Абдулла Каххар: Сокур көздүн ачылышы

(аңгеме)

Ошентип Акмат балбан мууздалмак болду. Пекене бойлуу, ырайы суук кебетеси ажалдан кабар берип турган желдет келип анын желкесинен катуу тартканда, үч күн азап тартып алдан тайган Акмат балбан аяктары чалышып, чалкасынан жыгылды, үч күн бою артына байланган колдору астында калды.

Балбан ордунан өйдө турган соң колун кыймылдатып көрүп, сынбаган эки колдун амандыгына кубанды, алдында турган желдеттин астына башын коюп, кекиртегин бычак мизине туштап беришке эки кадам басышка мажбур болду. Короонун ортосундагы гулзардын арасындагы сөрүдө пар жаздыкка жамбаштап, буттарын кол алдындагы бирөөгө укалатып олтурган бир көздүү түрү суук корбашы ызырынып:

– Кой, жашоого бир келесиң, бечара… Таап берсенчи жөн!…

Анын жанында олтурган аалым анын айтканын ырас дегенсип баш ийкеди. Бул короонун ээси – суу жүрөк бай ээсине көчөгүн такап үргөн машке иттен бетер оозунан чыккан ар бир сөзү үчүн өз кудайы – корбашыга утуру жал-жал карайт. Корбашынын жанында өзүн тим эле анын жакын вазири сезген табып так-даана сүйлөп Акмат балбанга корбашынын айтканын жакшылап кайра түшүндүрүп жатты…

Акмат балбандын күнөөсү тоодой. Ал корбашынын оң канатын сындырды – анын вазири Исхак эфендини мыкаачылык менен өлтүрдү. Алган жараатынан өзү өлө турган адамды жөн калтырбай, балбан отун жарган балта менен чапкылап салыптыр. Алкарда болгон атышууда Исхак эфендиге ок тийди. Артка качышканда корбашы аны өз атына өңөрө качты. Кечинде Акмат балбандын кыштагынан өтүп баратышканда Исхак эфенди корбашыдан өзүн ушул жердеги ишеничтүү бирөөгө калтырып кете беришин суранат. Арттан алардын изине түшүп кубалап келатышкан кызыл аскерлер шек албаш үчүн кембагал бирөөнүн үйүнө таштап кетишти ылайык көрүштү. Кембагал катары Акмат балбандын үйүн тандашат. Акмат балбан аны үйүнө киргизип, бирок басмачылар узай электе аны балталап салыптыр.

– Бегим, – деди Акмат балбан артына бурулуп, – Сиз мени азыр эмне үчүн мууздатмак болсоңуз, мен да ушул үчүн эфендиңизди өлтүрдүм. Башка эмне дейин! Эми өлөргө жакын бир сооп иш кылып, сиздин эмес, кудайдын ыраазылыгына алып өлөйүн… Менин эки соо көзүм бар. Сизди эки көздүү кылышка эки көзүмдү садака чапсам, мындан өткөн сооп болобу.

Бул сөздөр корбашыга мыскылдап жаткандай туюлду. Оозунан көбүк чачырап, эмне кылган күндө деле, Акмат балбанды өлтүрүштөн артык колунан эч нерсе келбеси анык.

– Бир ачууңузду мага бериң, бегим, – деди корбашынын сөгүнгөн сөзүн жыра тартып, анан табыпка кайрылды. – Балким муну сиз жакшы түшүнөрсүз, мен бир көзүмдү бекке бермекчимин.

Табып корбашыны бир тиктеп алып, арасаат акыбалда калды. Корбашы баарын ашатып сөгөт. Сөгүнүп жаткан корбашыны токтотушка табып бирдеме дегендей болду. Корбашы басылды. Баарынын назары табып менен Акмат балбанга жалт бурулду.

