Бактыгүл Көкөтаеванын баео дүйнөсү
Кыргызда “атын атасаң куту сүйүнөт” деген улуу сөз бар. Кандай жакшы эмгек болбосун, аны ким кылганын сөзсүз так, даана айта жүрүш керек, унутта калбасын деген кеп. Бул айрыкча азыркы ит ашы кара буламык болгон баш аламан замандагы автордук укук менен чектеш укуктарга түздөн-түз тиешелүү. Тилекке каршы, элдин сүймөнчүгүнө айланып, жүрөктөн кирип бойду алган далай мыкты обондуу ырлардын аткаруучусу гана көңүл борборуна чыгып, аны жараткан акын менен композитордун эмгеги көлөкөдө калган учурлар өтө эле көп. Ошондой мыкты обондуу ырлардын бири – окурмандын колунда турган жыйнактын автору Бактыгүл Көкөтаеванын “Жамгыр калсын эсимде” аттуу ыры:
Көктөм өткөн
Көздөр чөккөн,
Көңүлдөр жок баягы.
Жаздагы өктөм,
Жашын төккөн,
Жамгыр да жок андагы.
Көңүл бошоп,
Өмүр мокоп,
Күзгө айланат каректер.
Кандай десем,
Кайда кетсем,
Жансыз ушул даректен?
Эми баары,
Арман, кайгы,
Болсо болсун, болгондой!
Сен да кеттиң,
Кейибейин,
Тагдыр өзү ошондой.
Эстегенде,
Кез келгенде,
Арманымдай сезилбе.
Жалгыз гана,
Жакшы ыр жана
Жамгыр калсын эсимде...
Бул элдин сүймөнчүгүнө айланган ырдын сөзүн да, обонун да Бактыгүл Көкөтаева тээ студент кездери ӨЗҮ жазып, студенттик фестивалдарда алдыңкы орун алган. Ал кезде КУУнун чыгармачыл жаштарынын “Илхам” тобу маданиятка кызыккан студенттик жамааттардын алдыңкы сабына чыгып, бирде курч дубал гезиттерди даярдап, бирде өз учурундагы акын-жазуучулар, композиторлор менен жолугушууларды өткөрүп, өздөрү ыр жазып, обон чыгарып дүңгүрөп турган убак болчу. Топтун арасында эң уяңы Бактыгүл эле. Ошол кереги барда, кереги жокто да тартына берген мүнөзүнөн улам өзү чыгарган обону менен ырын өзүнүкү экенин айткандан да айбыгып жүрүп жакында гана аздыр-көптүр авторлугун ачыкка чыгарды. Ал аз келгенсип, ырларын жарыкка чыгаргандан да тартынып жүрүп тырмак асты жыйнагы эми колубузга тийип отурат. Ушунун өзү нукура кыргыз кыздарына мүнөздүү ыйбаанын, жөнөкөйлүктүн, бир эсе чыгармачылыкка жооптуу мамиленин белгиси. Тилекке каршы, биздин доор үчүн сейрек сапат…
Колубуздагы жыйнак эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүнө ырлары, анын ичинде обондуу ырлары кирген. Аларды окуй келгенде үч нерсе дароо көзгө урунат. Биринчиси – баштан аяк кызыл жип болуп өткөн сагыныч, айрыкча балалыкка, жаштыкка болгон өчпөс кусалык, ошонун тегерегинде бүтпөс ички диалог:
Тытмалап эски жараатты
Тышта жаан, тамчы дыбырайт.
Өтүштү нечен асылдар
Өзүндөй кылып ким улайт?
Баштаган ишим бүдөмүк
Багытым түшпөйт изине.
Айылга барбайм, көп болгон.
Атам да кирбейт түшүмө.
Куюндай өтүп бир учур
Курбулар чилче тарады.
Айтылган сөзүм угулбайт
Адамдын көбү жаралуу.
Бакыттын изи көрүнбөйт,
Телмире тиктейм айнекти.
Кимге эмне берип бул тагдыр
Ким эмне алды даректүү?
