Жыргалбек Касаболот: Устатым Чоюн Алптын дүйнөлүк жүгү

Жыргалбек Касаболот: Устатым Чоюн Алптын дүйнөлүк жүгү
(Аалым Чоюн Өмүралиевдин «Кыргыз мамлекеттиги: кечээ, бүгүн, эртең» аттуу китебине баш сөз)

Сөз башы

Бул китептин тамыры тереңде. Жаңылышпасам 1991-жылы «Асаба» гезитинде журналистикадагы эмгек жолумду жаңыдан баштап, бир жылга жетпеген убакыттай иштеп калдым. Басылманын ээси, ыраматылык Мелис Эшимкановдун авантюристтик, экспериментчил мүнөзү андагы жаңыдан эгемендикке жетишкен мамлекетибизде жүрө баштаган саясий процесстердин ыргагына айкалышып, кыргыз элине кыйла таасирдүү күчкө айланткан болчу. Саясий жаңылыктарды талдоо, андагы көз караштардын күрөшү бир тең болсо, руханий дүйнө, кыргыз таанымы жана башка темалар бир тең болуп, бирде динчилдер, бирде улутчулдар, бирде либералдар суурулуп чыгып күрү-күү түшүп турган кез. Айрыкча редколлегия мүчөлөрү, баяндамачылар, анын ичинде ыраматылык Шералы Назаркулов, жазуучу Кубатбек Жусубалиев кыйла кызыктуу ойлорун ортого салып жазып турушчу. Бирок алардын арасынан башкасына эмес, кыргыз таанымына күйүп-бышып, кыргыз өзөгүн издеп, кыргыз кызыкчылыгына жаны ачып жүргөн Чоюн Өмүралиев агайыбыз айрыкча көзгө даана урунуп турар эле.
Бир убакта Чоюн байкебиз көпкө чейин дымы чыкпай калды. Редколлегияга келбейт, макаласын бербейт, өзү көрүнбөйт. Тынчы кеткен кесиптештери, калемдештери издей башташты, сурай башташты. Бир күнү «балдар, мен өзүм да байкабай атып абдан бир чоң иш баштап алдым. Жакында чыгат, көрөсүңөр, ага чейин шаштырбай тургула!» деп айттырып жибериптир. Күттүк. Бир күнү келди. Чын эле ат көтөргүс эмгек экен. «Теңирчилик. Аккан Дүйнө же Көчмөндухка бир кайрык» деген аталыш менен сандан санга чыга баштады. Биз болсо окурман журту менен кошо оозубуз ачылып, автор алдыбызга тарткан таптакыр жаңы маалыматтардын улам бир өңүтүн шилекей күрмөп жутуп отурдук.
Биз суктанып, жаңыдан изилдеп жүргөн Кытай философиясынын түбү алардан бизге келбей эле бизден аларга барарын биринчи жолу билдик. Даосизм менен конфуцийчилик байыркы көчмөндөрдөн башат алганын, тамыры бир болгонун, тек, отурукташкан дүйнөгө барганда бири парадоксалдуу диалектикага, бири коомдук, этикалык окууга айланып кеткенин түшүндүк. Даосизмдин негизги символу болгон суу кадимки эле кыргыз акындары биринен сала бири таңшып өткөн Аккан Суу экенин эстедик. Кыргыздын астына салып эле жүргөн шырдагын түзгөн карама-каршы түстөрдүн айкалыш принциби жөнөкөйлөшүп отуруп, акыр аягында дүйнөгө белгилүү Инь-Яң белгисине жеткенине ынандык. Алтайдан табылган көөкөрдүн бетиндеги үч тамчылуу төп төгөрөктү өз көзүбүз менен көрдүк. Кыргыз дүйнөсүнүн Нарк, Салт, Чындык, Калыстык, Сый деген категориялары бар экенин автор улам бир таасын мисалдар менен алдыбызга тартып отурду. Ишенбеске айла калган жок. Кийин ушул гезитте сандан санга уланып чыккан бөлүктөрдүн баары биригип, китеп болуп басылып чыкты.
Жалпысынан автордун «Теңирчилик. Аккан Дүйнө же Көчмөндүхка бир кайрык» деген темада бир эмес, эки китеби бар. Бири ушул «Асабада» сандан санга чыккан, көбүнчө теориялык мазмундагы эмгек болсо, кийинкисинде мамлекет менен коомдун, адам менен адамдын өз ара алака-катышы азыркы доорго ылайык конкреттешип, кыйла деталдуу жана практикалык нукта берилген.
Автор андан ары токтоп калбастан «Бурут тамга, Төрөн тил» аттуу монографиясын жарыялап, анда кытай жазуусунун гана эмес, ушул кезге чейин солк этпей сакталып келаткан бирдиктүү Кытайдын да айныксыз шарты болгон иероглифтердин таржымалын чечмеледи. Көрсө 214 ачкычтын ар кандай катышынан турган бул сүрөт-сөздөр чындап келсе кытайча сүйлөбөйт экен. Ошол символдор эмне үчүн кытайча ошондой маани берерин кытай филологдору өздөрү да түзүгүрөөк түшүндүрүп бере албайт экен. Ал ачкычтарды байыркы кыргыз дебесек да протокыргыз тилинде чечмелегенде гана сыры ачылат экен. Кыскасы, Кытайдын түбүн тиреген кыргыз деген сөз ошондо башталды. Калемдеши Алым Токтомушевдин «Кытайды бир Манас чапты, бир Чоюн Алп чапты» деген тамаша-чын аралаш сөзү турмуш чындыгына канчалык жакын экени далилденип, акыры кесиптештер арасында ылакапка айланды.
Ал эми бул жолу окурмандын колуна тийип жаткан китептин бери дегенде үч өзгөчөлүгү бар. Биринчиден, бул китеп баштан аяк кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө, түзүлүшүнө, конкреттүү жана кечиктирилгис мүнөздөгү актуалдуу маселелерине арналган. Алардын арасында Жер тагдыры, адам укуктары тууралуу сырттан таңууланган түшүнүктөрдүн чечмелениши, эгемендик, мамлекеттик түзүлүш, улут жана дин маселелери бар. Башкача айтканда тематикасы конкреттүү коомдук-саясий багытка бурулган. Экинчи өзгөчөлүгү да ушундан келип чыгат – эсеби маселен, кытай жазуусунун сырынан тартып айтылуу физик Самат Кадыровдун уңгуталаа теориясына чейин кирген «Бурут тамга, Төрөн тилден» айырмаланып, китептин тили, стили да көбүнчө практикалык мүнөздө. Үчүнчүдөн бул китепке автордун тээ совет мезгили аяктап жаткандагы убактан тартып азыркыга чейинки ой толгоолору менен макалалары кеңири киргизилген. Ырас, андан илимий багыттагы башка эмгектеринин илимий баалуулугу, бул китептеги жазылгандардын практикалык баалуулугу жоголуп кетпейт. Анын да жөнү бар.

