Эрмек Шоруков: Буниндин «Караңгы аллеялар» топтомунун кыргызча котормосуна пикир

Иван Бунин (1870-1953)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Таштанбек Чакиев

 

Эрмек Шоруков:И.А.Буниндин “Караӊгы аллеялар” аӊгемелер топтомунун кыргызча котормосуна пикир

И.А.Буниндин жүрөк толтосунан сызылып чыккан аӊгемелер топтому менен таанышкан окурман ар бирин окуган сайын сезимдердин улуусу, уюткусу да махабаттын бийик толкундарын жиреп, бирде жети кабат асманында булут минип кайкаласа, бирде көӊүлү кирдеп, кайт болуп, капалыктын капсабына кабылат. Анын миӊ кырдуу чыгармаларын биздин кыртышка, калыпка салуу нечен түмөн түйшүктү, изденүүнү, эки элдин тили менен катар маданиятын, дүйнө таанымын, тарыхын билүүнү талап кылары айтпаса да түшүнүктүү. Котормочу Т.Т.Чакиевдин алеӊгир жаасы менен атыш түшүрүлгөн И.А.Буниндин бул алтын жамбысы кыргыз сандыгына түштү. Сөздүк казып, көп издеп, арбын эмгек кылганы айтылгандыр, дагы айтыла берет. Илимий иштерде оппонент болгондой эле конфронтациялуу сын-пикир айтылып турса, жамбыга жуккан ыпыр-сыпыр кетип, алда канча кулпура сынына келе түшөт, демек, ал буга татыктуу жана муктаж.

Улуу сүрөткердин сымаптай куюлган ширелүү сөздөрү менен кан-тенинен бүткөн китеби котормочунун ички цензурасынан, чыпкасынан, ага кошул-ташыл редактордун, корректордун, баш сөзүн жазган аттуу-баштуу адистин элегинен кылдат өтүп, кыргыз окурмандарына тартууланса, И.А.Буниндин сөөгү агарып, арбагы ыраазы болуп, бул жаратмаларга оодарууга тиш салган Т.Т.Чакиевдин Эл аралык “Россиянын алтын калеми – 2020” улуттук адабий конкурсундагы диплому, медалы жана Улуттук жазуучулар союзу тапшырган “2021-жылдын мыкты котормо китеби” сыйлыгы огош бетер бап келмек. Албетте, бул эӊ негизги маселе эмес. Мыкты чыгарма төрт тарабы төп, бар тарабы шай болууга тийиш. Кандай жанрдагы чыгарма болбосун элдин кат-сабатын ачуу, жазуу, сүйлөө маданиятын калыптандыруу деген бийик озуйпасы, аткара турган турган милдети жогору экендигин эстен чыгарбоо ылазым. Сөзүбүздүн кургактыгына төмөнкүдөй чык кошобуз.

Орус тилинде дж аркылуу белгиленип жүргөн Джек, Джонсон, Кембридж, Джеймс, Джолдошов сыяктуу сөздөр кыргыз тилиндеги ж аркылуу гана Жек, Жонсон, Кембриж, Жеймс, Жолдошов түрүндө жазыла тургандыгын[1] эске алсак, китептин кириш сөзүндөгү Дж.Г.Байрон деп жазылган адам атынан орус тилинин таасири, инерциясы катуу сакталгандыгы байкаган кишиге оркоюп көрүнөт. Тексттин кайсы түрүн жазбайлык эне тилибизден башка тил дүйнөдө жоктой элестетип туруп жазсак, нукуралыкка ыктайбыз, болбосо котормонун суук илеби, одуракайлыгы байкалып калат.

Эне тилибизде түпкүлүгүндө “тарабынан” деген туюк мамиле менен уюшулган сүйлөм өтө сейрек колдонулат. Бул орус сөз жазуу стилин одоно бузуп жаткандыгын бардык тармактын адистери байкабастан пайдаланып келет. Мисалы: Таштанбек Чакиев тарабынан которулган И.Буниндин чакан аӊгемелер жыйнагы десем болот. Мен билгенден буга чейин И.Буниндин айрыкча белгилүү аӊгемелиринин бири «Сан-Францискодон келген мырза» Абибилла Пазылов тарабынан которулуп, элге тартууланды.

