду оңдоого, аны башкача адам кылып, демократ кылып, атеист кылып, кедейчил кылып жасап, түзөп чыгууга 30-40-жылдагы адамдар мажбур болушкан. Эми жогорудагыдай сөздөр болгонбу, болбогонбу, текстология илими тактап чыгышы керек. Ушундай эки ача ойду жараткан Токтогулдун чыгармалары дагы көп. Буйруса, алар тууралуу дагы кеп учугун чубаарбыз…
Динара БЕЙШЕНАЛИЕВА, “Асман пресс”, 24-январь 2014-ж.