Экинчиси – ырлар уйкашын, ыргагын бирде сактап, бирде сактабай, бирде кадимки ыр, бирде ак ыр, бирде эркин ыр түрүндө жазылганы. Албетте, поэзияга коюлган жалпы талаптарга келсек, ырдын классикалык техникасын мыкты сактоо – чеберчиликтин эле белгиси эмес, анын негизги практикалык максаты – мазмунду жана маанайды окурманга оңой жеткирүү. Ошондуктан кыргыз поэзиясында мындай формалар өзүн актаган учурлар да сейрек кездешет. Акташы үчүн мындай ырларда берилген ойдун эмоционалдык таасири андагы техникалык чеберчиликтин кенемтелерин ашыгы менен толуктап турууга тийиш. Ошондо ал жөнү жок жерден кадамынан жаңылган чоң кишинин кыймылындай чочутпай, тамтуң басып баратып улам чалынып, улам мүдүрүлүп, ыйлап жиберип кайра мурдун шыр тартып коюп алдыга чуркап бараткан кичинекей баланын астейдил аракетиндей сүйкүмдүү көрүнөт. Көкөтөеванын “Көч” аттуу ырын окуганда жакында Интернет айдыңында тарап кеткен, чакадан башы чыгып күлүп турган бети кыпкызыл тоолук кичинекей кыздын эс тарткандагы элеси келет:
Көп болгон көрө элегим,
Көч өтөт арты-артынан.
Чыгышып кыштан аман.
Келатат кайсы айылдан?
Чыгыштан күтөт тоолор, талаалары.
Чаңдарга аралашып,
Чапкылайт атчандары.
Атама окшоп кетип аты да, өзү дагы.
Анан да апам өңдүү,
Өңөргөн баласы бар артындагы.
Көңүлүм алып-учуп
Караймын кайта-кайта арасынан.
Капилет көрүнчүдөй караандары.
Жомоктой өтүп кетип өмүрлөрү,
Жок азыр андагынын бири дагы.
Маанисин түшүнбөпмүн анча деле,
Мага ал күн майрам өңдүү сезилчү эле.
Ошентип ар жаз сайын көчөөр элек,
Жылдагы конуп жүргөн жерибизге.
Жолумдан түркүн гүлдөр тосуп чыгып.
Жүгүрсөм чөптөр менден бийик эле.
Көч болуп көргөнүбүз таңдан кечке.
Көп эле анда жайлоо жайлагандар.
Жүгүрүп ойноп жүргөн кыз элем мен,
Жүктөрдү ташыганга жарап араң.
Таңышып тагдырларын кереге-уукка.
Ташышып таң эртелей баштап көчтү,
Жүрөгүм толкунданып күтүп алчу,
Жүктөлүп баары бүткөн мезгилдерди.
Көрүнүп тургандай, сүрөттөмөлөрдүн баары турмуш чындыгынан алынган, акындын жүрөгүнөн чыккан элестүү баян болгондуктан, уйкашы менен ыргагы сакталбаганына карабай, окурманды жетелеп жүрүп отурат. Экинчи жагынан канчалык эркин формада болсо да баш уйкаштар, ички ыргактар менен ширетилген. Бул жагынан эмнени айтаарын бир өзү, бир Кудай билбесе, башка эч ким түшүнбөгөн, ошону эрдик көргөн бир катар жаш авторлордун тексттерине салыштыра келгенде бул ырлардын асман-жердей айырмасы бар.
Бул ырлардагы үчүнчү өзгөчөлүк – адамдарга карата боорукерлик, сезимдерди билдирүүдөгү нарктуулук. Ал айрыкча белгисиз каармандан башкалардын жоругу үчүн кечирим сураган аяр мамилесинен ачыкка чыгат:
Жакшылар жашоо ырын бүтүрүшпөй,
Жамгырга жүрөк болсо бири – сизсиз.
Айта албайм башка жакшы ой, каалоо-тилек,
Адамдар капа кылса кечириңиз.
Эскерүүдөн ыр жаздым аягы жок,
Эми качан билбеймин кезигүүбүз.
Аргасыздан ар дайым суранаарым,
Адамдар капа кылса кечириңиз.
