Садыр Сарыгуловдун күлкүсү жана күйүтү

Кээде туруп-туруп эле ойлоносуң, ушундан көрө бир сатира шилтеп салсамбы деп. Шилтей албайсың, анткени колуңдан келбейт. Анан күлкүң келет. Өзүңө-өзүң күлкүң келет. Тигиндей ойлонгонуңа күлкүң келет, колуңдан келбегенине күлкүң келет, колуңдан келбестигин туюп-сезип турсаң да кайрадан эле “шилтеп салсамбы!” – деп ойлой берериңди ойлоп да күлкүң келет. Акыры күлкүң келе берерин ойлойсуң да, күлкү тууралуу ой тегерете баштайсың.

Мурза (Гапаров) байкени эс-тедим. Аны менен акыркы ирет жолугушкан күн. Анын мага айткан акыркы сөзү: “Бейшен, бизде (“Манас” университетинде) бир түрк катын бар, ошол катын биздин бөлүм башчыбыз болчу, бүгүн биз менен коштошуп, Түркияга биротоло кетмек. Узатууда мен да сүйлө­шүм керек, элди күлдүрүшүм керек!” Шыдыр эле суроо туулат: эмне үчүн күлдүрүшү керек, ал күлдүрөйүн десе эле эл күлө коёбу? Деги эле сөзсүз күлдүрүшү керекпи, күлдүрүү анын негизги максатыбы?..

Ой артынан ой келет. Белгилүү сатирик жана драматург Садыр Сарыгуловдун “Жылмайгың же ырсайгың келеби?” аттуу жыйнагынын кол жазмасын окуп отуруп, ушундай бир түпсүз санаага батасың. Күлкү менен синонимдеш болуп калган кылкылдаган кол көз алдыңа тартылат: Куйручук, Шаршен, Мидин, Райкан, Гоголь, Марк Твен, Азиз Несин… Булар эмнени максат кылышты экен – элди күлдүрүштү ганабы, деги алар сүйлөп же жазып жатышканда бул жөнүндө ойлошту бекен? Дүйнөлүк алкактагы сатирик Азиз Несин юмордун табияты татаал экендигин, ал боюнча бирдиктүү теория жок экендигин белгилеп келип, бирок канткен күндө да, кандай гана юмор болбосун күлкү чакырарын айтат. Арийне, эгер күлкү жарата албаса анын эмнеси юмор да, эмнеси сатира? Бирок ал эмне деген күлкү, өзүнүн артынан бир нерсени жаратууга же ээрчитип келүүгө кудурети жетеби – кептин баары ушунда жатабы дейм.

Кайра ойго батасың: адам качан жана эмне үчүн күлө баштайт? Ымыркайды бир карап көрчү – күлөбү? Күлөт. Ал али жарык дүйнөнү тааный элек, бир тааныганы, балким, энесидир… Бирок күлөт. Ымыркайды тиктеп турсаң, эгер ал уйкуда жаткан болсо, кайсы бир мезгилде эч бир капарсыз эле жылмайган болот. Бу куу дүйнө бир тазара түшкөнсүйт. Куу дүйнө эмес, үлүрөйө аны тиктеп турган сен тазара түшөсүң. Анан көзүн ачкан соң ичиң эзилип, аны эркелете баштайсың, сенин эркелетип жатканыңды туйгандай, ал дагы күлөт. Ыйлагың келет: ичи бошонуп, энесинин мамасын балкылдата соруп, телегейи тегиз болуп жатса да ымыркай күлөт; дүйнөнү алаамат каптап, карап түн түшүп жатса да, эгер көңүлү жайлана калса, ымыркай күлөт… Анткени ал – ымыркай…

