“Пост-империалисттик өлкөлөрдүн көбү улутчулдукту басып өтөт”

soul

Өткөн айда Бишкекте дүйнөнүн булуң-бурчунан барган жазуучулар, ойчулдар Эл аралык Пен-клубунун 80-жыйынын өткөрүштү. Клубдун президенти Жон Ралстон Соул ал жыйындагы талкуу, Кыргызстандагы сөз эркиндиги, кыргыз адабияты, кыргыз тилинин абалы тууралуу “Азаттык” радиосуна маек курду.

Азаттык: Кыргызстандагы төрт күндүк сапарыңызда сиз үчүн күтүүсүз, таң калтырган учурлар болдубу?

Жон Ралстон Соул: Борбор Азия өлкөлөрүнөн баш аягы 25 акын-жазуучу Бишкекте чогулганы чоң окуя болду. Айрыкча мени таң калтырганы алар кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын аябай кызуу талкуулаганы болду. “Устат-шакирт” музыкалык тобунун концерти эстен кеткис бир учур, алар кыргыздын улуттук аспаптарында бүткүл регионго таандык обон, аваздарды аткарганы укмуш сонун кабыл алынды. Бизди чогулат дегенде эле “эми силер Азимжан Аскаровдун маселесин көтөрөсүңөр” деп алдын-ала чочулагандар болгон, ал теманы да ачык талкууладык. Ал талкуу эч кимге зыян апкелген жок, эч ким жабыр тарткан жок. Сөз эркиндигин бекемдөөгө гана салым кошту деп ишенем.

Азаттык: Сиз өз сөзүңүздө ушундай ачык-айкын талкуу региондо азырынча Кыргызтанда гана мүмкүн деп айттыңыз. Сөз эркиндигинин жагдайына сиз канааттандыңызбы?

Жон Ралстон Соул: Биздин ишибизге эч кандай чектөө болгон жок. Албетте, биз Азимжан Аскаровдун абактан чыгышын каалайт элек, бирок азырынча жок дегенде анын жагдайын эркин талкуулап сөз кылдык. Бишкектеги конгресске Жапония, Корея, Батыштын бир топ өлкөлөрүнөн, Балкан жана башка аймактардан жазуучулар келишти. Алардын дээрлик баары Кыргызстанга биринчи жолу барышты. Дүйнөдөгү интеллектуал ойчулдар чогулуп алып, түбөлүк темаларды талкуулаганы абдан чоң иш. Кыргызстандан ар бири өзү үчүн жаңы нерсе, жаңы идея ала кетти. Мен өзүм Бишкекти биринчи көргөндө “керемет кооз жер турбайбы” деп таң калдым. Биз, жазуучулар, негизинен ачык калк келебиз. Бизге эч ким айлык төлөбөйт, мыкты китеп, же чыгарма жазсак акча табабыз. Антпесек эркин жүрө беребиз. Кызык калк келебиз, биз каалаганча сындай беребиз, бирок айлана-чөйрөгө кызыгып, баарын аябай кылдат үйрөнгөнгө да аракет кылабыз.

Азаттык: Бишкектеги жыйын “Менин тилим – менин жан дүйнөм, тарыхым” деген тема алдында өттү. Кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүгүнүн бир чоң бөлүгү дал ушул кыргыз тили. Тил аркылуу биз турмушту, дүйнөнү үйрөнөт эмеспизби. Бирок ушул күндө да кыргыз тилин чанган, жериген, же үйрөнгүсү келбеген мекендештерибиз бар. Алар өзүнүн ички дүйнөсүн жардылантып жаткан жокпу?