Кыргыз усулунун өзгөчөлүгү

Кыргыз элиндеги көрүнүштөрдү талдай келгенде бир чоң маселе көзгө урунуп жүрөт. Ал – форма менен мазмун тууралуу илимдеги тыштан келген түшүнүктөр менен ички түшүнүктөрдүн айырмасы. Айталык, «Манас» эпосун дүйнө коомчулугу, анын ичинде совет адабият илими да маданияттын гана элементи катары карап келген. Карап да келатат. Бирок чындап келгенде «Манас» — жалаң эле маданият эмес. Ал руханий, саясий, моралдык да баалуулук. Манас – кыргыз үчүн тек гана белгисиз тарыхтагы каарман же образ эмес, ар бири түздөнө турган жарандык, лидерлик жана адамдык идеал. Манаска сөз тийгизүүгө, ага акаарат келтирүүгө каршы кыргыз баласынын каяшасы мисалы Мухаммед пайгамбарды карикатурага тарткан журналга түп көтөрө каршы турган мусулман дүйнөсүнүн өкүлдөрүнөн ашса ашат, кем калбайт. Алгачкы прототиби табыла элек, илимий негизи аныктала элек болгонуна карабастан өзүн нагыз кыргызмын дегендердин мамилеси ушундай болот. Экинчиден аны «Илиада» жана «Одиссея» менен салыштыруу да туура эмес. Анткени «Манас» алардан айырмаланып тирүү эпос. Айтуучулары азыр да чыгып жатат.
Башка бир мисал – айтылуу даанышман Калыгул кыргыз совет адабиятчылары үчүн тек гана «заманачыл» акындардын бири болсо, кыргыз эстутумунда ал биринчи иретте олуя. Акындыгы – тек анын формасы. Дал ушул эле себептен улам, Жеңижок акын – жөн гана адабий же фольклордук көрүнүш эмес, ошондой форма аркылуу туюндурулган кыргыз философиясынын туу чокусу.
Көл боюнда акелер деген феномен болгону кеңири белгилүү. Азыркылардын тили менен айтканда алар аналитик, конфликтолог, дипломат болушкан экен. Бирок алардын баарынын эң негизги куралы чечендик өнөрү болгон. «Оой, Чыныбай! Каңгайдан келип мен билсем, капкайдан келип сен билсең, булардын өзүнө да бийлик беребизби же жокпу?» — деп бир ооз сөз менен уруу арасындагы таарынычты бүтүргөн Карач акенин айтканын түшүнүш үчүн экөөнүн тегинен тартып ошол кездеги жагдайга чейин изилдешке туура келет. «Өнөр алды – кызыл тил» деп кыргыз бекеринен айткан эмес. Элибиз илгертен жүйөлүү сөздү ийине жеткире айткан адамдарды чоң иштерге аралаштырып, бийлер болсо эсептешүүгө аргасыз болгон. Ошондой адамдардын бири Көкөтөй чеченди чоң жыйынга чакырып келишкенде: «Аа, барса барайын, балам. Бара жүргөн Каркыра, катыша жүргөн чоң жыйын, сүйлөшө жүргөн Чыныбай» дегенинин түпкү сыры да ушунда.
Мындан келди, илимий мааниси чоң иш сөзсүз эле зериктирме стил менен жазылып, саясий документтер азыркы терминология менен гана даярдалышы керек деген түшүнүк, чындап келсе стереотип кыргыз кыртышына келгенде жарабайт.
Жакынкы эле тарыхты ала турган болсок, Чоюн агайдын досу, жасалга-колдонмо өнөр боюнча макалаларга өмүрүн арнап өткөн Амантур Акматалиев журналисттик эле жалпак тилге салып сүрөттөп отуруп эмгиче бүтүндөй институттар жасай албаган ишти жалгыз өзү бүтүрүп кеткени буга таасын далил.
Так ушундан улам автор мисалы:
«Оң, Сол кыргыздын башын кошуп бирдиктүү мамлекетин курамын деп максатына жетпей кеткен Алымбектин замана…
Зор мамлекет зордугун салса аз калктын бели майышып Абдылдабектей азаматы жат жерге тентиир, замана…
Каракчынын кан ичмейи кармаса Камчыбектей жалгызың дарт арманын дар жутуп, кайыш чылбырга чыйралып, толгонуп тураар замана…
Ордодо бийлик өзгөрсө, керт башынын бийлигине журт тагдырын курман чалган саткындар чыгаар замана…
Алаамат капыс басcа да, ай маңдайын муң чалбай, кармашка кирген кылчайбай, кабылан туулаар замана», — деп Курманжан датканын тоюна арналган макаласын ыр түрүндө аяктаса, андан мааниси кемип калбайт, тескерисинче кайра кыргыз кыртышында таасири күчөйт. Ошондуктан окурманды да китептин ушундай кыргызга ылайыктуу формасынан ырахат алып, аны менен бирге мазмунуна сүңгүп кирүүгө чакырат элем.
Ошол эле учурда Чоюн Өмүралиевдин жазгандары диалектиканын негизги мыйзамдарынын бирин да бузбайт. Мисалы, ушул тапта кыргыз коому башынан кечирип жаткан көйгөйлүү көрүнүштөрдүн баары өзүнчө эмес, дүйнөлүк жана тарыхый контекстте каралат. Өлкөнүн ичиндеги нерселер тышындагы процесстер менен, азыркы тенденциялар тарыхтагы тажрыйба менен келечекке карата божомолдун фонунда ачылат.

Мамлекет тагдыры жана маселелердин актуалдуулугу

Китепти баштан аяк тепчип өткөн идея – ашык-кеми жок улуттук кызыкчылык. Андагы эмгектер негизинен хронологиялык ыраатта берилген. Ошондуктан адегенде СССР ыдырап аткандагы макалаларда союздук республикалардын тагдырына тынчсыздануу кашкайып турганын көрөбүз. Анын ичинде Орусиянын өзүндөгү империячыл күчтөрдүн араанына, ошого ийилген кыргыз саясий интеллигенция өкүлдөрүнүн айрымдарынын компрадордук позициясына сын көз караш кеңири учурайт. Чындыгында ал фактор эч кайда кеткен деле жок, тескерисинче коркунучу мурдагыдан да күчөдү. Былтыркы эле бийлик өкүлдөрү түзүп чыккан «Биримдик» партиясынын уставынан «Российской Федерации» деген сөздөрдү өчүрүп коюуну да унутушкан экен, актанса болбой кийин «нам пора домой» деген чыккынчы сөздөрү ачыкка чыкты. Пайда-батасы белгисиз мамлекет аралык түзүмдөрдү мындай кой, орус тилинин расмий статусуна да улам кийин келген өлкө жетекчилиги ушул убакка чейин ачык каршы чыга албай келатканы — бул маселе канчалык маанилүү экенине анык мисал.
Китептеги кийинки макалаларда эгемендик алган мамлекеттин алдында турган чакырыктарга баа берилип, анын ичинде жаңырган заманга ылайыктуу геосаясий өнөктөш табуу маселеси кабыргасынан коюлган. Айрыкча түрк тилдүү мамлекеттердин биримдиги тууралуу идея ошол кезде эле абдан кеңири талданып, анын келечеги тууралуу ой толгоолор кыйла орун алганын көрөбүз. Ырас, андагы айтылгандардын айрымдары ишке ашты. Расмий Бишкек Түрк тилдүү мамлекеттер кеңеши, ТүркСОЙ сыяктуу уюмдардын активдүү мүчөсү болду. Бирок анын тарыхый мааниси улам мезгил өткөн сайын ачылып отурат. Кыргызстан баштан кечирип жаткан акыркы окуялар, айрыкча жакында болуп өткөн Тажикстандын тажаал агрессиясы андагы айтылгандар качан болбосун актуалдуу экенин дагы бир жолу көрсөттү. Андыктан бул маселе автордун көрөгөчтүгүн гана айгинелейт.
Китепте абдан терең изилденген темалардын бири – жерге карата жеке менчик маселеси. Анын дүйнөлүк таржымалы тээ Фридрих Энгелс жазган «Үй-бүлөнүн, жеке менчиктин жана мамлекеттин келип чыгышы» аттуу макалада баяндалган учурдан бери жиликтенет. Ырасында жерге карата жеке менчиктин Чоюн Өмүралиев эскерткен зыяны толук ошол сүрөттөлгөн формасында тийе элек. Жер ипотека аркылуу бир колго топтоло элек, ал чет элдик капиталга күрр сорула элек. Албетте, андай болбой эле койсун, бирок андай болбосуна эмгиче кепилдик да жок. Антсе да башкача түрүндө эмитен эле зыяны тийе баштаганына турмуш күбө. Жеке менчикке берилген жердин 25 пайызга жакын бөлүгүнө там салынып кеткенин, жерди жалпы пайдалануунун системасы кыйраган соң айыл чарбасы оңбогондой кризиске учураганын тээ Бакиев заманында эле адистер жазып чыгышты. Алыс барбай эле бир топ жыл мурун мен өзүм жетектеген изилдөөчү топ Баткен облусунун чек ара аймактарындагы тажик жарандарынын жылма миграциясы мамлекеттин бүтүндүгүнө канчалык зыян келтирип жатканын көзгө сая көрсөтүп берди. Кийин Баткен облусундагы чек арага байланышкан чыр-чатактар анын баарын күн алыс айкындап жатат. «Чыккан кыз чийден тышкары» деп, кыз кишини бара турган бүлөсүнө ыроологон кыргыз шарты менен «баары жер үлүшүн алууга акылуу» деп көшөргөн менчик укугунун карама-каршылыгы да али алдыда.
Автор бул жыйнакка кирген өз эмгектеринде Курманбек Бакиевдин тушундагы өлкө экономикасына тыштан башкаруу киргизүү же ХИПК темасын да кыйгап өтө алмак эмес. Чындыгында тышкы күчтөрдүн пландары канчалык ырааттуу да, кыйды да болгонун Кумтөр маселеси менен ошол кездеги Максим Бакиев түздүргөн ЦАРИИден деле байкаса болот. Бул жагдай эми башкача түргө өттү. Ушу тапта тышкы карыздын тутумунда Кытайга болгон карыз биринчи орунга чыкты. Арзан насыяларга таянып тегерек-четин имерип келаткан бул чектеш мамлекет менен болгон мамиленин мындай өңүтү ХИПКтин коркунучунан ашса ашат, кем калбай турган абалга жетти. Чындыгында бири мамлекет, экинчиси эл аралык механизм болгонуна карабастан экөөнүн тамыры бир. Ал тууралуу да, башка «Ибилис механизмдердин» иштиктүү куралдары тууралуу да алдыда кеңири сөз болсун. Ага чейин китептин мазмунуна кайрылалы.
Жыйнактын соңунда ислам менен теңирчиликтин айырмасына, өз ара алака-катышына, карама-каршылыктарына жана бул маселенин ылайыктуу чечилиш жолдоруна орун берилген. Бул да бекеринен эмес. Акыркы жылдары саясий ислам Кыргызстандын идеологиялык турмушунда, элдин дүйнө таанымында өтө олуттуу чакырыктардын бири болуп келатканын эч ким тана албайт. Жакынкы жылдары бул фактор ого бетер алдыга чыгып, мындан да курчушу мүмкүн. Ушул жерден айта кетпесек болбойт. Теңирчилик – бул контекстте кыйла шарттуу термин. Автор теңирчилик деп буга чейин илимде айтылып келаткандай байыркы түрк-монгол элдеринин монотеисттик же политеисттик диний түшүнүгүн эле эмес, диндин алкагынан алда канча кеңири, бийик, көчмөн элдердин коомдук-саясий, этикалык, эстетикалык, маданий баалуулуктарын камтыган зор системаны атап отурат. Аны башкача атасак да болот, бирок андан мааниси өзгөрүп кетпейт. Бул түшүнүктөрдүн биримдиги чындап эле диний алкакка батпайт, кыйла кеңири жана аны түшүнүү да чоң даярдыкты талап кылат.
Чындыгында мунун баарын жогоруда айткандай тарыхый жана дүйнөлүк контексттен тышкары кароого мүмкүн эмес. Эмесе сөз китепте талданган жагдайлардын эң урунттуу учурлары, анда козголгон маселелер тууралуу болсун.

