Сулайман Рысбаев. «Бир түйүнчөк акча»
Эртең менен болчу. Талант мектепке келаткан. Автобус аялдамадан жаңы эле жөнөп кетти. Талант андан өтүп, жолдун өйүзүндөгү мектепти көздөй басмак.
Ал алдыга баса берип, жолдун жээгинде жаткан муштумдай түйүнчөктү көрдү. Анын ичин ачса, – бир тутам акча! Санагы жете турган эмес. Ушунча акчаны көрүп Таланттын жүрөгү шуу дей түштү. Аны өзү бирөөдөн уурдап алгансып коркуп кетти.
Кокус ээси келип: «Сен муну кайдан уурдап алдың ыя?» деп кекиртегинен ала тургансып, алиги акчалар колунан түшүп кете жаздады.
«Эмне кылуу керек?»
Аңгыча өзүнөн чоң балдар арттан жете келишти. А алар көрүшсө акчаларды колунан алып коёру бышык эмеспи. Ошон үчүн аларды коюнуна сала коюп, мектебин көздөй басты. Бирок баарынан кызыгы – бул акчалар кимдики? Аны кимге көрсөтөт? Акча таап алганын кимге айтат? 50 сом, 100 сом болсо го мейли эле. А ал мынча акчаны каякка катат? Мынча акчанын ага эмне кереги бар?
Ал айласы кетип, колу-буту титиреп, алдыга баса албай туруп калды. «Атама барайын, айтайын, балким ал акчаларды ээсине таап берер».
Талант ошентти да, үйүнө тез эле жетип барды. Акчаны бергенде атасы:
— Муну сен уурдап алдыңбы? – деп өңү бузула түштү.
— Жок, ата, жолдон таап алдым, – деди Талант.
— Качан?
— Азыр эле.
— Каерден?
— Аялдамадан, жолдун жээгинен.
— Чын элеби?
— Ооба…
Атасы терезеге келип бир ирет эшикти карады да, уулуна жакын келип, моюнунан кучактады. Анан бетинен бир ирет өптү да, кулагына минтип шыбырады:
— Сенин бул акчаны таап алганыңды бирөө көрдүбү?
— Жок, ата, эч ким көргөн жок.
— Чынбы?
— Чын.
Таланттын колу-буту титирегени басыла элек болчу. Ал дагы эле коркуп жаткан.
— Анда сен бул жөнүндө эч кимге айтпагын. Уктуңбу? Мен азыр эле шаарга барам дагы, сага кышкы пальто, жылуу өтүк, велосипед, чана, коньки сатып келип берем. Уктуңбу?– Бул сөздөрдү айтып жатып атасы да колдору титиреп, энтигип турду. – Уктуңбу дейм, Талант, мени түшүндүңбү?!
Ал уулун дагы бир ирет кучактап өпкөндө, алынбай үксүйгөн сакалы бети-башын сайгылап, оозунан бозонун жыты бурулдап турду.
— Уктуңбу?–деди атасы бир ирет. Көптөн бери иштебей, жумушу жок, акча таап келалбай үйдө жаткан атасы ага керектүү нерселериңди алып берем дегенде Талант кубанып кетти.
— Уктум, ата – деди ал, –уктум. Эч кимге айтпайм.
— Анда билинбей сабагыңа бар. Бирөөгө билгизип койбогун.
— Макул, ата!
* * *
Экинчи сабакка жаңы эле киришкенде дүкөнчү аял класска кирип келди. Ыйлап алыптыр, ыйлап жатып көзү шишип бүтүптүр.
— Айланып кетейин күчүктөрүм, акча көрдүңөрбү? Мен кургур дүкөндүн бүт акчасын азыр эле жоготуп жибердим. Автобуска отура электе бар эле. Айланайындарым, силер баарыңар эле бөжүрөп мектепке келатпадыңар беле. Айланып кетейиндер…!
Сөзүн айтып бүтпөй, буркурап ыйлап жиберди. Дүкөнчү эжени балдардын баары эле тааныйт. Ал Райкан эже эмеспи. Жакшы эже го.
Балдардан сөз күтүп ал унчукпай калды. Балдар, мугалим эжей баары «ким тапты болду экен» дегенсип, бирин-бири карап калышты.
— Акчаңызды мен таап алдым, Райкан эже, – деди тура калып Талант, – мен таап алдым.
Райкан эже чуркап келип, Талантты мойнунан кучактап, өпкүлөп жиберди. Кудум эртең мененки атасы кучактап, өпкүлөгөндөй өпкүлөдү.
— Чын элеби?–деди ал ый аралаш.
— Чын эле, үйгө алып барып, атама берип, анан, анан…мектепке келгем. Азыр эле…, ишене бериңиз.
— Атаң үйдөбү?
— Үйдө го…
Райкан эжеси Талантты бооруна кысып-кысып алды. Андан жыпар жыттуу атырдын жыты келип турду. Талант Райкан эжени аяп кетти.
— Жүрүңүз, үйгө баралы,–деди ал.
Үйгө келатышты…А үйдө эмне болгонун ким билсин? Атасы кайда болду экен? Акчаны эмне кылды экен? Ал жана эле атасына «эч кимге айтпайм» деп убада бербеди беле. Эми эмне болот?
Талант дагы калтырап чыкты.
С.Рысбаевдин башка чыгармалары
Pingback: Сулайман Рысбаев — Кыргыз маданият борбору