– Аким, – деди балбан, – Бек соо көзүн жумсун. Сиз көз чарасын бармак менен басыңыз…

Корбашы бырс күлдү. Анын буйругу менен балбан мурунку ордуна келип, талтайып тике турду. Бек күлүп жатып соо көзүн табыпка тосту. Табып бармагы менен басты.

– Эмне көрдүңүз? – деди балбан.

– Эчтеке, – деди корбашы.

– Аким, көз чарасын басып-басып коюң… Бегим, көздү анчалык катуу жумбаңыз, ылдый караң! Ылдыйдан томолок коргоолдой от көрүндүбү?

– Ооба, көрүндү.

Табып да көзүн жумуп бармагы менен басты.

Андан соң сөрүдө олтургандын баары, аалым баш болуп ушундай кылып көрүшүп, баары туш-туштан:

– Мен да көрдүм.

– Мага да көрүндү.

– Көрдүм.

– Туура, – деди балбан, – Көрүнгөнү ырас. Ошого экинчи көзүңөр да соо.

Табып өзүнө маалым табыптык сырларды ойлонуп көрдү, башына эчтеке кирбеген соң, корбашыга бирдемелерди айтып жатты. Кыймыл-аракетинен «Сизден эмне кетиптир, бир көрбөйлүбү» деп жаткандыгы туюлду. Табып көз алмаштыруудан мурун мунун сырына кызыкты; эгерде корбашы бул сунуштан баш тартса, анда өз көзүн оюп агызып туруп, балбандын бир көзүн салдырышка деле макул эле. Балбан бир жумуртка, эки курма, жарым табак зире, беш даана ботокөз гүл, бир кашык бал таап бир кесе суу менен мискейде кайнатышын буюрду. Үй ээси чириген бай эмеспи, кыңк этпестен баарын даяр кылды. Табып баарын бирден көз алдынан өткөрүп ойлонуп олтурат. Аалым балбанга уурдана карап турду. Балбан бир даана шам таап корбашынын маңдайындагы дубалга коюшун сурады.

– Илгери мынтип эч кимге көз салган эмес белең? – деп сурады табып дары шорулдап кайнап жатканда.

– Жок, – деди балбан корбашынын уруксаты менен чөгөлөй олтуруп. – Устатым салган. Өзү сокур болуп он бир күндөн кийин өлгөн. Устатым ким экенин кийин айтам. Ал сексен үч жашта эле.

Шорулдап кайнап жаткан дарыны бирөө кашык менен сапырып турду. Табып кайнап жаткан дарыга астыртан дыкат көз салып турду да, бир да суу тийбеген таш табышын буюрду. Баары азыр корбашыга караганда балбандын өкүмүн көбүрөөк угуп калган маал. Бирөө бир этек таш таап келди. Балбан бир этек таштын баарын бирден текшерип, баарын суу тийгенге чыгарды. Дагы бир этек таш алынып келинди эле, аларды да суу тийгенге чыгарды. Үчүнчү мерте алынып келинген бир этек таштан шуштугуй, жети-сегиз кадак чыга турган бир ташты тандап алды да, аны жакшылап аарчышка жана бир тарабын жонушка буюрду. Жигиттерден бирөө тегирменчи сыңар ташты чеге баштады. Таш соконун тишине окшоп калганда, балбан көрүп жарайт деди да, кыямдын ширесин  таштын чегилген жерине сүртүп чыгышын буюрду. Бул ишти табып кылды, бирок буга балбандын такыр ичи чыкпады. Корбашынын сабыры түгөнүп, балбандын колун чечишке буюрду. Тегеректеги мылтыктардын оозу балбанга бурулду. Желдеттин кылычы балбандын желке тушуна жалт-жулт эте даяр тушталды. Балбан кыямдын ширесин оюндагыдай кылып таштын урчуйган жерине сүртүп чыгып, ордуна койду да:

– Эми жарым чыны кан, адам каны керек… – деди. – Эки көзүнөн ажырар адам канынан ажыраса эмне экен. Бегим, бир манжамды кесишке буйрук бериңиз.

