Алмаш Чойбекова: Азаптуу сулуулук. Акындык тагдыр. Армандуу өлүм

Акындык да, адамдык да жолу аксап, күйөөсүнүн кызганычынан ок жеп, азиз болуп калган акын аялдын тагдыры… Күйөөсү Алмашты аттым деп ойлоп, кийин өзүнө-өзү ок чыгарып өлүп алат. Ал эми акындын көзү көрбөй калат. Жакында кыргыз поэзиясындагы ошол жарык жылдыз биротоло өчтү. Бул туурасында колумнист Абдыкерим Муратов мүрзөгүл жазды.

Биз анда Ошто пединститутта студент элек. Алмаш Чойбекова ошол эле шаарда жаңыдан эле ачылган театрда иштеп жатыптыр. Жылнаамада 20-кылымдын 70-жылдарынын башы эле. Келбети, сулуулугу эми бир укмуш кыз болчу… Эркектин баары эбедейи эзиле сүйүп, өзүнчө бир сулуулуктун символу катары сезилчү. Айтылуу адамдар артынан эрчип, ыр арнашып, сүйүү сезимин билдирип… айтор, анын жаштыгы бизге жомоктой сезилчү. Ошондо ал жыйырма беш-жыйырма жети жаштарда экен.

Бир жолу театр менен Ысык-Көлгө гастролго кетип, көп күн жүрүп, Ошто калган күйөөсүн сагынып ыр жазат.

Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде,
Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде.
Сеңселткен саамайларын ак кайыңдар,
Самашып сагынычымды уккан кезде
Барам сага.

Ширесин карагаттар чачкан кезде,
Ажарын жоогазындар ачкан кезде.
Кучактап бейкутчулук түн коюнун,
Күн сулуу уясына баткан кезде
Барам сага.

Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде,
Ак жамгыр электете төккөн кезде.
Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз,
Көп күндөр арабыздан өткөн кезде
Барам сага.

Чеберчиликти карабайсызбы?! Ар бир сабы метафора, салыштыруу, эпитет менен коштолуп, алар биринин артынан бири ээрчишип келет. Мындай саптарды текши поэтикалык каражаттар менен коштоо чебер акындын гана колунан келбесе, баары эле мындай сапты сапка кынай албайт эмеспи. Алматай – Алмаш акын ушундай чебер эле.

Ошентип ал, кыргыз поэзиясына кылдат акын, пейзаждык лириканын устасы катары кирип, тааныла баштады.

Анан эле жогорку театралдык билими жоктуктан роль тийбей четке чыгып калдыбы, же дагы башка себептери болдубу, Оштон да, театрдан да кетип калды. Кеткенде да туулган жери Кетмен-Төбөнүн Чоң-Арык айылына пионер вожатый болуп кетип калды… Андан ары үч жылдан соң Фрунзеге кетет… Ошол кетишинде журналистика менен алектенип иштеп жүрөт, 1979-жылы “Ак булут” аттуу биринчи ыр жыйнагы чыгат, 1980-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн сырттан окуп бүтүрүп, 1981-жылы СССР Жазуучулар союзуна өтөт.

Жогорудагы “Барам сага” деген ыры анын акындын дараметин гана көрсөтүп калбастан, элге таанытты, композитор Жайлообок Жалгасынов музыка жазып, Дарика Жалгасынова маэстро Асанкан Жумахматовдун дрижёрлугунда оркестр менен ырдап чыкты. Кийин Дооранбек Садырбаев “Махабат дастаны” фильминде “Бегимайдын ыры” кылып, казакча которуп, кинодо үнү жаңырды. Дагы бир таланттуу музыкант Кадыралы Артыков бул ырдын дагы бир обонун жаратты.

Дал ошол ыр арналган Алмаш эженин биринчи күйөөсү сулуу десе сулуу, ыр-музыкага жакын, келбети келишкен жигит экен. Он эки жыл түтүн булатышып, этегинен жалгабай эки башка кетишип, ошондон кийин анын тагдыры башка нукка бурулат…

Кайдасың сагынган кымбатым,
Акылдан адашпас кылдатым.
Жанаша басканда көрк берер,
Жарашык, сулуулук сымбатым.
Кайдасың кумардуу кучагым,
Жытыңды жыттоого кусамын.
Сен менин конушум көгөрүп,
Сен болсоң бийикке учамын, — деп кала берет.

1983-жылы “Ырлар”, 1987-жылы “Өмүр салтанаты” деген ыр китептери чыкты, анын текстине Рыспай Абдыкадыров, Токон Эшбаев сыяктуу обончулар не бир керемет обондорун жазды. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери наамын алды.

Анын “Кыялдануу” деген ырына Кадыралы Артыков чыгарган обонду Медер Кыдыршаев деген табылгыс ырчы гитара менен аткарып чыкканда жүрөгү таш адам да дилин бир эзип алчу. Ананчы:

Чачылып жатса шүүдүрүм,
Ак бермет болуп көктөмдө.
Эрксизден мөлт деп төгүлсө,
Экөөбүз басып өткөндө.
Ээ-эй, ак жамгыр төксө шорголоп,
Оо-ой, арчага келсек корголоп.
Кекилик учпай жем издеп,
Азгырса бизди жорголоп, — деп акын, обончу, аткаруучу – үчөө биригип бизди жайлоого алып барып таштачу. Анын эң башында сөз турган, сөздүн күчү турган.

