Мацуо Басё (хайкулар)
МАЦУО БАСЁ (1644 – 1694)
1.
Саргайган беде гүлү,
Чыгыштан Ай сустайып,
Батышта Күн кызарат.
菜の花や月は東に日は西に
2.
Жөтөлсөм да күрс-күрс,
Жатам жалгыз, жапжалгыз,
Жалгыздык жан шеригим.
咳をしても一人
3.
Курманы тиштегенде –
Хорюдзи храмынан,
Коңгуроо үнү угулат.
柿食えば鐘が鳴るなり法隆寺
4.
Карагайды ак кар басты,
Чайынып турчу дайым,
Салаалап жааган жаанга.
時雨をやもどかしがりて松の雪
5.
Жаз да кетти,
Балыктар ыйлап жатса,
Куштар турду көзгө жаш алып.
行く春や
鳥啼き魚の
目は泪
6.
Сапарда ооруп калдым,
Аңгыраган ээн талаа,
Түшүмө тынбай кирет.
旅に病んで
夢は枯れ野を
かけめぐる
7.
Июнь айы,
Чокуну булут каптайт,
Арасияма [1].
六月や
峰に雲置く
嵐山
8.
Айлана жым. Жымжырт,
Аска-зоо турат үнсүз,
Саратан сайрайт тынбай.
閑かさや
岩にしみ入る
蝉の声
9.
Жаалданат толкундар, каарданат,
Садо аралына албууттанып боюн урат,
Саманчынын Жолу көктөн кол сунат.
荒海や
佐渡に横とう
天の川
10.
Цу жерине жаз келгени,
Намбеде жашыл көктөм,
Түшүмө кирди түндө бул,
Куураган камыштар сапсары,
Шамалга шуулдап жатканда.
津の国の
難波(なにわ)の春は
夢なれや
芦(あし)の枯葉に
風わたるなり
11.
Жаркырап жаз келет, жыл башталып,
Жыл түгөнөт, күнгө түн алмашып,
Эски жылга Жаңы жыл жалгашып.
春やこし年や行けん小晦日
12.
Чыгыштан сыдырым жел,
Токтоосуз астейдил согуп турду,
Мажүрүм тал саамайын аяр сылап.
あち東風や面々さばき柳髮
13.
Кар балбалактап көмөт тышты,
Аяздан сөйкө тагып саамай чачы,
Музга тоңгон мажүрүм тал.
餅雪をしら糸となす柳哉
14.
Бажырайып гүлдөр ачылбаса,
Илхам кайдан жаралмак,
Ырлар кантип жазылмак.
花にあかぬ嘆やこちのうたぶくろ
15.
Эски көлмө,
Бакалар секирет, чулк-чулк!
Мемиреген суу бетинен.
古池や
蛙飛びこむ
水の音
16.
Жылаңач бутакка жалгыз,
Жапжалгыз карга конуп,
Күздүн кечи.
かれ朶に
烏の とまりけり
秋の暮
17.
Тынымсыз торгой үнү,
Көңүл куунак, басканым шат,
Ашууда баратамын.
雲雀より
上に休う
峠かな
18.
Жаз жамгыры,
Кирген сууга айланып,
Дайрадай ташып барат.
五月雨を
集めてはやし
最上川
19.
Кайналы жытын искеп,
Баткан күндү издеп,
Тоого жетип келдимби?
梅が香に
のっと日の出る
山路かな
20.
Бажырайган гүл өңүнөн,
Өзүн төмөн сезип,
Ай булутка жашынды.
花の顏に晴うてしてや朧月
________
[1]. Арасияма – Киото шаарынын батыш тарабында жайгашкан тоо. Бул тоонун этегинде белгилүү Арасияма бамбук токою жайгашкан.
Жапон тилинен которгон Эгемберди АБДАЗОВ,
Котормонун көркөм редактору: Кубантай ЭРНАЗАРОВ
© Баш сүрөт https://www.nippon.com/ сайтынан алынды
Мацуо Басё (1644 – 1694) – акын, ыр жазуу боюнча адабият теоретиги. Орто жашаган самурай үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Хайку – үч сап ырлар жанрында жазган алгачкы акын. Поэзияны 1664 – жылы Киотодо өздөштүрүп баштап, жапон поэзиясы менен бирге кытай поэзиясын жана философияны окуп үйрөнгөн. Өмүрүнүн көп бөлүгүн саякаттоо менен өткөрүп, өз стилинде жазган адабий мектепти түзгөнгө жетишкен. Анын адабий мурасы пейзаж лирикасынан жана лирикалык күндөлүктөн турат. Лирикалык философиясы жаңыча, олуттуу жана терең идеяларга жык толгон. Көзү тирүү кезде шакирттеринин жардамында беш чакты ырлар жыйнагын чыгарганга жетишкен.