Табып корбашыга карады. Аалымдын буга эси ооду. Бай корбашынын ыштанына кирип кетчүдөй болуп аны түрткүлөдү. Желдет кылычын даяр кармады. Балбан чыпалагын дөңгөчкө коюп, көзүн жумганда, кылыч шып эте түшүп дөңгөчкө кадалды. Кесилип түшкөн чыпалак жерде ары-бери секирип жатты. Балбандын чекеси кубарып чыкты. Чынынын жарымына чейин кан толгондо, табып дары сээп шыркырап аккан канды токтотту. Арадан жарым саат өткөн соң балбан акырын көзүн ачып, чыныдагы канды дарынын үстүнө куйду, бектин алдына бир этек саман түтөтүп коюшун буюруп, дубалда турган шамды жактырды. Шам жалыны тияк-бияктан соккон шамалга ийилип, корбашы алдындагы күйгөн самандан чыккан түтүн көпкөк болуп асманга буралып-буралып көтөрүлдү. Балбан ордунан турганда, мылтыктардын оозу ага дагы бурулду. Желдеттин жалаңдаган кылычы анын желкесине шилтенишке даяр турду.

– Бегим, – деди балбан корбашынын уруксаты менен сөрүгө жакын барып, дары сүртүлгөн ташты сөрү четине койду. – Кылган күнөөм үчүн бир манжамды бердим, азыр эки көзүмдү берем. Сизге бир суроом бар…

– Жанымды алба дегени турасынбы?

– Жок, бегим, эки көздөн ажыраган кембагалга жандын кереги не… Тескерисинче, мени өлтүрүш ниетиңизден кайтпаса экен деп турам. Сиздин көзүңүз ачылып, анан эки көздөн ажыраган мен байкушту өлтүрбөй таштап кетип калабы деп кыжаалатмын.

– Өлтүрөм!

– Ишенбей турам да…

– Жок, ишен!…

– Жок, кылган жакшылыгым жасаган жамандыгымды басып кетип… Анан ал кезде…

– Макул, эмне дегиң бар?

– Сизди ушул мени өлтүрүш ниетиңизден кайтпас кылышка мага уруксат бериниз. Мен азыр сиздин кадырыңызга чычам. Эки көзүмдү бермек турсун, өмүрүңүзгө жүз жыл кошуп берсем да, баары бир мени өлтүрө тургандай кылып сөзүм менен кадырыңызга чычам… Айтышка уруксат бериң.

– Сөз мененби?

– Ооба, сөз менен…

Бул табыптык сырга чын ыкластан кызыгып калган табып корбашы бул шартка көнүшкө жан-дили менен үндөп жатты. Корбашы макул болду. Балбан корбашыга сыртын салып, ага мылтык кезеп даяр турушкан жигиттерге карады:

– Жигиттер, бул келесоо өз душманына бир манжасы менен эки соо көзүн тартуулап жатат деп таң калбагыла. Мага таң калгандан көрө, өзүңөргө таң калсаңар боло. Себеби силер ага өзүңөрдү, ага-ини, ата-бабаңды кошуп берип салгансыңар. Өзүңө өзүң ок чыгарып кырып жатасыңар. Эгер менин даана келесоо деп жатсаңар, анда силер да жеткен келесоо экенсиңер. Айырмабыз ушул, мен эмнеге бул ишке барганымды билем, а силер өзүңөр эмнеге мынтип жүргөнүңөрдү билбейсиңер. Эки ооз акыйкат сөздү силерге жеткиргеним үчүн этимди сөөгүмдөн шылып таштаса да, сөөгүм сөпөт болсо да кийинки муун мени эстей жүрөт. Мен бир аздан соң өлөм, ошого бир нерсени силерден тактап-билип алайын дедим: Эмне мынтип жүрөсүңөр?! Кайсы ары жок үчүн курал көтөрүп тоо-таш кезип жүрөсүңөр деги? Кайсы бок басар үчүн тууган-тушканды кан какшатып жүрөсүңөр? Элге таандык жер-сууну кайдагы каракчынын колуна карматканы жатасыңар. Качандан бери басмачы элеңер, тууган-урукту сагынган жоксуңарбы?

