Михаил МАМЧИЧТИН балп этме ойлорунан

* * *

Адаттагыдай эле, рыцардын кыялдары соот-чопкуттарын жууганга келгенде бырын-чырын талкаланды.

 

* * *

Сизди түшүнбөй коюу кыйын, бирок мен аракет кылайын…

 

* * *

Аял жөн гана аны угууну эмес, ал эмне жөнүндө айтып жатканын түшүнүүгө жардам берүүнү суранат.

 

* * *

Эгер кимдир бирөө сен жөнүндө жаман ойдо болсо, капа болбо – сен ал жөнүндө андан да жаман ойлосоң болот.

 

* * *

Сиз  биз үчүн – баарысыз! Бирок бизге анчалыктын деле кереги жок…

 

* * *

Парадокс: бир караганда – ал жөнөкөй эле дөбөт, бирок жашоодо ал – ушундай канчык…

 

* * *

Ишенимдүү пикирлеш адам – бул сиз менен бирге өз көз карашын өзгөртүүгө даяр адам.

 

* * *

Медициналык ката – бул пациенттин төлөгөнгө үлгүрбөй тез айыгып кеткени.

 

* * *

Сиз кечирген адамдардан сак болуңуз! Кең пейилдигиңиз жоопсуз калбайт!

 

* * *

Акциялардын түшүп кеткенин оңой эле билип турсаңыз болот – аларды сатып алыңыз.

 

* * *

Эгер адамдар сизди тебелеп-тепсеп буттарын тынымсыз сүртүп өтүп жатышса, демек, сиз алигиче алардын көз жаздымынан кете элексиз.

 

* * *

Өзүң менен баарлашканда гана өзүңдү канчалык аз билгениңди түшүнөсүң…

 

* * *

Канчалык жамандык каалашса да, мен баары бир какап калган жокмун.

 

* * *

Эң эр жүрөк чечим – жашынуу болду.

 

* * *

Мага таяк берсең – пряникти өзүм таап алам.

 

* * *

Мен баарына даяр болчумун, бирок эч ким эч нерсе сунуш кылган жок.

 

* * *

Өзүңүзгө гана таяныңыз – бул ката кетирүүнүн эң жакшы жолу.

 

* * *

“Уялбайсызбы!” – бул барган сайын суроого эмес, суктанууга окшошуп бара жатат.

 

* * *

Жашоо – бул жок туңгуюктан келип, кайра туңгуюкка кайтуунун ортосундагы саякат.

 

* * *

Кантсе да Фемида чыныгы аял болгон: көзүн таңып алып таразага тартып, ошол эле учурда шектенүүгө жол бербөө кимдин оюна келет!

 

* * *

Баарыбыз бул дүйнөгө жөнөтүлгөнбүз, бирок эмне үчүн экени белгисиз…

 

* * *

Ал төмөн кулады. Бирок кандай манчыркоо менен!

 

* * *

Бизди ушунчалык сылык узатышты, кетпей коюу адепсиздик болуп калмак.

 

* * *

Мен чындап эле акылдуу бир нерсе айткым келет – бирок менде айтарга сөз жок!

 

* * *

Эгер чындап эле чындыкка тик карасаң, ал да уялып калышы мүмкүн.

 

* * *

Сен көп адамдарга керексиң, бирок эмне үчүн экенин кеч түшүнөсүң.

 

* * *

Принцип канчалык ойлонулбаган болсо, ага ошончолук кыйынчылык менен макул болосуң.

 

* * *

Адам келесоолуктун айынан бойго бүтүп калса да, бакыт үчүн жаралат.

 

* * *

Адамдар менен тил табышуу конфликттен чарчагандан кийин келет.

 

* * *

Сабыр – бул чоң күч. Бөтөнчө жарылып кеткенде…

 

* * *

Элдин аягында күлбөңүз – кеч жетет экен деп ойлошпосун.

 

* * *

Жашоодо эрдиктин орду бар деп бизди ишендиргендер эмне үчүн дал ошол жерден айланып өтүшөт?

 

* * *

Уятсыздыктын өзү эмес, анын ачкан мүмкүнчүлүктөрү таң калтырат.

 

* * *

Акылсыз жалгыздыкты жеңүүнүн жолун издейт, акылдуу адам андан ырахат табат.

 

* * *

Кимге көп берилсе, ага ар дайым жетпейт.

 

* * *

Өзүңүздөн канчалык аз нерсе көз каранды экенин түшүнгөнүңүзчө, көп нерсеге таасир этүүгө аракет кылсаңыз болот.

 

* * *

Бүргөдөн кутулуунун бирден бир жолу – аны такалоо болгон.

 

* * *

Орусча сүйүү деген эмнени билдирет? Муну орусча кантип түшүндүрсөм экен…

 

* * *

Айсберг жылуу мамилеге туш болгуча өзүн тоо сезет.

 

* * *

Эркиндик сезимин үйүр инстинктинен башка эч нерсе баса албайт.

 

* * *

Президенттик мөөнөт – шайлоочулар үчүн бир нече жылдар бою эркинен ажыроо дегенди билдирет.

 

* * *

Кочкордун жашоосундагы эң негизги нерсе – короодон өз ордун табуу.

 

* * *

Ойлор өзүнөн өзү келбейт. Аларга өзүң жетишиң керек.

 

* * *

Топтон акылдуу болом деп ойлобоңуз: ар бир адам канчалык акылсыз болсо дагы, алар бириккенде акылдуураак.

 

* * *

Жалкоолукту жеңүү оңой, бирок каалабайсың.

 

* * *

Ичкилик – жай өлүм. Ошондуктан, аз-аздан ичүү керек.

 

* * *

Убакыт баарын дарылайт. Бирок аман калган эч ким жок.

 

* * *

Тарбия көргөн адам ачкычтын тешигинен шыкааласа да токтоолугун жоготпойт.

 

* * *

Ар кимде уктап жаткан сүрөтчү, акын бар. Тапкан түнөктөрүн кара…

 

* * *

Эгерде аялды жеке башынан өткөргөн окуялар капа кылса, алар коомдук угууларга айланат.

 

* * *

Жан-дүйнөң ыйласа акылдын үнү угулбай калат.

 

* * *

Эгер из калтыргыңыз келсе – бир жерди таптап тура бербеңиз.

 

* * *

Тоголок кат ушунчалык ийгиликтүү жазылгандыктан, автор байкабай кол коюп алды.

 

* * *

Ар бирибиз өзүбүзгө татыктуу маймылдан чыкканбыз.

 

* * *

Жаш өткөн сайын келесоолук кылып жасаган  иштер азаят, бирок анын сапаты жогорулайт.

 

* * *

Өзүнөн качып кеткендердин көбү санитарлардын колуна түшкөн.

 

* * *

Жаңы жылдык маанай – эшиктен жаңылыш киргендерди көргөндө да сүйүнөсүң.

 

* * *

Кантсе да жогору жактан бир нерсе бар, болбосо мунун баары менин башыма кайдан келди!

 

Которгон Абийрбек Абыкаев

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.