Кыргыз жүгү жана кылым жүгү

…Желип-жортуп мурда келген жолунда
Жер айланып жүрөт дале огунда.
Кыргыз көчү, бүгүнкү ушул дүйнөдө
Кылым жүгүн көтөргөнсүйт жонунда.
Эр Киши (Интернеттеги белгисиз автордун поэмасынан).

Ушу тапта кыргыз коому өзүнүн да мурунтан келаткан маселелерин толук чече элек, ага кийинки кыйынчылыктар да кошулду. Тарыхты карай келсек, акыркы кылымдардагы уруулардын бытырандылыгы, Кокон хандыгынын эзүүсү, акыры түбү Орусиянын орбитасына ыктоо деле оңой-олтоң кырдаал болгон эмес. Курманжандар элинин бактысы үчүн өз баласын садага чапса, эзүүгө чыдабаган кыргыз элинин 1916-жылдагы көтөрүлүшү азыркынын тили менен айтканда геноциддин элементтери менен аяктаганын ким танат? Отурукташтыруунун өзү деле миңдеген жылдар бою көчмөн жашоо кечирген элдин турмуш ырааты үчүн кыйла чоң сыноо болгону белгилүү. Улуттун мыктыларын шылып түшкөн репрессия да, андан кийинки согуш да элдин духун түшүргөндөн тышкары, дароо билинбеген, бирок өтө маанилүү тескери таасир тийгизген экен. Ал таасири — мыктылардын тукуму азайып, айрымдары орду-түбү менен жок болуп, тескерисинче коркок билиш, кошоматчы, улуттук өзөгү өтө начар адамдардын тукуму көбөйүшүнө шарт түзүптүр. Азыр байкап отурсак ошолордун үчүнчү-төртүнчү мууну саясатка келатат. Муну улут каймактарынын деңгээлиндеги геноцид деп шарттуу түрдө атасак болчудай. Дал ушул себептен улам Жусуп Абдрахмановдун тушунда Ленин өзү талап кылган кыргыз тили артка сүрүлүп, республикалык деңгээлдеги жетекчилер биринчи иретте өз элинин эмес, коңшуларынын кызыкчылыгын коргоп келгенби дегенге толук негиз бар.
Ырас, советтик доор, айрыкча социалисттик баалуулуктар жамаатчыл кыргыз элинин менталитети үчүн башка улуттарга караганда кыйла ыңгайлуу болду. Адабиятта Айтматов, кинодо «кыргыз керемети», медицинада Ахунбаевдер жаралды. Залкар жазуучубуз Түгөлбай Сыдыкбеков жазгандай, миңдеген жылдар бою катылып жаткан улуттук маданияттын үрөнү туура кыртышка түшүп, абдан сонун түшүм берди. Анын баарын тануу тарыхый чындыкка каршы чыгуу менен барабар болор эле.
Бирок чек ара, стратегиялык объектилер, тил, улуттук кадрлар жагына келгенде башка республикаларга, атап айтканда кошуна республикалар менен Балтика боюна салыштырмалуу Кыргызстан жемин жедирип келгени да чын. Чарба жүргүзүүнүн эки башка ыкмасы, орус тили менен өзбек тилинин таасири, Төө-Ашуудагы жолдон башка трассалардын жоктугу өлкөнүн эки бөлүгүндө кыйла айырмалуу менталитетти пайда кылып, аймактык ажырымга жем таштаганы да чын. Мамлекеттик, улуттук кызыкчылык тууралуу түшүнүк калыптана электе, мамлекеттүүлүктүн барк-баасы билине электе Союз урады. Эгемендикке кыргыз эли өзү эле ушундай, жыйыла элек кыйла оор жүк менен келди.
Ал арада XX кылымда дүйнө жүзүндө бири-бирине байланышпаган сыяктуу көрүнгөн тенденциялар жүрүп жатты. Хронологиялык жагынан келсек, кыргыз турмушуна мурдараак таасир эте баштаган исламдын саясатташуусу жана радикалдашуусу жаңы этапка өтүп, заманбап мүнөз күттү. Кийин араб өлкөлөрүнүн так ортосунда Израил мамлекети пайда болду. АКШ баш болгон Батыш коалициясы күчкө кирип, СССР ыдырады. Батыштын өзүндө деле демократия дегендин маани-мазмуну кыйла башкача чечмеленип, азчылыктардын укуктарын биринчи орунга койгон адам укуктары тууралуу тезис алдыга чыкты. Салттуу маалымат каражаттарынын мүнөзү өзгөрүп, алар бизнестин элементи болуудан калып, эми өңчөй идеологиянын куралына айланды. Соцтармактар журналисттер менен аудиториянын ортосундагы чекти да, этикалык нормаларды да кошо жок кылды.
Автор адам укуктары тууралуу түшүнүктүн келип чыгышына жана түпкү максатына мынча көңүл буруп жатканынын себеби тереңде. Анткени биринчиден чын эле бул түшүнүктүн өзү талаштуу. Дегенибиз, укук деген түшүнүктүн өзү коомдо гана пайда болот. Кайсы бир эч ким билбеген аралда жалгыз жашап жаткан адам өз укугун эч кимден талашпайт. Анын укугу ошол жашап жаткан жеринде эч кандай предмет болбойт. Коомго аралаша баштаганда, жок эле дегенде жанында бир адам пайда болгондо гана предметке айланат. Ал эми коомдогу укук милдет менен сөзсүз коштолууга тийиш. Коом дегендин диалектикалык мааниси өзү ошого түртөт. Укук-милдет мамилелеринен тышкары, коомдо уюмдашуунун формасына жараша башка да алака-катыштар, баалуулуктар болот. Бул айрым укук коргоочулар айтып жаткандай укуктун советтик түшүндүрмөсү эмес, кааласа-каалабаса да тааныла турган аксиома жана реалдуулук. Бул реалдуулукту таануудан баш тартуу ошол эле Батыш мамлекеттеринин өзүн да кризиске алып келип, башкасын кой, Жакынкы Чыгыштан келген мигранттар маселесине келгенде ал өлкөлөрдүн өз кызыкчылыгы арткы планда калды. Германиянын канцлери Ангела Меркел «мультикультурализм саясаты туңгуюкка кептелди» деп мойнуна алганынын себеби да ушунда. Европа мамлекеттери айласы кетип Түркиядан мигранттарды кармап турууну суранып акча бөлүп жатканы да ушундан. Бул эл аралык деңгээлде далилденгендегиси.
Экинчиден «адам укуктары мамлекеттин, улуттун укугунан жогору турат» деп биздин мурунку-кийинки Баш мыйзамдарга чейин кирип келген түшүнүк акыры түбү коомду, мамлекетти, улутту ыдыратууга, каалаганын кылып, каалагандай баалуулуктарды жайылтууга жол ачат. Эл аралык нормаларды ички мыйзамдардан жогору койгон ченемдер буга жардамчы гана болот. Анткени тыштагы механизмдер да сырттагы күчтөрдүн пайдасына гана иштейт. Китепте автор анын жеке менчикке байланыштуу өңүтүнө абдан катуу көңүл бурган. Ал эскерткен «Ибилис механизмдердин иштеши» башкасын кой, Кумтөрдүн тегерегиндеги талаштардан эле даана көрүнүп турат. Кыргызстан бул жагынан өз байлыгынан өз колу менен баш тарткандай эле болду. Ага таасир эткен коррупция, бийликтеги кландардын арааны башка кеп. Андыктан бул жагына токтолуп отурбайлы, автордун жазгандарын турмуш өзү ашыгы менен далилдөөдө.