Келтирилген мисалдагы “тарабынанды” алып салып, “Таштанбек Чакиев которгон”, “Абибилла Пазылов которуп” деп кыргыз кыртышына жакын, жалпак өз тилибизде берсек, “илимийлигинен” ажырап калбайт.

Буга кошумча: илим менен иришкен инсан кандай текст жазбасын “мен” деген сөздөн оолак келет, илим жалгыз изилденбейт, бирок бул жазылбаган эрежеден кириш сөздүн автору оолак. Менин жеке баамымда, десем аша чапкандык болбос, билдиргим келгенин айта кетейин дедим сыяктуу ж.б. эго сөздөрү арбын колдонулгандыгын барактап көрүүгө болот.

Кириш сөздө Т.Чакиевдин А.П.Чеховдун “Кутучадагы адам” жыйнагын окурмандарга тартуулагандыгы сөз болот. Тил корифейи К.К.Юдахиндин жалпы редакциясы астында түзүлгөн “Орусча-кыргызча сөздүктө” “футляр – куту, баалуу же сынма, морт нерселер сакталуучу куту”, “человек в футляре – кутудагы киши” деп так, даана жазылып турат. Буга кошумчалай кетсек: куту – кичинекей нерсе, ага өтө кичинеликти, микролукту туюндурган –ча мүчөсүн улаганда семантикалык мааниси “микрокутуга” айланып кетип жатпайбы? Мындан улам чыгарманын өзөгүн түзгөн теманы тандоо, которуу астейдил мамилени талап кылат деген бүтүм чыгарууга болот.

Ал турсун өз тырмакчабыздын “” китептин башынан аягына чейин «» деп бурмаланып кеткени өкүнүчтүү. Windows программасынын кыргызча клавиатурасына койсок дагы “6699” деген тырмакча чыгат.

“Физика-математика илимдеринин доктору, кандидатынан” башка көптүк санда которулуп колдонулуп келген илимий даражанын аталышын жекелик санда берүүнү сунуштайбыз: филология илиминин кандидаты, доктору ж.б. Кыргыздын тили жалкылыкты, жекеликти жактырган тил болгондуктан башка сөздөрдү, терминдерди которууда этият болуу максатка ылайык.

Экиден ашык сөздөн турган орус тилиндеги көптүк санда берилген сөздөр аӊгемелердин дээрлик баарында кездешет. Мисалы: Кою кара каштары түктүйүп, ак аралаган сыйда мурутунун жогору көздөй чыйратылып коюлган учу бубак баскан күмүш түстүү саамайы менен биригип кетерин байкоого болот эле. “Коюу кара кашы” деп жекелик санда туура берүү талапка шайкеш. Бир кылымдан ашык убакыттан бери –лар мүчөсүн улай берип, өзүбүз да көнүп калгандайбыз: Чап жаак, ак жуумал жүзүнөн качандыр бир мезгилдердеги чечек оорусунун билинер-билинбес издерин көрүүгө болот эле. Сөрүнүн баш жагында каалгалары каалгасы күндүн алгачкы нурлары (нуру) дубалдагы күзгүгө чагылып, бөлмө ичине чачырайт. Азыр болсо беттерин бырыш чегелеп, чачы буурул тарта баштаган менин тарбиячым эле. Мен курстарда окуп жүргөнүмдө бул өӊдүү курбу кызым боло турган. Ушул логика менен кете берсек, ножницы – кайчылар, ворота – дарбазалар, очки – көз айнектер деп калчу күн да алыс эмес.

