Франц КАФКАнын чакан аңгемелери

“ПОСЕЙДОН”

(притча-аңгеме)

Посейдон жумушчу ордунда эсеп-кысабы менен алек болуп отурду. Бардык суулардын эсебин алыш толгон-токой эмгекти талап кылат эмеспи. Ал канча кааласа ошончо жардамчыларды жалдап алса болмок, андай кызматкерлери деле жетишерлик, бирок ага тапшырылган жумуш өтө жоопкерчиликти талап кыларын эске алып, бардык эсеп-кысапты кайрадан текшерип жаткан, бул жерде ага эч кандай жардамчы огожо боло албайт.

Ага бул иш анча деле ырахат тартуулачу эмес, чынында ал иш ага ишенип берилгендиктен, аны чоң милдет катары көрчү, моюнга алганда, ал башка ишке, өзү айткандай көңүлдүүрөк орунду алуу үчүн көп эле аракет жасап көргөн; бирок башка ишти сунуш кылышканда, так азыркы отурган оруду ага эң ылайыктуу болуп чыкчу. Ага башка орунду табыш да кыйын болчу, ага кантип эле бир деңизди бекитип берип коюшсун, ал жактын эсеп-кысабы деле азыркыдан кем эмес болгону менен майда болмок, барынан да улуу Посейдон жогорку кызматтан башка орунга отура албайт да.

А эгерде, суу менен байланышы жок кызмат сунушталса, ал жөнүндө ойлогондо эле кускусу келип, деми кыстыгып, коло сымал чымыр көкүрөк клеткасы чыңалып көөп чыкчу. Анын бул оорусуна эч ким деле маани берчү эмес; бирок “жогору жактан” шамал соккондо калп да болсо алардын эркине баш ийимиш болуп, өзүңдүн алардан төмөн турарыңды билдирип коюш керек да.

Чындыгында Посейдонду кызматтан бошотуу эч кимдин деле оюнда жок болучу, эзелтеден эле аны деңиз кудайы кылып дайындашкан, бул жерде андан башкача болушу да мүмкүн эмес эле. Баарынан да жини келгени — анын кызмат абалына алымсынбаган себеби да ошол болучу — элдин ал жөнүндө туура эмес ойдо экендигинде: үч илигин көтөрүп алып деңиздерди аралап, чоң толкундардын арасында жүргөн сыяктуу көрүшкөндөрүндө эле; а чындыгында ал дүйнөлүк океандын түбүндөгү кеңсесинде отуруп алып эсеп-кысабын жүргүзөт. Болгону анда-мында Юпитердикине конокко барып келет, ал жактан көбүнчө жинденип кайтканы менен бул анын тажатма жашоосундагы бирден-бир көңүл ачуусу.

Ошондуктан, Олимпке чыгып баратканда чала-була көз кыры түшүп калганы болбосо, деңизди кыдырмак тургай жарытылуу көрүп жыргата элек. Ал бул ишти акыр заманга чейин калтырганын айтып келет, акыр замандын мына-мына болор астында, эсеп-кысабын бүтүрүп, бир бош убак таап, жер шарын тез айланып чыкканга үлгүрөм го деген үмүтү бар.

 

CАНЧО ПАНСА ЖӨНҮНДӨ ЧЫНДЫК

Кеч кирген сайын рыцарлар менен каракчылар жөнүндөгү романдарды окуп берип жатып, андай деле мактанарлык таланты болбосо дагы, өзүндө минип алган шайтанды сыртка азгырып чыкканга жетишти, кийин аны Дон-Кихот деп атап алды, ал биринен сала бир акылга сыйбаган жоруктарды көрсөтө баштады, бирок да атайын тандап алган сүйүктүү нерсеси жок болгондуктан — андай нерсе так ошол Санчо Панса болуш керек болчу — эч кимге зыянын келтиришкен жок.