«Адам укуктары» араанын ачтырган коркунучтар
Өз жериңде өзгөлөрдүн тили – жүк,
Өзөгүңө эрме чөлдүн дини – жүк.
Кыргызга жат, кызтекедей адаттын
Кыз-уланды кыйшаңдаткан жини жүк.
Эр Киши (Интернеттеги белгисиз автордун поэмасынан)
Үчүнчү жана эң негизги себеби — ушу тапта адам укуктары деген тезистин жана ага байланышкан «Ибилис механизмдердин» айынан кыргыз коому жана мамлекеттин өзү төрт чоң коркунучтун алдында турат. Адам укуктары деген тезистин айынан дегенибиз – ошол төрт коркунучтун үчөө адам укуктары тууралуу принципке тигил же бул даражада таянат. Ал кайсы коркунучтар?
Биринчиден, Орусиянын таасири. Анын үч өңүтү бар. Биринчи эки өңүтү – миграция менен күйүүчү-майлоочу майдын баасы. Миграцияны орус бийлиги расмий Бишкекке каршы каалагандай колдоно турган мүмкүнчүлүгү жетиштүү. Бир түмөн мигрантты бир күндө депортация кылса баары болбосо да көбү үйүнө жетпей түз эле Өкмөт Үйүнүн алдына келгени турат. Күйүүчү-майлоочу майдын баасы да кумулятивдик күчкө ээ болуп, экономиканын бардык тармактарына таасир эте алат. Бензиндин баасын орус өкмөтү бир сомго көтөрсө, анын жардамы менен өндүрүлгөн товарлар 5-10 сомго кымбаттап, керектөөчүнүн чөнтөгүнө дароо сокку урат. Үчүнчү жана биз айткан адам укуктарына байланышкан өңүтү – орус маалымат каражаттарынын аудиториясы жана орус тилинин расмий статусу. Адам маалыматты каяктан алса ошонун айтканына маани бере баштайт. Кыргызча контент аз, орусчасы көп болуп жаткандыктан балдарыбызды кой, неберелерибиздин тили орусча чыгып жатат. Кыргыз тилин бардык деңгээлде мыйзамга таянып жөөлөп турган орус тилинин расмий статусун алып салалы десек ошол эле орусчул уюмдар адам укуктарынын бузулганы тууралуу айтып чыкканы турушат. Автор жыйнактын башында айткан Орусиядагы шовинисттик күчтөр эч кайда кеткен жок. Болгону кыйла натыйжалуу таасир эте турган каражаттарды колго алышты. Адам укуктары тууралуу тезисти алар илгиртпей пайдаланат.
Экинчи коркунуч — ислам фундаментализми. Кыргыз гимни ойнолуп жатканда ордунан туруудан баш тарткан медресенин окуучу кыздары, мамлекеттин айрым демилгелерине каршы чыккан башка фундаменталисттер үчүн да негизги таяныч – адам укуктары тууралуу тезис. «Салттуу ислам деген түшүнүк жок, Конституция боюнча мамлекет бардык диний агымдарга бирдей карашы керек» деп жыландын башын чыгарган агымдардын таянычы да ошол. Ошондуктан адам укуктары улуттун жана мамлекеттин укугунан жогору коюлуп турганда бул китептеги «Теңирчилик жана ислам» аттуу макалада козголгон маселелер чечилбейт. Анткени азыркы радикалдашкан исламдын да сыры Чыгышта эмес… Батышта.
Мекке менен Медина жайгашкан Сауд Арабиясындагы негизги деп эсептелген диний багыттардын бири ваххабизмге англичан чалгынчыларынын тийгизген таасири тууралуу көп жазылган. Ал го өткөн тарых экен дейли десек, АКШнын аскердик базалары саудиттердин жерин тебелеп турат. Кыргызстанда мүчөлөрү күн алыс тыюу салынган диний-экстремисттик адабият менен кармалып аткан «Хизбут-Тахрир» уюмунун штаб-квартирасы Лондондо жайгашкан. Германия Федеративдүү Республикасынын мурдагы парламенттик статс-катчысы Андреас фон Брюлов немистердин «Тагесшпинел» гезитине 2002-жылдын 13-январында интервью берип жатып, Ооганстандагы «Талибан» кыймылы АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын жардамы менен түзүлгөнүн айтканы жарыкка чыккан. Кыргызстандагы таасирдүү агымдардын бири болгон «Таблиги жамаат» да эксперттердин баамында тыштан башкарылат. Анын жаралышына Индия менен Пакистандын бөлүнүшү себеп болгон (кимдер бөлүп кеткени тарыхтан жакшы белгилүү).
Кыскасы кайсы жагын караба, саясатташкан ислам менен Батыштын тамыры бир болуп чыгат. Албетте, тарыхта крест жортуулдары, өз ара айыгышкан согуштар болгонун эч ким тана албайт. Бирок чындыгында булардын кызыкчылыгы башынан эле карама-каршы беле? Же түбү бирби?
Иудаизмди чыгарган жөөт эли менен исламды негиздеген араб эли – экөө тең семит тукумуна кирет. Тили да, этногенези да бир. Дининин тамыры да бир, ал тургай илимде аврамисттик диндер деп аталат. Иудаизм мессиандык ишенимдерди туу туткан («Кудай биздин элди гана сактайт») улутчул динден Рим империясына жайылган шартта кантип космополиттик христианчылыкка айланганы Карл Каутскийдин «Христианчылыктын келип чыгышы» («Происхождение христианства») аттуу фундаменталдуу эмгегинде кыйла кеңири ачылган. Көрсө Чоюн Алп сөз кылып жаткан, Маркстын таамай айтканына таянган менталитеттин башаты андан да мурда, Рим империясынын шартында эле такшалып, далай сыноодон өткөн экен.
Ушунун баарын эсепке алганда, Палестина-Израил чатагы да, бири дин аркылуу, бири ишкерлик механизмдери аркылуу дүйнөгө таасир эткен бул эки элдин карама-каршылыгы да жалпы кызыкчылыгынын жанында шоона эшпейт, көп учурда ага чүмбөт гана болот деп жыйынтык чыгарганга туура келет.
Болбосо 20дан ашык араб мамлекети кенедей Израилдин тизгинин тарта албай, тескерисинче АКШ менен кызматташып, Батыш өлкөлөрүнүн базаларын батырып, мунайы менен газын сатып, акчасын ошолордун банктарында сактап келатканы эмнеден кабар берет? Ошонун баарын билип туруп, тээтиякта атасы тааныбаган баео кыргыз баласын «Палещтинадан колуңду тайт» дедирип тейтектеткен саясатты кайсы мораль менен актаса болот?
Библияда «оң колуң эмне кылганын сол колуң билбесин» деген эреже бар. Көбү аны «жакшылык кылганыңды башкага айтпа» деп гана жакшы маанисинде түшүнүп алган. Чындап келсе бул эки жакка өз кызыкчылыгың үчүн эки башка таасир этүүнүн принциби деп да түшүнсө болот. Эшмат менен Ташматты чабыштырсаң, Эшматка эмне айтканыңды, чыныгы мүдөөң эмне экенин Ташмат билбесин жана тескерисинче деген кеп. Көкүтүп койгон кишилериң белимчидей болуп кайсы механизмдин тетигине айланганын өзү да байкабай мээкайык болуп жүрө берет, сен душман дегенди душманым деп… Мунун мисалдары көп. «Энеси орус, атасы юрист» Владимир Жириновский уялбай-этпей эле ОРУС улутчулдугунун символу болуп алгандан кийин башкасын айтып эмне кылабыз? Дал ошолордун таасири байыркы Рустун башаты болгон Киевге кол салдырып, өз тарыхый тамырына балта чаптырып, азыркы Орусиянын куту менен касиетин кетирип жаткан жокпу?
