Жылдызча: Алп таштар

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылдызча

АЛП ТАШТАР
(Миниатюра)

Бүгүн. Жана эле. Тээ төмөндөн көргөм. Азыр жандарына жетип келип алдым. Кайсыл күч? Эмне арман алып келди, мени бул жерге?..

***
Жогору чыгып келе жаткандагы ашуулар, адырлар, саргайып өсүп турган, чыпалактай байчечекей гүлдөрү тосуп алып, улам өйдөгө узатып жатышкандай болду.
***
Үстүмдөгү бул кара көйнөк — качанкы бир көйнөгүм. Эч ким көрбөйт. Элдин көзүнө көрүнбөйт. Менин үстүмөн гана эскирип, жыртылып анан өрттөлчү мындай көйнөк ааламда жалгыз эле болсо экен…
***
Алп таштар, денеңерди кучактадым.
Башымды жөлөдүм…
Унчукпай сүйлөштүк…
Эч ким ырдабаган ырды ырдап бергим келди. Ырдайм деп эле тургам, ыйлап жибердим…
Мага чейин, силерге келген бирөөлөр жайдары, шайдоот беле? Мен ушундай алсыз анан муңайыммын. Муңум бар…
Отко да, чагылган, бороон, шамал, карга да моюбай келберсип турган турушуңарга суктандым, силердей болгум келет…
Жаныңарда туруп, бийик жерде жашоону эңседим. Төмөндөгү жашоомдон тажадым…
Белексиз, куру кол келдим. Силерди кандай белек кубантат болду экен?..
Бул дүйнөдө бар болду бекен, алп таштарга арналып жасалгандар? Жок, өзүңөр белексиңер! Бекем, чыдамдуу, кайраттуу болууну үйрөткөн, акылдуу белексиңер!..

Венера Бөлөкбаева

27.03.2022

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.