Таштан ЧАКИЕВ, акын, жазуучу котормочу: “Чыгармачылык бокстай, машыкпасаң ногдаунга кетесиң”

– Таштан ага, бир кезде “Күн дидары”, “Алтын жебе” деген жыйнактарыңыз чыкты эле. Кийин көп көрүнбөй кеттиңиз. Чыгармачылык кантип атат?

– Жакында кырк экиге чыгам. Менин курагымда жупкадай үч китеп жазыштын өзү уят. Биздин курагыбызда улуу акын-жазуучуларыбыз том-томдорду жазып коюшкан экен. Муну кээде замандын шартына байласам, кээде саптай албаган ийнеден көрөт болуп кызматыбызга шылтап атабызбы деп ойлоп кетем. Мүмкүн, болгон көрөңгөбүз ушубу деп да коем. А бирок чынында бизге азыркы жетишпеген заман көп кедергисин тийгизип жатат. Ыр жазып отуруп алайын десем, бала-чакам багылбай калат экен. Азыр баарыбыз айлыкка иштейбиз да. Жакында “Өзөн жээгиндеги үй” котормолор жыйнагы чыкканы турат. Буга чейин ар кайсы министрликтерде котормочу болуп иштеп, ырларды которууга деле убакыт болгон эмес. Кээде бир ыр жагып калса жаттап алып, кайталап жүрүп кыргызчага которуп койчу элем. 2009-2010-жылдары Арменияга барып калдым. Ал жакта котормочулар, жазуучулар жана китеп чыгаруучулар ассоциациясы деген бар. Ошол ассоциация котормочулук боюнча грант уюштуруп, Арменияга барууга мүмкүнчүлүк болуп калды. Барсам котормочулар которгон китептерин көтөрүп жүрүшүптүр. А менде болгону беш-алты ыр бар. Ошондо мен котормочу деп жөн эле жүргөн турбаймынбы деп намыстанып калдым. Акырындап котормо дүйнөсү тартып кетти. Бир жолу “Азаттыкка” барып котормо ыр окусам, Кожогелди Култегин “Таштан, которгонуң жакшы, бирок котормо тартып кетип өзүңдүн чыгармачылыгың калып калгандан коркпойсуңбу?” деген эле. Мен экөөнү тең алып кетем дегем. Бирок азыр чыгармачылыгым бир аз солгундап турат. Ошентсе да котормо бул чоң эмгекти, изденүүнү талап кылат экен. Бир чыгарманы которуу кайра бир чыгарма жазгандай эле кеп.

– Бир кезде медициналык терминдерди которуп жүргөнүңүздү билем. Аныңыз эмне болду?

– Ооба, 2008-жылдан 2010-жылга чейин Саламаттык сактоо министрлигинде мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адис болуп иштегем. Ошондо медициналык аталыштар боюнча кыргызча сөздүк жок экенин байкадым. Илгери бир сөздүк чыккан экен. Анда болгону грипп – сасык тумоо, сифилис – котон жара дегендей эле кыскача сөздөр бар экен. Анан мен эмне үчүн кыргыз элине жеткиликтүү, жалпак тил менен медициналык энциклопедия чыгарса болбосун деп ойлодум. Издеп жүрүп орустардын бир сайтынан орусча медициналык энциклопедияны таап алып которуп, министрликтин лицензия бөлүмүнүн башкы адиси Абдымомун Жумабаев экөөбүз иштеп чыктык. Жакында буюрса бул китеп да жарыкка чыгат. Бул китеп 2700дөн ашуун терминди өзүнө камтыйт. Менимче бул медициналык түшүндүрмө сөздүктүн жалпы эле медицина кызматкерлерине, ошондой эле карапайым элге да кереги тиет го деп ойлойм. Мунун үстүндө дээрлик үч жыл иштедим.

– Эми чыгармачылыкка кайтуу ниетиңиз барбы?

– Акырындап өз чыйырыма түшө баштадым. Азыр өзүмдү прозадан да сынап көрөйүн деп Буниндин беш-алты аңгемесин котордум. “Өзөн жээгиндеги үй” боюнча айтсам, бул өтө деле көлөмдүү китеп эмес. Китепке шотландиялык Роберт Бернстун, Анна Ахматованын, Саадинин, 2009-жылы Армениядан таанышкан акын кыз Анеит Татевасяндын жана өзүбүздүн акыныбыз Наргиза Карасартованын ырлары кирди. Бул кыз абдан таланттуу кыз экен. Ал келечекте Анна Ахматовадан ашса ашат, кемибейт. Мындайча айтканда, тээтиги Х кылымдагы Саадиден, бери келип XVII кылымдагы Роберт Бернс, ХХ кылымдагы Анна Ахматованы, андан берки замандаштарыбызды котордум. Өкүнгөнүм, кыргыз котормочулары тил билбейт экенбиз. Жок эле дегенде кыргызчадан кайра орусчага мыкты которо билгенибизде, биртоп акын-жазуучуларыбыз дүйнөгө таанылмак. Чынында бизде котормо жокко эсе болуп калды. Кезинде Сүйүнбай, Сооронбай агаларыбыз которушкан. А азыр котормо жаатында иштеген эч ким жок. Буга олуттуу мамиле жасап, ийлей турган адис жок болуп атат. Рамис Рыскулов менин китебиме баш сөз жазып, “котормо, котормо, май куюп турат моторго” дептир. Чынында котормо болбосо жандүйнө байыбай, өз казаныңда эле кайнай берет экенсиң да. “Күн дидары” чыкканда Ыракеге берип кандай болуптур десем, жарма жыттанат деген эле. Анда аябай териккем. Кийин “Алтын жебе” чыкканда “Күн дидарынын” начар экенин, жарма жыттанганын байкадым. Көрсө чыгармачылык деле бокстай экен. Күнүгө машыгып турбасаң, каршылашыңан тумшукка жеп ногдаунга кетет экенсиң. Машыкпасаң калемиң мокоп отуруп, миң далалат кылып жазганың окуй келгенде эле халтура экени билинип калат тура. Чынында эргүү менен жазган ыр менен жөн эле жаза салган ырдын айырмасы асман менен жердей болот. Аны байкап коюу өтө деле көп кыйынчылык туудурбайт. Ошентсе да орустар “аппетит приходит во время еды” дегендей, илхамды күтүп отура берсең да эч нерсе чыкпай калат экен. Ошо сыяктуу аракет кылып изденип, жаманын арылтып, жакшысын элге тартуулай бериш керек. Антпесе акын курчубайт тура.

“Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 30.11.12-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.