Үчүнчү күч – дал ушул Батыштын таасири. Бул да шарттуу аталыш. Анткени Батышта башталган менен азыркы убакта анын таасирине жалаң эле Батыш кирбейт. Дүйнөнү башкаруунун, «Ибилис механизмдин» мүдөөсү ачыкка чыга баштады. Дагы кайталайм, ал тууралуу алдыда сөз болсун. Биринчи куралы – адам укуктары тууралуу тезистер. Анын эң негизги зыяны – түшүнүктөрдү бурмалоодо. Чоюн Өмүралиев таамай аныктама бергендей, «Мамлекет – менин руханий (же саясий) тең жарымым» деген адам гана чыныгы жаран деп эсептелет. Мамлекет менен ошондой мамиледеги адамдарды гана чыныгы жаран деп эсептесе болот. Ошондой жарандардан турган коомду гана сөздүн чыныгы маанисинде жарандык коом десе болот. Анткени андай коом жөн эле бирикпейт, мамлекетинин кызыкчылыгы, анын баалуулугу, зоболосу, эгемендиги жана күч-кубаты үчүн күйгөндүктөн биригет. Батыш терминологиясы дал ушул жерге, автор айтмакчы, «былгы-билги» кирди. Жарандык коом уюмдары деп жалаң өкмөттүк эмес уюмдарды түшүнүп калдык. Алардын эң активдүүлөрү каяктан каржыланары белгилүү. «Өкмөт деле карызга жашап жатпайбы» деп билип-билбей эле капталдан чыгып каап алчулар четтен табылат. Кечирип гана койгула, өкмөт бирөөдөн карыз алса мамлекеттин ичиндеги маселелерди чечиш үчүн алат. Өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн деген жүйө менен алат. Аны пайдалануудагы коррупция башка кеп, чоң тема. Ал эми өкмөттүк эмес уюмдар өлкөнүн күн тартибинде эгерим болбогон, түпкүлүгүндө улуттун мүдөөсүнө көбүнчө каршы келген программаларды ишке ашырыш үчүн биринен бири ашып долбоор жазат. Кимисиники жаккан болсо тышкы донорлор ошону тандап алып каржылайт. Балким ал уюмдарда иштегендердин ниети жакшы эле болгондур. Бирок байкасаңар мисалы кыргыз тилинин кызыкчылыгын илгерилетиш үчүн же кыргыз маданиятынын кемчиликтерин түздөш үчүн жазылган бир да долбоор утканын көрбөйсүң. Тышкы донорлордун жарыялаган конкурсунун темалары – гендер, азчылыктардын укуктары, анын ичинде улуттук азчылыктардын кызыкчылыгын түпкү улуттун баалуулугуна каршы коюуга багытталган күн тартиби. ЛГБТ боюнча толгон-токой программалар. Маселенин чечилишине эмес, талкууланышына (аныгында көбүрөөк ызы-чуу салышына, чындап келсе кыргыз баалуулуктарына каршы Овертон терезесин кеңейтүүгө) багытталган иштер. Каршы сөз айтсаң «эмнеге педофилдерге каршы ушундай эле чыкпайсыңар» деген манипуляция.
Адам укуктары тууралуу тезис дал ушулардын колу менен былгы-билги пайдаланылат. «Укугум бар, улутум жок», «укугум бар, милдетим жок», акыры түбү «укугум бар, уятым жок» деген өзөгү бош жаштарды өз элине каршы коет. Курманжан датканын эстелигинин жанында туруп «эрге тийбейм» деген эркек сөрөйлөрдү чыгарат. Чокморовдун чокоюна тең келбегендерди сүрөт музейинин төрүнө чечиндирет. Бизнестин укугу, бренд деген ашмалтай шылтоо менен Манастын атын аракка койдурат.
Жарандык коом ушубу? Жок, бул жарандык коом эмес. Бул жарандык коом тууралуу түпкүлүктүү түшүнүктү баштан-аяк бурмалоо. Бул чыныгы жарандык коомго пародия. Кыргызым деген чыныгы жарандык коомдон айлансын. Кыргыздын жарандык коому чындап келсе формалдашып түзүлө элек.
Мунун көбүнүн ачкычы – сырттан каржылоо. Сырттан каржыланган жана сырттан коюлган күн тартибин жүзөгө ашырууга милдеттенме алган күчтөр эч качан сөздүн түз маанисинде жарандык коом боло албайт. Тилекке каршы, бизде уюмуна эмес, өз партиясына сырттан акча алганын ачык мойнуна алып китеп жазгандар бийликке келип отурат.
Төртүнчү коркунуч – Кытай карызы. Бээжин дүйнө жүзүндө эң арзан насыяларды берүүнү негизги стратегиялык ыкма кылып алган. «Бир алкак – бир жол» долбоорунун максаттарынын бири — Кытайдын тегерек-четиндеги мамлекеттерди өзүнө экономикалык жактан байлап, коопсуз зона түзүү экени ачыкка чыгып калды. Чындыгында бул жаңы деле стратегия эмес. Кытай илгертен эле өзүнө жакыныраак жайгашкан элдердин өкүлдөрүн өзүнө тартып, алысыраак жайгашкандарына каршы коюп өз күчүн сактап келген. Болгону, бул жолу Кытайды дүйнөлүк контексттен таптакыр бөлүп караган туура эмес. Баятан бери айтылып жаткан кепти эми чечмелеп түшүндүрөлү.
Азыркы убакта эл аралык компаниялардын таасири артты. Чындыгында бул таасир үчүн ачык күрөш XX кылымда эле башталган. Экологияны булгабай турган электромобилдер өткөн кылымдын башында эле чыкканына карабастан жүз жылдан ашуун убакыт бою патент түрүндө гана жашап келатканынын бир сыры ушунда. Анткени анда мунай магнаттарынын монополиясына оңбогондой сокку урулмак. Дүйнөлүк капиталды мамлекеттик чек арага карабай башкаргысы келген күчтөрдүн араанына акыркы ачылыштар абдан төп келди. Эл аралык корпорациялардын таасири мамлекеттердикине атаандашып, көп учурларда алардыкынан ашып түштү. Бир топтору эл аралык маалымат каражаттарына, мамлекеттердин ичиндеги бешинчи колонналарга ээ болушту. Кыскасы дүйнөнү жалпы башкарууга ачык өтүштү. Бул жагынан алганда Америка Кошмо Штаттары мамлекет катары эле эмес, дүйнөлүк Улуттук банк жана штаб-квартира катары да кызмат кылат. Кытай – илгертен көчмөн дүйнөдөн таасир алган, ага таасир эткен, аны менен атаандаш болгон мамлекет же цивилизация эле эмес, бүгүнкү күндө ал — дүйнөлүк фабрика. Италия – дүйнөлүк курорт, Таиланддын ролун айтпай эле коелу. Орусияны чийкизаттын дүйнөлүк кенчи кылгысы келгендер бар (өз ичинде ага кызмат кылгандар ансыз деле жетиштүү). Албетте, автор жазгандай «кумурсканын да Кудайга бергис укугу бар» экенин башка мамлекеттер эчак эле жетекчиликке алышкан. Андыктан алар да өз кызыкчылыгын кое берген жок. Бирок жалпы тенденция ушул багытта баратканын да тана албайбыз. Эмгектин эл аралык бөлүштүрүлүшүндө аздыр-көптүр өз ордун тапкан өлкөлөр туруктуу сакталып калып, калгандары ар кандай күчтөрдүн лабораториясына айланууда. Дүйнөнү бөлүштүрүп, ар бирине роль ыйгарып койгон глобалисттердин аракети бир топ мамлекеттердин табигый каршылыгына учураса да жакын арада арышын токтотчудай түрү жок.
Андыктан мындай шартта Кытай Кыргызстанга башка тараптан таасир эткен күчтөр менен макулдашып иш алып барбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Болгону азырынча ал идеологиялык эмес, экономикалык таасир менен чектелүүдө.
Муну айтып жаткан себебибиз, китепте «идеологиянын кереги жок» дегендердин кыйды саясаты эмнеге алып барары жакшы ачылган. Чындыгында эле ошонун өзү идеология. Азыр дүйнөлүк лабораторияларда сыноодон өтүп, коомдук пикирди албарстыдай баскан фейк маалыматтар менен троллдордун тажаал армиясы, ОБОН ажылдак, маалыматты бурмалаган манипуляциялык технологиялар Кыргызстандын элинде кадимкидей иштеп жатат. Анын баарына жогорудагы жагдайлар кошулганда ит ашы кара буламык болуп эле жатып калды.
Кыргыздын мурдатан келген өз жүгү менен кошо көтөрүп турган дүйнөлүк жүгү дегенибиз ушул. Чоюн Алп ашык-кеми жок ушул эки эселенген жүктү жүрөгү менен көтөрүп, ойдун масштабында караңгыдан жол табууга аракет кылып жаткан чагы.