Эркин адам катары Санчо Панса кандайдыр бир жоопкерчиликти сезгендиктен, ал Дон Кихотту өмүрүнүн акырына чейин коштоп жүрүүнү кызыктуу жана пайдалуу аракетке айлантып алган эле.

 

ЖАҢЫ АДВОКАТ

Биздин катарыбызга жаңы адвокат кошулду — д-р Буцефал. Анын сырт келбетинен алдыңда бир кездерде Александр Макендонскийдин согушка минген аты турат деп айтыш кыйын эле. Баары бир билген адамдардан эч нерсе жашыра албайсың да. Жакында эле бир көрпенде кызматкердин ат чабыштарды калтырбай көрүп каныккан көздөрү кызаргыча, соттун кире беришиндеги мрамор тепкичте жоон сандарын бултаңдатып секирип чыгып келаткан адвокатты суктана карап турганын көзүм чалды.

Анткен менен адвокаттар коллегиясы Буцефалды биздин катарыбызга кошуп алууга эч тоскоолдуксуз макулдугун берди.

Адамдар Буцефалга анын дүйнө тарыхындагы ээлеген ордун айтпаганда да, анын азыркы учурдагы абалга көнүшү бир топ кыйын экенин өзгөчө сезимталдык менен түшүнүп сөз кылып жатышты.

Өзүңүздөр билесиздер, улуу Александр арабызда жок азыр. Бирок кудайга шүгүр, киши өлтүргөндү бизде деле билишет; банкет үстөлүнө артыла калып досун найза менен ыргыта сайыш кеп бекен, адаттагы эле нерсе. Көп адамдарга Македония тардык кыла баштады, ал үчүн Филип-атаны ата-жотосун койбой сөгүп кыжынышат, бирок бир да адам, эч ким, бизди Индияга баштап бара албайт эй.

Шол кезде эле Индиянын дарбазасы кол жеткис болчу, бирок ага барчу жолду падышанын сүрдүү кылычы көрсөтүп турар эле. Азыр болсо дарбаза башка жерге – алыс жана мурдагыдан да бийик жерге которулган, бирок жол көргөзкөн эч ким жок; кылыч кармагандар толтура, алар аны таяк сымал ары-бери сороңдотконду эле билишет, анан алардын артынан кайсы жинди ээрчимек.

Ошондуктан баарынан туурасы – Буцефалдай, мыйзамдар китебин окуп үйрөнүүгө киришүүсү керек. Атасынын көрү эй, өз башына өзү ээ: баягы-баягы үстүнө минип алып кайра-кайра камчылаган каардуу кожоюн жок, үлпүлдөп күйгөн шам жарыгында Александр жүргүзгөн согуштардын күү-шаасынан оолак, тынч отуруп алып, илгерки китептерди барактап окуур-окумаксан түр көрсөт да, отура берет.

 

ЧАКА МИНГЕНДЕ

Көмүр түгөндү; чака бошоду, калак пайдасы жок жатат; меш оозунан муздак аба бүркүп, бөлмө сөөгүнө чейин тоңгон, терезенин түбүндө кыроо баскан дарактар кыймылсыз тоңуп турат; асман – жардам сурап кайрылгандарга каршы көтөрүлгөн зор күмүш калкандай калдаят. Көмүр табыш керек; биротоло тоңуп өлмөк белем! Арт жагымда – аёну билбеген меш, асты жагымда – ошондой эле боору таш асман; экөөнүн ортосунан шырп алдырбай өтүп барып, көмүрчүдөн жардам суроого туура келет. Бирок адаттагыдай сурап барсам бербеси бышык, ага кандай болсо да салмактуу далил келтирип, чакамда көмүр тургай анын чаңы да жок экенин, демек, ал мага асмандагы күн менен барабар экенин түшүндүрүшүм керек.

Мен ага ачкачылыктан улам кожоюндун босогосуна сойлоп барып, боорукер кызматчы аял куюп берген, чала ичилген кофенин түбүнө ыраазы болгон кайырчыдай баш уруп, бүжүрөп барышым зарыл. Мейли, көмүрчү ачуусу менен бакырып-өкүрүп тилдеп, жетээр жериме жетсин, бирок “жакыныңды өлтүрбө” деген кудайдын бизге жиберген осуятын эсине алып, чакама бир калак көмүр ыргытып кубалап чыкса эле болгону.