Китептин экинчи бөлүгү – анын автору өзү иштеген соода-сатык тармагынын оош-кыйыштарын баяндаган күндөлүгү. “Дордойдун” “сыйы менен ыйын” тизмектеген бул күндөлүктө бир караганда биз үчүн көнүмүш, күнүмдүк нерселер тууралуу ойлор айтылган менен, анын эки чоң мааниси бар. Биринчиси – кыргыз элинин бир топ бөлүгү кирип кеткен соода-сатык тармагына карата али да болсо жан дүйнөсү кирдебеген, өз принциптерин жоготпогон адамдын көз карашы. Түшүнгөн кишиге соода-сатык экономикасы байыртадан көчмөн жашоо кечирип келген кыргыз элинин улуттук психологиясы үчүн отурукташуудан кийинки эле эң фундаменталдуу сыноолордун бири. Анын натыйжасы кайда барып такаларын философтор менен саясат таануучулар бүгүн да так айта алышпайт. Азырынча көзгө даана урунган бир гана нерсе – бул экономика тийгизген таасирдин өтө көп жактары адам тагдырларынын трагедиясы менен коштолгону:
«Бүгүн бир эжени банкрот болуптур деп угуп калдым. Жүрөгүм жаман ооруду. Кай жеринен жаза басып алды экен? Ысымын деле билбейм, тааныштыгым деле жок, болгону Кытайга товарга барганда чогуу учуп калчу элек. Биздин катардан өтүп калганын эле көрүп калбасам, бир да сүйлөшүп көргөн эмесмин. Эмнегедир сыртынан жакшы эжедей көрүнчү. Негизи «Дордойго» жумшак мүнөз жарашпайт. «Дордой» таштай бекем, эсеп-чотко так кишилерди сүйөт. Эми бул эже кайра кайтып «Дордойго» келеби, кайра сынбай, турабы – бул жагы өзүнчө суроо…»
Жыйнактын бул прозалык бөлүгү автордун адамдык портретин, бир чети өз башынан өткөн турмуш жолунун трансформациясын да көзгө сайып көрсөтүп турат. Анысы өзүнчө отуруп алып, Теңир менен сүйлөшкөн монологунан байкалат:
«Ар бир күнү сага кат жазганды адат кылып алгам, Жараткан! Анан кызыгы ар дайым «Салам, Жараткан!» деп баштайм. Ушинтип баштаганым өзүмө да жагат. Жазган каттарым эки дептер толуп, үчүнчүгө кетти. Мааниси ар кандай. Кээде эркелейм, кээде таарынсам, кээде жалбарып суранам. «Дордойго» келгендеги биринчи жумушум сага кат жазуу менен башталат. Эмнегедир жеңилдей да түшөм. Себеби сага эмне суроо берсем, качандыр жообун сөзсүз аларымды да билем. Ошондуктан катты түптүз өзүңө жазам. Экөөбүздүн ортобузда көптөр билбеген толтура сырлар бар. Кээсин ушул күнгө чейин өзүм да билбейм. Бирок анын баарын сен билесиң. Мисалы, «Дордойго» эмне болуп кирип кеткенимди ушул күнгө чейин өзүм да билбейм, а сен билесиң. Билмек турсун бышырып чыгарып койдуң. Азыр баягы Бакы жок. Андагы ар кимге ишенген Бакы азыр өзүнө гана ишенет».
Чакан көлөмүнө карабай ар кандай адамдардын образдарын, замандын оош кыйышын, анын көйгөйлөрүн камтыган бул күндөлүктүн экинчи чоң мааниси – бир кездеги көптү үмүттөндүргөн жаш акындарды көргөндө азыркы жылуу кабинетинен чыга келип: “Каякта жүрөсүң? Эмне жазбай калдың? Эмне көрүнбөй кеттиң?” деп бири таң калуу, башкасы кадимкидей эле доомат менен зекий караган айрым “классикалык” чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнө жооп.
Анткени бул муун так гана ушул китептеги “Дордойдо”, акындар Толукбек Меңдебаев сүрөттөгөн “Көчмөн дүйнөдөгү” эмгек миграциясында, Нуриза Өмүрбаева менен Нарсулуу Гургубаева жазган “Кат турмуштун” чордонунда жүрдү. Элетке кайтып барып, эл катары тирилигин кылып жүрсө да ырлары “эл акындарынын” эч кимисинен кем калбаган Шабдан Сулаймановдой нукура таланттар тоонун шар аккан суусундай мөлтүр кашка чыгармалары менен кыргызга жарык чачып жүрдү. Өздөрү да толук түшүнүп-түшүнө элек мыйзамдары бар, азыр да тынымсыз уланып жаткан күрөш үстүндө жүрдү. Өз киндигин өзү кесип, өз жолун өзү таап, мүдүрүлүп-чалынып, өздөрүндөй эле жаңылып-жазып, жаңыдан өзүн таанып келаткан эгемен өлкөсү үчүн чын дилден убайым жеп, өз жүгүн өзү көтөрүп жүрдү. Бир топтору бул жолдо унут калды, башкалары урунуп-беринген бул жашоодон кетип тынды. Калчоро Көкүловдун көңүлгө терең из калтырган ырында айтылгандай:
Бирибиз жолдо калдык тебеленип,
Бирибиз жондо калдык көмөлөнүп.