Эмне кылыш керек?

Жыйнакта бул маселелерди чечүүнүн негизги багыты көзгө урунат. Ал – Эл менен Мамлекеттин биримдигин камсыз кылуу. Бул чоң милдет. Балким азыркы геосаясий шартта башка да көптөгөн мамлекеттердин башында турган орчундуу түйшүктөрдүн бири. Бул жагынан алганда алыс барбай эле көчмөн цивилизация менен отурук дүйнөнүн өкүлдөрү болгон кыргыз менен кытайдын Мамлекет жана Баатыр деген эки чоң түшүнүктөр боюнча айырмасын кеп кыла кетпесе болбойт.
Чжан Имоу тарткан «Баатыр» аттуу фильм бар. Анын баш каарманы Кытай жаңыдан бир империяга биригип келаткандагы чоң уруулардын биринин баатыры болот да, баарынын башын күч менен кошмокчу болгон Цинь Ши Хуандини өлтүргөнү аттанып чыгат. Жолдон азап-тозоктун баарын көрүп, далай достору менен тилектештеринин тагдыры чечилет. Жетип өлтүргөнү калганда императордун өзү менен маектешет. Акыры баары бир мамлекетке биригиши керек экенине ынанып, баштапкы ниетинен баш тартып, Цинь Ши Хуандини тирүү калтырып кетип баратканда ордонун кызматкерлери: «Таксыр! Сизден көптөн-көп суранабыз, бул кишини өлтүрүңүз! Бул империянын биримдиги, ынтымагы үчүн аба-суудай зарыл! Өлтүрүңүз! Өлтүрүңүз! Өлтүрүңүз» — деп императорго жалдырап туруп алышат. Белгисиз Баатырды ичинен сыйлап, дээрлик жактырып турган император айла жоктон турмуш зарылчылыгынан улам дарбазадан чыкканы калган Белгисиз Баатырды атууга буйрук берет. Жамгырдай жааган түмөндөгөн жебелер анын артынан сайылып, ашканы дарбазага сайылып, Баатыр кулап түшкөн соң соо жери жок жаанын огу сайылган дарбазада ок сайылбаган жердеги адамдын сөлөкөтү гана калат.
Белгисиз Баатыр эң чоң кылмышкер катары өлтүрүлүп, бирок эң чоң баатыр катары сый-урмат менен көмүлөт.
Башкача айтканда Кытай үчүн Баатыр дегендин орду – ошол жамгырдай жааган жебеден калган кишинин гана сөлөкөтү. Андан ашпайт. Мамлекеттин эбегейсиз салмагы баатырлардын адамдыгын да, эрдигин да, баалуулугун да тебелеп-тепсеп, басып кеткен.
Эми ушунун баарын өзүбүздүн «Манастагы» алака-катыштар менен салыштырып көрөлү. Манас атабыз ким? Ал бир эле учурда адамдын да, жарандын да, жоокердин да идеалы. Баарын өнө боюнда ала жүргөн асыл. Кыргыз таанымында ушул талаптардын баары бир адамга коюлган. Лидерге өтө чоң маани берилген. Кырк чоронун бир тобу кийин терс каарманга айланып, кыркы кеткенде ыркы кеткен кыргыздын сыры да ушунда. Башкача айтканда кыргыз эли кылымдар бою бир эле учурда адамдык да, жоокердик да, жетекчилик да сапаттардын ээси болгон кишини мамлекет башынан көргүсү келген. Эл менен Мамлекеттин чулу биримдигин камсыз кылган эренди самаган. Жалгыз башына бүт мамлекеттин жоопкерчилигин ала билген кишини көксөгөн. Чындыгында кыргыз демократиясы кылымдар бою аскердик демократия болгон. Мамлекеттин кызыкчылыгына ким мыкты кызмат кыларын далилдей алса лидерликке ошол гана шайланган.
Андай биримдикти камсыз кылуунун механизми катары автор көп жылдан бери курултай системасын сунуш кылып келатат. Эскерте кетүүчү маанилүү жагдай — Чоюн Өмүралиевдин курултай боюнча концепциясы азыркы айтылып жаткан моделдерден түп-тамыры менен айырмаланат. Айталык, Кадыр Кошалиев баштаган саясатчылар курултайды мамлекеттик бийликтен өзүнчө, андан отчет ала турган күч катары көрөт. Автор тескерисинче андай мамилеге каршы чыгып, курултайды жөн гана келип баарын зекип кайра кетип кала турган жыйын эмес, такай иштеген, баарынын башын бириктирген жандуу механизм катары түшүнөт.
Эл менен мамлекеттин биримдигин камсыз кылуунун туруктуу каражаты катары бул айтылгандар абдан баалуу. Бирок автор партияларга ишене бербеген сыяктуу эле (анысына негиз боло турган жагдайлар ашыгы менен жетиштүү), коомдун өзү жиктелип-бөлүнүп, жогоруда жазылгандай үч чоң идеологиялык лагерге тартылып, өзөгүнөн алыстап турганын да эске ала кетүүнүн зарылдыгы бар. Кудай сактасын, бирок ошол эле былгы-билги ыкмаларды пайдаланган күчтөр ортого кирип, дал курултайдын колу менен мисалы жарыкчыл түзүлүштөн диний түзүлүшкө алып өтпөйт деп ким кепилдик бере алат? Башка мамлекеттин курамына кирип кетсек дегенде ак эткенден так эткендер пайдаланып кетсечи? «Демократия – элдик бийлик эмес, элдик философиянын бийлиги» деп китепте эң сонун айтылган. Андай философия азчылыкты түзүп турган убакта баарын курултайдын колуна салып берүү туурабы? Бул да болсо китепте айтылган негизги идеялардын бирине карата аргасыздан азыркы жагдайды эсепке алган ой толгоо…
Чындыгында курултай деген термин деле салыштырмалуу кийин айтыла баштады. Болбосо кыргыздар муну жыйын деген. Айрымдарында хан шайланган, айрымдарында чоң-кичине маселелер чечилген. Андыктан тарыхый эстутумда калган ийкемдүү тажрыйба катары бул маселе улам козголуп келатканы бекеринен эмес. Аны пайдалангысы келген күчтөрдүн көптүгү да ушундан улам. Ырас, ар кимиси өз чогулушун курултай деп атай берип бул сөздүн тамтыгын да чыгарып жиберишти, бирок ал башка маселе.
Кыргыз эли өзү элдигин эстесе — бул механизм сөзсүз жемишин берет. Бирок кыргыздын пайдасына иштеткибиз келсе — ал коомдун көпчүлүк бөлүгү чыныгы жарандык коомго айланганда гана жемишин берет. Анын жолдору кандай?
Биринчиден, өкмөттүк эмес уюмдарга канчалык оор тийсе да, аларга сырттан каржы алууга тыюу салыш керек. Демөөрчү издесе – ички чөйрөдөн издесин, коом үчүн пайдалуу иш аткаргысы келсе – көпчүлүктүн мүдөөсүнө төп келген, андан да жакшысы – автор жазган элдик философиянын кызыкчылыгына шайкеш түшкөн иштер боюнча долбоор жазсын. Анын моделдерин түзсө болот. Жок дей албайбыз, бар. Мисалы «Айтыш» коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шернияз сырттан эч кандай каражат албай-этпей эле кыргыз сөз эркиндигинин эң мыкты формасы болгон өнөрдү дээрлик өлүп бараткан жеринен жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы менен кадимкидей тирилтип койду. Демек, бул багытта потенциал жетиштүү, болгону туура пайдалануу зарыл.
Экинчиден, жарандыкка кабыл алуунун шарттарын катаалдатыш керек. Бул эми мамлекет жасай турган иш. Өзүн демократиянын түркүгү деп эсептеген АКШда деле жарандыкка өткүсү келген кишилер ант берет. «Мындан ары башка бир да мамлекеттин кызыкчылыгы мен үчүн Америка Кошмо Штаттарынын кызыкчылыгынан жогору турбайт» деп ачык милдеттенме алат. Жашы жеткенде кыргыз жарандыгына өтүп жаткандардын баары ушундай ант берүүгө тийиш. Мындай милдеттенме албагандар жарандык укуктардан пайдаланууга акысы жок. Ал эми жарандыкка четтен келгендердин ичинен кыргыз улутундагылар гана кабыл алынышы зарыл. Айрым өзгөчө учурларда гана коомчулуктун макулдугу менен кыргызга эмгеги (акчасы эмес) өткөн адамдар кабыл алынбаса, негизги принцип ушундай болушу абзел.
Үчүнчүдөн, жеке демилге менен чыгып келаткан «Көк Асаба» гезитин эсепке албаганда, ушул күнгө чейин бийлик-оппозициясына, батыш-чыгышына карабай улуттук кызыкчылыкты туруктуу көздөгөн саясий, заманбап маалымат каражаты ачылып иштетиле элек. Кыргыз дүйнөнү жалаң башканын көзү менен карап келатат. Учурда Кыргызстанда иштеп жаткан ЖМКлардын басымдуу бөлүгү же орустардыкы, же Батыштыкы, же динчилдердики. Калган-каткандары бир күндө үч башка сүйлөгөн жергиликтүү саясатчылардыкы. Андыктан улуттук кызыкчылыкты көздөгөн медиа каражатын ачып, демөөрчүлөр менен байланыш түзүү – зарылдын зарылы. Бул китепте айтылган нерселер да ошондой каражаттар аркылуу элге жетиши керек. Ушуну колго алып, туура форматта иштетип, туура пайдалана алган күчтөр келечекте өлкөнүн каймактарын аныктайт. Тааныла элек лидерлерди, айтыла элек идеяларды алып чыгат. Башкага эмес, кыргызга кызмат кылат.
Төртүнчүдөн, бала бакчадан баштап мектептерге чейинки билим берүү системасын кайра баштан түзүп чыга турган күчтөр ойгоно турган зарылдык бышып жетилди. Жеке менчикте болсо мейли, идеологиясы кыргыздыкы болсо болду. Аскар Акаевдин убагында мисалы «Себаттын» ордуна сунуш кылса акырын Ноокатка сүрүлгөн «Билимкана» биринчи орунга чыгышы керек. Кыргызча жана кыргыз тарбиясы менен бала бакча, мектеп ачкандарды мамлекет колдоп, аларга методологиялык жактан жардам берүүгө тийиш. Ал үчүн башкаларын жаап кереги жок, тескерисинче нагыз атаандаштыкта утуп чыгып, кыргыздар өз балдарын ошондой улутчул багыттагы бала бакчаларга, ошондой мектептерге берүүгө өздөрү умтулгудай деңгээлге жетишүү – башкы максат.
Акыры, ал балдар-кыздардын тили чындап өзүнө жана элине кызмат кылышы үчүн, орус тилинин расмий статусун алып таштап, иш кагаздары менен тейлөөнүн баарын менчиктин формасына карабастан кыргыз тилине өткөрүү талап кылынат.
Ушунун баары азыр эмес, бир топ жылдан кийин жемишин бере турган иштер. Ошондо да туура формасы табылса! Ага чейин аздыр-көптүр улуттук кызыкчылыкты көздөгөн саясий күчтөр биригип, ал кызыкчылык тууралуу жок дегенде негизги тезистерди, алардын жайылтуунун жолдорун практикалык өңүттө талкуулай бериши зарыл.
Курултайлардын Эл менен Мамлекетти бириктирген потенциалы келечекте ошондо гана чындап ачылчудай.