Корбашынын артында пысып отурган байдын чый-пыйы чыгып кетти. Аалым колун серпип корбашыга бирдеме деди. Корбашынын денеси зиркилдеп балбанды токтотмок болду. Балбан сөзүн улады:

– Басмачылар жоголсо байлар мал-мүлкүнөн ажырап калам деп коркот, а силер эмнеден коркосуңар?…

Желдет бир муш берип балбанды токтотту. Корбашы ордунан турду да, балбанды жон талаштыра камчысы менен тартып-тартып жиберип, ит айтпаган сөздөр менен ашатты.

– Бегим, – деди балбан, – Өзүңүз уруксат бердиңиз го…

– Дарысынын кереги жок мага! – деди корбошы ызырынып. – Ыргытып жибер дарысын, энеңдис…

Табып буга көнбөдү. Балбан табыптык ишин баштады: бекти буруксуп турган түтүн үстүнө жайгаштырды да, дарыны табыптын колуна берди.

– Ташты тушма-туш кармап, мен айтканда бир мерте чайкап, бектин көзүнө жакын алып келиң!

Корбашы түтүн үстүнө эңкейгенде бай аркада туруп айтты:

– Э, Амир мусулманым, көзүңүзгө залал кылып жүрүшпөсүн…

– Сокур көзгө кандай залалы тиет? – деди балбан, – эгер соо көздөн шек санасаңар байлап койгула.

Табып да ушуну ылайык көрдү. Корбашынын топусун алып, шайы чүпүрөк менен соо көзүн байлады. Табып ташты балбан айткандай урчук жагын корбашы көзүнө туштап кармады, бирок ташты кантип чайкашты эч түшүнбөдү. Табып кандай кармаса да, бул балбанга жакпады. Корбашы ачуу түтүн үстүндө эңкейип олтура берип өпкөсү тарс жарылганы калды, демиккен бойдон кыйкырды:

– Өзүнө бер! Аким, өзүнө бер дейм!

Баары балбандын көзүнө тигилип, анын кандай сокур боло башташын көргөнгө куштар, балбан да көзүн байлап алган соң адамдардын назары дубал үстүндө жанып турган шамга жалт бурулду, шамдын көз алмаштыруу ишине эч кандай тиешеси жок болсо деле балбан шамдын өчүп калышынан ушунчалык кыжаалат эле.

– Шамга караң, аким, – деди балбан, – Өчүп калбасын, өчсө мага дароо айтың…

Балбан корбашынын маңдай тушуна эңкейди да, ташты табыптын колунан алып, бектин көз астындагы коюу түтүндө ары-бери чайкай баштады. Түтүн андан бетер буруксуп түтөп, коюу түтүн арасынан балбан менен корбашынын карааны араң көрүнөт.

Баары бүлбүлдөп жанган шамдын өчүп калышынан кабатыр ойдо шамга карап турушту. Бир маалда түтүн арасынан балбан «Шам!» – деп бир кыйкырып алды да, колунда ары-бери чайкап турган таштын учтуу жагы менен корбашыны төбөгө бир урду эле, учтуу таш бектин башына жарымына дейре оюп кирип кетти. Корбашынын оң тарабында турган онбашы тапанчадан үч жолу ок чыгарып балбанды жерге сулатты. Ошол маалда кимдир бирөө мылтыктын кундагы менен онбашынын мээсин башынан чыгара урду. Чакчалекей будуң-чаң түшүп өз ара атышуу башталды. Атышуу кыйлага дейре уланып, өрт жалбырттап тутанган кезде басылды. Байдын үйүнөн чыккан кызгылт от аралаш коюу түтүн бийик асманга буралып-буралып көтөрүлдү.

1934-жыл

Өзбек тилинен которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.