“Жана” байламтасы орус тилиндеги “и” союзунун эквиваленти экендиги талашсыз экендигине карабастан, көркөм адабиятта сүйлөмдөрдү, ойду байланыштырууда бул байламтаны ыксыз колдонуу ашыкча, ошондой эле көркөм ыргакка, кыргыздын табигый бороздогу тилине доо кетирип коёт. Анын ордун “менен” байламтасына, үтүр тыныш белгисине алмаштырып койсо болот. Мисалы: “Конок бөлмө таза жана жылуу эле” деген сүйлөмдү “Конок бөлмө таза, бир эсе жылуу эле” деп, “Зойка жана Валерия” аталышын “Зойка менен Валерия” десек өздүгүбүзгө жакындайбыз.

Каршылык жагдай “бирок” каршылагыч байламтасына да тиешелүү. Сүйлөмдөрдө “бирок” сөзүнөн кийин тыным болгондуктанбы, айтор үтүр коюла берген: Бирок, оозгу бөлмөнүн эшиги сыртынан бекитилген. Бирок, ысык аптаптан улам болсо керек тулку бою бүтүндөй кызарып чыгыптыр. Каршылагыч байламталардын бардыгы теӊ байланыштагы татаал сүйлөмдүн курамындагы жөнөкөй сүйлөмдү тутумдаштырганда, өзүнөн кийинки жөнөкөй сүйлөмгө тиешелүү болуп айтылат, ошондуктан үтүр белгиси дайыма бул байламталардан мурун коюлат.[2] Мисалы: Түн ортосу небак ооп кеткен, бирок уйку келбейт. Ч.Айтматов.

Мунун өзү биз үчүн адам баласына оӊой менен бериле бербей турган улуу бакыт менен барабар өӊдүү туюлчу. Келтирилген сүйлөмдө “бакыт менен” деген сөздөрдү “бакытка барабар” деп берсе, орунсуз кайталоо менен катар кальканы жокко чыгарууга жол ачылат, болбосо “дышать свежим воздухом” деген айтымды “таза аба менен дем алуу” деп которгондой болуп калат.

Оозеки тилде ээнин тобу менен баяндоочтун тобунун ортосунда айрым учурда тыным болот, бирок ал тыныш белгиси менен белгиленбейт. Мисалы: Экинчи алганы/биринчи никеден калган тигинин жети жашар баласын кайрып-куйруп, ачык эле жек көрүүгө өттү. Сүйлөмдө “Экинчи алганы” деген сөздөрдөн кийин үтүр коюлуп калган.

Эгерде тыным болгон бардык жерлерге тыныш белгилерин коё берсек, анда маани жана грамматикалык жактан өз ара байланышта турган синтаксистик бирдиктер бири-биринен ажырап, бөлүнүп калар эле.

Оозеки тилдеги интонация жазма тилдеги тыныш белгилерине караганда өтө бай жана ар түркүн келет, ошондуктан анын баарын тыныш белги менен белгилөө мүмкүн эмес. Эгерде ар бир интонациялык кубулушту белгилей берсек, анда тыныш белгилеринин саны, түрү да өтө көбөйүп, аларды колдонуу эрежелери татаалданып кетет.

Бир караганда “болсо” сөзү керектүүдөй туюлганына карабастан, оозеки кепте арбын колдонула тургандыгын эске алганда бул “өсүндү” сөздү ашыкча колдонуу ыксыз. Мисалы: Көйнөгүнүн ийин жагы болсо, рубинден жасалган бүчү менен бекитилип коюлган… Валерия болсо буга чейин апасы тымызын арзып жүргөн Титов деген доктурду сүйүп калгандыгын байкады. Ал болсо, мына ушундан кийин бет чүмбөтүн төмөн түшүрдү.

Ашыкча колдонулган сөздөрдүн катарына айтыла, жазыла берип сүлү кете түшкөн “демекчи” сөзү кирет: “Асыранды баланы айылчы катын билдирет” – демекчи.  

Айрым сөздөр кыргызчаланбастан түп нускасындагы вариант менен калган. Мисалы: сорттоп – иргеп, кабинет – иш бөлмө.

“Эгин талаасынын ар кайсы жеринен бөдөнө үн катат” деген сүйлөмдө бөдөнө үн катпайт, бытпылдык атат.