Көптөгөн шакирттерди тарбиялап чыгарып, хайку жанрдагы белгилүү акын болгонуна карабастан, өмүрү бүтүндөй жакырчылыкта өткөн. Чыныгы философ-буддист катары өзүнүн материалдык абалына эч качан көңүл бөлгөн эмес. Колунда бар шакирти салып берген белгилүү «Банан өжүрөсү» күйүп кеткен соң, он жылдай бүткүл жапон аймагын кыдырып жолоочу жашоодо жашап жүрүп, 1694 – жылы шакирттери менен жер кезип жүргөндө Осакада каза болгон.
Тирүү кезинде жапон элине кадыр-барктуу адам катары таанылган. Дыйкандардын арасында, хайку ырын сүйүүчүлөрдүн арасында Мацуо Басёнун катышуусундагы мелдештер тынымсыз уюштурулуп, анын поэзиясы жана эстетикасы жапон адабиятынын калыптанышына олуттуу салымын кошкон десек жарашат. «Басё стили» жапон поэзиясында дээрлик 200 жылдан ашык өнүгүү жолунда турган.
Хайку жапон поэзиясындагы салттуу жанрдын катарына кирет. «5 – 7 – 5» формуласы менен түзүлүп, үч саптан жана он жети муундан куралат. Бул жанрдын жаралуу тарыхы XVI – кылымдын аягы, XVII – кылымдын башына барып такалат. Хайку жанрда ыр жазган белгилүү жапон акындарынан Мацуо Басё, Кобояси Исса жана Ёса Бусонду атоого болот.
Классикалык хайкуда адам менен табияттын карым-катнашы баяндалып, табият көбүнесе жыл мезгилдери аркылуу берилет да, учур чактагы автордун ички ой-толгоолору баяндалат. Хайку жанрынын дагы бир артыкчылыгы – ыр болгону үч саптан куралганына карабастан, китепте ар бир ыр бир бетке өзү басылат. Мындай жол менен окурман ар бир ырды окуган соң, ырды шашпастан толук кабылдап, анын дүйнөсүнө терең сүңгүп киришине жол ачылат. Демек, хайку ырларын шатыратып баарын бир окуп салганга болбойт, бул учурда окурманда эч кандай таасирленүү байкалбайт. Үч сап ыр – хайкуну окуган соң, окурман ырдын маанисине сүңгүп, беш-он мүнөт ырды мээде сактап турганда гана хайку ырлар окурманды өзүнүн керемет дүйнөсүнө жетелейт.
Хайку ырлардын дагы бир өзгөчөлүгү болуп анын медитациялык күчкө ээ экендиги. Кечкисин үйдө же кооз жаратылыш койнунда жалгыз олтурган кезде хайку ырынын жардамында эффективдүү медитацияны жүзөгө ашырууга болот. Ал үчүн үч сап – хайку ырын жаттап, андан соң аны ичтен тынбай жай кайталап, ырдагы сюжетти мээде чагылдырып, ошол сюжетке өзүңүз визуалдуу түрдө кирип кетүүгө аракет кылыңыз жана ошол дүйнөдө көңүлдү бир жерге топтоп беш-он мүнөт туруңуз. Чакан көлөмдөгү хайку ырын жаттап алуу көп деле кыйынчылыкты талап кылбайт. Ушул көндүмдөрдү бир нече жолу аткарган соң сиз стресстен арылып, көңүл бир жерге топтолуп, баштагы пайдасыз чаржайыт ойлордон арылып, кадимкидей жеңилдей түшөсүз. Мындан сырткары хайку ырлар сиздин эстетикага болгон табитиңизди ачат.
Хайку саптардын биринчи сабында «Кайда?» деген суроого, экинчи сабында «Эмне?» жана үчүнчү сабында «Качан?» деген суроолорго жооптор жазылат. Чакан жазылган үч сап ырдагы ар бир саптын өз салмагы, мааниси камтылган. Хайкунун негизги принциби – бир ооз сөз менен көп нерсени туюнтуп берүү. Кыргызда: «Кептин астында кеп жатат» – деген сөз бар эмеспи.
Хайкуда бүткүл жапон маданиятынын маңызы камтылып, дзен-буддизмдин идеяларына ширелген. Хайку поэзиясында күтүүсүз бурулуштарга, түшүнүксүз жашоону көндүм менен кабылдоого, көз ирмемде түбөлүк дүйнөнү аңдоого басым жасалып, жашоонун туура багыттарын издөөдө поэтикалык саякаттоо салтын түзүүгө алып келет. Саякаттын табигый жолунда таасирлердин такай алмашуусу үч сап ырларда жаңычыл ой-толгоолорду көрүп-билип, аңдап түшүнүүгө жол ачат.
Хайку ырларын түпнускадан которуунун бир топ машакаты болорун байкадык. Биринчиден, «5 – 7 – 5» эрежесин сактап, он жети муун менен которуу бардык учурда эле ишке аша бербейт. Ошондуктан бул эрежеден четтеген күндө да, хайкунун саптарга камтылган маанисин сактоо талабы каралды. Экинчиден, жапон жана кыргыз тилиндеги синтаксис жана грамматикалык эрежелер ортосундагы айырмачылыктар да хайку ырларын которууда кедергисин тийгизет. Ошондуктан мүмкүн болушунча ырдын маанисин бузбай сактоо аракети көрүлдү.