Анан эле акындын тагдыры такыр башка нукка бурулду. Кийинки – үчүнчү күйөөсү, аскер кызматкери, кызганчаак чыгып, Алматайды артынан аңдып барып, эки жолу атып, акыры аны өлтүрдүм деп ойлоп, кийин өзүнө-өзү ок чыгарып өлүп алат. Ал эми акын эки көзсүз калат…

Көзсүз жашоо… Башка күйөөлөр… Жашоо болбой калды… Карызга батты. Өкмөт берген үй карыздарды төлөөгө кетти. Бизге, редакцияларга, телефон чалып, узак-узак сүйлөп, ырларымды баскылачы, бир аз калем акы бергилечи деп суранып турчу, биз да күндөн күнгө жакырданып, ыр да баса албай, калем акы да бере албай калдык… Эже болсо “Орто-Сай” базарында жетелетип жүрдү. Бешинчи күйөөсү атактуу акын Абдырасул Токтомушевдин уулу аны жетелеп жүрчү…

Акыры айласы кетиптир… Эмне максатта экен экөө Алайга жөнөптүр. Жолдо жүрөгү кыйнап, ооруканага түшүптүр, алар болсо дарылап бүтүп Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы карылар үйүнө жайгаштырыптыр. Акын сиңдилеринин бири Бурулкан Карагулованын сүрүштүрүүсүнө караганда карылар үйүндө экенин эч кимге айтпаптыр, ал жердегилердин да айтпашын талап кылыптыр…

Анан адегенде күйөөсү бул дүйнө менен кош айтышып, артынан өзү да кете бериптир… Белгисиз, кароосуз бир заттай…

Акындын бир ыры кулагымда дале жаңырып турат:

Ботонун көздөрүнөн ак шам өчсө,
Боздоодон туралбаган инген чөксө.
Бакытты куйган чөйчөк мелт-калт эмес,
Ай чыгат аз түн толо, көп түн бөксө…

Абдыкерим Муратов, “Sputnik-Кыргызстан”, сүрөттүн автору Табылды Кадырбеков, 11.07.2017-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Алмаш Чойбекова: Азаптуу сулуулук. Акындык тагдыр. Армандуу өлүм

  • 24.07.2017 at 08:48
    Permalink

    Алмаш жонундо-Анда мен ИИМдин борбордук апаратында иштеп калган элем…Кундордун биринде ИИМдин ошол кездеги орун басары Сагын Наматбаев чакырып калды.Кабинетине кирсем,ал киши ордунан тура калып эле -сага бир тапшырма болот-деп калды…Мен а кишини угуп турдум…Башкаларга караганда бул иш сага ылайыктуу деди..Бул тунгуюктуу нерсени жакшы тушуно албай турганымды сезди окшойт,Сагын Наматбаев -бир жазуучу акын кыздын ахыбалы абдан кыйын экен,сени ошого жардам кылуу учун чакырдым деп калды…Клуман келсе жардам берейин-дедим.Ал киши да китеп окуган,ал тугул озу да китеп жазып,айрым орустун жазуучуларын которуп да журчу эле…Ошол кезде менин да ырларым “Ленинчил Жаш”,”Кыргызстан маданияты ” кезиттеринде жарык коруп калчу эле..Бир чети ошндуктан мага кайрылышкан окшойт,экинчи себеби Сагын Наматбаевдин жубайы Майрамкан Абулкасымованын да бул ишке тиешеси бар окшойт…Менимче экоо акылдашып туруп,анан мага тапшырууга макулдашкан окшоду..ИИМдин бир кызматтык машинесин алып ,Алмаш Чойбекованын куйоосу экоо жашап жаткан Кордойдогу аскердик шаарчага бардым.Мага айтылган маалыматтар боюнча алар ажырашкан,бирок кочуп кетууго ошол кездеги жолдошу мумкунчулук бербей жаткан экен…Мен барганда туйунчоктору танылган,кочууго даярдыгы бар экен.Мен ал жигиттен алардын нике тууралуу куболугун корсотууну сурадым,ал мага нике тууралуу куболуктору жок экендигин айтты..Мен болсо ИИМдин министринин орун басары Сагын Наматбаевдин жеке тапшырмасын аткарууга келгенимди айтып,анын сабырдуу болуусун отундум…Ал бир бурчта гитара чертип,ырдап олтура берди…Мен ошентип Алмаш Чойбекованы борбордогу Чатыр Кол кинотеатрынын оро парасындагы уйлордун бирине кочурууп келкуусуно жардам кылган адам болуп калдым…Анан кийин эле угуп калдым,ошол аскердин адамы аны аткылаганда Алмаш тируу калып,бирок козунон ажырап калыптыр деп…Ошол учурда менин байкаганым,ал абдан ажарлуу анан калса,сезимталдыгы айлана чойросундогулорду да ошол сулуулугу менен кошо жайпап тургандай бир айым болуп корунду.. Башкалардан ботончо бир айрымалуулугу бар,бул дуйного суйуу учун гана жаралган жандай элес калтырды…

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.