Анда ушул ымыркайдын күлкүсү менен сатириктин күлкүсүндө кандайдыр бир байланыш барбы? Адамзаттын адамдык жолу дал ушул су-роодон башталабы дейм. Мына, ымыркай күлкүсүнөн куу турмуш тазара түшөт дедик. А сатириктин күлкү­сүнөнчү? Аны куйкалайт деп жатышпайбы. Ооба, куйкалайт, бирок дал ушул куйкалап жатып тазартат. Жок, тазартышы керек, эгер буга кудурети жетпесе, анда ал сатира боло албайт. “Анын үстүнө француз тилин билбейт экен дейт!” – дейт Гоголдун бир каарманы атактуу “Үйлөнүүдө”. Күлөсүң да ыйлайсың. Анткени ушул бир эле сөздө ошол мезгилдеги орус элинин социалдык жарасы жаткан, орус элинин ошол мезгилдеги кулчулук психологиясы жаткан. Гоголь аны ыйынып-ычкынып, чубалжытып отурбай эле бир эле сөз менен берип койгон. Мына ушундай түркөйлүктү таамай бергендиги үчүн көрүүчүлөр (бул пьесанын негизинде далай спектаклдер коюлганын жана азыр да коюлуп жаткандыгын жакшы билесиңер) боору эзилип күлгөн, бирок бул сөздү айткан алардын өздөрү экендигин элес алышкан эмес. Ошон үчүн Гоголь шолоктоп ыйлаган. Демек, сатиранын өзөгүн эмне түзөт, күлкүбү, куйкалообу, ыйбы? Ушул суроонун өзү эле сатиранын табиятынын өтө татаалдыгынан кабар берип турат.

Кудайдын кулагы сүйүнсүн, бизде акын-жазуучуларыбыз көп эле, атүгүл алакандай Кыргызстанга мынча акын-жазуучунун эмне кереги бар деп жер сабап жүргөндөр да бар. Сатириктерибизчи? Аз, өтө эле аз. Мунун себебин белгилүү адабиятчы, профессор Качкынбай Артыкбаев төмөнкү жагдайлардан көрөт: “Биринчиден, ооз ачканда эле жерден куйкум сөздү чукугандай таап сүйлөп, бирде сөөктү какшаткан курч сатира, бирде ууртуңду жылмайткан жумшак юмор менен моокуңду кандырган адамдар табигый түрдө сейрек кездешери ар кимге маалым болсо керек. Экинчиден, Совет бийлиги жылдарында дегеле сын айтуу, өзгөчө коомдук түзүлүш менен бийлик өкүлдөрүнүн кемчиликтерин күлкүгө алуу менен сындоо өтө эле чектелүү болгондугун, атүгүл кээ бир жерлерде тыюу салынгандыгын унутпаганыбыз оң”. (К.Артыкбаев. Талант сыры. – Б., 1994, 294-б.)

Албетте, биз белгилүү илимпоздун пикирин терең талдап отургубуз келбейт, минтүүнүн эч бир кажети да жок. Бир гана “моокуңду кандырган адамдар табигый түрдө сейрек кездешери” түбү барып эле сатиранын табиятынын татаалдыгына такалабы дейм. Бирок кыргыз элинин уучу кур болгон эмес. Эл оозунда аңыз болуп айтылып калган далай куудулдар, чечендер өтүптүр, ошолордун ичинен бизге Куйручук, Шаршен жөнүндө гана кыскача маалыматтар жетти. Булардан кийин Мидин менен Райкан баш болгон профессионал жазма адабиятыбыздын сатирик өкүлдөрү келди. Аларды бул жерде санактап чыгуунун да эч бир кажети жок, бир гана өтө өкүнүү менен белгилеп кетерибиз – бизде алигиче сатира табияты боюнча сындын, теориянын жетиле электиги, атүгүл таптакыр эле жоктугу. Өзүңүздөргө жакшы маалым, ар бир теория жалпы теориялык жоболорго таянуу менен улуттук кыртыштан өнүгүп чыгышы керек. Сатиранын табияты канчалык татаал болсо, ал боюнча теориянын жаралмагы да ошончолук татаал, ошончолук оор көрүнөт, болбосо, кыргыз сатирасынын табияты боюнча алигиче бир ырыстуу эмгек жаралат эле го. Мунун кесепети карапайым окурмандарга, интермедия аткаруучу куудулдарга абдан эле тийип жаткандыгын атайы белгилей кетүү абзел.