Жон Ралстон Соул: Бул эми классикалык империялык баскычтан өткөн өлкөнүн тарыхы. Империялар каратып алган өлкөлөрдө түпкү тил басмырланган учурлар көп болгон. Албетте, орус тили аябай керемет, бай тил. Бирок жергиликтүү калктын тилин жоготуу – бул планетабыздын картасындагы көп түстүн бирин жоготууга барабар. Пен клубу соңку беш жылда ушул маселеге аябай көңүл буруп, түпкү тилдерди колдоого үндөп келатабыз. Тилдин жоголгону – ошол элдин маданиятынын, өз оюн билдирүү эркиндигинин, адабиятынын жоголушуна алып келет. Кыргызстанда жашаган эл кыргыз тилин өнүктүрүп байытууга аракет кылса, ал орус тилине зыян келтирет деп түшүнбөш керек. Колдон келсе, силердикиндей бир нече миллион киши сүйлөгөн тилди кой, бир нече адам эле билген тилдер да жоголбошу керек. Европалыктар өткөн кылымдын 50 жылы ичинде канчалаган миллион кишини өлтүрүп жок кылышты? Ошонун баары булардын тили, маданиятынын кереги жок, булар немисче, французча, же англисче сүйлөшү керек деген акылсыз ойдун айынан ишке ашты. Азыркы заманда андай ой ишке ашпаары белгилүү, бирок ушул биздин күндө да ар бир коом андагы жарандар сүйлөгөн бардык тилдерге камкордук көрүлүшүн камсыздоого милдеттүү.

Азаттык: Пен клубдун жыйынында мурдагы советтик өлкөлөрдөн келген жазуучулар дагы эле чынчыл, чыныгы турмуштан алынган окуяларды баяндаганга көнө электиги, ондогон жылдар бою коммунисттик цензурага көнүп калган интеллектуалдар реалдуу чыгармаларды жазганга өтө электиги айтылды. Кыргызстанда да кыргыз элин, тарыхын даңазалаган, кооздоп көркөмдөгөн чыгармалар үстөмдүк кылууда азырынча. Чынчыл чыгармалар качан пайда болушу мүмкүн?

Жон Ралстон Соул: Бул баскычтан да империялык тарыхы бар өлкөлөрдүн баары өткөн. Колониалдык режимден кутулгандан кийин аларда тарыхын бурмалап көбүртүп жазуу, улутчулдук темалар удургуп чыккан учурлар болгон. Улутчулдук – бул пост-империалисттик мезгилден кийинки биринчи баскыч. Кыргызстанда жагдай бир аз башкача, коңшулаш Казакстан, Түркмөнстан, же Өзбекстанды элестетиңиз. Ал жакта саясий көзөмөлдүн камчысы катаал. Ошондуктан Бишкектегидей жыйынга чогулуп, коңшулаш өлкөлөрдүн жазуучулары пикир алышканы – абдан чоң жылыш. Бири-бириндеги жагдайды, адабияттагы абалды үйрөнүү аркылуу алар өз улуттук адабиятын өнүктүрүү жолдорун табышат. Жалаң эле өз казанында кайнай бергенден өнүгүү болбойт.

Азаттык: Сиз Кыргызстандын президенти менен жолукканда адабий китептерди чет тилдерге которуу маселесине колдоо керектигин айттым дедиңиз. Чет элдик чыгармаларды кыргыз тилине которуу аркылуу улуттук адабиятты өнүктүрүүгө жол ачылмак дегиңиз келеби?

Жон Ралстон Соул: Бул эки тарап үчүн тең пайдалуу иш. Көп өлкөлөрдө атайын коомдук фонддор түзүлгөн. Ошол фонд аркылуу чет элдик басмакана ээлери менен иштешип, абдан кызыктуу чыгарма жазыла турган болсо, алдын-ала аны чет тилге которуу ишине каражат тапса болот. Чет элдик бай басмаканалардын редактору, же басмакана ээси алдын-ала китепти басып чыгарууга, которууга келишим түзүп, кол коюп, каражат сунуш кылышат. Ошондой фонд түзүлсө, кыргыз акын-жазуучуларына да, жалпы коомчулукка да пайдасы тиймек.

Венера Сагындык кызы, «Азаттык», 24.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.