Кебетемди көргөндө эле ал, мени кур кол коюуга болбосун түшүнгөндөй болуш керек, ошондуктан чакамды минип алып ага бармай болдум.

Сабын тизгин кылып, чакамды миндим да, бурулуштардан мүдүлүп отуруп тепкичтен ылдый түштүм. Ылдый түшүп алган соң, жонуна таяк тийип тура калган төө кебетеленип чакчаңдап, кайран чакам башын бийик көтөрүп алды. Жорго жүрүш менен тоңголок баскан кыска жолдо бараттым. Бирде өйдөлөп экинчи кабатка чейин көтөрүлүп, бирде ылдыйлап, бирок сыртка чыгуучу эшикке чейин жетпей жүрүп отурдум. Акыры калем сабын кытыратып бир нерселерди чиймелеп отурган көмүрчүнүн жертөлөдөгү кеңсесинин алдына келгенде бууга калкыгансый түштүм; ысыктан улам жертөлөнүн каалгасын ачык ташташыптыр.

– Эй, көмүрчү! – суук тийип кыркыраган үнүм менен кыйкырдым, өз оозумдан чыккан калың буунун арасында калдым, – бай болгур, мага бир аз көмүр бер. Көрдүңбү, ал таптакыр бопбош калганынан минтип, чаканы минип алдым. Бир жакшылык кылып кой, кандай акча тапсам, төлөп берем.

Көмүрчү алаканын кулагына такап тыңшап калды.

– Мен чын эле угуп атамынбы? – моюнун буруп, көпчүккө отуруп алып бир нерсе токуп олтурган аялына кайрылды, – Бирөө сүйлөгөндөй болдубу ыя? Кардар келгенби?

– Мен эч нерсе уккан жокмун, – дейт аялы, шиштерин дем алган сайын деми менен чогуу шыпылдата кыймылдатып, аркасына өткөн жылуулукка магдырап отурган жеринен.

– Ооба, бул менмин, силердин кардармын, – деп кыйкырдым, – эзелтеден берки туруктуу, бирок убактылуу акчасы жок кардарыңармын.

– Уксаң, тиякта бирөө жүргөнсүйт. Бирөө барбы дейм ыя? – дейт көмүрчү, – азырынча кулагым түзүк эле, каңырыш боло элекмин. Чынында эле эски кардарлардан болуп жүрбөсүн.

– Ой деги, сага эмне болгон? – деп аялы токуп аткан буюмун көкүрөгүнө кысып бир аз токтой калды. – Көчөдө бир да жан жок, кардарлардын баары көмүрлөрүн эчак эле камдап алышпадыбы. Эки-үч күн соода болбойт, ойлонбой эле эс ала берсең болот.

– Кантип, кантип! Мына мен чака минип астыңарда турбаймынбы! – деп кыйкырдым, ызалангандан эмес, сууктан чыккан көз жаштан ачышып чыккан каректеримди ушалап. – Башыңарды өйдө көтөрүп карасаңар эле мени көрөсүңөр, суранам, бир эле калак көмүр берип койгулачы, ал эми экини берсеңер такыр эле бактылуу кылат элеңер. Калган кардарлар көмүр менен камсыз болушуптур. Бир аз каралашсаңар менин чакамда да көмүр болуп калат эле!

– Азыр чыгам! – деп көмүрчү жөргөлөй басып тепкичти көздөй жөнөгөндө, аялы кууп жетип жеңинен кармап токтотту.

– Токто, барба. Андай эле барыш керек десең, мен барам сенин ордуңа. Сен эмне таң аткыча карсылдап жөтөлүп чыкканыңды унутуп койдуңбу? Жумуш десе аялыңды да, балдарыңды да, өпкөңдү да унутасың кургурум. Коё тур, мен өзүм барам.