Улуттук кызыкчылык
(Же эмне үчүн кыргыз үчүн дин түзгөн Мухаммедден атеист Тыныстанов ыйык болууга тийиш?)

Улут деген сөз кыргыз тилине совет мезгилинде этнос деген түшүнүктү туюндуруп кирген жана ошондой түшүнүктү туруктуу калыптандырган. Ошол эле учурда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө бул сөз мамлекеттин жалпы элин түшүндүргөн (мисалы Америка улуту). Мамлекеттик деген сөздү улуттук деп атаган тенденция пайда болгон. Ошондуктан Кыргызстан эгемендик алган соң президентке караштуу түзүмдөрдүн баарын улуттук деген статус ыйгарып, түшүнүктөрдүн өзүндө кыйла башаламандык пайда болду. Автор мындан «жаңы» мамлекет түзүлдү деген шылтоо менен ошол кездеги башкаруучулар (негизинен Аскар Акаев) өз бийлигин бекемдеп ала турган амалды көргөнү байкалып турат. Чындыгында анын максаты алда канча кыйды, алысты көздөгөн кызыкчылыктарга кызмат кылары кийин эле билинди. Көрсө түшүнүктөрдү алмаштырып, ал аркылуу кыргыздын атын өчүрүп, улут маселесине келгенде кыргыз элин өз алдынча субъект катары жок кылууга багытталган аракеттерди болжогон экен. Бул ички жарандык паспорттон «улут» графасын алып салуу жан далбасында даана көзгө урунду.
Кыргызстандын элинин көпчүлүгү жана өлкөнүн тарыхын, азыркы тагдырын аныктап жаткан эл – кыргыз эли. Дүйнө жүзүндөгү моделдердин тажрыйбасына таянуу менен азчылык көпчүлүккө ыңгайлашканда гана ошол мамлекетте туруктуулук болот деп айта алабыз. Демек, Кыргызстанда кыргыз тили, кыргыз маданияты, кыргыз баалуулуктары жана кыргыз элинин кызыкчылыктары качан болбосун үстөмдүк кылышы керек. Кыргыз эли негизин, өзөгүн түзгөн Кыргызстандын эли анын жарандарынан турат.
Ушундан улам улуттук кызыкчылык – бул жалаң эле руханий же маданий кызыкчылык эмес. Ага чек арадан тартып кендердин тагдырына чейин, экологиядан баштап элдин саламаттыгына чейин, коопсуздуктан тартып идеологияга чейин, билим берүүдөн тартып экспорт менен импорттун айырмасына чейин өтө кеңири алкактагы кызыкчылыктар тобу кирет. Кыргыздын улуттук кызыкчылыгы – кеңири маанисинде кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы.
Чындыгында биздин тарыхка, азыркы убакка жана келечекке карата көз карашыбыз дал ушул парадигмага ылайык өзгөрүүгө тийиш. Айталык, улуттук кызыкчылыкты көздөгөн адам үчүн кыргыздын бар экенин да билбеген Мухаммед пайгамбарга салыштырмалуу атеист болсо да башканын эмес, кыргыздын кызыкчылыгы, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башаты үчүн башы сайылган Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов сыяктуу эрендердин элеси алда канча ыйык болушу зарыл. Андан наркы тарыхтагы кыргыз үчүн өмүрүн арнаган баатырлардын, даанышмандардын аттарын айтып отурбайлы. Алардын ар бири ыйык. Анткени эмгеги, эрдиги өткөн.
Бул принцип ал тургай кыргыз эместерге карата да түздөн-түз иштейт. Кыргызга кылган кызматы жагынан мисалы Лениндин эмгеги чоң, ал эми Николайдын зыяны эстен кеткис. Анткени Ленин Үркүндөн кайтып келген кыргыздарга орустар менен теңата укук берип, ошол учурдагы шартка жараша теңдикти камсыз кылганын эч ким тана албайт. Кыргызга пайдасы тийгени – кыргыз үчүн ыйык, зыяны тийгени – душман жана сак боло турган сабак.
Андыктан жетекчилердин эмгегин талдаганда да жалаң экономикалык жетишкендиктерин санап отурбай, кыргыз тилине, кыргыз жерин кеңейтип же тарытканына, каада-салтына кылган кызматын биринчи орунга коюу маанилүү. Айрымдарынын жактоочуларына канчалык оор тийсе да бул иш акыры жасалышы керек. Улуттук кызыкчылыкты көздөгөн кыргыз тарыхы ушундай принцип менен жазылат.
Ал эми учурдагы улуттук кызыкчылыкты кеп кылганда кыргыздын керемет бир сөзү эске түшөт. «Алтын ээр атка чак, атка тынчы жок болсо алтынын алып отко жак. Күмүш ээр атка чак. Күлүккө тынчы жок болсо күмүшүн алып отко жак» дешкен экен, ата-бабалар. Мунун азыркы чечмелениши – кыргыз эли бул дүйнөдөн өзүнө эмне керек экенин өзүнүн улуттук философиясынын көз карашынан өзү тандоого тийиш. Мухаммед пайгамбар айтканы үчүн эмес. Орус президенти талап кылганы үчүн эмес. Адам укуктарынын жалпы декларациясында жазылганы үчүн эмес. Өз кызыкчылыгында! Тышкы дүйнөгө карата анын негизги эрежеси мындай чечмеленет – «башкалардын айтпай кылганын керек болсо ашыра кыл, бирок айтканын кыла бербе».
Эмне үчүн? Маселен, АКШ жарандыкка кабыл алууда милдеттенме коюп, ант алаарын жогоруда айттык. Анын бир топ штаттарында өлүм жазасы киргизилген. Бизге болсо «кокуй эле кокуй, бул гумандуу эмес экен» деп дал ошол жактан грант алган өкмөттүк эмес уюмдар ага каршы үгүттөп жатып алдырып тынышты. Израил мамлекетинде жерге карата жеке менчик жок экенин баары биле бербейт. А бирок так ошол элден чыккан, жерге карата жеке менчикти көздөгөн программаларды так биздин либералдар жанталашып коргогонун каякка жашырабыз? Башка мамлекеттер өздөрүнө жолотпогон ПЕСАК сыяктуу программаларды бизге таңуулап жатып киргизишти го? Жыйынтыгы эмне болду? Же уйдан жок, же уй байлаган жиптен жок… Ошол эле Израилдин милитаризацияланган, бардык жарандарын мобилизацияга тарта билген кашкөй тажрыйбасын эмнеге албайбыз? Бу кандай эле баары бизди жумшак, чыдамкай, берешен кылгысы келе берет? Жыгачтын деле жумшагын курт жейт го акыры? Максаты ошол экен да!
Бул эми учуру келгенде айтылган сөз болду. Бирок жалпысынан азыр жарандыкка жана улуттук кызыкчылыкка карата мамиле жайылып-жазылган демократияны эмес, учурга жараша өз убагында автор мисал келтирген Моде Шаңүйдүн мүнөзүндөгү катаал башчыларды талап кылууда. Ансыз мамлекет чындап эле коркунучта.

Таштай турган жана баштай турган тарых

Азаматын Ата Бейит жалмаган,
Арыз айтып бараар жери калбаган,
Кабыргаңдан кайыш тилсе былк этпес,
Калкым, сенин чыдамыңа таң калам.

Адамзаттан өсүп чыккан бутак – сен.
Ай-ааламга кең жайылган кучак – сен.
Аттанаарда ашыкча жүк артынып
Алың жетпей, токтоп турган учак – сен.

Байыркынын алына элек өчү – сен,
Бабалардын кайып болгон көчү – сен.
Жеңижокту жети күнү ырдатып
Жер бетинде Аккан Суунун өзү сен.
Эр Киши (Интернеттеги белгисиз автордун поэмасынан)

