Кыргыз тилине мультимедиалык таяныч

Жакында Бишкектеги №70 гимназияда 1-8-класстар үчүн кыргыз тилин үйрөнүү боюнча мультимедиалык кошумча окуу куралынын бетачары болду. Шаар мектептеринен чогулган мугалимдерге сонун жаӊылыкты «Таалимфорум» коомдук фондунун деректири Алмагүл Осмонова, координатору Гүлмира Зарылбекова, мультимедиалык окуу куралын түзгөн И.Арабаев ат. КМУ доценти Айнура Акунова, Ж.Баласагын ат. КУУ кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тилин жана адабиятын окутуу методикасы кафедрасынын профессору Зууракан Сарылбекова тааныштырды. Иш-чараны КУУнун кыргыз филология факультетинин методика кафедрасынын окутуучусу Чолпон Түмөнбаева алып барды.

Доцент Айнура Акунова:  «Балдарды өз алдынча изденип иштегенге дилгирлентет»

– Биз улук окутуучу Назгүл Сегизбаева экөөбүз башталгыч класстар куррикулумунда белгиленген «Кыргыз тили» (мамлекеттик тил катары) сабагынын окуу материалын өздөштүрүүүчүн окуучуларга көмөкчү каражат катары «Кызыктуу кыргыз тили» мультимедиалык кошумча окуу куралын түздүк. Бул окуу каражаты кыргыз тилин үйрөнүү аркылуу Кыргызстандын экологиялык тутумун, этномаданиятын таануу мүмкүнчүлүгүн кеӊейтет. Балдарды өз алдынча изденип иштегенге көнүктүрүп, мамлекеттик тилди өздөрүнүн жаш курагына шайкеш деӊгээлде өздөштүрүшүнө жол ачат.

10 тема («Мекеним – Кыргызстан», «Үй-бүлө», «Турмуш-тиричилик», «Тамак-аш», «Майрамдар», «Кесиптер», «Жаратылыш», «Ден соолук», «Ажайып жерлер», «Маданият») 1-класстан 4-класска чейин, андан ары 8-класска чейин тереӊдетилип, кеӊейтилип окутулат. Мисалы, «Мекеним Кыргызстан» темасы боюнча 1-класста «Менин үйүм», 2-класста «Менин мектебим», 3-класста «Менин айылым», 4-класста «Менин шаарым (районум)» ж.б.у.с. темачалар алынган. Булардын ар бири өз кезегинде 10 бөлүмдөн турат.

Мугалим тийиштүү сабакка даярданганда балдарга кызыктуу ушул кошумча каражаттарды пайдалана алат. Көрүп түшүнүүүчүн сүрөттөр, көрүп, угуп түшүнүүүчүн видеоматериалдар, текст, сөздүк (лексикалык минимум), куррикулумдун негизинде тандалган грамматикалык материалдар, кырдаал боюнча диалог, жыйынтыктоочу тест, ошондой эле бышыктоо үчүн темага ылайык келген ырлар, оюн аркылуу тил үйрөтүүүчүн окуучулардын жаш курагына жараша тандалган оюндар, «Кызыктуу кыргыз тили» бөлүмү: балдарды тарбиялоо максатында дидактикалык материалдар (табышмактар, макал-лакаптар, жаӊылмачтар, уламыштар, жомоктор) сайтка коюлду.

Мындан тышкары «Таалимфорум» коомдук фондунун долбоорунун алкагында иштеп жаткандыктан, биз алардын буга чейин иштеп чыккан материалдарын да колдондук. Мисалы, «Балдар үчүн кинозал» рубрикасында интернетке коюлган кыргызча 25 мультфильм топтоштурулду. «Электрондук китепканада» балдар үчүн «Билгим келет» түрмөгүндө иштелип чыккан боёмо, ырлар, Кыргызстандын жаратылышын үйрөнүүүчүн тексттери сүрөттөр менен коштолгон ж.б. 17 китеп бар: «Бөбөктай», «Жан баштык», «Кызгалдак», «Оюмдар», «Кулпунай», «Калпагым», «Ак өргөө», «Ак илбирс», «Ат жабдыктар», «Кубулуу», «Мен көргөн кызыктар», «Табият менен таттуу мамиле», «Боорукер жаан», «Чөндөлөй», «Жашынмак», «Түйдөк жип», «Ташбака».

Алсак, 1-класста «Ажайып жерлер» деген темада Кыргызстандагы тоолор, чокулар, таанымал жерлер (мисалы, Таш-Рабат, Бурана, Сулайман-Тоо, Арсланбап), көлдөр, дарыялар ж.б. тааныштырылат. Тил боюнча көнүгүүлөр ушул темадагы жөнөкөй сөз айкаштары, сүйлөмдөр менен аткарылат. Мисалы: «Сулайман-Тоо … шаарынын так ортосунда жайгашкан» деген сүйлөмдү толукташ үчүн балдар жооп варианттарын тандашат. Жооптун туура же ката экендиги үн жана түс белги менен көрсөтүлүп турат. Дагы бир мисал: «Сөздөргө мүчөлөрдү туура танда» деген тапшырмада балдар жөндөмө мүчөлөрүнүн варианттарынан (тоо- + -нын, -нин, -нун ж.б.) тандайт.

Маалымат таасирдүү болуп, балдардын эсинде бек сакталышы үчүн белгилүү жерлер жөнүндөгү обондуу ырларды, күүлөрдү, видеоматериалдарды да коймокчубуз.

Грамматикалык материалдарды да программисттердин жардамы менен компьютерге салып жатабыз. Азырынча таблица түрүндө даярдаганбыз, эми мунун баары өз алдынча окуп-үйрөнүүгө ыӊгайлуу программага киргизилиши керек.

 

Профессор Зууракан Сарылбекова: «Мугалимдердин оорун колдон алган жумуш болду»

– Ар бир тема тил үйрөтүүнүн сүйлөшүү, угуу (кепти түшүнүү), окуу жана жазуу сыяктуу негизги ыкмалары аркылуу өздөштүрүлөт. ар бир сабакта турмушка байланыштуу тексттер берилип, аларга ылайыктуу лексика-семантикалык жана лексика-грамматикалык материалдар камтылган.

Оозеки кепти өстүрүүүчүн бардык сабактарга оюндар, макал-лакаптар, кроссворд, чайнворд, сүйлөшүүлөр берилет. Окуу процессин кызыктуу, натыйжалуу жана ыкчам жүргүзүүүчүн интерактивдүү усулга таяндык. Бул каражатты мугалимдер усулдук колдонмо катары, кыргыз тилин өз алдынча үйрөнүүчүлөр окуу куралы катары пайдаланса болот.

Жолдош Турдубаев, «Кутбилим», 29.01.2016

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.