Куйручук менен Шаршендин айрым жоруктары бизге жеткендигин жогоруда айтканбыз, бирок биз бүгүн алардын көбүнө күлбөйбүз, күлкүбүз келбейт, атүгүл тескерисинче кыжырыбыз келет, анткени алардын куудулдук айрым кылык-жоруктарын биз бүгүн обу жоктук, шайкелеңдик катары кабыл алабыз. Эмне үчүн? Анткени алардын сатирасынын табиятын ачып берген теориялык эмгектер жок. Бул – бир. Экинчиден, бүгүнкү күндө: “Бизде сатиралык чыгармалар жок, ошондуктан өзүбүз жазып, өзүбүз ойнойбуз, түйшүгүбүз тоодой…” – деп  ыйлактап жүргөн куудулдарды эле көрөсүң. Арийне, сатиралык чыгармалар аз экени чын, бирок таптакыр эле жок деген чындыкка коошпойт. Кеп мында куудулдардын сатиранын табиятын терең түшүнүшпөгөндүгүндө жатат, эгер түшүнүшкөн болсо, бизде куйкалап да, күлдүрүп да чыкчу сатиралык чыгармалар көп. Мунун күбөсү катары мен сатирик-драматург Садыр Сарыгуловдун сатиралык чыгармаларын көрсөтөр элем. Анда сөз тизгинин ушул авторго буралы.

Садыр Сарыгулов – кыргыз сатирасында, драматургиясында, кеңири алганда кыргыз адабиятында өзүнүн татыктуу орду бар сүрөткер. Республикабыздагы жападан жалгыз сатиралык журналыбыз “Чалканда” 25 жыл иштеп, ага жан киргизип келгендердин бири. Мурунку жыйнактарын эске албаганда да, анын калеминен кийин эле “Жалган дүйнө” аттуу мыскылдуу детектив роман, “Ыркыраков Чыркырак” аттуу мыскылдуу – сатиралык повесть (1997), “Күлкү жана ый” аттуу муңдуу күлкүлөрдөн турган аңгемелер жыйнагы (2005) жаралып, окурмандар жүрөгүнөн түнөк тапкан. Муну менен катар ал драматург катары да жамы журтка жакшы таанымал, анын пьесаларынын негизинде республикабыздын ар кайсы театрларында бир нече спектакль коюлган. Дагы бир баса белгилей кете турган нерсе – С.Сарыгулов бүгүнкү күндө да, 70 жаш курагында, өтө жигердүү иштеп жатат. Мунун бир күбөсү – бүгүн сиздерге тартуулап отурган “Жылмайгың же ырсайгың эле келеби?” аттуу юморлуу, сатиралык аңгемелер жыйнагы.

Бул жерде биз алдыбызга С.Сарыгуловдун чыгармаларына кеңири талдоо жүргүзүү максатын коюп жаткан жерибиз жок, чынын айтканда, буга чама-чаркыбыз да жетпейт. Бирок, ошентсе да, “Ыркыраков Чыркырак” повести жөнүндө бир-эки ооз сөз. Жети чоң бөлүм­дөн турган бул повестти бүгүнкү кыргыз коомунун жандуу элеси, бүгүнкү кыргыз жан-дүйнөсүнүн, психологиясынын кыймылы катары карасак болот. Бул жагынан алганда, аталган чыгарма өз мезгилинде орус жанынын, психологиясынын кыймылын таамай да, муңдуу да тарткан Гоголдун чыгармаларына үн­дөшүп кетет. “Орус эли баатыр эл, ээ”, – дейт Гоголдун бир каарманы. “Эмне үчүн?” – дейт экинчиси. Анда тигил: “Бийик-бийик үйлөргө чыгып алып, кулап кетем деп коркпой шыбап жатканын карабайсыңбы!..” – деп жатпайбы. Мына, баатырлыкка болгон көз караш, мына Гоголдун көз жашы!