Ушул жерден айта кете турган дагы бир сөз бар. Улуттук кызыкчылык — догма эмес. Аныгында ал элдин өзөгүн сактап калууну максат кылып, ошол эле учурда заманга жараша ийкемдүү өзгөртүп да турууну максат кылат. Андыктан бул китепте сунушталган, урууларды саясий категорияга айландыруунун пайда-зыянын заман өзгөчөлүгүнө ылайык башын ачып албасак болбойт.
Уруулардын кыргыз тарыхындагы ролу, убагында өзүн өзү уюштуруунун эң табигый формасы катары кызмат кылганы бул жыйнакта абдан жакшы ачылган. Андан тышкары кошумча катары айтып кете турган бир гана нерсе бар. Ал – тарбиялык мааниси. Жети атасын билген кыргыз кайсы бир начар ишке барса укум-тукумуна чейин кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болуп каларын да билген. Тескерисинче, элге кызматы менен жагып, жакшы аты калса укум-тукумуна чейин жакшы сөзгө алынарын да түшүнгөн. Автор мурдагы эмгектеринин биринде айткандай, биз, тирүүлөр, арбактар менен келечек муундун алдында Жолубуз кичүү. Анткени мурдагылар жасачусун колунан келишинче жасап кеткен, келечек муун эч нерсеге жоопкерчилик тарта элек. Ушул жагынан алганда жети атасын билип тим болбостон, алардын жасап өткөн ишин, кылган эмгегин, кетирген кемчиликтерин да билүү тирүүлөргө абдан чоң милдет артат. Ушундан улам коомчулукта мекенинин кызыкчылыгына кыянаттык кылып, казынага кол салгандардын жети муунга чейинки тукумдарынын паспортуна «уурунун тукуму», «жегичтин тукуму», «саткындын тукуму» деп жазып коюуну сунуш кылган ойлор да бар. Мындан тышкары, эл өзүнүн жандуу тарыхын билип, анын өнүгүшүнө такай көз салып туруш үчүн санжыраны санарип форматка өткөрүп, ар бир адам, анын ата-бабасы, укум-тукуму тууралуу маалыматтарды жаңыртып турууну да туура көргөндөр табылат. Андыктан тарых, тарбия жана үй-бүлөлүк баалуулуктун маанилүү элементи катары уруулар тууралуу маалыматтар жандуу болгону туура жана анын ачыла элек руханий көп потенциалы бар экени да талашсыз.
Бирок жогоруда кыргыз эли мурдатан келаткан өз жүгүн да иретке келтирип жыйып албай, ал аз келгенсип кылымдын да жүгүн көтөрүп келатканын кеп кылдык. Ушул жерде менин жеке баамымда китепте айтылган урууларды саясий категорияга айландыруу идеясы канчалык турмушка жарактуу деген суроо ачык бойдон турган сыяктанат. Убагында уруулардын системасы өзү да такай эле ата тек принцибинде курала бербестен, саясий принципте кошулуп жүрүп отурганын; «Манастагы» уруулардын өзү тургай көбүнүн аты-жыты да азыр жок экенин; көчмөн духтун көөнө башчыларынын бири Чыңгызхан уруулук демократиядан жогору чыгып (Темүчүндүн Жамуха досу менен талашын эстегиле), аскердик типтеги жалпылык түзгөндө гана күчкө толуп, сыртка серпилгенин; кыргыз эли тарых жолунда көчмөн турмуштан отурукташкан жашоого биротоло өткөнүн; азыр урууга караганда жерин жердеп, суусун ичкен адамдар бири-бирине көбүрөөк жакын экенин; уруулардын азыркы башчылары деле улутка тиешелүү көп маселе боюнча бирдиктүү пикирге келе албай жатканын эске алганда мунун актуалдуулугунан күмөн саначулар көп чыгат. Андыктан аны окурмандын өз ыкыбалына калтыралы.
Бир гана нерсе айкын – ушул азыркы жаңырган шартта, кыргыз эли тарыхтан эмнелерди жандуу курал катары алып өтүп, эмнелерди сабак катары сактап, эмнелерди экинчи кайталанбай турган нерсе катары тарыхта гана калтырып, келаткан доордон эмнелерди үйрөнүшү керек экенин талкуулаган талаш-тартыштар али алдыда. Таштачу нерселерди таштоого да туура келер. Анткени биз жаңы заманга өзөгүбүздү да жоготпостон, ошол эле учурда атаандаштыкта жемибизди жедирбегидей кылып, шайма-шай камылга менен барышыбыз зарыл. Тилибизди байытып, маданиятыбызды үстөмдүк абалга алып келип, улуттун кызыкчылыгын динден, союздаштык мамиледен жана адам укуктары сыяктуу принциптерден жогору коюшубуз керек. Ал үчүн колдон келишинче сергек, чапчаң, кексе, көкжал, көкбет, кашкөй улут болгонубуз ийги. Заманга толук ылайык келбесе көтөрүп келаткан жүгүбүздүн айрымын таштап андан ары жөнөшкө да туура келет. Бул да убакыттын катаал мыйзамы. Анын үстүнө сырт дүйнө канчалык амалдуу болсо, биз андан алда канча акылдуу болууга милдеттүүбүз. Ансыз ошол эле «жиниккен аттарды атып салган» жарыштан утулабыз.

Мезгил категориясы
Кыргыз философиясынын символу болгон, кыргыз ак таңдай акындарынын тынчын алган Аккан Суу бир ордунда турбайт. Бул китепти барактап жатып Чоюн агай өзү да мисал келтиргенди жакшы көргөн Гераклиттин «Бир сууга эки ирет киргенге болбойт, кийинкисинде өзүң да башка, суу да бөлөк» деген ажайып акылы көп жолу эсиме түштү. Анткени китептеги айтылган пикирлердин да, анда талданган жагдайдын да эволюциясы кааласаң-каалабасаң да көз алдыга тартылып, көп нерсени ойго салат. Алыс барбай эле, башындагы макалалардын биринде «Мухаммед пайгамбарыбыздын айтканы» деп мусулманчылыкка жетиштүү шилтеме кылса, жыйнактын соңундагы «Теңирчилик жана ислам» деген макалада дүйнөлүк диндердин бири болгон бул системага мамилеси кыйла өзгөргөнүн да көрөбүз. Ал да бекеринен эмес, анткени тыштагы шарт, жагдай өзү ошондой кубулган.
Бул жыйнактын башындагы макалалар жазылган убакта студент элем. Андан бери 30 жылдан ашуун убакыт өттү. Мен деле эр ортонуна келип калдым. Бул жылдары беш президент алмашты. Үч сыйра төңкөрүш болду. Өлкө өзүнчө тарых китебине бата турган бир топ окуяларды баштан кечирди. Кыргыз экономикасынын теориялык негизин түзгүсү келген Шералы Назаркулов Үзөңгү-Кууштун Кытайга өтүшүнө каршы ачкачылык жарыялап жатып каза тапты. Андан бери карапайым адамдар арасында да, кыргыз интеллигенциясында да жоготуулар көп болду. Арабызда азыр Алым Токтомушев да, Мелис Эшимканов тургай иниси, досум Эрнис Асек уулу да, Чоюн байкенин досу, мыкты философ Тайлак Абдылдабеков да жок. Болбосо улуу муундагы адамдар турганда пайгамбарымдай сыйлаган адамдын китебине бул баш сөздү жазганга даамак эмесмин. Анткени кыргыз интеллигенциясынын салтында негизинен улуусу кичүүсүнүн китебине баш сөз жазып, жолун ачып, батасын берет. Бирок болгону ушул экенбиз. Аз болсок да, кээде турмуш зарылчылыгына жараша айрым этикалык эрежелерди экинчи планга калтырып бири-бирибизди ар дайым колдоп турушубуз керек экен. Андыктан бул жерде жазылгандардын баарын рецензенттик дымак эмес, устатынын жазгандарын элге дагы көбүрөөк ачып берген жаман инисинин аракети, талдоочулук жардамы деп түшүнгүлө.
Китепти талдоодогу мезгил категориясы дегенибиздин бир өңүтү ушул. Башка да өңүттөрү толтура. Жагдай, шарт боордошторубуздун ар бири үчүн да өзгөрдү. Бир миллионго жакын кыргыз тышта жүрөт. Далайы тагдыры талкаланып, бир топторунун канаты кайрылып, ошентсе да көбү белин бекем бууп, кенедей бир кыйынчылык болсо чогула калып мекенине жардам берип, дүйнөнүн ар кай жеринде канында кошо аккан, көкүрөгүн көтөргөн белгисиз бир дымак менен өмүрү өтүүдө. Бирок алар да качан кайтаары, кайткыдай шарт качан түзүлөрү белгисиз.
Кыргыздын кыргыздык мүнөзүн эң мыкты туюндурган залкар акын Калчоро Көкүлов даана байкагандай:
Бирибиз жолдо калдык тебеленип,
Бирибиз жондо калдык көмөлөнүп.
Бир гана аалам турду ала салып,
Бир гана дүйнө турду тегеренип…

Сөз соңу

Сыртта өзгөргөн, өнүккөн, кээси келечекке үңүлүп, кээ бири кедерине кеткен байыркы Стамбул. Көчөлөрдө качкын болуп келип, бул жакка үйүр алып калган, баласы көп, Түркияны араб тилине көндүрө баштаган сириялык зайыптар. Кыскасы, Жер бетинде баарын аралаштыра баштаган дүйнөлөшүү жараяны. Алдымда баарын көрсөткөн, анын ичинде Кыргызстандагы окуяларды тынбай баяндаган Интернет. Маңдайымда болсо дагы эле ушунча жылдан бери тынбай кыргыз тагдырына түйшөлгөн устатым Чоюн Алптын кезектеги китеби.
Мындайда ушундай адамдардын өмүрү узун болуп, мизи мурдагыдан да курчуп, өрүшү ого бетер кеңейип, кыргызга дагы-дагы жарыгын чача түшсө экен деп самайт экенсиң. Андан да маанилүүсү – мында айтылган маселелер кыргыздын пайдасына чечилип, кагаз бетинде эмес, турмуш жүзүндө жетекчиликке алына турган жолго айланса деген изги тилек оюмдан кетпейт.
Андыктан колдо бар алтындын баркын билип, кыргыз эли ушул китепте айтылгандардан өзүнө жетиштүү тыянак чыгарышына тилектешмин.

Жыргалбек Касаболот
(Стамбул, 20-июнь, 2021-жыл)

Соц тармактар:

Добавить комментарий

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.