Бир гана аалам турду ала салып,
Бир гана дүйнө турду тегеренип…
А силер ошонун баарын көрбөгөнсүп, дегеле заман өзгөрбөгөнсүп, ашык-кеми жок жарым өмүр өтпөгөнсүп “Кайда жүрдүң?” дейсиңер…
Ыраматылык Зайырбек Ажыматов ушул муундун чыгармачыл тагдырына чындап санааркап, “жоголгон муун” деп анын сырын издеп жүрүп өзү да өтүп кетти. Бирок түшүнгөн кишиге бул муун эч кайда жоголгон жок. Анын аздыр-көптүр айтып келген, айтып жаткан, айта турган да чындыгы бар. Кыргыз адабиятынын тарыхын эгемен мамлекеттин көз карашынан кайра баштан талдап, мурдагы идеологиялык саман-топонунан, жарымы жалган, жарымы чын наам-ургаалдардын таасиринен кайра тазалап иргеп чыгуу милдети али алдыда. Ушундан улам эгемендик менен кошо келген муундун жоготуулары менен табылгаларына, өсүшү менен өксүгүнө илимий баа берүүгө да азыр эртелик кылат. Анткени биз тирүүбүз…
Андыктан Бактыгүл Көкөтөеванын дал турмуштун өзүндөй баео, карама-каршылыктуу, өз чындыгы өзүндө болгон бул чакан жыйнагы өз окурманын табаарына ишенип, сөзүмдү “Илхам” тобунун элесине арналган өз ырым менен бүтүргүм келет:
ПЕРИШТЕЛЕР
Ыр бөлмөсү… Кайран жаштык гүлдөгөн,
Ырыс менен ынтымактын бурчу эле.
Пенделиктин булганычын билбеген
Пейли таза периштелер турчу эле.
От чачырап көздөрүнөн күнү-түн
Обондору ойлор менен жарышчу.
Ай нурунда айбыкпастан ыр үчүн
Алыкулдун мүрзөсүнө барышчу.
Айткан сөзгө коргошундай эриген
Акындардын арасында жүргөндө,
Жан-дүйнөсүн чачып турчу перилер,
Жатакана жарылчу эле күлгөндө.
Төгүнү жок далай сырды түнөткөн,
Төгүшчү эле көөдөнүнө батпаса.
Шүгүр кылчу жаштыгына, жүрөктөр
Шүүдүрүмдүн тамчысындай таптаза.
Алыс болуп кол жеткидей жакыны,
Аса байлап далай тулпар таң ашты…
Периштелер канат жайып акыры
Пенделердин дүйнөсүнө тарашты.
Жаздык тиксе кубандырып жумшагы,
Жакындарга төшөп бүтүн өмүрүн,
Кайран куштар уясына жумшады
Каркыранын канатындай көңүлүн.
Көкүрөктө көрүнбөгөн бук калып,
Көйнөк менен жүзү кошо бырышты.
Асман койну жер бетинде жыттанып
Акырында Адам болуп чыгышты.
… Азаюуда, сагынгандар андагы
Абазы мол, арзуусу мөл түндөрдү.
Ышы калып эчак өчкөн шамдагы
Ыр окулбай чыр окулган күн келди.
Антсе дагы ак-карасы аралаш
Азыркыдан өткөн күнгө шаң улап,
Ар кай жерден асман менен санаалаш
Ак куулардын обондору жаңырат.
Кайрыктары эскирсе да баягы
Кадимкидей жапжаш, турган турушу.
Каркыранын канатындай аялуу
Кайталангыс дүйнө тура, бул ушу!
Жыргалбек КАСАБОЛОТ