– Мейли, кандай сорттогу көмүрлөр бар экенин унутуп калбай толук айтып бер. Бааларын унутуп калсаң кыйкырып коём.

– Макул, унутпайм, – деп макул болуп жертөлөдөн сыртка чыкты да мени көрдү.

– Саламатсызбы, кожойке! Сизден өтүнөм, сураганым бир эле калак көмүр; мынакей, чакага бир аз салып берсеңиз өзүм көтөрүп кетем. Эң арзан көмүрүңүздөн бир калак бериңизчи. Албетте, бекер эмес, акысын сөзсүз төлөп берем, бирок бир аз кечирээк. «Бир аз кечирээк» деген сөз жанаша жайгашкан чиркөөдөн чыккан коңгуроонун үнү менен жарыша чыгып, аны менен куюлушуп, жагымдуу кабардай угулду.

– Ага эмне керек экен? – деп кыйкырды ылдыйтадан көмүрчү.

– Эч нерсе, эч нерсе деле эмес, – деп жооп берди көчөдөгү аялы. – Киши жок, эч ким көрүнбөйт, коңгуроо алты жолу какты, дүкөндү жабуу керек. Эшиктин суугун айтпа, эртең жумуш чачтан көп болот окшойт.

Ага эч нерсе көрүнгөн да жок, угулган да жок. Ошондой болсо да ал белдемчисин чечип алып мени көздөй шилтеп калды.Тилекке каршы, анын аракети текке кеткен жок. Менин чакамда тулпарга тиешелүү бардык жакшы сапаттар болгон менен, бир олуттуу кемчилиги бар, ал өтө эле жеңил болгондуктан бекем тура албайт, белдемчи тийгенде анын буттары чалыштап аз жерден жыгылып кала жаздады.

– Ах жылаан! – деп кыйкырдым артка кетенчиктеп баратып, ал болсо дүкөнүн жаап жатып жогол дегенсип колун шилтеп койду. – Ооба, жылаансың! Бир калак арзан көмүр сурасам бербей ууңду чачтың.

Ушул сөздөрдү айттым да жогору көтөрүлүп, экинчи кайткыс болуп түбөлүктүү муздардын арасына житип кеттим.

 

МЫЙЗАМДАР ЖӨНҮНДӨ

Биздин мыйзамдар аз эле кишилерге маалым— бул сыр бизди башкарып келаткан бир ууч аристократтарга гана тиешелүү. Биз эски мыйзамдардын баары эч айныксыз аткарылат деп ишенип жүрөбүз, бирок чындап келсе сени, сен билбеген мыйзамдар менен башкарып жатканы оор эле тиет экен, эй. Мен мыйзамдарды талкуулоого жалпы эл катышпай, анын кээ бир эле өкүлдөрү катышканы, ал талкуулоолордо жаралган ар түркүн пикирлердин коомго тийгизкен залалы жөнүндө айтып жаткан жерим жок. Ал анча деле көп зыян келтирбестир. Анткени мыйзамдар илгертеден эле келе жатпайбы, аларды талкуулоонун үстүндө адамдар кылымдар бою эмгектенип келишти, андыктан мыйзамдарды талкуулоонун өзү мыйзам болуп калган, ошентсе да чектелүү болсо дагы эркин талкуулоого мүмкүнчүлүгүбүз али да бар.

Аристократия өз кызыкчылыгын коргоп, талкуулоону өз пайдаларына чечип алышты деп ойлоого да эч негиз жок — ансыз деле мыйзамдар башынан ошол аристократиянын таламдарын коргоо үчүн кабыл алынган, ал мыйзамдар аристократия үчүн жазылган эмес, керек болсо алар аны аткарбай деле коюшат, анткени алар толугу менен аристократиянын өз колунда болуп жатпайбы, балакеттики.