Эми С.Сарыгуловго көңүл буралы: “Илгери эки дос көчөдө кетип баратып, бири-бирине мактаныптыр: “Ой биздин райцентрибиз Көк-Кемпир кыштак эмес, шаарча болуп калды тим эле деп”. Анда экинчиси: “Эмне себептен силердин райцентриңер шаарча аталып калды?” – десе, тигиниси кебелбей туруп: “Пиво сатып калды Көк-Кемпирде”, – дептир. Шаар менен кыштактын айырмасын пиво сатуудан көрүү – бул нукура кыргыздык психология, күлөсүң да ыйлайсың.

Чындыгында, “Ыркыраков Чыркырак” – күлкүлүү да, муңдуу да окуяларга бай оригиналдуу чыгарма. Баарынан да, аны окуп бүткөн соң төмөнкүдөй ойлорго кабылып, азат боюң тик туруп, ичиңден кан өтүп кетет: 1) Эмне, кыргыз эли жетимиш жыл бою ыпыластыкка барууга атайы даярданып, бугуп жатканбы, аларды социалисттик система гана тушап келгенби; 2) деги эле адам баласынын өзөгүн, нарк-насилин эмне түзөт – ыпыластыкпы, же тунуктукпу? Жүрөк титиреткен мына ушундай суроону койдурууга кудуреттүү болуштун өзү аталган чыгарманын жалпы эле эстетикалык-көркөмдүк дөөлөтүнөн кабар берип тургансыйт.

Жогорудагы суроого купуя түрдө болсо колуңуздардагы “Жылмайгың же ырсайгың эле келебидеги” ар бир аңгемесинде кабылбай койбойсуң. Ушул жыйнактагы эң жеңил жазылган, балдарга арналган “Туздалган бадыраңдагы” Бактыбектин кылык-жоругуна көз жүгүртүп көрөлүчү, ал мындай айла-амалды кайдан үйрөндү, балким, бул касиет анын канында, адамдык канында жатпасын – чакан аңгеме мына ушундай философиялык ойго түртөт да, төбө чачыңды тик тургузат.

Дагы кайталап айтабыз: биз ар бир чыгармага токтолуп, кеңири талдоо жүргүзө албайбыз, бул – келечектеги өзүнчө олуттуу иш. Андыктан оюбузду жалпылап айтууга, окурмандарга багыт берүүгө гана далалаттаналы. Биринчиден, С.Сарыгуловдун сатирасы өтө купуялуу, ал чу дегенде эле төрт сырын ачып салбайт, атүгүл толук окуп чыккандан кийин да анын маңызын түшүнүү үчүн кайра кайрылып окууга туура келет. Бул болсо сатириктик касиет ага Теңирден бүткөндүгүнөн, дүйнөнү өзүнчө, нукура сатирикче көрө билүү жөндөмүнөн, акырында окумалдуулугунан, маданиятынын бийиктигинен кабар берип турат. С.Сарыгулов өзүндөгү табигый шык-жөндөмдү өзү окуп үйрөнгөн табылгалар менен өтө кылдат жуурулуштура, айкалыштыра билет. Экинчиден, жогорудагыдай жагдайлардан улам, анын сатиралары, шарттуу түрдө айтканда, интеллектуалдуу сатира, ал жеңил-желпиликке, ашкере жылаңачтоого, курулай күлдүрүүгө умтулбайт, анын сатирасы адамдын интеллектине барып октой сайылып турат. Үчүнчүдөн, С.Сарыгуловдун сатиралары – бул сахналык сатиралар, ал сахнада ойнолушу керек, ал эми С.Сарыгуловдун өзү сатирик-прозаикке караганда сатирик-драматургга жакын турат. Эгер зирек, чыгармачыл режиссер менен куудулдардын колуна тийген болсо, анын чыгармаларынын дээрлик баары сахналаштырууга жарактуу да, ылайыктуу да экендигин белгилей кетүү жөн. Анан да ар бир чыгармасынын негизинде кыска метраждуу, болбосо бир нечесин бириктирип, толук метраждуу көркөм фильмдер (В.Шукшиндин чыгармалары боюнча тартылган фильмдерди эстейличи) тартылса не деген керемет жасалган болор эле. Эми бул – келечектин иши, балким, ага да күбө болуп каларбыз.