Айлана агара баштаганда кемпири каза болуп калган Пронин деген мещанин абышканын үйү көзгө урунду. Бул сүйлөмдө абышканын аныктоочун узартып отурбастан кыска-нуска “жесил” деп берген оӊ.

Китептин аталышы берилген “Караӊгы аллеялар” аттуу аӊгеменин аталышында махабат айдыӊынын күн тийбеген күүгүм, кишини ичиркенткен суук жактары, күн тийбесе дагы бул сезим гүл бактай кулпуруп тургандыгы тымызын маани чачып турат. Калькалоого жол бербестен катылган подтекстке ылайыктай “Күн тийбес гүл бактар” сыяктуу башка варианттарды да жакшыртуу менен карап көрсө болот.

Жамгыр көнөктөп жааган күздүн күнү Тула шаарынын баткагы белге жеткен көчөлөрүнүн бири менен келе жаткан кир тарантас жыгачтан ашталып салынган үйдүн алдына келип токтоду. Үйдүн бир тарабында мамлекеттик почта станциясы, ал эми экинчи жагында атайын жолоочулар үчүн салынган мейманкана жайгашкан.

Арабага чегилген аттардын үчөөнүн теӊ жедеп ылайга чыланган куруктары түйө байланып коюлган.

 

В холодное осеннее ненастье, на одной из больших тульских дорог, залитой дождями и изрезанной многими черными колеями, к длинной избе, в одной связи которой была казенная почтовая станция, а в другой частная горница, где можно было отдохнуть или переночевать, пообедать или спросить самовар, подкатил закиданный грязью тарантас с полу поднятым верхом, тройка довольно простых лошадей с подвязанными от слякоти хвостами.

Котормонун кайсы түрүндө болбосун кошумчалоо, алып салуу ыкмасы кеӊири колдонулат, бирок аӊгеменин жогоруда келтирилген алгачкы эле сүйлөмдөрүндө алып салуу ыкмасы одоно пайдаланылган, башкача айтканда жоон менен белгиленген сөздөр дээрлик которулган эмес же башка маанидеги сөздөр менен берилип калган. Котормочунун оодаруудан “эринген” бул жагдайы автордун берейин деген оюна, стилине, баяндоо манерасына түздөн-түз доо, шек келтирбей койбостугу айгине. Сыртынан караганда кыскартылып, окурманга жеткиликтүүдөй, “чайналып” берилгендей туюлганына карабастан, которууга “татыбай калган” сөздөр топтому түп нусканын көркөм эстетикасынан ажырап калышын шарттаган.

“Жамгыр көнөктөп жааган күздүн суук күнү Тула шаарынын дөӊгөлөк издери каршы-терши чөккөн, баткагы бел курчоого жеткен чоӊ көчөлөрүнүн бири менен келе жаткан ылайга оронгон жарым-жартылай көтөрүлгөн тарантас узата салынган жыгач үйдүн алдына күү менен келип токтоду. Үйдүн бир тарабында казыналык почта станциясы, ал эми бул жагында тыным алып же түнөп, самоор сурап, шам-шум эткенге боло турган дыйкан бөлмөсү орун алган.

Арабага чегилген кадыресе жупуну аттардын үчөөнүн теӊ жедеп ылайга чыланган куруктары түйө байланып коюлган.” – деген котормону сунуштасак, түп нускага сөөм жакындап бармак. Китептеги биринчи аӊгеменин алгачкы эки сүйлөмүн аздыр-көптүр салыштырып багып көрдүк.

Котормо  ишинин өзөгүн тил түзө тургандыгын жана убакыт менен кагаз бетинин чектелүү экендигин эске алып, аӊгемелерге тилдик, котормо аспектисинде дүӊүнөн сереп салганга аракет кылдык, калганы окурмандын чечими менен эркинде.

Окурмандык пикирин ортого койгон Эрмек Шоруков

 

[1] Кыргыз тилинин жазуу эрежелери. 3-басылышы. Бишкек – 2016, 20-бет

[2] А.Турсунов “Кыргыз тилинин тыныш белгилери”. Бишкек – 2013, 60-бет

Соц тармактар:

Добавить комментарий

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.