Электрондук китептер

Интернеттен кыргыз китептерин табуу кыйын экенин, табылса да аларды смартфондордо окуганга ыңгайсыз экенин эске алып, замандан артта калбайлы деп “Кыргыз маданият борбору” сайтында электрондук китептердин китепканасын ачтым. Бул китептер смартфонго, букридерге (epub жана mobi форматында), компьютерге (pdf форматында) жүктөп окуганга ыңгайлаштырылган.

Азырынча бир гана китеп жүктөлдү. Ал – 2011-жылы сайтыбыз уюштурган “Бир ыр” сынагынын жеңүүчүлөрүнүн ырларынан турган жыйнак.

Электрондук китепти түзүүнү жаңыдан гана үйрөнүп жатканыман кайсы бир кемчиликтер байкалса кечирим сурайм. Ушуга да байланыштуу жаңы китептерди күтүүгө туура келет.

“Электрондук китептерди” бул жерден бекер жүктөп алса болот – https://kmborboru.su/el-kitep/

Эскерте кетчү жагдай:

mobi форматындагы китептер Amazon Kindle букридеринде (китеп окугучунда) окуганга;

epub форматындагы китептер iBooksка жана башка ридерлердин көбүндө окуганга;

pdf планшет жана компьютерде окуганга.

Смартфондордо аталган китептерди окуш үчүн Google Play ден атайын программаларды жүктөп алыш керек. Алардын эң белгилүүлөрү:

Cool Reader

FBReader

Moon+ Reader

Aldiko Book Reader

PocketBook Reader

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.