Жыйнактын экинчи бөлүмүндө орун алган айрым сүрөткерлердин бейнесине тартылган сүртүмдөр тууралуу айтып кетпесек болбос. Албетте, ар бир адамды акын-жазуучулардын чыгармалары, актерлордун аткарган ролдору, режиссерлордун койгон оюндары кызыктырары белгилүү. Бирок ошол чыгармаларды жараткан, ролдорду аткарган, оюндарды койгон адамдардын (авторлордун) жан дүйнөсү, жаны (психологиясы) андан беш бетер кызыктырарын да унутпашыбыз керек. Айталы, “Кычанды” жараткан сүрөткердин жаны кандай болду экен деп ойлобой койбойсуң да. Анан калса, деги эле көркөм чыгармачылыкта адам жаны башкы орунда турат го, тагыраак айтканда, көркөм өнөрдүн негизги бутасы, объектиси адам жаны болууга тийиш эмеспи. Мына, ХХ кылымдын улуу чыгармаларынын бири М.Шолоховдун “Тынч Донунда” ааламды ала салдырган философия деле жок, акылмандуулук деле жок, адептүүлүккө үндөө деле жок. Болгону адам жаны, анын кыймылы бар, а жан дегенибиз – бул тагдыр эмеспи. Бул эми каармандын жаны, бирок бизди ошол каарманды жараткан адамдын жаны да кызыктырат да. Ошон үчүн жыйнактагы сүртүмдөр да, кимди болбосун өзүнө тартпай койбойт, өзгөчө Кубанычбек Маликов, Аманкул Куттубаев, Шүкүрбек Бейшеналиев, Асанбек Стамов, Калканбай Ашымбаев өңдүү сүрөткерлердин жаны кашайып көз алдыңа бир тартыла түшөт, бир селт этип аласың.

Эми күлкүбүзгө кайра кайрылып келели. Ымыркай күлкүсү, сатирик күлкүсү. Ымыркай эмне үчүн күлөт болду экен? Билбеймин, бир билгеним – ал кимдир бирөөнү күлдү­рөйүн деп күлбөсө керек. Сатирикчи? Сатирик да күлдүрөйүн дебейт, күйгүзүп куйкалайын дебейт, ал болгону көкүрөктөгү күйүтүн, өзөктөгү өртүн чыгаргысы келет, жок, булар сатириктин эркине баш ийбей эле өзүнөн-өзү чыгып кетет. Биз ушундай ойлойбуз, сатирикке ушундай милдет таккыбыз келет. Демек, сатириктин күлкүсү – бул ый, күйүт жана өрт. Ушундай болгондо гана ал ымыркайдын күлкүсүндөй тунук жана табигый болот. С.Сарыгуловдун сатиралары мындай касиетке толук эгедер. Келгиле анда, урматтуу окурмандар, “Жылмайгың же ырсайгың эле келебини” чогуу бирге окуйлу да, күлөлү, күйүп куйкаланалы жана тазаралы!

Бейшебай УСУБАЛИЕВ, жазуучу, илим доктору, профессор,
“Кыргыз Туусу”,
12.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.