Чындыгында, мында акылмандуулуктун үлүшү бар — эски мыйзамдардын туура эмес түзүлгөнүнө ким шек санайт экен, а? — биз үчүн ошонун өзү кыйноо болуп жатпайбы, сыягы мындан эч кутула албайт окшойбуз да.

Бул мыйзамдардын бар экени — өзү божомол нерсе. Биз көнгөн адат боюнча эле алар бар жана ал аристократияга сыр катары ишенип берилген деп эсептейбиз, аңдап көрсөк бул жөн гана илгертеден көнүмүш болуп калган жаңылыш көз караш, анткени мыйзамдын өзүнүн табигаты мыйзамдардын келип чыгышын сыр катары сактоону талап кылат.

Эгерде биз, карапайым адамдар, бул маселе боюнча ата-бабаларыбыздын калтырган жазмаларына көз жүгүртүп, алардын андан берки кылгандарын тыкыр изилдеп, аристократиянын атамзамандан берки аракетин карап көрсөк, көп сандаган фактылардын ичинен тарыхта кабыл алынган тигил же бул чечимдеринин негизги өзөгүн таап, ошол тандалып алынып, бир системага салынган фактылардын негизинде учурга жана келечекке пайдасы тиер жыйынтыктарды чыгарсак, мунун баары кыялдагы болбогон нерселер болуп калышы мүмкүн, анткени андай мыйзам балким такыр эле болгон эместир.

Аристократиянын жасаганынын баары — бул мыйзам, бардык мыйзамдар ушул максатта кабыл алынышы керек деп чын ниетинен ойлоп, аны далилдөөгө аракет кылган кичинекей партия бар.

Бул партия аристократия орногондон кийин жаралган нерселерди гана кабыл алат, ал эми элдик бийликти четке кагат, алардын ою боюнча анын пайдасынан зыяны көп имиш, анткени ал эл ичинде жалган, алдамчы, жеңил ойлуу ишенимдерди пайда кылат экен.

Албетте, зыяны болушу мүмкүн дечи, бирок биздин элдин көпчүлүгү анын себебин башкадан көрөт: элдик бийлик бардык нерселерди эске албайт, аны терең изилдеш керек, ал тургай андагы материалдар канчалык чоң болбосун, баары бир аздык кылат, ал баарын ичине камтыгыча дагы кылымдар өтөт.

Келечекке ишенбөөчүлүктүн кара туманын, ал сөзсүз келет деген ишеничтин жарык нуру гана жарып өтө алат, акыры бир тынымдан кийин, элдик бийликке кайра кайтышып, бардыгы ачык жана тунук болуп, мыйзам элге кызмат кыла баштайт, а аристократия орду түбү менен жок болот.

Бул айтылган сөз аристократияны жек көргөндүктөн келип чыккан жок, андай ой эч кимде жок. Андан көрө биз өзүбүздү мыйзамдарды алигиче бизге ишенип беришпегендери үчүн, ал ишенимге татыктуу боло албай жатканыбыз үчүн жек көргөнүбүз оң. Ошондуктан, биз кеп кылып жаткан партия, кандайдыр бир деңгээлде назар салганга арзыйт, чындап келгенде алар эч кандай мыйзамдарга ишенбейт, мындайлар азыр өтө аз калды, анткени аристократияны толук колдойт, анын жашоого укугун тааныйт.

Мындан эми эки ачакей пикир келип чыгып жатпайбы: эгерде бир партия аристократияны биздин мыйзамга болгон ишенич-мишеничибиз менен кошуп туруп көчүккө тээп кубалап чыгышса, ошол замат эле эл алардын тарабына өтмөк; бирок мындай партиянын жаралышы мүмкүн эмес, анткени эч ким аристократияга каршы чыкканга батына да албайт. Ушундай устаранын мизинде жашап жатабыз. Бир жазуучу муну мындай деп сүрөттөйт: биз баш ийе турган бир эле мыйзам бар — бул аристократия, эми ушул жалгыз мыйзам үчүн баарыбыз жоголуп кетебизби?

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.